СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аттестациянын жобосу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Аттестациянын жобосу»

Тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 439 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 390 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жобо

1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) менчигинин тибине, түрүнө жана формасына карабастан жалпы билим берүүчү жалпы баштапкы, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартибин регламенттейт.

2. Ушул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:

аттестация - аттестациялык комиссия тарабынан мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин комплекстүү баалоо жол-жобосу;

аттестациялануучу - аттестация жол-жобосуна катышуучу мугалим;

аттестациялык комиссия - квалификациялык категорияны белгилөө жана ыйгаруу максатында аттестация өткөрүүчү коллегиялык орган;

квалификациялык категория - мугалимдин кесипкөйлүгүн, педагогикалык ишти аткарууда анын эмгегинин натыйжалуулугун чагылдыруучу компетенттүүлүктөр менен мүнөздөлүүчү мугалимдин кесиптик даярдыгынын деңгээли;

жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин квалификациялык категорияларына коюлуучу талаптар (мындан ары - квалификациялык талаптар) - мугалимдин квалификациялык категориясын белгилөө үчүн негиз болгон анын кесиптик ишинин тармактары боюнча компетенттүүлүктөрдү камтыган документ;

комплекстүү баалоо - аттестациялык комиссия тарабынан мугалимдин кесиптик ишин ар тараптуу, системалуу жана объективдүү изилдөөнүн, мугалимдин өзүнүн педагогикалык-кесиптик деңгээлин өз алдынча баалоосунун жана аттестациялык комиссияга берилген документтердин, материалдардын негизинде мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн баалоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;

мугалимдик портфолио - мугалим тарабынан педагогикалык кесиптик иштин ар кандай түрлөрүндө жетишилген натыйжаларды эсепке алууга мүмкүндүк берүүчү убакыттын белгиленген мезгилинде анын жеке жетишкендиктери чагылдырылган документтердин жана материалдардын жыйындысы;

өзүн-өзү баалоо - өзүн-өзү баалоо баракчасына чагылдырылуучу квалификациялык талаптарга ылайык мугалимдин өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана кесиптик сапатын баалоосу;

экспертиза - аттестациялык комиссия тарабынан мугалимдин квалификациялык талаптарга шайкештиги жөнүндө корутундуну тастыктоо максатында аттестациядан өтүү үчүн мугалим берген документтерди жана материалдарды изилдөө.

3. Аттестациянын максаты мугалимдерге квалификациялык категория ыйгаруу, алардын педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин максаттуу жогорулатууга, кесиптик жана жеке өсүшүнө дем берүү болуп саналат.

4. Мугалимдерди аттестациялоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүк деңгээлинин белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештигин аныктоо;

- мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун жана аларды кесиптик өнүктүрүүнүн зарылдыгын аныктоо;

- жалпы билим берүү уюмдарына көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу.

5. Мугалимдердин аттестациясынын негизги принциптери болуп: коллегиялуулук, комплекстүүлүк, системалуулук, ачыктык, объективдүүлүк саналат.

6. Аттестация эки түргө бөлүнөт:

- беш жылда бир жолудан кем эмес өтүп туруучу кезектеги аттестация;

- ыктыярдуу мөөнөтүнө чейин аттестациядан өтүү максатындагы кезексиз аттестация.

7. Мугалимдер төмөнкү квалификациялык категорияларын алуу үчүн аттестациядан өтүшөт:

- экинчи категориядагы мугалим;

- биринчи категориядагы мугалим;

- жогорку категориядагы мугалим.

8. Мугалимдер мурдагы аттестациядан эки жылдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин жеке арыздын негизинде кезексиз аттестациядан өтүүгө укуктуу.

9. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча квалификациялык категорияны мугалимдерге ыйгаруу буга чейинки этаптуу квалификациялык категорияларды милдеттүү түрдө ыйгарбастан жүргүзүлөт.

