Просмотр содержимого документа
«Баяндама жазуу башталгыч класс»
Таш бака менен бугу
Күндердүн биринде таш бака суу жээктеп баратып, бугуга жолугат. Бугу:
- Эй, кыска буттуу жаныбар, кел, жарышабыз, - дейт,жөн турбай.
- Макул, жарышса, жарышалы. Жеңилип калып ыйлабасаң болду! – дейт таш бака.
- Мен башкадан жеңилсем да сенден жеңилбейм го! Өзүбүзгө жаккан жолду тандап алабыз, - дейт өз күчүнө ишенген бугу.
- Макул, сен айткандай болсун, - дейт таш бака. Ошентип, экөө жол тандашып, бугу түз жолду тандайт. Ал эми таш бака жолдун чөп баскан тарабын тандап алат. Экөө жол тандашкан соң, алар эртең менен жолугушууну чечишип, үйлөрүнө тарап кетишет. Кечинде таш бака туугандарын чакырып, аларга бугу менен мелдеше кеткенин айтат. Анда таш бакалардын улуусу:
- Келгиле, биз мындай кылалы. Сен марага барып турасың. Калганыбыз марага чейинки жолдун ар жерине жашынып алабыз. Бугу бурулуп караганда ошол жерде кимибиз болсок, чуркап бараткандай түр көрсөтө беребиз,
-Эртеси таш бака менен бугу болжошкон жеринен жолугушуп, жарышка түшүшөт. Бир топ чуркагандан кийин бугу:
- Ай, кыска бут, сен кайдасың?! - деп кыйкырат.
- Мен мындамын! - дейт арт жактагы таш бака чуркамыш болуп.
Бир аз чуркагандан кийин кайра: «Кыска бут, кайдасың?» - деп сурайт. «Мен мындамын. Эмне жай чуркап келатасың?»- деп алдыдагы таш бака жооп берет. «Таш бака менден озуп кеткен турбайбы»,-деп бугу ылдамдыгын күчөтөт. Марагажакын калганда кайрадан бугу:
- Кыска бут, кайдасың? - деп суроо салат.
- Мени көрбөдүңбү, мындамын! Буттарың узун болгону менен өтө жай чуркайт турбайсыңбы! Мага жетпейсиңго? - деп алды жактагы таш бака күлүп турган болот.
- Сени «кыска бут» деп шылдыңдагандыгым үчүн кечирип кой. Сен менден күлүк турбайсыңбы. Сага мындан кийин тийишпейм. Андан көрө биз эми дос болуп жүрөлү, -деп бугу кечирим сурайт.
Чабалекей
Бала үйдүн чатырынын астына жармаштыра курулган чабалекейдин уясын бузмакчы болду. Ал уянын ээлери кыштын жакындап келетканын сезишип, кетип калышкан.
Уяны бузбай эле кой, - деди баланын атасы. – Жазында
чабалекейлер кайрадан учуп келишет, жашаган жайын тапканга не жетсин.
Бала атасынын айтканына макул болду.
Кыш өтүп, апрелдин аягында кубанычтуу шакылактап кужурашкан, учтуу канат, кооз чабалекей учуп келип, эски уянын айланасында чебелектеп учуп жүрүштү. Иштери кычап жатты. Ооздоруна ылай тиш-теп, жакын жердеги арыктан балыр ташып жатышты. Ошентип, көп узабай эле кыш бою бузула баштаган уя кайрадан жаңырып калды. Ан-дан кийин чабалекейлер бир туруп тыбыт жүндөрү, бир туруп куш жүн-дүн, бир туруп чардын бутактарын ташып киришти.
Дагы бир нече күн өтүп кетти. Ошондо бала уядан жалгыз гана чабалекейдин каттап калганын байкады. Беркиниси болсо уяда такай отуруп калды.
“Сыягы ал жумуртка чыгарып, эми ошолорду басып жаткан окшойт,” – деп ойлоду бала.
Чындыгында эле үч жума өткөндөн кийин уяда кичинекей баштар сороң этип, көрүнүп калуучу болду. Эми бала ушул уяны бузуп салбага-нына кандай гана кубанып жүрдү дейсиң!
Эшик алдындагы секичеге отуруп алып, түйшүкчүл чабалекейлердин абада ойкуй – кайкый учушуп, чымын – чиркейлерди жана боз тоголок-торду кантип кармарын көпкө чейин жадабай карай берет. Алар зыпыл-дап учуп, кирип чыгып, чарчоо дегенди билишпей, өз балдарына тамак таап келип берип жатканын көрчү!..
К.Ушинский.