Ата-энелер чогулушу
тема: АТА-ЭНЕЛИК СҮЙҮҮ
ДЕГЕН ЭМНЕ?
«Биздин балдар-бул биздин карылыгыбыз. Туура тарбиялоо-
бул биздин бактылуу карылыгыбыз, жаман тарбиялоо-бул биздин келечектеги кайгыбыз, көз жашыбыз, башка адамдар алдындагы бүт өлкө алдындагы күнөөбүз»
А.С. Макаренко
Чогулуштун планы:
«Сиз балаңызды кантип эркелетесиз?»
Күн желесин толтуртуу, айрымдарына жазгандарын окутуу.
«Күн жерди жылыткандай мен баламды кантип жылытам?»
(сүрөткө ойлорду толуктоо)
2. Анкета толтуртуу жана жыйынтыгын чыгаруу.
3. а) «Ата-энелик сүйүү» деп эмнени түшүнөсүздөр?
б) Балдарыңыздарга болгон сүйүүңүздөрдү кандай формада билдиресиздер?
Топтордо талкуулатуу жана презентациялоо.
4. «Ата бир саатта канча акча табасыз?» аңгемесин окуп берүү жана талкуулоо.
5. Психологдордун кеңештери.
6. Афоризм менен жыйынтыктоо.
Психологдордун айтуусу боюнча бала канча жашка чыккандыгына карабай эркелетүүнү, жакшы көрүүнү каалайт. Балдарды күнүнө 4-5 жолу өөп, кучактап эркелетүү зарыл. Кээде ата-энелер баласынын чоңоюп калгандыгынан өзүнө жакындатпайт, кучактабайт деп айтышат, мындай учурда себепти баладан эле издебеш керек. Бул кичине кезинде ата-эненин мээримине жетишерлик канбагандыгынан келип чыгуусу мүмкүн.
Кээде ата-энелер менен маектешкенде балдарын эркелетүүдөн уялышаарын, тартынышаарын айтышат, алар балдарына билдирбей сүйүшөт.
Бирок, уругу жок эле гүл терезеге өзү өсө бербейт да!
Бала кезинде сүйүп, эркелетип, өспүрүм кезинде түшүнүп, мээримиңизди чачсаңыз, улгайган кезиңизде ал сизге көңүл буруп, кам көрүп, алпечтеп багаарына толугу менен ишениңиз.
Эгер бала ата-энелик сүйүүнү сезип, туюп турса алардын талаптарын, айткан сын-пикирлерин жеңил, түшүнүү менен кабыл алат.
Көпчүлүк учурда ата-энелер балдарын өтө жакшы көргөндүктөн алар үчүн тынчсызданып, сарсанаа болушуп, кандай кырдаал болсо да ар дайым аларды коргогонго даяр туруу керек деген ойдо болушат.
Бирок, ошол эле ата-энелер балдарына мындан да жакшы окубагандыгы, тентектик кылбагандыгы, айткан тапшырманы ар дайым толук аткарбагандыгы жана башка нааразычылыктарын билдире берүү менен өсүп келе жаткан балага жагымсыз баа беришет. Бул балада өзгөчө сезим пайда кылып, эмоционалдык жактан терс таасирин тийгизет.
«Сиз балаңызды кантип эркелетесиз?»
Ата-эненин талкуусуна коюлуучу ойлор:
1. “Ата-энелик сүйүү” деп эмнени түшүнөсүздөр?
2. Балдарыңыздарга болгон сүйүүңүздөрдү кандай формада билдиресиздер?
Ата-эненин баласына болгон сүйүүсүнүн формуласы:
(америкалык психолог Росс Кемпбеллдики боюнча)
“Мен өз баламды эч нерседен көз карандысыз, ал гана эмес анын жаман жүрүш-турушуна да карабай ар дайым сүйөм”
“Баланы күзгү менен салыштырууга болот. Ал сүйүүнү чагылдырат, бирок, биринчи баштабайт. Эгер баланы сүйүү менен тарбияласаң алар аны кайтарышат.Эгер ага эч нерсе бербесең алар эч нерсе кайтара албайт”
Ата бир саатта канча акча табасыз?
