СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдар адаб. тексти көркөм окуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Балдар адаб. тексти көркөм окуу»

Август түндөрү

(“Жамийла” повестинен үзүдү)

Эртеси күн чыкпай Данияр экөөбүз аттарды кырманга алып келдик. Аңгыча Жамийла жеңем да, ороктон жүргөн жеринен келип калган экен, бизди көрүп, тигинден эле кыйкырды:-- Ай, кичине бала, менин аттарым кайсы, бери жетеле! Камыттары кайсы эле? – деп маашыккан арабакечтен беттер дөңгөлөктөрүн шакылдатып буту менен тээп көрүп жатты.

Аттарды кошпой жетелеп биз жакындап келгенде болсом мүйүздөй чоор болгон согончокторум менен жылаңайлак теминип келеатсам, Жамийла бизди шылдыңкор карап, күлүп койду:

-- Оо, узунду – кыскалуу болгон кайрандар десе! Издешпей табышкансыңар го!

Ушундан баштап эле ал бизди башкарып алгансып: “ Болгула, урушта - туруш жок, эртерээк салкында жөнөй берели!” – деп, аттарды булкулдата кетенчиктетип, арабага кошо баштады.

Данияр жаныбызда жүрсө Жамийла аны кишиби, көлөккөбү дебей такыр эле көзүнө да илген жок, сүйлөшсө мени менен сүйлөшүп, бизден калышпай, нары- бери шамдагайлана аттарды чегип жатты. Жамийланын бул кыр көрсөткөндөй чечкиндүүлүгүнөн Данияр апкаарый түшкөндөй болду. Чекесин тырчыктырып, ал аны жактырбагандай да, таң калгандай түктүйө карап, сыртын салды. Тиги анысын байкаган да жок, болгондо Данияр тараза үстүнөн каптардын бирин кучактап алып, унчукпай арабасына көтөрүп таштаганда, Жамийла аны жемелей кетти:

-- Ал эмнеси экен? Ар ким эле өзүнчө далбастай береби! Келе колуңду, колдошконду кудай колдойт! Ай, кичине бала, чык арабага, каптарды жаткыр! Жамийла Даниярдын колун өзү эле шап кармап, экөө колдошо көтөрүп басканда, бекем кармашкан колдору чыңалышып, кап үстүнөн арта салынып, Жамийлага эңкейе берген Данияр өз алдынан эле оңтойсузданып үтүрөйүп, аны карабаска аракеттенип жатты. Жамийла анда да иши жок, таразачы келин менен ары өтуп, бери өтүп шыңкылдашат. Арабалар жүктөлүп бүтуүп, жүк жөнөрдө гана, ал бер жакка көзүн кымтый коюп, Даниярга айтты:

-- Ай, ким, Данияр белең? Каараның эркек эмеспи, жол башта! – деди.ы- бери кагыштыр

Данияр бул жолу да унчукпады, чочугандай келинди бир карап, арабаны турган жеринен ала- сала айдады .

“Аа , шоруң кур, уялчаагын мунун!” --- деп, аяп койдум аны.

Жол алыс. Жыйырма чакырымдай боз талаа менен жүрүп отуруп, төмөндө жаткан Кара- тоонун капчыгайынан өтүп станцияга барыш керек. Бир жакшы жери, кырмандан чыгып станцияга жеткенче жер оңуту ылдый аттарга бул көп жеңилдик. Улуу – Тоонун адырлуу тескейинде орношкон айлыбыз, капчыгайга кире бергенче, качан артыңа кылчайып карабагын , тал- дарагы карайып, жогорку жакта көрүнүп турат. Темир жол капчыгайдын этегинде.

Мына ушентип биз күнүн барып келип, эгин тартып жүрдүк. Айылдан эртеӊ менен чыгып, станцияга түш оой барабыз. Жүктүү арабалардын дөңгөлөктөрү каксоо жолдордо дүңгүрөп, шагыл майдаланып бычырайт. Күн өйдөлөп, талаа ысыган сайын, аттардын сооруларынан жылга жылга тер кетип, үйүр алып, кошо эрчишкен чымындар чаң аралаш учуп-конот.

Саратан чаңкып, жер какшыган күндөр. Станцияга келсең, араба- көлүктөп басарга орун жок. Тоо койнундагы алыскы чоң колхоздордон эгинди өгүз, эшекке артып, айдап келатышкан балдар менен катындардын жондору туздуу шор, чаң баскан беттери капкара болуп күйгөн. Шамалга кеберсиген эриндери кан кесилип, өздөрү жылаңайлак- жылаңбаш, ташыркап, чалыгып келишет. Заготзернонун короосу ызы- чуу,дарбазасында: “ Бардык эгин- фронт үчүн!”—деп, ураан жазылган. Сокмо дубал менен тегерете курчаган жапыс короонун сыртында, паровоз вагондорду нары- бери кагыштырып, ысык буу уруп, кумурскача тынбаган аракетте. Өткүн жаандай шарпылдап, өткон поезддер капчыгай жаңыртатоктолбой зуулдашат.Так кампанын оозуна чөгөрүлгөн төөлөр өйдө тургусу келбей, жинин бүркүп, оозун чое ачылуу боздошот.

