СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бал жыттанган балалык..

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бала.. балачак, бала кез, балалык, бала бойдон деген сɵздɵр айтылганда кимда болсо озүнүн бала кезин, балалык чагын бир сыйра кɵз алдына келтирип, кээ бирлеринин жүзүнɵ жылмаю келсе, кээ бирлеринин жүзүнɵ кусалык тартылат.. Бал жыттанган балалык..  Балдай таттуу бала тили.. Ушундан улам бала деген сɵз балдан келип чыккан окшойт деген ойго кабыласын,

Просмотр содержимого документа
«Бал жыттанган балалык..»



Бал жыттанган балалык. (1-июнь балдарды коргоо күнүнɵ карата)

Бала.. балачак, бала кез, балалык, бала бойдон деген сɵздɵр айтылганда кимда болсо озүнүн бала кезин, балалык чагын бир сыйра кɵз алдына келтирип, кээ бирлеринин жүзүнɵ жылмаю келсе, кээ бирлеринин жүзүнɵ кусалык тартылат.. Бал жыттанган балалык.. Балдай таттуу бала тили.. Ушундан улам бала деген сɵз балдан келип чыккан окшойт деген ойго кабыласын, эми аны албетте тилчилер билет дечи.. Кандай болгон күндɵда балалык кез адам баласынын ɵмүрүнүн эч унутулгус, кайталангыс, эч нерсеге алмаштыргыс ɵзгɵчɵ мезгили экенго чиркин..! Айтайын дегеним.. бүгүн 1-июнь балдарды коргоо күнүно карата Аксы районунун Кызыл-Капчыгай айылындагы №17 «Жибек» мектепке чейинки билим берүү уюмунда ата- энелердин катышуусунда жаш наристелердин жүрɵк кубанткан чакан концерти болуп ɵттү. Кооз кийинишкен бɵйпɵңдɵгɵн жаш жеткинчектер ырдап, бийлей тургандары бир тарапка, кɵрүүчүлɵрү бир тарапка тизилишип туруп калышты.. Андан соң уюмдун директору Байсалиева Гүлүмкан концертти ачып, буларды айтты: «Урматтуу ата-энелер жана бɵбɵктɵр, сиздерди бүгүнкү 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнү майрамы менен чын жүрɵгүмдɵн куттуктаймын. Биздин эң аялуу жана эң баалуу нерсебиз бул бала.. Бала деп жашап жүрɵбүз, Баланы жыттап сүйɵбүз.. Ар бир үйдɵ наристенин үнү, күлкүсү жаңырсын. Кадырман ата-энелер, кымбаттуу жаш жеткинчектерге билим жана тарбия берип жаткан тарбиячылар, сиздерге узун ɵмүр, чың ден-соолук жана ишиңиздерде албан- албан ийгиликтер коштоп жүрүшүнɵ тилектешмин. Бүгүнкү майрамды ɵткɵрүүгɵ демɵɵрчү болгон биздин жердештерибздин атын атабай кетсем кемчилик болуп калар. Алар: Исмаилов Уран, Ибраимов Субанкул, Жоробаев Нурдин, Исакова Махабат, Сагынбаев Мирлан, Алибай уулу Кудайберди, Боронбаев Санжар. Ырахмат ушул азаматтарга. Айылыбызда дайыма ушундай жаштар кɵбɵйɵ берсин демекчибиз». Анда соң концерт уланып наристелер ата-энелерди ырахатка батырып бийлешти, ырдашты. Баарынан кызыгы программанын аягында наристелер кетишпестен кайра кайра музыка суранышып кичине бийлейли деп суранып атышты..

Эмне демекчибиз: Асманыңар ачык, жолуңар даңгыр болсун жаш жеткинчектер..

Ашыралиева Гүлжамал, тарбиячы.