Просмотр содержимого документа
«Атасын жакырланткан бала»
Добавить заголовок слайда 6
Адабий окуу
3 - класс
Алтын эреже :
Сабакка активдүү катышабыз.
Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз.
Ынтымактуу боло-буз.
Жалганчы аюу
Суроолор :
1.Мамалактын тиши эмне себептен ооруду ?
2.Апасы таттууну ким уурдап жүргөндүгүн кантип билди ?
3.Мамалактай болуп өз кунөөсүн мойнуна албай,энесин капа кылуу туурабы ?
Атасын жакырланткан бала
Сабактын максаты :
- 1. Чыгарманы окушуп,мазмунун түшүнүшөт.
- 2. Сүйлөө кеби өнүгүп,ой жүгүртүүсү өсөт.
- 3. Адептүүлүккө,ата-энени сыйлоого,боорукер,кайрымдуу болууга тарбияланышат.
Илгери-илгери эмес,азыркы эле заманда бир бала болуптур.Ал ата-энеси менен бир кыштакта жашачу. Чакан үй-бүлөнүн колу малдан кур болбой,орточо тиричилиги бар экен. Короо-жайы деле,ичкен ашы деле элдикиндей.Бир гана элдикиндей эмес жалгыз уулу боло турган. Ал бар болгону кызылдай жалкоо,эринчээк. «Элге зыяны жок болгон соң мейли да» дээрсиңер кээ бирөөңөр.Бирок анын зыян-кесепети элге аябай тийди.Кантип? Энеси байкуш күндө ыйлактайт: - Садага болоюнум,туфлийиңдин боосун чечип кий,апкытын айрып бүтүрдүң.
-Чечип отурганча качан?-деп моюн толгойт уулу.Эринчээкке айла барбы,күч менен зордоп кийип отуруп жарым жылга жетип-жетпей туфлийи жарактан чыгат.Атасынын кабагы буркөлүп, кайра туфлий сатып келет.Бул жолу боосу жогунан алып берди. Аз күндөн соң ал бут кийим да ак жулук боло баштайт.Туфлийи менен футбол ойносо,таш тепсе ал кантип түтмөк эле? -Алдыңа кетейиним,уулум,өтүк май тигинде турат.Майлап алсаң боло кебетесине кетирбей. -Майлап отурмак белем!-деп ыңгыранат уулу адатынча.
-Буга китеп-дептер сатып беребизби,же ай сайын бут кийим менен шым,көйнөк сатып беребизби?Кудай,ай!Шымынын багалеги күндө эле ылай,баткак.Кебетеси да кетип бүттү,-деп энеси атасына арызданат.Атасы энесине арызданат. -Көктөмдө туулган эгиз козунун убалы да ушунда.Бай болгур,жаңы туулган козуларды жерге жаткызба!Жер сыз,өпкөсүнө суук өтүп,майып болуп калат десем,тилазар неме ойноп кетиптир.Эгиздер аман болгон-до азыр токту болуп калбайт беле.Айтор,чыгашанын эле үстүндөбүз. - А былтыркы музоочу?-Энеси «кудай кылса кубарыңдын акысы барбы?» дегендей,башын чайкап койду.
Былтыр атасы ооруканада ноокастап жатып калып,энеси ага тамак жеткирип кетет.Үйүндө уулу калат. - Тегеренейиним,унутпасаң! Музоонун аргамжысы узун.Ойноок неме чалынып өлбөсүн.Тез-тез карап кой.Уктуңбу?-деп улам-улам эскертет энеси. - Уктум,-дейт уулу велосипедин минип жатып.-Өлүп эмне,өлмө келип-тирби музоого... Энеси чыдабай ооруканадан тез эле кайтты.Уулунан дайын жок. Айтканындай аргамжыга чалынган музоо тырайып жатат.Мойнуна оролгон жиптен бошоно албай муунуп калыптыр. Улгая түшкөн ата-эне баштарын төмөн салып,капаланып диванда отурушту.Биз да алардын муңайган маанайын көрүп ойлонуп калдык. «Адам үмүтү өчпөйт эмеспи.Алардын жалкоо уулуна акыл кирсе экен.Атасы ыраазы болуп: «Азаматсың,уулум!»-деп айтар күн ылдам эле келсе экен.Биз да ошого күбө болсок»-деп ойлоп койдук.
Тилазар – тил алба-ган бала
Сөздүк
менен
иштөө
Аргамжы –
аркан
Ноокастап- ооруп
к л а с т е р
Бала
к л а с т е р
тилазар
Бала
эринчээк
адепсиз
айткан сөзгө
турбайт
жалкоо
укпайт
ыңгыранат
СУРООЛОР :
- Тил албаган баланын ата-энесине кандай зыяны тийиптир?
- Анын жалкоолугун эмнеден улам билсе болот?
3. Ата-энени кантип жакырлантууга,же байытууга болот?
Үйгө тапшырма
Окуянын ырааттуулугун толтуруп келүү.
!
Добавить заголовок слайда 5
Добавить заголовок слайда 7