СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Австралия_(презентация)

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

11-класстын "география" предмети боюнча сабакты презентациясы. 

Просмотр содержимого документа
«Австралия_(презентация)»

Г еография Материктердин жана океандардын географиясы 7-класс

Г еография

Материктердин жана океандардын географиясы

7-класс

Топторго болунобуз Тынч океан Атлантика океаны Тундук муз океаны Инд океаны Ысык-Кол

Топторго болунобуз

  • Тынч океан
  • Атлантика океаны
  • Тундук муз океаны
  • Инд океаны
  • Ысык-Кол
Балдар саламатсынарбы!    Эмнени к өрүп жатасынар? Бул кайсы материк болушу мумкун? Суроо: сабактын кайсы этабы, кандай ыкма, окуучуларда эмнелер Өнүгөт?

Балдар саламатсынарбы! Эмнени к өрүп жатасынар?

Бул кайсы материк болушу мумкун?

Суроо: сабактын кайсы этабы, кандай ыкма, окуучуларда эмнелер

Өнүгөт?

Туура айтасынар бул- Австралия материги Австралия материги тууралуу эмнелерди билесинер? Эмнени билгинер келет? Ар биринер өз алдынча (1 мин.), Жуптарда (2 мин.), Топтордо жооп жазгыла (5 мин.) Бул сабактын кайсы этабы? Эмне учун ушул иш аракеттер керек?

Туура айтасынар бул- Австралия материги

Австралия материги тууралуу эмнелерди билесинер?

Эмнени билгинер келет?

  • Ар биринер өз алдынча (1 мин.),
  • Жуптарда (2 мин.),
  • Топтордо жооп жазгыла (5 мин.)

Бул сабактын кайсы этабы? Эмне учун ушул иш аракеттер керек?

Сабактын темасы АВСТРАЛИЯНЫН ФИЗИКАЛЫК-ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛЫ,  АЧЫЛЫШЫ, РЕЛЬЕФИ, КЛИМАТЫ, ИЧКИ СУУЛАРЫ Сабактын максаты: Австралия материгинин физикалык-географиялык абалы  ачылышы, рельефи, климаты, ички суулары тууралуу маалымат аласынар Австарлия материгинин жайгашкан жерин картадан көрсөтө аласынар  Австралияны ачкан саякатчылардын маршруттарын картадан аныктайсынар Климатынын, ички сууларынын өзгөчөлуктөрун талкуулайсынар Сабактын максатында эмнелер жок? Кандай кошумчалар керек? Жогорудагы окуучулардын иш аракетин же максатка жеткенин кантип билебиз?

Сабактын темасы

АВСТРАЛИЯНЫН ФИЗИКАЛЫК-ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛЫ,

АЧЫЛЫШЫ, РЕЛЬЕФИ, КЛИМАТЫ, ИЧКИ СУУЛАРЫ

Сабактын максаты:

  • Австралия материгинин физикалык-географиялык абалы

ачылышы, рельефи, климаты, ички суулары тууралуу маалымат аласынар

  • Австарлия материгинин жайгашкан жерин картадан көрсөтө аласынар
  • Австралияны ачкан саякатчылардын маршруттарын картадан аныктайсынар
  • Климатынын, ички сууларынын өзгөчөлуктөрун талкуулайсынар

Сабактын максатында эмнелер жок? Кандай кошумчалар керек? Жогорудагы окуучулардын иш аракетин же максатка жеткенин кантип билебиз?

Австралия – Жер шарындагы эң кичинекей, аз калктуу, кургак материк. Ал 7.7. млн.км 2 аянтты ээлеп, түштүк жарым шарында жайгашкан. Океания менен чогу - 8.52. млн.км 2  Балдар! Биз силер менен Австралия жана Океания материгинин физикалык картасын карап көрө турган болсок, Австралия материги башка материктерден алыс жайгашып, бардык жагын эки Тынч жана Инд окенадарынын суулары курчап жатканын байкоого болот. Анын четки чекиттери: чыгышта Байрон, батышта Стип-Пойнт, түндүктө Йорк,түштүктө Түштүк-чыгыш булуңдары болуп эсептелет (Атласты карагыла). Маалыматты кантип берсек болот? ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛЫ

Австралия – Жер шарындагы эң кичинекей, аз калктуу, кургак материк. Ал 7.7. млн.км 2 аянтты ээлеп, түштүк жарым шарында жайгашкан. Океания менен чогу - 8.52. млн.км 2

  • Балдар! Биз силер менен Австралия жана Океания материгинин физикалык картасын карап көрө турган болсок, Австралия материги башка материктерден алыс жайгашып, бардык жагын эки Тынч жана Инд окенадарынын суулары курчап жатканын байкоого болот.
  • Анын четки чекиттери: чыгышта Байрон, батышта Стип-Пойнт, түндүктө Йорк,түштүктө Түштүк-чыгыш булуңдары болуп эсептелет (Атласты карагыла).

Маалыматты кантип берсек болот?

ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛЫ

Океания Балдар ! Силер Австралия материгинин физикалык географиялык картасын карап жатып, анын жанындагы жакын жайгашкан майда аралдардын жайгашканын дагы байкайсыңар.  Бул майда аралдар Тынч океандын борбордук жана түштүк-батыш бөлүктөрүндө жайгашкан. Ушул майда аралдардын жыйындысы Океания деп аталат. Океания дүйнө бөлүгү катары Австралия менен бирдикте чогу каралат. Ушул слайдды окуп жатып, окуучуларды кантип кызыктырабыз?

Океания

  • Балдар ! Силер Австралия материгинин физикалык географиялык картасын карап жатып, анын жанындагы жакын жайгашкан майда аралдардын жайгашканын дагы байкайсыңар.
  • Бул майда аралдар Тынч океандын борбордук жана түштүк-батыш бөлүктөрүндө жайгашкан.
  • Ушул майда аралдардын жыйындысы Океания деп аталат. Океания дүйнө бөлүгү катары Австралия менен бирдикте чогу каралат.
  • Ушул слайдды окуп жатып, окуучуларды кантип кызыктырабыз?
Океания Меланезия, Микронезия, Полинезия болуп бөлүнөт. Океаниянын аралдары Тынч океандын (Коралл, Тасман, Фиджи, Коро, Соломон, Жаңы Гвинея, Филлипин) жана Инди океандын (Арафур) дениздери менен курчалып жатат.    Бул слайдды айтып берип жатып, окуучуга кандай иш аракетти аткарууга тапшырма берсек болот?

Океания Меланезия, Микронезия, Полинезия болуп бөлүнөт. Океаниянын аралдары Тынч океандын (Коралл, Тасман, Фиджи, Коро, Соломон, Жаңы Гвинея, Филлипин) жана Инди океандын (Арафур) дениздери менен курчалып жатат. Бул слайдды айтып берип жатып, окуучуга кандай иш аракетти аткарууга тапшырма берсек болот?

Изилдөө тарыхы  1. Австралия башка материктерден кечирээк ачылган. Материкти XVII кылымдын биринчи жарымында голандиялыктар ачкан. А́бель Янсзон Тасма́н — голландиялык кеме саякатчы 1642-1644-жылдары голландиялык саякатчы, материктин түндүк жана түндүк-батыш тарабы тууралуу көп маалыматтарды чогултуп, арал ачып, аны кийинчерээк Тасман аралы деп аталып калган.

Изилдөө тарыхы

1. Австралия башка материктерден кечирээк ачылган. Материкти XVII кылымдын биринчи жарымында голандиялыктар ачкан. А́бель Янсзон Тасма́н — голландиялык кеме саякатчы 1642-1644-жылдары голландиялык саякатчы, материктин түндүк жана түндүк-батыш тарабы тууралуу көп маалыматтарды чогултуп, арал ачып, аны кийинчерээк Тасман аралы деп аталып калган.

2. Джеймс Кук-англиялык аскер кызматчысы, деңиз саякатчысы, картограф.   1770-жылы (XVIII кылымдын экинчи жарымы) Австралиянын чыгыш тарабын ачкан. → - биринчи маршруту (1768-1771-жж.) → - экинчи маршруту (1772-1775-жж.) → - үчүнчү маршруту (1776-1779-жж.)   Джеймс Куктун жер  шарын айланып чыккан  маршруттары (1768-1779-жылдары).  Материкти изилд өө боюнча маалымат берүүнун  кандай башка ыкмасын сунуштайт элениз? Өрүп

2. Джеймс Кук-англиялык аскер кызматчысы, деңиз саякатчысы, картограф.

  • 1770-жылы (XVIII кылымдын экинчи жарымы) Австралиянын чыгыш тарабын ачкан.
  • → - биринчи маршруту (1768-1771-жж.)
  • → - экинчи маршруту (1772-1775-жж.)
  • → - үчүнчү маршруту (1776-1779-жж.)

  • Джеймс Куктун жер
  • шарын айланып чыккан
  • маршруттары (1768-1779-жылдары).
  • Материкти изилд өө боюнча маалымат берүүнун
  • кандай башка ыкмасын сунуштайт элениз?
  • Өрүп
Рельефи    Тапшырма:  Бул карталарды карап, материктин рельефинин өзгөч өлүктөрүн жазгыла (5 мин.)       Австралиянын рельефинин космостон көрүнүшү

Рельефи Тапшырма: Бул карталарды карап, материктин рельефинин өзгөч өлүктөрүн жазгыла (5 мин.)

Австралиянын рельефинин

космостон көрүнүшү

Рельефинин өзгөчөлүктөрү:    Австралия башка материктерден рельефинин калыптанышы боюнча өзгөчөлөнүп турат.  Австралиянын чыгыш тарабынан башкасы байыркы Гондвана материгинен бөлүнүп чыккан платформада жатат. Бул жерде жер титрөөлөр жана жанар тоолор жокко эсе. Учурда материктин үстүнкү бети түздүктүү келип, тегиз болуп эсептелет. Эгер материктин физикалык географиялык картасы боюнча батыштан чыгышты көздөй багыт алып карасак, материктин батыш жагы бийигирээк болуп Батыш-Австралия (400-600 м.) тайпак тоосу жатканын көрөбүз.  Андан ары чыгышты көздөй жылсак Борбордук ойдуңу, аябай талкаланган анча бийик эмес Чоң-Суу бөлгүч тоо кыркасы жайгашкан. Анын түштүк чыгышынын бийиктеп келип, Австралия Альпы (Каарлуу тоо) деп аталат, эң бийик тоосу Косцюшко (2230 м). Материктин көп бөлүгү төмөндөп, чөгүүнүн натыйжасында Жаңы Гвинея жана Тасман аралдары бөлүнүп чыккан.  

Рельефинин өзгөчөлүктөрү:

  • Австралия башка материктерден рельефинин калыптанышы боюнча өзгөчөлөнүп турат.
  • Австралиянын чыгыш тарабынан башкасы байыркы Гондвана материгинен бөлүнүп чыккан платформада жатат. Бул жерде жер титрөөлөр жана жанар тоолор жокко эсе.
  • Учурда материктин үстүнкү бети түздүктүү келип, тегиз болуп эсептелет.
  • Эгер материктин физикалык географиялык картасы боюнча батыштан чыгышты көздөй багыт алып карасак, материктин батыш жагы бийигирээк болуп Батыш-Австралия (400-600 м.) тайпак тоосу жатканын көрөбүз.
  • Андан ары чыгышты көздөй жылсак Борбордук ойдуңу, аябай талкаланган анча бийик эмес Чоң-Суу бөлгүч тоо кыркасы жайгашкан. Анын түштүк чыгышынын бийиктеп келип, Австралия Альпы (Каарлуу тоо) деп аталат, эң бийик тоосу Косцюшко (2230 м).
  • Материктин көп бөлүгү төмөндөп, чөгүүнүн натыйжасында Жаңы Гвинея жана Тасман аралдары бөлүнүп чыккан.
  •  
Австралиянын рельефинин өзгөчөлүктөрү: жалпылайбыз Түздүктүү, жээктери көтөрүңкү; Материктин негизин Австралия платформасы түзөт; Батышында байыркы тоо каталышында пайда болгон Чоң-Суу бөлгүч тоо кыркасы жайгашкан; Жер шарындагы жанар тоолору жана муз каптоосу жок жалгыз материк. Батыш бөлүгү Борбордук бөлүгү Виктория чөлү – бийиктиги 250 м Чыгыш бөлүгү Борбордук түздүк-бийиктиги 100 м ге чейин Чоң-Суу бөлгүч тоо кыркасы – бийиктиги 1500 м г

Австралиянын рельефинин өзгөчөлүктөрү: жалпылайбыз

  • Түздүктүү, жээктери көтөрүңкү;
  • Материктин негизин Австралия платформасы түзөт;
  • Батышында байыркы тоо каталышында пайда болгон Чоң-Суу бөлгүч тоо кыркасы жайгашкан;
  • Жер шарындагы жанар тоолору жана муз каптоосу жок жалгыз материк.

Батыш бөлүгү

Борбордук бөлүгү

Виктория чөлү – бийиктиги 250 м

Чыгыш бөлүгү

Борбордук түздүк-бийиктиги 100 м ге чейин

Чоң-Суу бөлгүч тоо кыркасы – бийиктиги 1500 м г

Бул карта…….алкактар (субарктикалык, тропикалык, субтропикалык) тууралуу: (бош орунга сөз койгула) жана контур картага дароо …. алкактарды чийип алгыла

Бул карта…….алкактар (субарктикалык, тропикалык, субтропикалык) тууралуу: (бош орунга сөз койгула) жана контур картага дароо …. алкактарды чийип алгыла

Климаты Эске тушурөбуз «Климат деген эмне?» Австралия материгин климаты эң кургак болуп эсептелет. Климаттын кургакчылдыгын эмне менен түшүндүрүүгө болот?

Климаты

  • Эске тушурөбуз «Климат деген эмне?»
  • Австралия материгин климаты эң кургак болуп эсептелет.
  • Климаттын кургакчылдыгын эмне менен түшүндүрүүгө болот?

Климаттын кургакчылдыгы

  • Биринчиден: Биз силер менен географиялык абалы жөнүндө сөз кылганда материк түштүк жарым шарларында жайгашканын айтканбыз.
  • Экинчиден: материк батыштан чыгышты көздөй чоң аралыкта созулуп жаткандыктан жана Чоң-Суу бөлгүч тоосу Тынч океандан келүүчү нымды тосуп калып, анын чыгыш бөлүктөрнндө тропиктик нымдуу климат пайда кылат.
  • Ошентип, материктин башка аймактарынын климатына океандын таасири азайып, тропиктик чөлдүү климат калыптанат.
  • Ошондуктан бул жакта декабрь айында – жай, июлда – кыш жана күн нуру көп тийгендиктен жайкысын ысык (орточо температура + 20° С), кышкысын (орточо температура +12°С) салыштырмалуу суук болуп эсептелет. Жаан-чачындардын басымдуу бөлүгү материктин түндүк жана түштүк бөлүгүндө көбүрөөк жаайт. Материктин калган бөлүктөрүндө жаан-чачын аз жаайт.
  • Материк төрт климаттык субэкватордук (түндүгү), тропиктик (борбору), субторпикалык (түштүгү) жана мелүүн алкакта жайгашкан .
  • Ал эми Океания экваториалдык, субэкваториалдык, тропикалык, субтропикалык, мелүүн алкактарда жайгашып, анын климатына пассат агымдары таасир бергендиктен жаан-чачындар көп жаайт.
  • Жаан-чачындардын орточо эсеби 1500 дөн 4000 мм ге чейин жетет. Кээ бир аралдарда рельефинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу кургакчыл же нымдуу болушу мүмкүн.
Дептеринерге жазып алгыла (эске салабыз) Пассат агымдары – дүйнөлүк океандын тропиктик кеңдиктерден экваторду карай согуучу шамалдар. Себеби атмосфералык басымдын айырмачылыгынан келип чыгат. Атмосфералык басым деген эмне?

Дептеринерге жазып алгыла (эске салабыз)

Пассат агымдары – дүйнөлүк океандын тропиктик кеңдиктерден экваторду карай согуучу шамалдар.

Себеби атмосфералык басымдын айырмачылыгынан келип чыгат.

Атмосфералык басым деген эмне?

Ички суулары  Балдар! Силер  Австралиянын физикалык-географиялык картасын карап көрө турган болсок ири дарыялардын жоктугун  жана Дарлинг дарыясынын оң куймалары сынган сызыктары менен белгиленгенин байкоого болот. Мындай көрүнүштү төмөндөгүдөй түшүндүрүүгө болот: Материктен агып чыккан суулар океанга куйбайт; Материктин чөлдүү жана жарым чөлдүү аймактарындагы мезгилдүү соолуп калуучу суулардын (криктер) болушу; Жыл мезгил ичиндеги агып туруучу дарыялар көп жаан-чачын жааган Австралиянын чыгыш бөлүгүндө жайгашышы.

Ички суулары

Балдар!

Силер Австралиянын физикалык-географиялык картасын карап көрө турган болсок ири дарыялардын жоктугун

жана Дарлинг дарыясынын оң куймалары сынган сызыктары менен белгиленгенин байкоого болот. Мындай көрүнүштү төмөндөгүдөй түшүндүрүүгө болот:

  • Материктен агып чыккан суулар океанга куйбайт;
  • Материктин чөлдүү жана жарым чөлдүү аймактарындагы мезгилдүү соолуп калуучу суулардын (криктер) болушу;
  • Жыл мезгил ичиндеги агып туруучу дарыялар

көп жаан-чачын жааган Австралиянын чыгыш бөлүгүндө жайгашышы.

Австралиянын эң ири Муррей дарыясынын Дарлинг куймасы менен Чоң-Суу бөлгүч тоо кыркасынан башталып, Дарлинг дарыясы төмөнкү агымында азайып, түздүктөрдө жайылып, климаттын кургакчылдыгынан соолуп, кайрадан жамгыр жааганда (криктер) ага баштайт. Ошондуктан картада дарыянын мындай режимде болушун сынык сызыктар менен берилет. Австралиянын көлдөрү агып чыкпагандыктан, алар туздуу келет. Алардын көпчүлүгү мезгилдүү жаан-чачын жааган мезгилде гана толуп турат. Алардын эң ириси деңиз деңгээлинен – 12 м төмөн жаткан Эйр көлү. Материкте жер үстүндөгү суулар жок болгону менен жер алдындагы суулар көп.

Австралиянын эң ири Муррей дарыясынын Дарлинг куймасы менен Чоң-Суу бөлгүч тоо кыркасынан башталып, Дарлинг дарыясы төмөнкү агымында азайып, түздүктөрдө жайылып, климаттын кургакчылдыгынан соолуп, кайрадан жамгыр жааганда (криктер) ага баштайт. Ошондуктан картада дарыянын мындай режимде болушун сынык сызыктар менен берилет. Австралиянын көлдөрү агып чыкпагандыктан, алар туздуу келет. Алардын көпчүлүгү мезгилдүү жаан-чачын жааган мезгилде гана толуп турат. Алардын эң ириси деңиз деңгээлинен – 12 м төмөн жаткан Эйр көлү. Материкте жер үстүндөгү суулар жок болгону менен жер алдындагы суулар көп.

Океанияда Океаниянын Жаңы Зеландиянын Түштүк, Түндүк аралдарында жана Жаңы Гвинея аралдарныда гана дарыялар бар. Дарыялар негизинен жааган жаан-чачындан азыктанышат. Алар Сепик -1126 км жана Флай – 1050 км. Жаңы Зеландиянын ири дарыялары – Уаикато – 425 км. Бул дарыялар ээриген мөңгүлөрдөн жана кардан азыктанышат. Атолл арлдарында дарыялар жокко эсе.  Ал эми көлдөрдүн көпчүлүгү Жаңы Зеландияда жайгашкан. Бул аймактарда гейзерлер да бар.

Океанияда

  • Океаниянын Жаңы Зеландиянын Түштүк, Түндүк аралдарында жана Жаңы Гвинея аралдарныда гана дарыялар бар. Дарыялар негизинен жааган жаан-чачындан азыктанышат.
  • Алар Сепик -1126 км жана Флай – 1050 км.
  • Жаңы Зеландиянын ири дарыялары – Уаикато – 425 км.
  • Бул дарыялар ээриген мөңгүлөрдөн жана кардан азыктанышат. Атолл арлдарында дарыялар жокко эсе.
  • Ал эми көлдөрдүн көпчүлүгү Жаңы Зеландияда жайгашкан. Бул аймактарда гейзерлер да бар.
Жыйынтыктайбыз, жалпылайбыз Мини-эссе: «Австралия тууралуу мен эмне айта алам?» (5 мин.) Эссени баалоо: «Эки жылдызча бир каалоо» (жуптарда) (5 мин.) Эссеге комментариялар

Жыйынтыктайбыз, жалпылайбыз

  • Мини-эссе: «Австралия тууралуу мен эмне айта алам?» (5 мин.)
  • Эссени баалоо:
  • «Эки жылдызча бир каалоо» (жуптарда) (5 мин.)
  • Эссеге комментариялар
Тапшырма 1.Контур картага Австралиянын тоолорун, сууларын тушуруп келуу. 2. Австралия тууралуу кызыктуу маалыматтарды чогултуп, презентация даярдоо (топтордо) ЫРАХМАТ БААРЫНАРГА!

Тапшырма

1.Контур картага Австралиянын тоолорун, сууларын тушуруп келуу.

2. Австралия тууралуу кызыктуу маалыматтарды чогултуп, презентация даярдоо (топтордо)

ЫРАХМАТ БААРЫНАРГА!