Просмотр содержимого документа
«Ата-энелер менен иштөө»
Yй бүлөнүн нравалык мыйзамдары – жашоонун мыйзамдары
1-жагдай:
Жазында үй бүлө мүчөлөрү бакчага иштегени чыгышты. Бардыгына жумуш табылды. Канча жумуш беришсе да, баарынан баш тартып, бир гана Асан телефон менен алышып жүрдү.
Эмне үчүн ушундай жагдай түзүлдү?
2-жагдай:
Кызы апасына жакшы маанай тартуулагысы келди. Ал мектептен келери менен идиш жууп, үй жыйнап, тамак да жасап койду. Апасынын алдынан тосуп чыгып, кучактап өптү. Апасы жумуштан чарчап келгендиктен, кызына кө ӊ үл бөлгөн жок. Кызы тамакка чакырды. Тамак ичилип бүткөндөн кийин, апасы өз бөлмөсүнө кирип кетти.
Апасынын ордунда болсо ӊ уз, эмне кылат эле ӊ из?
3-жагдай:
Баласы эки «2» алып келди . Атасы аны катуу жазалап, үйдөн сыртка чыкканга тыюу салды . Достору оюнга чакырып келишти. Апасы ортого түшүп, баланы достору менен коё берүүнү суранды. Ата-эне ортосунда чыр чыкты.
Чыр-чатакты болтурбоо үчүн эмне кылса болот?
4-жагдай:
Апасы жумуштан келди. Баласы жолдон тосуп алып, жүгүн көтөрүшүп келди. Экөө чогуу тамак даярдашып, калган үй бүлө мүчөлөрүн күтүштү. Тамактан кийин, апасы баласына сабактарын аткарууга жардам берип, түшүнбөгөн суроолоруна жооп берди. Күндөлүктөрүн текшерип, жетишкендиктерин көрүп мактап, кучактады.
Сиздердин ою ӊ уздар боюнча, бул үй бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда кандай мамиле куралды?
МЫЙЗАМДАР
Эмгекти сүйүү көндүмүнүн негизин бала чактан баштап калыптандыруу керек.
Баланы мактоонун маанилүүлүгү
Ата-эне балага бирдей талап коюшу керек.
Yй - бүлө мүчөлөрү бири-бири менен сый мамиледе болуу.
Чо ӊ рахмат!