Билермандар «Астрономия» кафетерийинде
« Астрономия» кафетерийинин менюсу
1 – суроо
2 – суроо
3 – суроо
4-суроо
5-суроо
6-суроо
Топ жылдыздар
1 – суроо
2 – суроо
3 – суроо
4 – суроо
5-суроо
6-суроо
1 – суроо
2 – суроо
3 – суроо
4 – суроо
5-суроо
6-суроо
Жеӊил суроолор
?
- «Ааламдын космологиялык модели» кимдин теориясынын негизинде түзүлгөн?
Жообу:
Ааламдын кеӊейүү закону
(росс. физик Фридман)
- Жер кыртышынын жашын аныктоодо колдонулган радиактивдүү химиялык элемент?
Жообу:
(Уран(238), Калий(40))
- Алар өтө сейрек кездешет, алардын борбордук ядролору жок, формасыз көрүнүштө жана Биздин Галактиканын жандоочулары болуп эсептелет. Сөз эмне тууралуу?
Жообу:
(Туура эмес галактикалар)
Жообу:
(149,6млн км)
- Күн хромосферасында кезек кезеги менен жогору карай булут же өтө кызыган газдын фонтаны атылып чыгып турат, алар эмне деп аталат?
Жообу:
(Протуберанцтар)
- Күндүн химиялык курамы, термоядролук реакцияны пайда кылуучу химиялык элементтер?
Жообу:
(70% -суутек, 29%-гелий)
ООР СУРООЛОР
?
- 1859-1887-жылы «Бонское обозрение» жылдыздардын фундаменталдык каталогу түзүлүп, каталогго 10-11 жылдыз чоӊдугуна чейинки 324188 жылдыздын болжолдуу координатасы камтылган. Булл жерде «Жылдыз чоӊдугу» деген кандай мааниде түшүндүрүлөт, жылдыздын өлчөмүнө тиешеси барбы?
Бул сөз жылдыздын өлчөмүнө тиешелүү эмес, жылдыздан Жерге келүүчү жарык агымын мүнөздөйт
2. 2. Москва Обсерваториясынын илимий кеӊешинин чечими менен Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын академиги Бөрүбаев Алтай Асылкановичтин ысымы «Алтай» деген ат менен кайсы топ жылдыздын 15-жылдыз чоӊдугундагы жылдызга берилген?
(Козерог)
3.Ч.Айтматовдун белгилүү чыгармасынын аты , татаал түзүлүштөгү млд.-ган жылдыздардын системасын түзгөн жылдыздар тилкеси кандай аталат? Галактикада жылдыз тумандуулугунун болушу «аны» булут сымал көргөзөт. Ал Жаачы, Ак-Куу,Лира, Цефей, Чаян, Бүркүт, Букачар, Чоӊ Арстан, Персей, Көөкөр топ жылдыздары аркылуу өтөт.
(Саманчынын жолу)
4.Газ менен чаӊдардан турган булут эӊ эле ысык жылдыздар аркылуу жарыктанса, анда жылдыздардын ультрафиолеттик нурдантуусу булуттагы суутекти жана башка газдарды иондоштуруп, аларды жарык чыгарууга аргасыз кылат. Газ ультрафиолеттик нурларду жутуп , спектрдин кызыл, көк, ж.б. нурларын нурдантат. Эгер ысык жылдыз кокусунан өчүп калса, анда тумандуулук да бат эле жарык бербей калуусу мүмкүн. Бул газ тумандуулугу кандай аталат?
(Диффузиялуу газ тумандуулугу
- Б.А.Воронцов-Вельяминовдун жетекчилиги менен москвалык астрономдор тарабынан түзүлгөн нерсеге 32000 … кирген? Сөз эмне тууралуу болду?
Галактикалар каталогу
6.Аалам бардык тарабы боюнча бирдей тараган миллиметрлүү диапазондуу … нурдануулардан турат. Бул сөз - «Ааламдын эӊ алгачкы башталышынан бери калган калдык » деген маанини берет. Бул нурдануу кандай аталат
(Реликт нурдануусу)
ЛОГИКАЛЫК СУРООЛОР
?