Чоң кампанын ичи тоодой үйүлгөн эгин. Каптарды жонго салып, тактайдан жасалган трап менен кампанын тээ төбөсүнө жете жаздай, бийик чыгып барып төгүш керек. Кампанын ысып чыккан туникелүү үстү темир ис берип, буудайдын чаңы абада кылкылдайт.

-- Эй бала, көзүңө кара, үстунө жеткир! – деп, уйкусуз көздөрү кызыл эт болуп канталаган кампачы, төмөндө колун көсөп сөгүнөт.

Ал эмнеге сөгүнөт! Сөгүнбөй эле койсочу! Алдан тайып жыгылып эле калбасак, ансыз да көтөрүп жеткиребиз го.

Биз бул эгиндин мээнетин жалаң эле ушул жерде эмес, талаанын өзүнөн, айдоого дан ташыгандан баштап, көтөргөнүбүзкөтөргөн. Аны жашаялмет катын- балдар жайы-кышы тырмактап өстүрүп азыр да ошол өрт алган саратан талаада алда качан эскилиги жетип, күнгө жүзжолу бузулган шалдыраган комбайынды жургүзүп, бирде кайра оңдоп, комбайнер жанын уруп далбастайт. Азыр да ошол эгин майданында орокчулар куланөөк таңдан караңгы түнгө чейин, уюп сыздаган белин жазбай, орок тартып, жерге түшкөн ар бир баш машакты кымындай балдардын колдору терүүдө. Ошол күндөрдө биздин баардык тапкан – тергенибиз – фронттуку, ал биздин жеңиш үчүн берген тер менен каныбыз.

Али да эсимде: жаш өспүрүм мен ошондо карылуу жигиттер көтөрүчү каптарды ийниме салып, каптын бир бурчун тишим менен кошо тиштеп, өйдө чыгып бара жатканда, кабыргам кайышып, көзүм тунарыктайт. Кадам сайын траптын тактайлары ийилип, кампанын чаңдуу деми өпкөнү кысат. Нечен – нечен жолу алдан тайып, жонумдан ылдый жылбышып бара жаткан буума капты ыргытып жиберип, өзүм да траптан кошо кулап түшсөм деген ойлор кетчү. Бирок, артымда кап көтөргөн киши бар. Ал деле мага окшогон бала же болбосо, төрөп – түшүп жүргөн аял чыгаар. Эгерде согуш болбосо, мындай оор жүктү буларга ким көтөртмөк эле? Эркек мен эмес, аялдар ошентип бел байлап иштегенде алсыздык кылууга акым бар беле?

Тигине алдыда Жамийла жеңем кетип бара жатат.Этегин кыстарып,багалектерин өйдө түйүнгөн Жамийланын кара тору толмоч балтырлары булчуң түйүп, толорсук тарамыштары үзүлүп кетчүдөй чыңалган. Жүгүн жеңилдетейин дегендей,Жамийла каптын астында бүгүлө ийилип, бат-бат басат. Кээде гана менин күчтөн тайып бара жатканымды сезгенсип, ал токтоло калат да:

-- Чымыркан, кичине бала, аз калды! – деп коет. Бирок, өзүнүн да үнү ошондо муунуп киркирейт.

Каптагы буудайды кызылдын төбөсүнө төгө салып, биз кайра тартканда алдыбыздан Данияр кезиге турган. Адатынча эч кимге кошулбай, ал унчукпастан салмак менен бутун сылтый басат. Биз жандаша тушкөндө, оор тарткан боюн керип, көйнөгүн бырыштарын жазып келе жаткан Жамийланы Данияр энкейген калыбында кабактын астынан кыйык тиктеп өтөт. Ал аны биринчи жолу көргөсүп, ар дайым ушунтип карайт. Бирок, Жамийла муну оюуна да алчу эмес. Биз бирге кошулуп иштегенден баштап, ал экөөнүн ортосундагы мамилеси ушул: Жамийла кээде анчейин тамаша үчүн тигиге үстөмдүк менен күлө сүйлөсө, кээдэ анын бары-жогун такыр эле унутуп салган өңдүү, эчтеке дебейт, карап да койбойт. Бул өзү Жамийланын көңүл иши.Көңүлү келсе жолдо келе жатып Жамийла мени: “Айда аттарды, кичине бала, кеттик!”—деп үдөп коет да, отурган жеринен өйдө тура калып, камчыны үйрө кыйкырып, арабаны айдайт. Мен дагы калышпайм. Көз ачып- жумгандын ортосунда, жол баштап алдыда бара жаткан Диниярды биз кууп өтөбүз. Чаңдын баары Даниярга капталып, ал артта калат. Бул өзү тамаша болсо да, адамдын ачуусу келе тургандай жорук. Ошенсе да Данияр таарынчу эмес. Чаңды буркуратып, биз жанынан өтүп бара жатсак, ал айыптуу немедей жай эле күлүмсүрөп, арабада тикесинен туруп, аттарды оңдоп солго камчылап , каткырып айдаган Жамийланы, унчукпастан таңыркап карайт. Кантип жатат болду экен деп, артыма кайрыла калам: тумандай коюу чаңдын арасында да Данияр ыраазы болгондой Жамийладан көзүн түшүрчү эмес. Анын ошол таңыркаган көзкарашында жаш баланын шоктугун мейличи эми деп кечирген өңдүү мээрим да, ичтен тымызын күйүт чегип, эчкимге сыр айтпай, тарткан санаа да бар сезилет. Жамийланын ушундай жоруктарын, какшыктап күлгөнүн, жада калса аны теңине албагансып, жанында жүрсө ага карабай, сүйлөбөй коюушун Данияр эч бир көңүлүнө албаган сыяктуу, баарына чыдап бир да жолу сөз кайрыган жок. Адегенде даниярга менин боорум ооруп:

-- Ай, койчу ушуну!—деп колун шилтеп күлчү.

--- Бекер жүргөндөн көрө тамаша да! Аны эмне кудай алмак беле ошондон!..

Жүрө—бара жеңемдин бул тамашасына мен да кошулдум. Анткени Данияр Жамийлага өтө эле кадала карай турган болду. Өзгөчө Жамийла кап көтөргөндө, ал иш арада, токтой калгансып, көзүнүн кыйыгы менен аны карайт да турат. Ар ким эле өзүнчө убарланып, жумуш менен алек болгон көпчүлүктө мунусун эч ким байкабайт деп ойлойбу, айтор, үнү кардыккан арабакечтер кыйкырышып, ат- араба тыгылышкан базар сыяктуу тополоңдуу короосунда, жалгыз эле Жамийла элден башкача жаралгансып, канчалык кыйналса да, ээн-эркин жердегидей элпек кыймылдап, жайдары күлүп, чын эле көзгө көрүнбөй койбойт экен. Арабанын кырына тикесинен тургузулган буума капты Жамийла чалкалай берип, артынан караганда, бүт денеси ийиле созулуп, мойну, көкүрөгү керилип, күнгө күйгөн кара күрөң чачтын өрүмдөрү узара түшкөндөй, артына салмактанып, чала жумган кирпиктердин арасынан көздүн каректери жалт эте түшөт. Ошондо кап көтөргөн Жамийла кампанын эшигине жеткенче, Данияр аны жанагы үңүрөйө таңыркаган көз караш менен байкатпастан карап узатат. Бирок, мен муну байкап эле жүрдүм. Башта анча көңүлгө албасам да, кийинчээрек барып Даниярдын минтип жеңеме кызыгып караганы мага жакмак турсун, намысымды келтирип: эч кимге ыраа көрбөй кызганган жеңеме, башкалар го мындай турсун, Данияр дегенди кантип эле тең көрөт элем.

“ Тигини, ушунун да Жамийлада ою бар болсо керек, анан башкаларга сөз барбы! Ой тооба!” – деп ачуум келип кыжырланып жүрдүм.

Даниярды эми момун деп аямак турсун, аны жек көрө баштадым. Ушунтип улам мен дагы жеңеме кошулуп, аны шылдың кала турган болдум. Бирок, биздин бул жоруктарыбыздын аягы уяттуу болуп чыкты.

Эгин ташыган каптардын арасында таардан тигилген, жети пуддук бир чоң карала кап бар эле. Аны ар дайым жеңем экөөлөп кампага жеткирип, жерге төкчүбүз,-- анткени, бир кишинин алы келе тургандай эмес болучу. Бир күнү кырманда арабаларга жүктөп жатып, жеңем экөөбүз жанагы карала капты Даниярдын арабасына таштап, үстүнө башка каптар менен бастырып койдук. Чыны, кантер экен деп, тамаша кылдык.

Ушунтип, күн чыга кырмандан жол тарттык. Жолдо орус кыштагында бирөөнүн багына кирип, Жамийла экөөбүз алма уурдап чыктык да, жол катары каткырып күлүп келдик: Жамийла Даниярды “тос”—демиш болуп, аны алма менен уруп келатты. Алма түгөнгөндөн кийин, биз адатыбызча Даниярга чаң каптапып, жанынан өтө чаап, бир топ узап кеттик. Данияр бизди капчыгайдан чыга кууп жетти. Темир жолдун өткүчү тосулуу экен, ачылышын күтүп турганбыз. Бул жерден станцияга бирге бардык. Мына ушулардын ортосунда жанагы жети пуддук кап эстен чыгып да калыптыр, оюубузда эчтеме жок, эгинди ташып бүтүүгө жакын калганбыз. Бир убакта Жамийла мени кабыргага түртүп Даниярды карай көзүн кысып, күлүп койду. Данияр арабанын үстүндө турган экен. “ Муну кандай кылсам?” – дегендей жанагы чоң капты тияк—биягынаникарап, Жамийланын күлкүгө какала түшкөнүн байкай койгондо, заматта кумсарып түнөрдү, - сынап жатканыбызды түшүндү окшойт.

