СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бала жана ата-эне

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бала жана ата-эне темасындагы чогулуш өтүү менен  ата-энени мектепке дагы да жакындатуу, баласына көңүл бурдуруу

Просмотр содержимого документа
«Бала жана ата-эне»

Саламдашуу. Гүлнара Кахарованын «Балама» аттуу ырын жагымдуу маанай иретинде ырдоо

Жагымдуу маанай. Чогулуш десе эле: Эмне жөнүндө болот, баламдын тартибин,

тазалыгын айтабы же жетишүүсүн айтабы деген ар бирибизге ар кандай ойлор келип, ал чочулоо сезим биздин жүзүбүзгө чыгат. Ошондуктан ар бирибиз бетибизге жылмайган жүздөрдү тартабыз (супсулуу болгон көздөрүн, кырдач болгон мурдуларын, оймоктой болгон ооздорун тартып боёшот)

Мындан кийин чогулушка дайыма дал ушундай жылмайган боёнгон жүздөр менен келебиз деген ойдомун.

Темасы: Бала жана ата-эне.

Темага байланыштуу ролик көрсөтүлөт.

1. Бала менен ата-энени эмне байланыштырат?

2 топ өз ойлорун берилген батмандарга жазышат, презентациялашат.

Туура азаматсыздар! Бала менен ата-энени баарлашуу, ж.б. байланыштырат. Мен айтайын деген ойлорду сиздер таптыныздар.Андан сырткары балдар менен биргеликте китеп окуу жана оюн ойноо мындан баланы ата-энеге жакындатат. Ошондуктан 1-топту Оюн ойноо

2-топту Китеп окуу тобу деп бөлгүм келди.

2.Ата-энелер анкеталарды толтурушат. Балдардан алынган анкеталар таркатылып берилет. Өзүнүн жообу менен баласыныкы дал келсе 10 балл, жакындашса 8 балл, такыр жакындашпаса 0 балл беришип, ар кимиси өзү баласын канчалык билерин көрүшөт. 50 баллдан-70 баллга чейин жакшы,

70 баллдан-100 балга чейин мыкты ата-эне деген мактоолорду угушат.

3.Жаз келгенде биринчи чабалекей учуп келет. Балдар жүрөгүнөн чыккан жылуу каалоо-тилек сөздөрүн ооздору менен айтып, конверттерге жазып коюшкан. Ушул конверттерди бизге бүгүн чабалекейлер алып келиптир. Андыктан келип, ар бириңиздер балдарыңыздардын кол жазмасынанбы же оозунун түзүлүшүнөнбү, таанып алып кетиңиздер. Ар бир туура тапкан апага баласынын сүрөтү чапталган гүл сыйлык катары берилип турат.

4.Мына ошол алган гүлүңүздөр ар дайым бажырайып ачылып туруу үчүн жалбырактарына, бариктерине дем берүүчү жылуу сөздөрүңүздөн жаза кетиңиз.

5.Оюн тобу «Баламды сабактан кийин үйгө кантип алып кетем?» оюнун ойношот.

Китеп окуу тобу «Бактылуу үй-бүлө» пазлын курашат.

6. 2 топ тең Падыша, вазир,чычкан, мышык, таалим, тарбия деген сөздөрдүн жардамы менен кыскача жомок түзүшөт.

Түзгөн жомокторун ар бир топтон бир адам окуйт. Мактоо сөздөр айтылат.

Жомок окулат:

Ошондуктан урматтуу ата-энелер балдарыбыз менен көбүрөөк баарлашып, таалим менен тарбияны эриш аркак алып кетели деген ойду айткым келет. Атайын убактыңыздарды бөлүп келип бергениңиздер үчүн рахмат.