1.Календарь – баарыбызга белгилүү болгондой алыскы Нил дарыясынын жээгиндеги Байыркы Египетте пайда болгон . Египеттик жрецтер жайкы эӊ кыска түндө таӊ атар алдында Сириус(Сотис) жарык жылдызы көрүнөөрүн байкашкан. Нил дарыясы ошол күнү ташкындаган. Алар Сириустун биринчи көрүнүшүнөн кийинки көрүнүшүнө чейин 365 күн өтөөрүн эсептешкен. Аны ар биринде 30 күн болгон 12 бөлүккө бөлүшкөн, калган беш күндү жылдын аягына кошушкан. Алгачкы календарь ушундай жол менен пайда болгон.
Суроо- Календарь менен Нил дарыясынын кандай байланышы бар?(Жрецтер Нилдин ташкындоосун алдын ала билүүсү керек болгон)
2.Көп өтпөй жрецтер таӊ каларлык нерсени байкашат . Календарь боюнча жыл өттү, ал эми Сириус көрүнбөдү!
Жрецтер эсебинин катасын түшүнүп, календарга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди.
Суроо-Байыркы Египетте жрецтер түзгөн календардын ката болуп калышынын себеб и
эмнеде жана жрецтер календарга кандай өзгөртүү киргизишкен?
(4 жылда 1 сутка айырма берген , жрецтер 1 жылда 365 күн 6 саат болсун деген өзгөртүүнү киргизишкен)
3.Б.з.ч. 46-жылы рим императору Юлий Цезарь египет календары на түзөтүү киргизген жана императордун урматына Юлий календары деп аталып калган. 1582-жылы рим папасы Григорий XIII Юлий календарына жаӊы түзөтүүлөрдү киргизген. Улуу октябрь революциясынан кийин 1918-жылы советтер өлкөсүндө жаӊы календарь т.а. Григорий календары колдонула баштаган. Силер билгендей 31-январдан кийин 13 суткага айырма берип ,советтер өлкөсү жаӊы айды 14 февралдан баштаган.
Суроо- Григорий календарын дагы кандай ат менен атоого болот?(Күн календары)
4.Кыргыз эли тээ байыркы мезгилден бери эле асман телолоруна байкоо жүргүзүү менен асман телолору Жерге кандай таасир этээрин билишкен. Ар бир жылга , ар бир айга өз-өзүнчө ат берип, ошонун негизинде кыргыздын улуттук календары пайда болгон. Бул календарь аркылуу ата-бабаларыбыз адам жашын аныктап, жыл сүрүп жашап келишкен. Совет бийлигинин келиши менен бул календарь пайдаланылбай калган?
Суроо- Бул календарды кыргыздар эмне деп аташкан?( « Мүчөл жыл » же « Тогоол » календары )
5. Жогоруда айтылгандай « Мүчөл » же « Тогоол » календары Совет бийлигинин убагында колдонулган эмес, бирок эгемендик алгандан кийин бабалардан калган мурас жаӊы жашоо кечире баштады . Төрөн Жумаев аттуу өз кесиби боюнча дарыгер, бирок жаш кезинен табият сырларына кызыккан инсаныбыз 2000-2003-жылдары бул мурасты КИАга берип, календардын тууралыгы далилденгенден кийин , бир канча жылдан кийин т.а. 2014-жылдан баштап « Күн календарын » , « Мүчөл жыл » календарын жана « Тогоол » календарын бириктирген календарь чыгарган.
Суроо- Төрөн Жумаев чыгарган календарь кандай аталган?
( … мүчөл жылына таандык кыргыз элинин улуттук ай-күн календары )
6.Тогоол календары айдын толушу , жаӊырышы менен эсептелинет жана аба ырайынын өзгөрүшү, жаздын келээри тууралуу так маалымат берет. Ай жаӊыргандан кийин Үркөр жылдыз Ай, Жер бир окко туш келет. Мисалы , бирдин айы 9тогоол(Январь) деп аталат б.а. « Бирдин айы » жаӊыргандан кийин 9 күн өткөндө асмандагы Ай Үркөр топ жылдызы менен тогошот(Жалган куран 7 тогоол деп айтылат, асманда « Жалган куран » айы жаӊыгандан кийин 7 күн өткөндө асмандагы Ай Үркөр топ жылдызы менен тогошот ).
Суроо- « Тогоол » ( « Тогошот » ) деген сөз кандай маанини берет?
(жакындашып, бетме-бет туруп калуу, жакындоо)
Рахмат!