СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата-Мекенге болгон кусалык деген эмне

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сабак

Просмотр содержимого документа
«Ата-Мекенге болгон кусалык деген эмне»

АТА МЕКЕНГЕ БОЛГОН КУСАЛЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Сабактын максаты:

Ата мекенге болгон кусалык эмне экендигин түшүнүшөт. Турмуштан мисал келтиреалышат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим окуучуларга Ата мекенге болгон кусалык кайсыл учурда билинери тууралуу баяндама жасайт.

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы. Үйүрүн сагынбас ат болбойт, Мекенин сагынбас эр болбойт.

Элден

Атамекендин кадыр-баркы, анын ушунчалык ыйыктыгы алыскы жолго чыкканда, сапарда жүргѳндѳ билинет. Кѳрбѳй калсаң сагынасың, кусаланасың, кусалыктын кѳз жаштары аргасыз бетиңди жууйт. Буулугуп жүрѳгүң ооруйт. Бѳтѳн жерде, бѳтѳн элде мусаапыр болуп жүрүүдѳн ѳткѳн кыйынчылык жок болсо керек. Ошондо кѳз алдыңа сен барктабаган, баркына жетпеген туулган жериң элестейт. Элибизде сѳз бар эмеспи “Туулган жердин топурагы алтын” деген. Ѳз үйүң ѳлѳң тѳшѳгүңдү сагынасың.

Алыскы чет ѳлкѳдѳ жашаган кыргыз карыядан Атамекенге болгон кусалыкты баса турган дары барбы? - деп сураганда мындайча жооп берген экен: “Туулган жердин топурагынан ѳткѳн дары жок, эч кандай дары кусалык деген ооруну баса албайт дагы. Мен да ошол оору менен кѳп ооруйм, туулган жеримди эңсейм, сагынам, кусаланам. Ошол мезгилде мекенимден түйүп келген бир ууч топуракты жыттасам кадимкидей кусалыгым басыла түшѳт. Кѳзүмдү жумуп кѳпкѳ чейин туулган жерде ѳткѳн бактылуу күндѳрдү, жылкылардын кишенегенин, козу-улактын маараганын, чурулдашкан балдардын үнүн арча түтѳгѳн коломто жытын, деги койчу баарын, баарын эстейм”.

1916-жылдагы үркүндѳ эл менен кошо Кытайга үркүп барган, ата-энесинен айрылып, ѳзү бир табак арпага сатылган Сайра деген кыз ички толгонуулары аркылуу Мекен, эл жерге болгон кусалыгын, сагынычын кат аркылуу билдирип туулган жерине кат жазган:Бир тууган элим, тосуп ал!

Кѳрмѳккѳ жерин болуп зар,

Кат жазып, салам жиберет, Какшаалда калган кызыңар.



Мен тѳрѳлүп, мен кѳгѳрүп,

Туулуп ѳскѳнэлиме,

Ышкын терип, эндик казып,

Ойноп ѳскѳн жериме,

Суусу тунук, абасы атыр

Касиеттүү кеминге, Барсам экен, кѳрсѳм экен,

Кандай болуп кетти экен!

“Бир кайрылып кайран кызым,Келбей кетти” дээр бекен?!

Барсам экен, кѳрсѳм экен,

Элим кантип кетти экен?!

Айга, күнгѳ кѳѳдѳн керипАк карлуу тоом тургандыр!“Ботом алыс калды эле”, - депОюн эчен бургандыр!Айлуу түндѳ кыз-келиндерЭчен оюн кургандыр!Кээ бир кезди алып эске,Ойлоп мени жүргѳндүр!Тамашакѳй селки, уландарЗоо жаңыртып күлгѳндүр!

Барсам экен, кѳрсѳм экен,Кандай болуп кетти экен?!Карааныңды элестетип, Ойго батам, сагынам!Бүт муңумду күрмѳп жутупКуса болуп зарыгам.

Мына кѳрдүңбү окуучум, туулган жерге болгон кусалык кандай экенин. Дүйнѳнүн бардык бурчунда, тарыхтын бардык катмарларында Атажурт уулдары ѳмүр бою туулган жерине карыз болуп ѳтѳт. Атажурттун ысыгын, адамга берген азыгын алтынга да, канга да, жанга да алмаштырууга болбойт. Андыктан биздин атабабаларыбыз да, биз да, бизден кийинкилер да Атажурт аймагында ѳмүрүн ѳткѳрүшѳт. Ага болгон карызынан кутуулууга муундан-муунга, кылымдан-кылымга чейин далбас урушат. Бул биз үчүн кандай ыйык милдет! Туулган жерден ѳз элинен алыста жашап жүргѳн, же бир алыскы сапарга чыккан уул гана анын кадырын билсе керек. Ал эми Атажурт кадырынбилип, аны сагынган, ал үчүн кусаланган гана уул чыныгы Атажурт уулу болсо керек.

2-кадам:Окуучуларга төмөндөгүдөй суроолорду берет.

  1. “Кусалык” деген сѳздү кандайча түшүндүң?

  2. Туулган жерге болгон кусалыкты басуучу дары барбы, ал кандай дары?

  3. Сайранын жазган катынан эмнени түшүндүң?

3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат. Залкар ойлор

Мекениңден айрылганча, ѳмүрүңдѳнайрыл.



Туулган жер –алтын бешик.

Туулган жерге тууруңду тик.



Ѳз үй –ѳлѳң тѳшѳк, ѳз эл –ѳмүрлүк жѳлѳк.



Ѳз элиң ѳйдѳ чыксаң –ѳбѳгүң, Ылдый түшсѳң –жѳлѳгүң.

(Элден)

Үйгө тапшырма:

1.Окуучум, сен ѳзүңдү алыс жакта жүрѳм депэлестетип туулган жерге кат жазып кѳрчү.

  1. “Бир ууч топурак” деген аңгеме жазгыла.

  2. Залкар ойлорду окуп, талкуулагыла.