СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата сыйлаган абийир табат.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ата сыйлаган абийир табат.»

Сабактын темасы: Ата сыйлаган абийир табат.

Сабактын максаты: 1. Атанын баркын убагында билип, сый-урмат көрсөтүү зарылдыгын түшүнүшөт. 2. Жакшы уул ата үчүн кандай жогору мааниде экендигин билет. 3. Өзүндө жакшы сапаттарды тарбиялоого өбөлгө түзөт.

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, таркатма материалдар.

С а б а к т ы н ж у р у ш у : І. Уюштуруу: «Алтын эрежени» кайталоо.

ІІ. Киришүү: Балдар бүгүн биз өзүбүздүн эң урматтуу жана ишенген, таянган адамыбыз «АТАбыз» жөнүндө сөз кылабыз. Ата дегенде биз эсибизди тааныгандан бери, бизди коргоп, багып, эс-акылын айтып, таш сепилдей тышкы кыйынчылыктан сактап келген улуу адамды элестетебиз.

Үй-бүлө –бул кичи мамлекет болсо, анын президенти ата. Ал үйдүн алмштыргыс түркүгү сыяктуу үй-бүлөнү солк эттирбей кармап турат. - Эми ойлонуп көрөлү ушундай ардактуу адамыбызды кантип сыйлап жатабыз? (Балдар жооп беришет) - Туура балдар, эң алгач атанын тилин угуу,анын айткандарын аткаруу, жардам берүү, көнүлүн көтөрүү, сабактардан жакшы бааларды алып кубантуу ж.б.

ІІІ. Топтордо иштөө: Эми балдар, «Уул жакшысы-урмат» -дегендей атага кандай уул болуу керектигин ойлонуп көрөлү:

1-окуучу: Уулун жакшы болгон сон,

Кымбат баа жакут таш.

Кызык базар коргондой,

Ар жыйында кеп курса,

Ар кандай пенде конгондой.

Конулу ачык жаркырап,

Жолу болгон мергендей.

2-окуучу: Уулун жаман болгон сон,

Киши келсе кенебейт.

Кишиге озун тенебейт.

Оолугуп суйлоп обу жок,

Озакылын ченебейт.

Соолотундо шаани жок,

Созу жукпайт маани жок.

Өзүнөр айткандай, «Жакшы уул-ал ата мурасы, атанын калтырган табериги». Элибизде «Баланчанын уулу элдик чыкты, атасы олбоптур, минтип анын асыл иштерин улап олтурат. Эл үчүн, жер үчүн мин толгонот…» деген сөздөрдү угуп, кубанып калабыз. Тескерисинче , жакшыдан моон( моон-малдын ички ичеги карын органы), жамандан жаан- (кутуусуз чыккан жакшы сапат), мында жакшы атаны жер каратуу жөнүндө айтылат.

Класс үч топко бөлүнүп, төмөнкү атадан туулган үч бала жөнүндө сыпаттап кетели:

1. Атадан артык туулган бала.

2. Ата менен тең туулган бала.

3. Атадан кем туулган бала.

Ар бир топ өзүнө тийген тапшырманы талкуулап, жазып, бирден окуучу чыгып окуп берет.

1-топ: Атадан артык туулган бала. Атадан артык туулган бала, атасы билбеген сөздү сүйлөйт. Атасы бийлебеген элди бийлейт. Атасы көрбөгөн жерди көрөт. Атасы доолабаган доону доолайт. Атадан артык чыкты деп атасына, айылына, туулган жерине, окуган мектебине, тууган-уругуна, атак- данк алып келип, эли журтуна мекенине кызмат кылат.

2-топ: Ата менен тең туулган бала. Ата менен тең туулган бала, атанын баласы болуптур, атасы ушундай жакшы киши эле, атасын тартыптыр, атасы да бироого кара санабаган, ак конул, бироого зыянын тийгизбеген, эли жери учун коп пайдалуу иштерди жасаган, илимдуу, билимдуу, алдынкы адамдардан эле, баласы атасын жазбай тартыптыр деп атага жакшы соз алып келет, атанын уулу дедирет, эл журтуна соз тийгизбейт.

3-топ: Атадан кем туулган бала. Атадан кем туулган бала, атасы жакшы киши эле, атасынын эч нерсесин тартпаптыр, ушундай кишинин баласы да ушул ишти жасайбы, кайран гана ата, баласы кымындай да тартпаптыр деп, элден наалат соз угуп, атасынын наамына шек келтирет. Уккан билген адамдын зээнин кейитет.

ІV. Жыйынтыктоо: Кордунорбу балдар, бала жакшы болсо да, жаман болсо да «Кимдин баласысын деп» сураганы бекер кеп эмес экен. Жакшы балага ыраазы болуп «атана рахмат» десе, жаман балага «атана наалат» деп, атасына соз тиет. Демек атага алкыш алып беруу да, жаман созго, жаман абалга калтыруу да баладан экен. Баласы жакшы атка конгон ата сыймыктанып чексиз кубанса, баласы жаманатты болгон ата жер карап кайгырат. Ошондуктан балдар атабызга жакшы соз , алкыш алып бергенге дайыма аракет кылалы. Аны эч качан уялтырып жер каратпайлы. Жакшы уул бололу!

V. Уйго тапшырма беруу: «Менин атам» деген темада дилбаян жазып келуу.