Юристтик кесипти аркалаган бир мырза жумушуна эртең менен эрте келип, үйүнө кеч киргенде чарчап-чаалыгып келер эле. Бул көрүнүш күн сайын кайталанчу.Тестиер кызы «аталап» жанына чуркап келсе: «кызым, жумушум бар» же «чарчадым» деп жанынан алыстатаар эле. Бир күнү атасы жумуштан келери менен босогодон тосуп чыккан кызы:
-Ата, бир саатта канча акча табасыз?- деп сурайт.Таң калган атасы:
-500 сом. Бирок эмнеге сурап жатасың?-дейт.
Анда кызы:
-Ата мага 250 сом бере аласызбы?-дейт. Эч нерсеге түшүнбөгөн атасы кызына 250 сом берет. Акчаны алган кыз көптөн бери топтоп жүргөн акчаларын чөнтөгүнөн алып чыгып,
500 сомду эсептеп атасына сунуп:
-Ушул 500 сомду алып убактыңыздын бир саатын мага бөлөсүзбү?-дейт.
Ата-энелер үчүн зарыл болгон кеңештер:
Балаңызга болгон сүйүүңүздү сактаңыз. Жакшы көрүүдөн жек көрүүгө бир кадам экендигин эсиңизден чыгарбаңыз жана ойлонбостон кадам таштабаңыз!
Балаңызды кемсинтпеңиз. Сиз аны кемсинтүү менен андагы башка адамдарды кемсинтүү боюнча билгичтиктерин, көндүмдөрүн калыптандырасыз. Ал эмес бир күнү сизди да кемсинтип коюшу мүмкүн.
Балаңызды коркутпаңыз. Чоңдордун коркутканы балада калптын пайда болушуна, жаман көрүүгө, коркууга алып келет.
Көп тыюу салбагыла. Баланын жаратылышында тентектиктин духу болот. Эмнеге тыюу салсаңар ошону жасоону өтө кааларын эсиңиздерден чыгарбаңыздар.
Балаңызды коргобогон жерден эле коргой бербеңиз. Кичине баланы өз алдынча чоңоюшуна жолтоо болбоңуз.
Балаңыздын айтканына макул боло бербеңиз. Өзүңүздүн балаңызга болгон сүйүүңүздү сактай билиңиз жана ата-энелик жоопкерчилигиңиздин ченин билиңиз.
Балаңызга чексиз көп эле насаат айта бербеңиз, ал көбүн уккан да жок!
Ар дайым койгон талабыңызга өзүңүз да жооп бергендей болуңуз. Сиздин “ооба” жана “жок” деген жоопторуңузду жакшы ойлонуп анан айтыңыз.
Балаңыздын балалыгынан ажыратпаңыз. Анын тентектигине, шашмалыгына, чала жасаганына, бир жерде тура албагандыгына туура түшүнүп мамиле кылыңыз.
Эң чоң ата-энелик бакыт бул турмушта өз ордун тапкан, акылдуу жана кайрымдуу балдардын болушу. Биз сиздерге ошондой балдарды каалайбыз!
Баланы кантип сүйүүгө болот?
Балаңыздын айткандарын көңүл коюп, чыдамдуулук менен оюн бузбай уга билишиңиз керек.
Балаңыз менен жумшак, мээримдүү, сый көрсөтүп сүйлөшүңүз. Оройлукка, сөгүнүүгө жана кекетип сүйлөөгө өзүңүзгө да жол бербеңиз.
Жазалоодо аны кемсинтпей, кадырын, баркын сактап, анын оңолооруна ишеним көрсөтүүнүн эсиңизден чыгарбаңыз.
Тарбиялоодо ийгиликке жетүүдө ата-эне ар күнү баласы үчүн үлгү болуусу керек.
Кетирген катаңызды мойнуңузга алып, туура эмес кылган жоруктарыңыз жана аракеттериңиз үчүн кечирим сураңыз, өзүңүзгө, башкаларга карата баа берүүдө адилет болуңуз.