10. Жалпы билим берүү уюмунда педагогикалык ишти айкаштырган адам окуткан сабагы боюнча ушул Жобого ылайык жалпы негиздерде негизги иштеген жери боюнча аттестациядан өтөт. Эгерде анын негизги иштеген жери жалпы билим берүү уюму болбосо, анда ал айкаштырып иштеген жалпы билим берүү уюмунда аттестациядан өтөт.

11. Төмөнкүлөр аттестациядан өтпөйт:

- жалпы билим берүү уюмунда иштегенине бир жыл болгондор;

- кош бойлуу аялдар (эгерде өздөрү каалоосун билдирбесе);

- бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн адамдар.

Жогоруда аталгандар үчүн аттестация алар ишке чыккандан бир жыл өткөндөн кийин өткөрүлөт.

Аттестация кесиптик окуу жайын жаңы аяктаган жаш адистер үчүн эки жылга чейин өткөрүлбөйт (эгерде өздөрү каалоосун билдирбесе).

Пенсия алдындагы куракка келген мугалимдер квалификациялык категориялардын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жаш-курагы боюнча пенсияга чыгаардын алдында эки жыл мурун жазуу жүзүндөгү арыз боюнча аттестациядан өтпөөгө укуктуу, мында пенсияга чыгаардын алдындагы квалификациялык категориясы сакталат. Эмгек келишими боюнча иштеген пенсия курагындагы мугалимдер ушул Жобого ылайык жалпы негиздер боюнча аттестациядан өтөт.

12. Башка жалпы билим берүү уюмуна которулуп, педагогикалык ишти аткарган учурда мугалимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин ыйгарылган квалификациялык категориясы сакталат. Ыйгарылган квалификациялык категорияны тастыктоо үчүн жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси мугалимдерге ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык формада жаңы жумуш ордуна аттестациялык баракчанын көчүрмөсүн берет.

13. Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү жалпы негизде аттестациядан өтүшөт. Аттестациядан өтүүдө аттестациялык комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген мугалим аттестациялык комиссиянын ишине катышпайт.

14. Аттестация мугалимдердин арызынын, квалификациялык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын, аттестациялык комиссияга берилген материалдарды изилдөөнүн, мугалимдердин кесиптик ишин жана жумушунун көрсөткүчтөрүн квалификациялык талаптарга ылайык комплекстүү баалоонун негизинде аттестациялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

2. Аттестация өткөрүүнү уюштуруу

15. Аттестация өткөрүү жөнүндө жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси 15-сентябрга чейинки мөөнөттө тиешелүү буйрук чыгарат.

16. Аттестация өткөрүү үчүн аттестациялык комиссия түзүлөт, анын курамы жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен беш жылдык мөөнөткө бекитилет. Аттестациялык комиссиянын сандык курамы жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык курамынын санына жараша түзүлөт жана жети адамдан кем эмес болгон так сан менен белгиленет.

17. Аттестациялык комиссиянын курамына төрага, төраганын орун басары, катчы жана комиссиянын мүчөлөрү кирет.

18. Аттестациялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

- директордун окутуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басары (орун басарлары);

- жалпы билим берүү уюмунун ар бир методикалык бирикмесинин төрагалары (өкүлдөрү);

- жалпы билим берүү уюмунун кесиптик бирлик комитетинин (эгерде бар болсо) төрагасы (өкүлү);

- райондук же шаардык билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын, борбордун) өкүлү.

19. Аттестациялык комиссиянын курамына кесиптик педагогикалык бирикмелердин жана ассоциациялардын, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун (ПККЖДРИ) жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кирүүгө укуктуу.

20. Аттестацияда байкоочу катары жалпы билим берүү уюмунун көзөмөлчү кеңешинин өкүлдөрү катышууга укуктуу.

