Просмотр содержимого документа
«Аталардын эрдиги унутулбайт.»
№ 42 Т.Сатылганов атындагы жалпы билим беруучу орто мектеби.
Тарбиялык саат
5-класс
Эркинбекова Гулнура Экинбековна.
Аталардын эрдиги унутулбайт!
Сабактын максаты:
- Улуу Ата Мекендик согуш жонундо тушунук алышат.
- Мекен учун жанын аябай эрдик корсоткон баатырларыбызды билишет.
- Патриоттук сезимин ойготуу, мекенге кызмат кылуу тарбиялоо.
эмне жонундо?
- Клиптен эмнелерди кордунор?
- Улуу Ата Мекендик согуш жонундо эмнелерди билесинер?
Кандуу согуш
Дуйнолук устомдукко жетууну коздогон фашисттик Германия 1941-жылы 22-июнунда СССРге кол салган. Согуш 1418 кунго созулган. Согуш жылдарында СССРде 1710 шаар, 70 минден ашуун айыл, 32 миндей завод-фабрика жана 98 минге жакын колхоз талкаланган. Ал учурда СССрдин кол башчысы Иосиф Сталин , ал эми Германиянын кол башчысы Адольф Гитлер болгон.
Кыргызстандык жоокерлер согуштун биринчи кунунон эле фашисттик баскынчылар менен баатырларча кармашышкан.
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 минден ашуун адам аттанып, алардын ичинде минге жакынын аялдар тузгон. 160 минден ашуун жоокер согушта курман болгон.
Кыргызстандык баатырлар:
- Чолпонбай Тулбердиев
- Дуйшонкул Шопоков
- И.В.Панфилов
- Николай Ананьев
- Григорий Шемякин
- Григорий Конкин
- Иван Москаленко
- Дайыр Асанов
- Акун Садырбаев
- Токтогул Шабеков
- Исмайылбек Таранчиев ж.б. баатырлар оз эрдиктерин коргозгон.
Айылыбыздагы согуштун ардагерлери:
- Жоро Шералиев
- Артык Алибеков
- Тавакал Казаков
- Жумабек Жуматаев
- Кубаныч Ноорузбаев ж.б.
«Озу олсо да, баатыр олбойт. Эрдиги калат кылымга»
Чолпонбай Тулобердиев- Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында 1933-жылы 13-апрелде туулган.
Ал 19 жашында согушка аттанган. Согушта ок чачкан дзотту кокурогу менен тосуп, баатырларча курман болгон.
Чолпонбай Тулобердиевге корсоткон эрдиги учун 1943-жылы 4-февралда «Советтер Союзунун Баатыры» деген наам берилген.
Дуйшонку Шопоков- 1913-жылы Кыргыз ССРинин Сокулук районундагы Шалта айылында туулган.
1941-жылы 16-ноябрындагы сагылашууда Дубосеково разъездинде душмандын 50 танкасынын чабуулун токтотуу учурунда олбос-очпос эрдик коргозгон. Корсоткон каармандыгы, эрдиги учун 1942-жылы 21-июлда Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган.
1945-жылдын тогузунчу майында Москва убактысы боюнча 21 саат 50 мунотто дуйно жузуно буткул союздук радионун диктору Игорь Борисович Левитан Улуу Женишти шаттана «Конул бурунуздар Москва суйлойт! 1945-жылдын 8-майында Улуу Ата Мекендик согушта совет элинин немистик фашисттик баскынчыларга болгон курошу жениш менен аяктады. Германиянын бутундой таш талканы чыкты. Туболук данк!» – деп жар салган.
9-май Жениш майрамы – совет элинин эн улуу майрамы. Анткени бул кунго жетуу учун совет эли 27 млн адамынан ажыраган. Бул кун –совет элинин 4 жылга созулган эн оор, эн кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын устунон женишке жетишкен кун эле.
Улуу Женишке 75 жыл!
Тапшырма
- Улуу Ата Мекендик согушту даназалаган ырларды корком окуу.
- Баатырлардын эрдигин даназалаган сурот тартуу.
Биз турмушта аталардан кеч келдик,
Тээ алыста согуш отун кечпедик.
А аталар тороло элек биз учун,
Кала берди танк алдында тепселип.