-- Ай, неме, шымыңды өйдө тарт, шыпырылып калбасын! – деди, кыткылыктап тамашалаган Жамийла.

Данияр аны жаман көзү менен акырая бир карап алды да, капты нары—бери булкуп, арабанын кырына тургуза салып, бир колу менен сүйөй берип жерге секирип түштү. Биз “а-бу” дегенче болбой, зылдай болгон капты жонуна силкий көтөрүп эңкейген Данияр, кампаны көздөй басты. Адегенде, биз кантер экен деп, байкамаксан болуп, сыр алдырган жокпуз. Башкалар болсо, Даниярга сыра да көңүл бурушкан жок: элдин баары кап көтөрүп жүрбөйбү, ким менен кимдин иши бар эле. Данияр трапка жакындай келгенде, Жамийла артынан жетти:

-- Муну кайда алпбарсың, соосуңбу, ташта ушул жерге, тамашаны түшүнбөйсүңбү?

-- Тур нары! – деп, Данияр аны кагып салды.

Шагы сынган Жамийла күлүмүш болуп эле, тиги тиги трап менен өйдө чыга баштаган Даниярды ртынан карап:

-- Карасаңай, өлөрманын, көтөрүп бара жатат! – деп, айыптуу немедей бүдөмүк күлүп сүйлөндү. Жамийла ошол бойдон кыткылыктап күлө берди, бирок барган сайын анын күлкүсү суз тартып, ал өзүн-өзү зордоп күлдүргөнгө окшоп жатты. Данияр тигиндей барып эле, жарадар бутуна күч келип, аксай баштаганда, биз аны кандай азапка салганыбызды ошондо түшүндүк.

Даниярдын буту жарадар экенин эмне үчүн мурда ойлободук экен? Ай, менин балалыгымай! –Муну ойлоп чыгарган мен эмес белем!

-- Кайт артыңа! – деп жиберди Жамийла, күлкү аралаш кыйкырып. Бирок, артка кайтууга кеч болуп калган, Даниярга удаа кап көтөргөн кишилер чубай келди.

Мындан ары эмне болгонун эсим чыгып, өзүм да жакшы билбей калдым. Менин бир көргөнүм эле Данияр. Көз алдымда ошол сабадай лыкыйган чоң карала кап. Данияр анын астында бүгүлө ийилип, трап менен өйдө чыгып бара жатат. Жарадар бутун ал суйрөй сылтып, ага анча күч кетирбөөгө аракеттенген менен, улам жаңыдан кадам шилтегенде, ооруганына чыдай албай тиштене калып, башын чулгуйт. Данияр жогорулаган сайын, үстүндөгү зор карала кап, жонуна минип алган жандуу немедей, аны оңдон солго теңселтип жатты. Жеңем экөөбүздүн бул ойлобой кылган кылыгыбызга ушунчалык уялып эсим чыкканынан денем өлүп, калчылдап кеттим. Данияр эмес кап көтөргөн мен, ошол сыздап ооруган бут меники сыяктуу, ал теңселгенде кошо теңселгенсип, көзүм караңгылап жатты.

Тигине Данияр токтой калып, ээрдин кесе тиштеп, көзүн жумду. Менин да башым айланып, жер көчүп бара жаткасыйт. Бир оокумга эсим оогондой, эчтеке билбей калдым.

Кимдир бирөө билегимден карыштыра кармап, сындырып жиберчүдөй болду. Мындай карасам Жамийла экен. Өңү жууган чүпөрөктөй бопбоз, эриндери мурдагы күлкүнүн элесин сактаган бойдон чала ачыла берип, көзүн Даниярдан албай, телмирип калыптыр. Биздин жаныбызга кампачы да, башкалар да жүгүрүшүп келишкен экен. Алар эмне болгонун жакшы түшүнө бербей, Даниярды карашат.

Мына Данияр жүрүп бара жатып, ылдый жылбышкан капты оңдөйм деп, аны өйдө силкти эле, туруштук бере албай тизелеп жыгыла баштады.

-- Ташта! Ташта капты! – деп кыйкырып жиберди Жамийла. Данияр тил алган жок. Капты алда качан эле траптын четинен кулатып жиберсе болмок, ал анда арттагыларды да коюп кетпес эле, бирок өжөрлөнүп көтөргөн Данияр аны кылбады. Жамийланын үнүн укканда, ал кайра чымыркана калып, илгери умтулду. Азыраак барып, дагы кетенчиктеп теңселе бергенде, кампачы жаны чыккандай бакырды:

-- Ташта, ташта дейм, иттин баласы!

-- Ташта! – деп, башкалар да кыйкырышты.

Данияр бул жолу да өз дегенин бербей, нарыдан бери уруна, чайпалып, алга басты.

-- Ой, мунуң таштабайт, айтты дей бер! – деди тургандардын бири, ошого көзү жеткен немедей колун шилтеп. Жалгыз ал гана эмес, жаныбызда тургандар да, кап көтөрүп Даниярдын артынан трап менен кошо чыгып бара жаткандар да, бул иштин тегин эместигин, мында бир сыр бар экенин, Данияр кап менен кошо кулап түшпөсө эле, ал аны эч убактта коё бербеси түшүнүштү окшойт.

Бир оокумга сөз жок, үн жок унчукпай калышты.

Кампанын сыртында эшелонду ордунан козгоп, паровоз күүлөнүп вагондорду кагыштырууда. Өргө жүк сүйрөгөн аттай жата калып, Данияр траптын бийигинде. Теңселип жыгыла баштаганда, ал токтой калып күч жыйнап, кайра алдыга утурлайт. Даниярдын артынан келе жаткандар анын ыгына көнүп, ал токтогондо туруп калышып, ал басканда басышат, Даниярга каралап, алар да кубаттан тайып, кара терге түшкөн. Бирок, бири дагы аны сен деп, ооз ачып тилдеген жок. Ашуунун тайгак жолунда бири- бирине кармашып келе жаткандай: кап көтөргөндөр үнсүз тилсиз аракетте. Эгерде бири жаза тайып учуп кетсе, башкалар да анын артынан учуп кетчүдөй сезилет. Алардын ушул үнсүз кыймылында кандайдыр бир оор салмак, бир ооздон чыккан дем бар: Даниярга удаа келе жаткан аял буту чалыгып, жыгыларына аз, бирок ал кудайжан өзүнө эмес Даниярга кубат сурап, ал үчүн арбактарга сыйынып жаткан өңдүү, ага боор ооруп карайт. Мына эми аз эле калды, Данияр дгы чымырканса, траптын түз жерине жете бара тургандай. Ушул учурдаалдан өткөн Данияр жарадар бутун аярлаганга чамасы келбей шалактап үстүндөгү капты коё берсе, жыгылганы эле калды.

-- Жүгүр! Артынан сүйөп жибер! – деди мага Жамийла, өзү болсо Даниярды тосуп алчудай, шашканынан ага колун сунуп көтөрдү. Мен трап менен өйдө жүгүрдүм: Кап көтөргөндөрдүн арасынан сыгылып, көйнөгүмдү мыкка айрытып, Даниярга жете бардым. Жонуна жүк аркалап, эңкейген калыбында Данияр колтуктун астынан мени бир карап алды. Бетинен жыш тер куюлуп, маңдайындагы кан тамырлар жарылып кетчүдөй кабарган, көзүндө – каар менен жаш толгон.Даниярга жардамдашайын деп умтулдум элем:

-- Тур нары! – деди ал заардуу киркиреп, анан капты өйдө силкип, жанын оозуна тиштегендей, акыркы күч менен андан- мындан аттап, алдыга жүткүндү.

Шишиген салмактанган колдору шалдырап, бутун сүйрөп Данияр траптан түшкөндө, төмөндө күтүп турган эл, унчукпай тең бөлүнө берди. Жалгыз гана кампачы токтоно алган жок. Ачуусу келген бойдон ал Даниярга жулкунду:

-- Сен эмне бала, жиндеп кеттиңби, яа? Же мен ошончо ит белем: бир ооз айтсаң, алдгы жерге эле төктүрүп салбайт белеӊ? Ким айтты сага ушундай каптарды көтөрөсүң деп?

-- Ишиң болбосун өзүм билем – деди Данияр жай гана, анан чырт түкүрүп коюп, арабасын көздөй басып кетти. Жамийла артынан шыбырады:

-- Тамашаны түшүнбөгөн акмак?

Ушуну айтканы менен өзү башын өйдө көтөргөн жок. Дзге эмне десе да, анияр аны уктубу, укпадыбы, бирок азыр кайрыла калып, бизге эмне десе да, жеңем экөөбүз анын бетин тик карай албас элек.

Айылга кайтып бара жатып, жол катары бирибиз да ооз ачып сүйлөгөн жокпуз. Данияр үчүн бул көнүмүш иш,-- ал ансыз да сөзгө сараң, ошондой болсо да бүгүнкүсү бизге катуу тийип жатты: же анын биротоло жүз карашпай таарынганы ушубу, болбосо ак көңүлдүк кылып, жанагы болгондорду алда качан унутуп да койдубу, айтор ким билсин аны? Биздин унчукпаганыбыз го түшүнүктүү: бир чети уялгандан жер карап, бир чети ороюраак болсо да, арам санатайым жок тамашаны Данияр чын көрүп, көңүлүнө жакын алганын жактырбай келе жаттык.