21. Мугалим квалификациялык категория ыйгаруу үчүн аттестациядан акысыз негизде өтөт. Билдирилген квалификациялык категориясы ырасталбаган учурда мугалим акы төлөө негизинде бир жылдан эрте эмес убакытта кайталап тестирлөөдөн өтүүгө укуктуу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 390 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Аттестациялык комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары жана катчысы аттестациялык комиссиянын биринчи жыйынында комиссиянын мүчөлөрүнүн арасынан аттестациялык комиссиянын иштөө мезгилине ачык добуш менен шайланат.

23. Аттестациялык комиссиянын төрагасы аттестациялык комиссиянын ишин жетектейт жана анын алдында турган милдеттердин аткарылышын камсыз кылат.

Аттестациялык комиссиянын төрагасы төмөнкү милдеттерди аткарат:

- жалпы билим берүү уюмунун жетекчисине аттестациялык комиссиянын иш графигин, аттестациялануучу мугалимдердин тизмесин бекитүүгө берет;

- аттестациялык комиссиянын иш алгоритмин аныктайт жана аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда функцияларды бөлүштүрөт;

- аттестацияга катышууга арыз берген мугалимдердин кесиптик ишин сапаттуу баалоо жана талдоо үчүн жооп берет;

- аттестациялык комиссиянын жыйындарын өткөрөт;

- аттестациянын жыйынтыктарын аттестациялануучуларга маалымдайт;

- аттестацияны өткөрүү жол-жоболорунун сакталышын жана документтердин туура таризделишин контролдойт;

- аттестациялык комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун, аттестациялык баракчаларынын туура жана сапаттуу таризделишин көзөмөлдөйт.

24. Аттестациялык комиссиянын төрагасы жок болгондо, анын функцияларын аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.

25. Аттестациялык комиссиянын катчысы төмөнкү милдеттерди аткарат:

- аттестациялануучунун арызын жана документтерин кабыл алат;

- аттестация боюнча кирген-чыккан документтерди каттоого алат;

- комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат жана аттестациялануучуларды аттестациялык комиссиянын жыйынына чакырат;

- комиссиянын жыйындарынын протоколдорун жүргүзөт, документтерди (аттестациялык баракчаларды ж.б.) тариздейт.

26. Эгерде аттестациялык комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнө чейин токтотулса, анда алардын ордуна комиссиянын мүчөлөрүнүн арасынан аттестациялык комиссиянын ишинин мөөнөтүнүн аягына чейин жаңы төрага, төраганын орун басары, катчы шайланат.

27. Эгерде аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнө чейин токтотулса, анда жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси аттестациялык комиссиянын ишинин мөөнөтүнүн аягына чейин аттестациялык комиссиянын жаңы мүчөсүн дайындоо тууралуу буйрук чыгарат.

28. ПККЖДРИ билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте мугалимдердин аттестациясын сапаттуу жана кесипкөйлүү өткөрүү максатында аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүн алдын ала даярдыктан (инструктаж) өткөрөт.

29. Аттестациядан өтүү үчүн аттестацияланууга тийиш мугалимдер жыл сайын 1-октябрга чейинки мөөнөттө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча аттестациялык комиссияга аттестацияга катышуу жөнүндө арыз жана өзүн-өзү баалоо баракчаларын толтуруп беришет.

30. Аттестациялык комиссиянын иш графигин жана квалификациялык категорияга талапкерлигин койгон аттестациялануучулардын тизмеси жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.

31. Аттестациялык комиссиянын иш графигинде аттестацияланууга тийиш мугалимдердин саны, аттестация өткөрүү датасы, талап кылынган документтерди аттестациялык комиссияга берүү мөөнөттөрү жана башка зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлөт.

32. Аттестациялык комиссиянын иш графиги жана аттестациялануучу мугалимдердин тизмеси 10-октябрга чейинки мөөнөттө жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан аттестациялануучуларга кабарланат жана райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө (башкармалыктарга, борборлорго) берилет.

33. Райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктар, борборлор) 10 жумушчу күндүн ичинде аттестацияланууга тийиш болгон мугалимдердин тизмесин квалификациялык тестирлөөнү өткөрүү үчүн жооптуу уюмга берет.

34. Мугалимдерге квалификациялык категория ыйгаруу боюнча аттестация жыл сайын 20-октябрдан 20-апрелге чейин жүргүзүлөт. Аттестациялануучу аттестация башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен аттестация өткөрүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө кол коюу аркылуу кабарланат. Ар бир аттестациялануучу үчүн аттестациянын узактыгы ал башталган күндөн тартып ушул Жобого ылайык чечим кабыл алынганга чейин 60 календардык күндөн ашпоосу керек.

35. Жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси аттестациялык комиссияга ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча аттестацияга жалпы билим берүү уюмунун мугалимине мүнөздөмө-сунуштаманы берет. Аттестация өткөрүлгөн күнгө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси мугалимдерге кол койдуруп мүнөздөмө-сунуштама менен тааныштырат. Мүнөздөмө-сунуштама менен таанышкандан кийин мугалим каалоосу боюнча анын кесиптик ишин мүнөздөөчү кошумча маалыматтарды аттестациялык комиссияга берүүгө укуктуу.

Мугалим мүнөздөмө-сунуштама менен макул болбогон учурда акт түзүлөт, ага жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси жана акт түзүүгө катышкан адамдар (экиден кем эмес) кол коюшат. Акт жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан аттестациялык комиссияга берилет.

36. Аттестациядан өтүү үчүн мугалимдер бекитилген графикке ылайык иштеген жери боюнча жалпы билим берүү уюмунун администрациясы тарабынан күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтерди аттестациялык комиссияга тапшырат:

- жеке арызды;

- өзүн-өзү баалоо баракчасын;

- паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсүн;

- билими тууралуу документтин, эмгек китепчесинин, квалификацияны жогорулатуу, кесиптик кайра даярдоо тууралуу, илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндө документтин көчүрмөсүн;

- мугалимдик портфолиону.

37. Квалификациялык талаптар билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте бекитилет. Аттестация өткөрүү үчүн нускама-методикалык документтер илим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

38. Аттестация өткөрүү үчүн уюштуруу-техникалык шарттарды түзүү үчүн жоопкерчилик жалпы билим берүү уюмунун жетекчисине жүктөлөт.

39. Аттестация жол-жобосун өткөрүү үчүн жоопкерчилик аттестациялык комиссиянын төрагасына жүктөлөт.

3. Квалификациялык тестирлөө

40. Квалификациялык тестирлөө (мындан ары - тестирлөө) мугалимдерди аттестация жол-жобосунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Тестирлөө компьютердик жана/же бланктык тестирлөө формасында кесиптик даярдыгынын, мыйзамдарды билүү деңгээлин баалоо үчүн жүргүзүлөт.

41. Тестирлөөнү өткөрүү датасы жана жери тестирлөө өткөргөн уюм менен макулдашуу боюнча райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктары, борборлору) тарабынан аныкталат жана тестирлөө өткөрүлгөнгө чейин эки жумадан кечиктирбестен мугалимдерге кабарланат.

42. Эгерде аттестациялануучу тесттеги суроолордун жалпы санынын 50 пайызына туура жооп берген болсо, анда тестирлөөнүн жыйынтыгы оң болуп эсептелет.

43. Тестирлөөнүн жыйынтыктары аттестациялык комиссияга өткөрүп берилет.

44. Тестирлөөдөн оң жыйынтык албаган мугалимдер тестирлөө өткөрүүнүн кийинки мөөнөтүндө кайрадан тестирлөөдөн өтүшөт.

45. Жүйөлүү себептер боюнча тестирлөөгө келбей калган адамдар тестирлөө өткөрүүнүн кийинки мөөнөтүндө өтүшөт.

46. Жүйөлүү себептерге төмөнкүлөр кирет:

- убактылуу ишке жөндөмсүздүк;

- тестирлөө тууралуу билдирүү өз убагында жетпей калса.

47. Тестирлөө өткөрүүнүн тартибин жана тестирлөө өткөргөн уюмду билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

4. Аттестация өткөрүүнүн тартиби

48. Аттестациялык комиссиянын жыйыны аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес саны катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет. Аттестациялык комиссиянын келбеген мүчөлөрүнүн ордуна башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт.

49. Аттестациялык комиссия аттестациянын жүрүшүндө:

- берилген документтерди жана материалдарды, анын ичинде мугалимдик портфолиону карайт;

- сабактарга катышат;

- аттестациялануучу менен маек-интервью өткөрөт.

50. Аттестациялоодо квалификациялык категория ыйгаруунун негиздери төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) портфолиого жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы;

2) сабактарга катышуунун жыйынтыгы;

3) маек-интервьюнун жыйынтыгы;

4) квалификациялык тестирлөөнүн жыйынтыгы.

Аталган жыйынтыктардын негизинде аттестациялык комиссия билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү мугалимдин квалификациясынын деңгээлин баалоонун эксперттик баракчасын толтурат.

51. Аттестация кесиптик билим жөнүндөгү дипломдо көрсөтүлгөн педагогикалык адистикке ылайык берген сабагы боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүүнү эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Окуткан сабактар диплом боюнча адистикке шайкеш келбеген учурда, тиешелүү педагогикалык адистик алуу менен кесиптик кайра даярдоо курстарында окуудан өткөндүгүн күбөлөндүрүүчү документтин негизинде жана/же окуткан сабагы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөндүгүн эске алуу менен окуткан сабагы боюнча аттестация жүргүзүлөт.

52. Аттестациянын жыйынтыгы мугалим алган балл боюнча сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде эсептелет, ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча аттестациялык комиссиянын жыйынынын протоколуна жазылат жана протоколго төрага, төраганын орун басары, катчы жана жыйынга катышкан комиссиянын мүчөлөрү кол коёт.

53. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча комиссия төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

- тиешелүү квалификациялык категорияны ыйгаруу;

- тиешелүү квалификациялык категорияны ыйгаруудан баш тартуу.

54. Мугалимдерге квалификациялык категория ыйгаруу тууралуу чечим, ошондой аттестациялык комиссиянын сунуштамалары аттестациялык комиссиянын жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк саны менен ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн добушунун саны тең чыгып калган учурда чечим аттестациялануучунун пайдасына кабыл алынат.

55. Аттестациялык комиссиянын жыйынына түздөн-түз катышкан мугалимдин аттестациясынын жыйынтыгы добуштун жыйынтыгы чыгарылгандан кийин билдирилет.

56. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча мугалимге тиешелүү квалификациялык категорияны ыйгаруудан баш тартылган учурда аттестациялык комиссия аны кайра даярдоого же ПККЖДРИде квалификацияны жогорулатууга жиберүү жөнүндө сунуштама берет.

57. Мугалимге тиешелүү квалификациялык категорияны ыйгаруудан баш тартылган учурда ал кеминде бир жылдан кийин кайра аттестациядан өтүүгө укуктуу. Мөөнөтүнөн мурда аттестациядан өтүүдө квалификациялык категория мөөнөтү аяктаганга чейин сакталат.

58. Мугалимдердин квалификациялык категориясы ыйгарылган учурдан баштап беш жылга чейин сакталат.

59. Жүйөлүү себептер боюнча кезектеги аттестациядан өтпөй калган учурда мугалимдин квалификациялык категориясы жумушка чыккандан кийин бир жылдык мөөнөткө сакталат.

Жүйөлүү себептерге төмөнкүлөр кирет:

- убактылуу ишке жөндөмсүздүк;

- кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, бала багуу боюнча өргүү;

- ишти токтотуу себептерине карабастан квалификациялык категория ыйгарылган кызмат боюнча ишке кайра чыгуу.



5. Аттестациянын жыйынтыктарын чыгаруу

60. Аттестациялык комиссиянын жыйыны ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча протокол менен толтурулат.

61. Аттестациялык комиссиянын чечими ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча аттестациялык баракчага жазылат.

