Просмотр содержимого документа
«Ата -энелер чогулушу»
Чогулуштун темасы: Зордук –зомбулуксуз тарбиялоо. Мугалим: Эркинбекова Г
Чогулуштун максаты:
- Зордук-зомбулук көйгөйүнүн болуп жаткандыгын ата-энелерге түшүндүрүү.
- Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун ар түрдүү түрлөрү менен ата-энелерди тааныштыруу.
- Ата-энелердин балдар менен болгон мамилесин жакшыртууда жана алардын керектөөлөрүнүн канаатандырууга ата-энелердин чыныгы кадыр-баркын көтөрүүгө көмөктөшүү.
Чогулуштун жүрүшү:
- «Зордук-зомбулуксуз тарбиялоо» деген темада лекция.
- Окуучулардын тартиби, формасы, катышуусу.
- Окуу китептеринин абалы, күндөлүк, окуучулардын жетишүүсү.
- Киришүү бөлүгү;
- «Балалыкка чөмүлүү» медитациясы
- Ойлонуңуздар, биз сиздер менен өзүбүздүн балдарыбызга тез-тез жароокер жана назик болобузбу?
- Өзүбүздүн балдарга жетишерлик түрдө камкордук жана жылуулук тартуулайбызбы?
- Биз аларды жаныбыздай коргогонубузду сезишеби?
Зордук-зомбулук – бул күч колдонуу, кулдук, таарынтуу, өзүм билемдик ж.б
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук деп, үй-бүлө мүчөсүнүн башка мүчөсүнө(же башкаларга) болгон жүрүм-турумун, үй-бүлөдөгү бийликти сактап калуу, контролдоо жана коркунуч алып келген жагдайды түшүнөбүз.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук –бул жакын адамдардын бири-бири менен болгон мамилеси, кайсы бир убакытта бирин-бири кысымчылыкка алуу же кандайдыр бир зыян келтирүү.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун ар түрдүү багыты болушу мүмкүн:
- Күйөөсүнүн аялына болгон мамилеси;
Күйөөсүнүн же аялынын баласына болгон мамилеси;
- Чоң балдарынын же неберелеринин ата-энесине же кары –картаң туугандарына болгон мамилеси;
- Үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка үй-бүлөгө карата болгон мамилеси.
Балдарга болгон зордук-зомбулуктун кээ бир түрлөрү:
- Психикалык же эмоциялдык
- Экономикалык
- Сексуалдык
- Физикалык
Зордук-зомбулуктун себеби:
- Аракечтиктин, баңгиликтин коомдо жайылышы;
- Моралдык кризис;
- Маданияттын кризиси;
- Инсанды зордук-зомбулуктоонун көрүнүшүн дайыма ММК аркылуу жайылтуу ж.б
4. Коллективдүү талкулоо
- Балага мээрим чачуу керекпи?
- Ал аны эркелетип салбайбы?
Жыйынтыктоо:
Балага мээрим берүү керек.
Балдар үчүн анкета
- Апам мени менен сылык-сыпаа:
а) тез-тез -- 15 в) сейрек-- 0
б)Кээ бирде-- 12 г) Эч качан-- 0
2. Апам мага кыйкырат:
а) тез-тез-- 4 в) сейрек-- 11
б)Кээ бирде-- 11 г) Эч качан-- 1
3. Апам мен урушу, чапкылоосу мүмкүн:
а) тез-тез -- 0 в) сейрек-- 14
б)Кээ бирде-- 9 г) Эч качан-- 4
5. Ата-энелер үчүн анкета
1. Башка бирөөнүн баласына эскертүү кылса болобу?
а)Ооба б) жок в) Жооп берүү кыйын
2. Өзүңүздүн балаңызга эскертүү кыла аласызбы?
а) Ооба б) жок в) Жооп берүү кыйын
3. Башка бирөөнүн баласына кыйкырса болобу?
а) Ооба б) Жок в)Жооп берүу кыйын
4. Өзүңүздүн балаңызга кыйкыра аласызбы?
а) Ооба б) Жок в) Жооп берүу кыйын
5. Башка бирөөдүн баласын ура аласызбы?
а) Ооба б) Жок в) Жооп берүү кыйын
6. Өзүңүздүн балаңызды урасызбы?
а) Ооба б) Жок в) Жооп берүү кыйын
Зордук –зомбулуксуз тарбиялоо
(Суроо-жооп)
- Балаңыз сизге жалган суйлосо эмне кыласыз?
- Сиздин дайындаган жумушуңузду унутуп калса эмне кыласыз?
- Сизден сурабастан көчөгө ойногону чыгып кетсе.
- Мектептен кеч барып калса.
2-маселе: Балдардын тартиби, катышуусу, формасы.
3-маселе Окуучулардын жетишүүсү, окуу китептеринин абалы, күндөлүк.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат !