СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баарыбыз учун керектуу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Баарыбыз учун керектуу»

БААРЫБЫЗ ҮЧҮН: ЖАН-ДҮЙНӨ ДАРТЫНА ДАБА БОЛОР ЖОМОКТОР

Терапиялык жомоктор нагыз укмуштарды жаратат. Алар жашоонун ар кандай жагдайларында келип чыккан балдардын көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмдүү. Балдарга жомок окуп берсеңиз, аларга жакын болуп, бири-бириңерди жакшы түшүнө баштайсыңар.

Алар жөн эле алаксытып, көңүл ачпайт, алар сөзсүз көп пайда алышат. Анткени өспүрүмдөр кыйынчылыктар менен күрөшүүнүн жолдорун үйрөнүшөт, өз алдынча болууну адат кылып алышат. Бул жомоктор 9 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөргө арналган. Эгерде, ал өзүн чоңоюп калгандай сезип, жомок уккусу келбесе, анда жомок деген сөздү кызыктуу окуя, үлгү болор тарых деген сыяктуу сөздөр менен алмаштыргыла.

Балаңыз окугандан караманча баш тартса, кызыгууну туудурган суроолорду берип, анан өзүңүз окуп бериңиз. Мисалы: “Асан, фламинго деген куш кайдан чыккан билесиңби? Уккан жок белең? Анда эмесе угуп тур, бул укмуштуудай сулуу куштар жөнүндө окуп берейин». Кызыгуусун жарата алсаңыз эң тентек, эң терс аяк бала болсо да сиздин окуп бергениңизди угууга дилгир болот.

1. Фламинго, же болбосо Кыялдар Аскасы

9-13 жаштагы өспүрүмдөр үчүн

Кимге багышталат: Өзүнө ишенбеген, өз күчүнөн шек санаган, өзүн элден кем саноого көнгөн  жана өзүн эч кимге кереги жок сезген өспүрүмдөргө арналат…

Чечүүчү фраза: «Мен башкалардай эмесмин»

Алыскы ысык өлкөлөрдө эң сулуу Фламинго аталган куштар жашашат. Күндүз алар дарыялардын жээктеринде баштарын бийик көтөрүп, жайбаракат сейилдеп жүрүшөт, ал эми кечинде, күн батып баратканда асманга көтөрүлүп, тээ булуттардын алдына каалгып учуп чыгышат. Батып бараткан күндүн кызгылт нуру алардын күлгүн түстүү канаттарын кочкул кызыл түскө боёп жибергенде, мындай керемет сулуулукту бир көргөн адам өмүр бою эсинде сактап калат.

Сага Фламенго кайдан чыкканын билүү кызыкпы? Анда эмесе кулак түр.

Илгери-илгери бир кичинекей Булутча болуптур. Башка булуттардай эле ал дагы шамал кайда айдаса ошол жакка учуп, күн бою тыным алчу эмес экен. Ал баарынан да күндүн батып баратканын караганды жакшы көрчү.

Бир жолу биздин Булутчанын жанынан кичинекей түрдүү түстүү кооз чымчыктар учуп өттү. Алар кичинекей Булутчага аябагандай жагып калды, ал алар менен бирге учуп, күндүн батканын жакындан көрмөк болду. Ал чымчыктар менен сүйлөшүп көрүүнү чечти.

— Кайда учуп бара жатасыңар? — деп сурады ал.

— Биз, чымчыктарбыз, кайда кааласак — ошол жакка учабыз,— деди алардын  бири.

— Ооба, ооба, — деди экинчиси.— Биз кайда кааласак ошол жакка уча алабыз.

— Мени өзүңөр менен кошо ээрчитип алгылачы,— деп суранды Булут.

— Ха-ха-ха,— деп каткырышты чымчыктар,— сен учканды билбейсиң, аны эч качан үйрөнө да албайсың. Сен болгону Шамалдын айдоосунда жүргөн кичинекей акылсызсың, – дешти да, чымчыктар учуп кетишти.

Булуттун маанайы түшүп, шалпая түштү. Көңүлсүз күндөр өтөр-өтмөксөн, жылар-жылмаксан кыбырап, шашылбай өтүп жатты. Ал кубанганды унутту, жөн гана асманда ары-бери шамалдын ыгы менен учуп жүрдү. Бирөө менен сүйлөшкөндү да койду, анын оюнда бир гана: “Мен кандай бактысызмын, жадагалса уча да албайм” – деген сары санаа бар эле. А түнкүсүн түшүндө баягы кичинекей кооз чымчыктар тегеректеп алышып: “Учканды билбеген кичинекей акылсыз Булутча” – деп шылдыңдачу болушкан.

Бир жолу кечинде күн батарга жакын, Булутча адатынча терең ойго батып каалгып учуп бараткан, бир убакта башка бир Шамал келип аны чогуу жүргөн булуттардан бөлүп, бөлөк бир жакка учурганын байкады. Бирок каршылык кылган жок.

“Айырмасы кайсы, – деп ойлоду Булут. – Баары бир мен уча албайм, көп болсо жалгыз жүргөн бир боз Булутча болормун”.

Күн асманды күлгүн кызгылт түскө боёй баштаган эле, ал аңгыча кайдан-жайдан катуу Шамал пайда болду да, аны ошол аймактагы эң бийик тоого алып жөнөдү.

— Сен менин ээлигиме киргенге кантип батындың?! Силер, Булуттар дайыма бизге Шамалдарга тоскоол болосуңар да, жүрөсүңөр. Мен сени азыр тиги чоң аскага алып барып согуп жок кылам,— деди ызылдап ызырынган Шамал.

Булутча катуу Шамалга туруштук берүүгө далалат кылды, аны бул жакка бир тентек шамал айдап келип салганын айтып актанды. Бирок Шамал аны тыңшап да койгон жок. Булутча минтип ойлоно баштады: “Мейли, эмне болсо ошо болсун, баары бир мен учканды үйрөнө албайм”.

Шамал аны оңбогондой ылдамдыкта учуруп баратты, аска уламдан улам жакындай баштады. Булутча акыркы жолу күндүн батканын көргүсү келди. Ага бүгүнкү күндүн батышы бөтөнчө сулуу көрүндү. “Чын эле мындан кийин аны көрбөймүнбү, – деп ойлоду Булутча, ал бул оюнан коркуп кетти. Ал аябагандай жашагысы жана күндүн батышын күндө көргүсү келди. – Эмне кылышым керек?…Шамалдан эптеп кутулушум керек”.

Ошол учурда Шамал аны болгон күчү менен аскага ыргытты. Булут аскага урунуп, кайра артка ыргыды, ошондон ары качып кеткенге аракет кылды, бирок Шамал анын астынан тосуп кайрадан жаңы күч менен аскага сокту. Булут минтип ойлоду: “Аракет кылышым керек, сөзсүз мындан кутулам”. Ал кайрадан артка ыргыды, кайрадан качууга аракет кылды. Шамал аны кайра кармады, күүлөнүп туруп кайрадан аскага ыргытты.

“Аракет кылышым керек, сөзсүз мындан баары бир кутулам” – деп чечти Булутча, жана өзүн укмуштуудай күчтүү сезе баштады. Ал болгон күчүн топтоп аскадан кайра артка ыргыды да, асманга бийик көтөрүлдү. Ал канаттуудай созулуп учуп жөнөдү. Шамал адегенде абдырай түштү, бирок бир нече секундадан кийин Булутчанын артынан түштү. Булутча ылдамдай учуп, батып бараткан күндүн нурларына аралашты. “Канатым болсо эмне, Шамалга жеткизбей кетпейт белем” – деп ойлоду ал. Оо, шумдук! Капилеттен ага канат бүттү. Ал эң бир кооз кушка айланды жана өтө тез учуп Шамалга караандатпай кетти. Шамал акырындык менен артта калып, жетпесине көзү жеткенде кууганын токтотуп, катуу үшкүрүнүп кала берди. Укмуштуудай иш болду, анткени Булутча сыйкырлуу Аскага туш келген эле. Кыялдардын Аскасына жолукканда кыялдар ишке ашат же талкаланып жок болот экен.

Булутчанын кубанганын айтпа: “Кандай керемет. Мен эми кушмун, каалагандай учам, керек болсо күнгө чейин учам”. Анын көңүлү куунак эле. Күндүн батышын ушунчалык жакын жерден көргөн эмес. Кечки күн анын канаттарын күлгүн түскө боёп берди. Кичинекей кооз чымчыктар аны көрүп суктанып: “Кандай сулуу куш, учканы да шумдук”.

Кичинекей Булутча ошентип татынакай кушка айланыптыр, анан адамдар ага Фламинго деп ат коюшуптур.

Талкуулоо үчүн суроолор

Булут эмне үчүн капа болуп жүрдү эле?

Сенде да ушул сыяктуу учурлар болду беле?

Эмне үчүн Булут Аскага тийгенде жок болуп кеткен жок?

Шамалдан кутулганга эмне себеп болду?

2. Чыныгы… түс жөнүндө баян

9-16 жаштагы улан-кыздар үчүн.

Кимге багышталат: Депрессиялык абал жана суициддик тенденцияларга кабылгандарга. Өзүн кемчонтой ойлоп, “эч кимге керексизмин” –деген сезимде жүргөндөргө.

Чечүүчү фраза: «Менин эч кимге керегим жок»

Өткөн бир замандарда Акварелия деген жомоктор өлкөсүндө боёктор жашаптыр. Акварелиянын жаратылышы ачык жана түркүн түстүү болчу: заңгыраган кара кочкул түстүү хансарайлар өздөрүнүн шоңшойгон мунаралары менен жапжашыл шалбаалардын үстүндө казандай көмкөрүлгөн алтын түстүү асманды жиреп заңкайышат.  Байыркы Жаратман-сүрөтчү тарабынан жаралган Акварелия дүйнөсү, өз жашоочуларын күн сайын кубанычка бөлөп, ары-бери чайпалбаган бир калыптагы ырааттуу жашоосун улантышчу.

Боёк куюлган жумшак түтүкчөлөр эртеден кечке жаркыраган кооз үйлөрдү жараткандан башка эч жумуш кылышчу эмес. Бул искусство мамлекеттеги ишмердүүлүктүн эң негизгиси  деген даражага ээ болчу. Акварелияда ар жыл сайын боёктордун турнири уюштурулуп, анда Жаратман-сүрөтчү эң мыкты түстү аныктай турган.

Майрам астында өлкөнүн жашоочуларынын тигил же бул түстүн артыкчылыктары жөнүндө талашып-тартышкандарын көрсө болот эле. Ар бир түс өзүн баарынан мыкты, а эң негизгиси – керектүүмүн деп эсептечү. “Мен жаңы ачылган роза гүлү менен желектин өңүн чыгарыш үчүн керекмин”—дечү Кызыл түс. “Мени жаратылыштын жаштыгын, жердин түшүмдүүлүгүн көрсөтүү үчүн колдонушат” – деп айтчу Жашыл түс. “Мен Жаратмандын сүрөттөрүндө байлык менен аземдүүлүктү, эң негизгиси, күндүн жылуулугун чагылдырып берем”,—деп сөзгө кошулчу Алтындай сары түс.

Бир гана жумшак түтүкчө сөзгө аралашпай корунуп турчу. Агыш көк түс өзүн жек көрүү менен караганга көнгөн. Ал сүрөт түшүрүлчү боз кендирден бир аз гана агыш эле, ошондуктан Жаратман аны карачу да эмес. Башка күндөрдө өзүнүн ийгиликке жетишкен досторунун эмгектерине алаксып, өз кайгысын унутчуу, бирок турнир алдында алардын чучукка жеткен шылдыңдарынан Акварелиянын эң караңгы бурчтарына барып жашынып калгысы келчү.

Бул жолу ал боёктордун талашынын кызуусуна кирип, адаттагы сактыгын унутуп койду, ошондуктан кызыл чеке болуп талашып жаткан боёктордун көзүнө чалдыгып, алар жиндерин андан чыгарышты. Алардын мөндүрдөй жааган ачуу шылдыңдары ал бечараны каптап эле жатып калды. Алардын ачуу сөздөрүнөн качам деп, чалынып-чулунуп баратып катуу жыгылды. Акыры, артынан түшкөндөрдөн кутулуп, алыскы бурчтагы караңгы жерге бекинди. “Турнир бүткөнчө ушул жерде жата турайын”, – деп чечти Агыш көк. Ал өзү жаткан коңулдан турнирге көрүлүп жаткан даярдыктарга көз салып, ошол жерден уйкуга кетти.

Эртең менен уйкудан көзүн ачканда эле бир нерсе болгонун сезди: майрамдык маанайдын изи да жок. Бардыгы тополоңго түшүп, ызы-чуу. Ага эч ким көңүл бөлгөн жок. Агыш көк кайраттанып, жанынан өткөн жумшак түтүкчөнүн бирин токтотуп, андан айланада эмне болуп жатканын сурады. Көрсө, оңбогон Кара түс, башкалардын утушун каалабай, кыл калемдердин баарын кара түскө боёп салыптыр. Эч нерседен шек албаган Жаратман-сүрөтчүнү опурталдуу окуя күтүп туруптур. Жаратман-сүрөтчү кыл калемди боз кендирге тийгизер замат турнир үзгүлтүккө учурамак экен!

Агыш көк борбордук аянтчаны көздөй шашып жөнөдү. Кыл калемдер ошол жакта сакталчу. Ал Кара түстүн кыянаттыгына ишенбей, аянтты көздөй шамалдан да тез учту. Аянттагылар карбаласташып, эмне кылышты билбей турушкан экен! Боёктор өң-алеттен кетип, дабдырап калышыптыр! Ошондо ал мыкты чечим кабыл алды, – калпагын чечип ыргытып, өзүндөгү агыш түстүү боёкту кыл калемдерге сыга баштады. Бир аздан кийин алсырай баштаганын сезди, ошентсе да болгон күчүн жыйнап, биротоло эси ооп жыгылгыча кыл калемдерге боёгун чачып жатты.

Аңгыча Жаратман-сүрөтчү кыл калемди алып биринчи сүртүмдү жасады. Боёктор күтүүдөн катып калышты. Жаратман-сүрөтчүнүн алдындагы боз кендирге бүткүл Акварелия көз салып тургансыды. «Хм,— деди Сүрөтчү.— Укмуштуудай түс. Мага дал ушул керек болчу, — сонун дарыя болот!»

Агыш көк накта баатыр болуп эсине келди. Бирок аны өзү биле элек болчу. Ал өзү турнирдин жеңүүчүсү болгонун да биле элек эле, Акварелиянын королу деп жарыяланганын, бүт өлкөнү жана Жаратман-сүрөтчүнүн өзүн да Караңгылыктын бийлигинен сактап калганын да билген эмес… Ал бир нерсени гана билчү, – мындан кийин ал башын бийик көтөрүп:  “Мен – керекмин! Мен терең жана катуу аккан дарыяны жана түпсүз асманды тартканга жараймын!” – деп айта алат.

Талкуулоо үчүн суроолор

Агыш көк өзү жөнүндө кандай ойдо эле?

Сага ушундай сезим таанышпы? Бул сенин жашооңдогу кандай абал менен байланыштуу болушу мүмкүн?

Бул окуядан Агыш көк түс өзү үчүн кандай маанилүү нерсени билди? А сен өзүң ошону билесиңби?

Уландысы

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