Аракечтик улутту жок кылат
Сабактын темасы:а) Алкоголдук ичимдик боюнча окуучуларга түшүнүк берүү;
Б) Окуучуларды спирттик ичмдиктерди ичүугө каршы тарбиялоо,патриоттуулука жана гумандуулука ундөө.
Сабактын жабдылышы: дубал газета,сүрөттөр,ватман,маркер,проектор ж.б
Сабактын журушү:а) Уюштуруу
Б) Өтүлгөн тема боюнча эң мыкты аткарган үй тапшырманы доскага илебиз. “Жакшы болуу аста-аста,жаман болуу бир паста” деген темада дил баян жазуу
В) Түшүндүрүү (доклад окулат)
Алкоголизм-жашоонун принциптерине, адептуу журуш-турушка, маданияттуулука ылайык келбеген социалдык дарт.Ал үй-бүлөнун турмушун бузуп,балдарды тарбиялоодо зыяндуу таасирин тийгизет.Мастар мыйзамды,коомдук тартипти бузушат.
Спирт ден-соолукту бузат,эркти бошондотуп,кесибинен ажыратат,тукумду бузуп,адамдык сапатын жогоууга жана кылмыш жасоого туртот.
ХХ1-кылымда жашай турган жаш муундар андан качууга тийиш.Аракечтер мене чылымчылар тубаса жаралышпайт,алар өз учурунда эскертуу укпай,тамеки менен рюмкага сунулган колун оз убагында тартып койбогон адамдардан жаралат.Аракечтик көптөгөн адамдардын органдарын бузуп,дарылап айыктырууга кыйын болгон дарттарды пайда кылат.Аш казандын гастрит ооруларын жаратса,боордо церроз оорусун пайда кылып,боордун көлөмун кичирейтип аны чүрүштүрүп катырат, бул эң оор дарт.
Спирт ичимдиктери бөйрөктү жана боорду иштен чыгарат.Жүроктө ар кандай кысылма дарттардыын жаралышына шарт тузот.Айтор,спирт ичимдиги терс таасирин тийгизбеген орган жок,алкогольдун курмындагы уулуу заттар эң оболу нерв системасын бузат.Баш-мээни атрофияга (көлөмү менен массасы кичирейет,функциясы начарлайт,алсызданат) учуратат.
Алсак 100г арак баш-мээнин кыртышындагы 7500 нерв клеткасын өлтүрөт.Баш-мээнин ууланышы анын бузулушу ар кандай нервоз жана психоз дарттарынын жаралышына,өнүгүшүнө алып келет.
Ошондуктан окуучулар,”Мен тамеки тартуу жана ичимдик ичүү сыяктуу жаман адатка жолобойм” деген бекем ишенимге келгиле!
Ден-соолугубуз,өмүрүбүз жана бактыбыз өз колубузда экендигибизди унутпайлы.
Улуу даанышман,акылман ойчулдар эмне дейт экен,кулак салып угалычы.
Күзгү-адам жүүзүн чагылдыргандай,мастык адамдын ички дүйнөсүн ачып көрсөтөт.(Эсхил)
Мастык-эң маданиятту адамды да,бир заматта акмакка айландырат (Жюл Верн)
Ичилген спирттик ичимдиктер,адамды айбан жана жырткычка айландырат. (Ф.Достоевский)
Арак-ак болгону менен адамды кызыл тумшук,кара бет кылат. (А.П.Чехов)
Арак жөнүндө элибиздин арасында да макал-лакаптар да айтылып журот.
Темирлан:Тамеки менен арак билгизбей ден-соолукту алат.
Саадат :бөтөлкө менен достошконуң,акылың менен коштошконуң.
Нур: Шарап кирсе ичиңе, сыр катылбайт кишиде.
Бердибек: Мастык бактысыздыкка алып барат:муктаждык,жаңжал,оору,кадырсыздык,шерменделик жана акылсыздык.
Мамура: Ким чексе тамеки же нас,ал адам өзүнө-өзү кас.
Жасур: Арак-акылмандында мээсин чагат,балбандыда чабат.
Мен бугунку темабызды ыр-саптары менен аяктагым келет.
Терменин башы арактан,
Айланып кетсин тамактан.
Силерге айтып жатамын,
Качсын деп жамаан адаттан!
Буйрук эмес жолдоштор,
Силерге айткан өтүнүч.
Эсиңде болсун замандаш,
Ичкилик арты-өкүнүч.