Эртең менен эгинди капка салып жатканда, Жамийла жанагы кырсыктуу карала капты алды да, буту менен басып туруп, тигиштерин эки колдоп айрып – айрып жиберди. Бөлөк – салагы чыккан таарды ал таразанын алдына ыргытты: -- Ме, ал алдагы таарыңды! Бригадириңе да айтып кой, экинчи мындай капты берчү болбосун!

-- Ой, сен өзүң соосуңбү, бул эмнең?

-- Эчтеке эмес!..

Ысык-Көлдө төрт мезгил

Жазын көрдүм. Ысык-Көлдө жаз жыргал,

Түрүүлүктө көлдүн жазын көрүп ал.

Куулар кетип, жаңы кетип аңырлар,

Бүрүн жарып, гүлдөр кезде кайың-тал.

Каттар-каттар сабын түзүп турна өтөт,

Карлар эрип, кырлар жашыл, талаа көк.

Кара торгой таңдайынан үн безеп,

Үпүп учуп көңүлүңдү көтөрөт.

Таңды кечке тракторлор тытырлап,

Кошко кирип, сокожиреп семиз ат.

Колхозчулар жаз келди деп кубанып,

Колго тиет багынычтуу кызмат.

Жайын көрдүм, күнгөй-тескей жайкалып,

Мал тоюнган жайлоо кезин айталык.

Сугат, отоо, апийимди суюлтуу,

Кандай сонун, кандай кызык чөп чабык.

Түш мезгилде кымыз келет тоо жактан,

Бир кишиге бир-бир керме аяктан.

Күлкү... шылдың... тамашалоо өз ара,

Кандай жумуш, кантип түтөт каяктан!

Күзүн көрдүм, Көл элинде береке,

Капа болот, барбай кетсең жеңеке.

Ар бир адам кумар болот өзүңө,

Мейман тосуп, аш-тамагын бермекке.

План толуп, эмгек тийип жүз пуддан,

Дагы тиет кошумча эмгек кырк пуддан.

“Көмөч болбойт, күйүп кетет экен” деп,

Кызыл кыздар нан бышырат дандырдан.

Колхоздорго алкыш келип обкомдон,

Тууну берип жакшы ишине райком.

Колхозчу ата тойго барам бүгүн деп,

Атка минет жутуп алып бозодон.

Кышын көрдүм, Ысык-Көлдө кыш жакшы,

Ак кар басып аппак кылып кыштакты.

Жаш бөбөктү апасы уруп чыгарбай,

Терезеден карап турат тыш жакты.

Кыш өкүмү баскан менен кырларды,

Колхозчуда токчулуктун жыргалы.

Түн мезгилде көлдүн аркы четинен,

Көп угулат кыз-жигиттин ырлары.

Мына ушундай—Ысык-Көлдө төрт мезгил,

Кайгы –капа,жаманчылык жок эч бир. Көдүн көркү чабал акын Алыкул Ойдогудай жаза албаптыр ээ деп бил...


Сарыбайдын бүркүтү


Дайым жылуу кан чокуп көнгөн буркүт чыгы кеткен өлүү жемге алымсынабы? Үмут кылып, мүнүшкердин үшкүрүгү чыккан жакка талпына ачуу шашып, саноор жүндөрүн түктүйтүп, темир канат балапандай оозун ачып жалынычтуу кыйкылдап жиберип турду. Жакшы көргөн кырааны карыптай суранып отурганына чыдай албай Сарыбай мүнүшкөр тескери карай берди.

- Эртең эмнени бердим? Бүрсүгүнү эмнени бердим? Ал далысын үңкүйтүп, айласы түгөнүп, шалдырап турду. Кылар арга кайсы? Эптеп бир аракет кылуу керек. Тырмалануу зарыл.

Сарыбай көңүлү түтүп отура албай, айылдын үстү жагындагы калың арчалуу кадууга чыкты. Барып өгүнтөн бери үзбөй ар жерге коюп жүргөн кыл тузактарын карады. Бири да бузулбаптыр. Сокур чычкан да жорголоп өтүп койбоптур.

Узун кыштын оорчулугу кол караган мал түгүл тоодогу айбанаттарга да катуу өткөн эле. Кекилик, кыргоол,чил жер карайганга жетпеди. Бир жагынан кар, суук кысса, бир жагынан ачтык кысты. Турган жеринде, жаткан жеринде карга кошо тоңуп, түлкүлөргө, ири тумшуктарга жем болушкан. Кийиктер көздөрүн жайнатып короолорго кирип келишип, көбү адамдардын бычагына урунду, көбү кары жеңил пас тарапка ооп кетишти. Мына жер карайды. Көк да чымырады. Буту жеткен жеринен Сарыбай бир да илбээсин жолуктура элек. Жердин куту качтыбы? Сарыбай темтейип чарчап кечинде үйүнө келди. Эшиктин көзүнөн зайыбы Сүйүмкан ага үмүттүү карап: --- Соога, мүнүшкер, соога,-- деп тосуп алды. Эмне демекчи? Кеберсиген эрдин ырсайтып кайгылуу жылмайды.

Кең үйдүн оң капшытында мойнун кайрып, тумшугун жогдор жүндөрүнүн арасына катып, туурунда үргүлөп отурган бүркүт мүнүшкеринин дабышын сезип, зор канаттарын далдайта сары ооз балапандай жем тилеп кыймылдап үн салды. Томоголуу болучу. Мойнун созуп-созуп мүнүшкеринин кай тушка отурганын тушмалдап талпына берди. Бүркүттүн үнү чөгүп бараткандай алсыз угулду Сарыбайдын кулагына. Ач! Ачтык кубатын алып алсыратып бараткан экен. Сарыбайдын ичи сыйрылды.

--- Мүнүшкер, ушуга убал болуп кетти.Эртеден кечке шырп эткен дабыш угулса ошол жакка талпынат. Кыйкылдап жем тиленет. Же бере коёргобир үзүм бирдеме болсочу. Үмүт үзүлгөндө, байкуш жаш балача кыңылдап, канатын түшүрүп шалдырап калат... Ушуну коё берсеңчи, мүнүшкер. Бешенеңде болсо, дагы бир бүркүт табылар, коё берсеңчи ушуну кыйнабай...—деди Сүйүмкан.

--- Туураң жыртылып кетте турган болду өзүңдүн да... жем издеп жүрүп...

--- Ой, катын ай, эмне деп отурасың?!

Сарыбай таарынгандай кабагын бүркөп, ого бетертунжурап отуруп калды. Коё бер? Не күндөргө туш келип турганы менен, ал мүнүшкер да. Өз колунда он түлөткөн, алгыр кыраакы кушу. Өз санынан эт кесип беришке барса барар, кантип коё бере алмакчы? Бул буркүт тилсиз макулук болсо да Сарыбайга жолдош, үйдөгү бүлөнүн бири катары! Сарыбайды жок табылгыс санаалар эзди.

Сүйүмкан ашкананын оозунда күйпөңдөп тулубунан талкан алып жатып:

--- Аштык да бүтүп баратат,-- деди кейиштүү, -- бир эле биз эмес, төрт үйлүү туугандарынын баарында эчтеме калбады. Биздин үйдү эле тиктеп турушат. Мына, бизде болсо, жетсе жарым айга жетер, тулуптун түбүндө биртке сырмак калды. Жылдагыдай ак мүрөөн болгондо, кичинеден жыт кылып турганга ушу деле жетет эле бышыкчылыкка дейре. Жылдагыдай ак кана?..

--- Болду! Мынча шишке саясың мени!—деп жарылып кетти Сарыбай. Көпкө дулдуюп отуруп, акыры түтпөй Мадылды чакырты.

Салам айтып эшиктен Мадыл кирди. Сарыбай шалдырап отурган калыбында башын ийкеди.

--- Бир туугнаным, -- деди Сарыбай бир убакта Мадылбайга, -- бүркүттүн жеминин камын мен көрөйүн ...

--- Ал улутунуп алды.

--- Туугандардын колундагы быдыры жуттан чыкпай калды. Эмне кылабыз, көпкө келген оопат. Күн сайын билинип ачарчылык келатат. Уктуңбу? Бүркүттүн жеминин камын мен кылайын. Сен оокаттын камын кылсаң болор эмес, бир тууганым...

--- Сарыбай бүркүт кондуруп жүргөн жаргак кол кабын Мадылдын алдына таштады.

--- Ме, көк өзөн боюна түшүп, ушуну алдың таштап, Теңирберди авама менден салам айт. Бир улоо дан берсин. Жакшы эле алдашпай алака кылып жүргөн жер эле. Куру кол кайтартпайт. Теңирберди жай билген адам. Түшүнүшөт жайыбызды. Ушундай деп эле ачык айт: колубуз жер алдында калбас ушул бойдон, таба –тута кутулабыз де.

--- Аке, улоонун айласын кандай кылабыз?

Сарыбай күлдү:

--- Оболу барчы.

Жаш жигит Бекназар дасторкон жайып, таза бышкан козунун этин шала-шала кылып,башын Мусулманкулдун алдына тартты. Тик турган аюудай зор чаначты булкуп-булкуп, буркураган жыттуу кычкыл кымыздан улуулата сунуп отурду.

-- “Бий мырза го өзүнө жараша сыйда. А бу балакайын көрүп ал...”деп качкын аталык тиги кең көйнөккө көкүрөгү батпай бели ичке, илбирстей ыкчам жигитке тымызын көз таштап отурду.

Кымыз тынымсыз ичилди, эт желди, кеп узарды.Бирок эки жагынын тең жүрөгүнө келип турган Бир мерте,Нүзүптүн өмүрү жактан кепке өтүшпөдү.Булардын ысый албай турган көңүдөрүн ого бетер тоңдуруп коё турган жалгыз окуя ошол болучу.