62. Аттестациядан өткөн мугалимдерге квалификациялык категория ыйгаруу жөнүндө буйрук аттестациялык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан чыгарылууга тийиш.

63. Аттестациялык баракча жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан аттестация өткөрүлгөндөн кийин бир жуманын ичинде мугалимдерге тааныштырылат. Аттестациялык комиссиянын жыйынынын протоколдору, аттестациялык материалдар, аттестациялык баракчалар, аттестацияга берилген мүнөздөмөлөр жана документтер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинде сакталат.

64. Аттестациялык комиссиянын квалификациялык категория ыйгаруу жөнүндө чечими менен макул болбогон учурда мугалим райондук же шаардык билим берүү бөлүмүнө (башкармалыктарга, борборлорго) мындай чечимге даттанууга укуктуу.

65. Жалпы билим берүү уюмдарын аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү процесстерин өркүндөтүү максатында жыл сайын өткөрүлүүчү аттестациянын жыйынтыгы боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктары, борборлору) аттестациялык процесске мониторинг жана баалоо жүргүзөт, алардын жыйынтыгы боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аттестациялык жол-жоболордун натыйжалуулугун өркүндөтүү боюнча сунуштар берилет.





































































 

 

 

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун
1-тиркемеси

Форма

 



___________________________________

 

 

(жалпы билим берүү уюму)

 

 

аттестациялык комиссиясынын төрагасына

 

 

__________________________________
(аттестациялануучунун аты-жөнү)

 

 

___________________________________
(жашаган дареги, телефону,
электрондук дареги)

Аттестацияга катышуу жөнүндө
АРЫЗ

_____________________________________________________________________________________ кызмат оруну боюнча

мугалимдин ____________________________________________________ квалификациялык (категорияны көрсөтүү керек)

категориясын ыйгаруу максатында аттестациядан өтүүгө уруксат берүүнү суранам.

Кызмат орду боюнча мугалимдин ___________________________________________________________________________

(эгерде болсо - категорияны көрсөтүү керек)

квалификациялык категориясынын болушун/жоктугун тастыктайм, ыйгарылган квалификациялык категориянын

мөөнөтү 20___-жылдын "___" __________________ чейин.

Өзүм жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды билдирем:

1. Ээлеген кызмат орду (сабакты, адистикти көрсөтүү менен): ___________________________________________________.

2. Педагогикалык иш стажы: _______________________________________________________________________________.

3. Билими (уюмдун аталышын, даярдыктын багытын, баштаган жана аяктаган даталарын көрсөтүү керек): ______________

_______________________________________________________________________________ .

4. Квалификацияны жогорулатуу же кайра даярдоо (уюмдун аталышын, кайсы мезгилде өткөндүгүн, багытын, сааттардын

көлөмүн көрсөтүү керек)______________________________________________________________________________.

Аттестация өткөрүүнүн эрежелери менен тааныштым.

 

20__-жылдын "___" ________________

 

______________________________
(колу)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун
2-тиркемеси

Форма

Аттестация үчүн жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин
МҮНӨЗДӨМӨ-СУНУШТАМАСЫ

1. Мугалимдин аты-жөнү ____________________________________________________________________________________.

2. Аттестация өткөрүлгөн датага карата мугалим ээлеген кызмат орундун аталышы ___________________________________.

3. Бул кызмат орду боюнча эмгек келишимин түзүү датасы: _______________________________________________________.

