Жобо ЫКИПКнын Окуу методикалык кеңешинде каралып, бекитүүгө сунушталган Протокол №1, 28 август 2018-ж.
Бекитемин, директор
Студенттердин учурдагы жетишүүсүн жана аралык аттестациясын өткөрүүдө баалоо каражаттарынын фондун тузүүнүн
ТАРТИБИ
Студенттердин учурдагы жетишүүсүн жала аралык аттестациясын текшерүү үчүн баалоо каражаттарынын фондун түзүүнүн тартиби КР “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын; КРнын Өкмөтүнүн №346 (29.05.2012) “КР жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин иш жүргүзүүсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндөгү” токтомунун, орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын жана коллеждин Уставынын иегизинде иштелип чыкты.
I. Жалпы жоболор
1.1. Студенттердин учурдагы жетишүүсүн жана аралык атгестациясын текшерүү үчүн баалоо каражаттарынын фондун (мындан ары - БКФ) түзүүнүн тартиби Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык коллежиндеги (мындаи ары - ЫКИПК) билим берүү программасынын талаптарына ылайык билим алып жаткандардын баскыч-баскычы менен коюлган талаптарга жеке жетишүүсүнө дал келүүсүн, текшерүүдөгү баалоо каражаттарынын фондун иштеп чыгуунун эрежелерин, талаптарын, структурасын, мазмунун жөнгө салат.
1.2. Дисциплина боюнча Баалоо каражаттарынын фонду (БКФ) студенттер тарабынын билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо системасын камсыздоонун ченемдик-методикалык жактан ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
1.3. Дисциплина боюнча Баалоо каражаттарынын фонду текшерүү-ченөө материалдарынын (типтүү маселелер (ташпырмалар), текшерүү иштери, тесттер ж.б.) жыйындысын жана белгиленген окутуунун натыйжаларына студент тарабынан жетишилген деңгээлди ченөөгө багытталган ыкмаларды колдонууну аныктайт.
1.4. Дисциплина боюнча Баалоо каражаттарынын фонду студенттердин учурдагы жетишүүсүн текшерүү жана аралык аттестация жүргүзүүдө колдонулат.
1.5. Баалоо каражаттарынын фонду дисциплинанын окуу-усулдук комплексинин курамына кирет.
1.6. Дисциплина боюнча БКФ түзүү тартибин аткаруу билим берүү программасын ишке ашырууну камсыз кылган бардык циклдарга милдеттендирилет.
II. Баалоо Каражаттарынын фондун түзүүнүн максаты жана милдеттери
2.1 Окуу дисциплинансынын БКФ түзүүнүн максаты - жогорку жана орто кесиптик билим берүү стандартынын талаптарына студенттин даярдык деңгээлинин дал келүүсүн аныктоого жардам берүү.
2.2. Дисциплина боюнча Баалоо Каражаттарыныи фондунун милдеттери:
- даярдоо багыты (профили), адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандартында аныкталган комптетенциялардын студенттерде калыптандыруу процессии текшерүү;
- билим берүү программасынын максаттарын ишке ашырууда бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктерин текшерүү жана башкаруу;
- дисциплинаны окуп-үйрөнүү процессинде студенттердин жетишкендиктерин баалоо жана дисциплинанын изилдөө процессинде оң (терс) жыйынтыктарын белгилеп жана алдын алуучу, оңдоп-түзөөчү иш- чараларды пландаштыруу.
2.3. Билим берүү программасын ишке ашырууда коштогон баалоо каражаттары компетепцияларды калыптандыруунун сапатын текшерүү үчүн иштелип чыгуусу шарт жана баалоонун каражаты гана эмес студенттерди окутуу да маанилүү болуп саналат.
III. Баалоо каражаттары фондунун түзүлүшү жана анын мазмуну
3.1 Дисциплина боюнча БКФ баалоонун негизги принциптеринен түзүлөт:
- валиддүүлүк (баалоонун объектиси окутуунун коюлган максаттарына дал келиши шарт)';
- ишенимдүүлүк (жетишкендиктерди баалоо үчүн бирдей стандарттарды жана критерийлерди пайдалануу);
- адилеттүүлүк (ийгиликке жетишүү үчүн студенттерге бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүшү);
- натыйжалуулук (ишмердүүлүктүн натыйжасы коюлган милдеттерге шайкеш келиши).
3.2 Баалоо каражаттарыныи фондун түзүүдө анын төмөндөгүлөргө дал келуусу шарт:
- орто кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик стандартынын тиешелүү даярдоо багытына (адистигине);
- билим берүү программасында белгиленген окутуунун максаттарына жана күтүлүүчү натыйжаларга;
- даярдоо багьптарынын (адистиктердип) окуу планына;
- дисциплинанын жумушчу программасына.
а) студенттерге аралык аттестация өткөрүү үчүн өтүмдүн (сынактын) материалдары, өтүм (сынак) үчүн экзамеидик билеттерди жана баа түзүү критерийлерин камтыган баалоо каражаттары;
б) предметтик-циклдик комиссиянын чсчими меиеп өтүм (сынак) үчүн экзамендик билеттерге суроолордун, маселе-тапшырмалардын ордупа тесттер же болбосо студенттердин билим деңгээлин баалоо үчүн башка текшерүү-ченөө материалдары киргизилсе болот;
в) студенттердин учурдагы же аралык жетишүүсүн баалоо үчүн баалоо каражаттары; (баалоо каражаттары боюнча маалыматтарынын жасалгасынын үлгүсү).
3.3 Баалоо каражаттарынын фондундагы ар бир баалоо каражаты баалоонун критерийлерин түзүүдө колдонулушу зарыл.
Иштеп чыккан Окуу-усулдук кеңеш