«Бала тарбиялоо – ташты кемиргенге тете»
Ата – энелер үчүн анкета
№ | Байкоочу моменттер | Көпчүлүк учурда биздин үй-бүлөдө | Мындай кылса жакшы |
1 | Баланы кантип ойготобуз? а) будильник менен; б) катуу кыйкырып ойготуу; в) эркелеткен сөздөр менен; г) эркелеткен сөздөр менен жана бетинен өөп; | | г |
2 | Ким көбүнчө биринчи туруп баланызды ойготот? а) жакындарыбыздын бири; б) бардык туугандар кезеги менен турушат; | | б |
3 | Эртен мененки жуунуп тазалануусу төмөкүчө ишке ашат: а) өз алдынча; б) зарылдыгына карата жакындардын камкордугу менен; | | б |
4 | Эртен мененки тамак: а) баланын сөзсүз тамактануусу керек; б) кээде эртен менен тамактанбаса деле болот; | | а |
5 | Тамактануу менен көчөгө чыгуудагы убакыттын аралыгы: а) 10 мүнөттөн аз эмес; б) тамактангандан кийин; | | а |
6 | Мектепке кетип жатып баланыз кантип коштошот? а) сөзсүз «жакшы калыныз» -деп айтат; б) ар дайым эле «жакшы калыныз» -деп айтпай; в) жагымдуу коштошуу сөзүн, анан бетиңерден өбөт; | | в |
7 | Үй-бүлөнүздүн башка мүчөлөрү үйдөн чыгарда кантип коштошушат? а) сөзсүз жагымдуу сөздөрдү айтышат; б) ар дайым эле коштошо бербейт, кээде жөн эле эшик жаап чыгып кетишет; в) жагымдуу сөз айтышып, жакындардын бетинен өбүшөт; | | в |
8 | Эртен менен үйдөн чыгууда, баланыз менен чогуу чыгууга мүмкүнчүлүгүнүз болобу? а) мүмкүнчүлүк бар, бирок көпчүлүк учурда өз-өзүбүзчө чыгып кетебиз; б) мүмкүнчүлүк бар, мектепке чейин чогуу барабыз, (эгер бир жол менен кетсек); в) балам менен чогуу чыгууга мүмкүнчүлүк жок; | | б |
9 | Мектептен баланыз келе жатканда кантип тосуп аласыз? Төмөнкү типтеги суроолорду берип: а) кандай баа алдын? б) мектепте кандай болуп жатат? в) бүгүн эмне кылдынар? г) бүгүн кандай кызыктуу нерселер болду? д) мугалимдер сага ыраазыбы? | | в же г |
10 | Үй тапшырма аткаргандан кийин, кечинде үйдө жасалуучу жумуштар барбы? а) ооба, менин балам үй жумуштарын аткарат; б) жок, балам негизи үй жумуштарынан бошогон. | | а |
11 | Баланыз кайсы убакта уктайт? а) ар бириники жекече убактысы менен жаткырылат б) кичине кезинен саат 9 да в) өспүрүм кезинде алардын жашына карата убактысы аныкталат | | а |
12 | Эгер уктай турган маалда кызыктуу телекөрсөтүү болуп калса, биздин үй-бүлөдө төмөндөгүдөй: а) баланы жаткырып коюп, өзүбүз көрөбүз; б) көрсөтүүнү аягына чейин чогуу көрөбүз; в) телевизорду өчүрүп коюп, үй-бүлөбүз менен жатууга кетебиз. | | в |
13 | Күндүн жыйынтыгы: а) жагымдуу сөздөр менен; б) балага жакшы каалоо менен. | | а |
Ата –энелер үчүн
Тестти психологдор тарабынан берилген жооптору менен салыштырып көрүнүз (класс жетекчи жыйынтыктаганда кайсы ата-эненин көз карашы психологдор менен көбүрөөк туура келгенин белгилеп, алардын тарбиялоонун туура багытта жүргүзүп жатканын эскертет).
Тесттин чечилиши
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
г | б | б | а | а | в | в | б | в же г | а | а | в | а |