Просмотр содержимого документа
«Арстандын күчүгүн асыраган мышык»
кыргыз адабияты
6-класс
Арстандын күчүгүн асыраган мышык
Бүгүнкү сабакта:
Чыгарманын мазмуну менен таанышып, анын идеялык терең маңызын түшүнүшөт.
Каармандардын мүнөздөрүн талдоо менен жакшы жаманды ажыратып, аны турмушта туура колдонууга үйрөнүшөт.
Чыгарманын таалим-тарбиялык мааниси аркылуу кайрымдуулукка, адамгерчиликке ж.б. тарбияланышат.
Арстандын күчүгүн асыраган мышык
Сөз куржун
асыраган - баккан
жортуул- тамак издеп
кулкуну- ынсабы
Суроолор жана тапшырмалар
1-кадам:
«Билүү»
Мышык арстандын күчүгүн кандай шартта асырап алды эле?
Мышык өзү ырайымсыз арстандан кантип кутулат?
Мышык кайрымсыз арстанга эмне деп жооп берди?
Чыгармадан ошол жерин таап,үн чыгарып көркөм окуп бергиле
2-кадам:
«Түшүнүү»
Арстан эмне үчүн мышыкты жемекчи болду?
Мышык эмне үчүн өз өнөрүн арстанга үйрөткөн жок?
Мышык арстандын арам ниетин билди беле?
3-кадам:
«Талдоо»
«Кулкуну жаманга жакшылык кылба» деген кептин маанисине кандай түшүнөсүңөр ?
кластер түзүү
4-кадам:
«Жыйынтыктоо»
сезгич
боорукер
мээримдүү
камкор
акылдуу
кайрымдуу
Арстанга мүнөздөмө бергиле
5-кадам:
«Колдонуу»
Жакшылык жана жамандык тууралуу макалдарды таап,аларды кепте туура колдонгула .
6-кадам:
«Баа берүү»
Кичинекей күчүк кезинде таап алып, ак сүтүн берип чоңойткон энесине кол салууга ниеттенген арстан аркылуу кандай ой айта аласыңар?
Өз алдынча аткаруу үчүн тапшырма
Башкы каармандар Кайда?Качан? Эмнеболду? ____________ _____________________ -______________
_________________ ______________________ _______________
Эмне себептен Чыгарма эмнени үйрөттү? Сен кандай
Ушундай болду? жыйынтык чыгардың?