4. Билими (уюмдун аталышы, даярдыктын багыты, баштаган жана аяктаган даталары): ________________________________

_________________________________________________________________________________

5. Мурдагы аттестациянын жыйынтыгы (өткөрүлгөн учурда): _______________________________________________________

_________________________________________________________________________________

6. Эмгек келишимине ылайык мугалимге жүктөлгөн эмгек милдеттенмелерин аткаруу боюнча мугалимдин кесиптик

ишинин жыйынтыктарынын, жекече сапаттарынын мүнөздөмөсү: __________________________________________________

_________________________________________________________________________________

7. Берилген (ыйгарылган) жылын көрсөтүү менен сыйлык, наам, илимий даража: ________________________________________________________________

Жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси

(аты-жөнү): ___________________________________ (колу)

Окутуу-тарбиялоо иштери боюнча директордун орун басары

(аты-жөнү): ___________________________________ (колу)

Мектептик методикалык бирикмесинин жетекчиси

(аты-жөнү): ___________________________________ (колу)

 

Мүнөздөмө менен тааныштым

Аттестациялануучу мугалимдин аты-жөнү: _______________

___________________________________________________

20__-жылдын "___" ________________

 

______________________________
(колу)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун
3-тиркемеси

Форма

Аттестациялык комиссиянын жыйынынын
№ ______________ ПРОТОКОЛУ

_________________________________________________________________________________

(жалпы билим берүү уюмунун аталышы)

20__-жылдын "___" _______________

 

________________________

(өткөрүү датасы)

 

(өткөрүү жери)

Катышкандар:

_________________________________________________________________________________

(комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, мүчөлөрүнүн жана катчысынын аты-жөндөрү)

Аттестациялануучу:

_________________________________________________________________________________

(аттестациялануучу аты-жөнү, кызмат орду)

Аттестациялык комиссиянын төрагасы ________________________________________________________________________

(аты-жөнү)

____________________________________________ тартып _______________________________________________ чейинки

мезгилдеги аттестациялануучунун педагогикалык иши жөнүндө маалыматы уктурулду.

Сабакка катышуунун жана маек-интервьюнун жүрүшүндө аттестациялануучуга берилүүчү кошумча

суроолор (кыскача мазмуну): _________________________________________________________________________________

_________________________________________________________________________________

_________________________________________________________________________________

 Берилген балл: __________________________

Комиссиянын чечими: ______________________________________________________________________________________

(аттестациялануучунун ишине берилген баа)

Квалификациялык категорияны ыйгаруу жөнүндө добуш берүүнүн жыйынтыгы: ______________________________________

 

Аттестациялык комиссиянын төрагасы

(Аты-жөнү): _____________________________________________

Аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары

(Аты-жөнү): _____________________________________________

Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү:

(Аты-жөнү): _____________________________________________

(колу)

(Аты-жөнү): _____________________________________________

(колу)

(Аты-жөнү): _____________________________________________

(колу)

(Аты-жөнү): _____________________________________________

(колу)

(Аты-жөнү): _____________________________________________

(колу)

Комиссиянын катчысы (аты-жөнү): __________________________



(колу)















































 

 

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун
4-тиркемеси

Форма

АТТЕСТАЦИЯЛЫК БАРАКЧА

Аттестациялануучунун аты-жөнү: _____________________________________________________________________________

Туулган күнү жана жылы: ____________________________________________________________________________________

Билими: ______________________________________________________________________________________

Адистиги: ______________________________________________________________________________________

Академиялык даражасы: бакалавр, магистр ____________________________________________________________________

Илимий даражасы: ______________________________________________________________________________________

Жалпы билим берүү уюмундагы иш стажы (аттестация өткөн жери боюнча): __________________________________________

Ээлеген кызмат орду: ______________________________________________________________________________________

Дайындалган датасы: ______________________________________________________________________________________

Аттестациялык комиссиянын чечими (__________________________________________________________________________

квалификациялык категориясын ыйгаруу же ____________________________________________________________________

квалификациялык категориясын ыйгаруудан баш тартуу (мугалимдин квалификациялык категория ыйгарылган

кызматы көрсөтүлөт) ______________________________________________________________________________________

Сунуштар: ______________________________________________________________________________________

Аттестациялык комиссиянын төрагасы:

(Аты-жөнү): _____________________________________________

Катчысы (аты-жөнү): ______________________________________

(колу)

Аттестациянын датасы: 20___-жылдын "___" _________________

М.О.

 

 


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!