Өмүрүндө чөгүп көрбөгөн катуу баш адамдын үнү каргылданып чыкты.

-- Э... Мага асылган киши көп болгон... Бир мерте, баягы кабарыңар бардыр, өзүм көтөрмөлөп Намангенгебек кылып койсом, Мирзат деген шумшүк Эки-Суу- Арасына туугандарга келген жеримде Төрө – Коргон аскерин бүт баштап барып, өзүмдү байлатып алып ордого алып барса болобу. А туз ургур (Кудаяр ханды айтып жатат) алдаса, шумдарга макул деп коюуптур да. Ордого алып барды. Жаркын айым арачы түшүп куткарып калды. Бирок, кутумдар амалымды алып, өзүмдү ордого экинчи катышпа деп, кыштакка айдап жиберишти. А мен кудай деген кул элем. Жыл айлантпай күчтү жыйнап туруп, Коконго жүрүш кылдым. Шүмшүк Мырзашты Кокондун чоң дарбазасынын башына астырып таштап, ордого кайра кирдим... Душмандарга дайым сак болосуң. Душмандын душмандыгы белгилүү.А туугандын душмандыгын качан токмогу чокуңа тийгенде билет экенсиң. Өткөн жылы Нармамбет мага каршы баш көтөрүп калды капилеттен, Ташкенттеги аскер гана эмес, Чымкент, Сайрам, Түркстан, Олуя-Атадагы сыпайларды өзү жагына тартып алып чыкты. Мен ордонун негизги күчүн баштап, туз ургурду кошуп алып Нармамбеттин алдын тосуп бардым. Эки кол бетме-бет келгенде туз ургур, кеч күгүүмдө байпастатып Нармамбет жакка качып кетиптир... Хан деген аты бар да, Хан Нармамбетке өтүп кетиптир десе, аскердин арасы кыйла тополоң болиок. Ошондо да багыма сыйындым. Жан адамга билдирбей туруп, таң тык салары менен Нармамбетти селдей каптап кирдим. О... Мен дагы кудай деген кул элемин. Нармамбеттин колун быт-чыт кылдым. Ал качты. Туз ургур уурулугу кармалган мышыктай бүрүшүп, алдыма кайра калдым. Ошондо жок кылсам болор эле. Ошондо тиги Бухарада тентиреп жүргөн Мала бекти чакырып алып такка коюп, бу ант ургурду көзүн чукутуп таштап, мусапыр кылып бир мечиттин ичине отургузуп салсам колумдан келет эле. . . Ха, бышпаган б













Тема: Этиш сөз түркүмү


Сабактын максаты: Этиш сөз түркүмү боюнча жалпы түшүнүк берүү

Этиштин грамматикалык категориялары, түзүлүшү жана жазылышын билишет. Текст менен иштешет (топто, жупта), морфологиялык, синтаксистик талдоо жүргүзүшөт.

Жупта, топто иштөө менен бири- бирин сыйлоого, сүйлөмдөр аркылуу эмгектене билүүгө көндүмгө ээ болушат.


Лекцияда аткарылуучу иштер

Баалоо критерийлери

  1. Этиш сөз түркүмү боюнча жалпы маалымат.

  2. Этиштин грамматикалык категориялары.

  3. Этиштин түзүлүшү жана жазылышы

  • Этиштин сөз түркүмү катары белгилерин билсе;

  • Этиштин маанилик ж-а грамматикалык топторун атаса;

  • Этиштин сан категориясы б-ча мисал келтирип жаза алса;

  • Этиштин чак категориясына мисалдарды жазса;

  • Этиштин мамиле категориясын башка категориялары м-н салыштырып, мисал келтирсе;

  • Этиш сөздөрдүн жазылышын өздөштүрсө.


Сабактын жабдылышы: плакат,маркер, текст, карточка.

Сабактын тиби: жаңы материладарды өздөштүрүү .

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу


2. Өтүлгөн теманы эске түшүрүү.

3. Жаңы тема: Этиш сөз түркүмү

а) топторго бөлүү (4топ) б) текст таратуу (20 мин.) в) коргоо (5-7 мин)


  1. Текст. Жалпы маалымат

Жөнөкөй жана татаал этиштер

Негизги жана жардамчы этиштер, татаал этиштердин түрлөрү

Этиштик сөздөрдүн маанилик топтору

Этиштин оң жана терс түрү

Өтмө жана өтпөс этиштер

  1. Текст. Этиштин мамилелери: негизги мамиле

Өздүк мамиле

Туюк маимле

Кош мамиле

Аркылуу мамиле

  1. Текст. Этиштин ыңгайлары: Баяндагыч ыңгай

Буйрук ыңгай

Шартуу ыңгай

Калоо-тилек ыңгай

Мамиле-ниет ыңгай

  1. Текст. Этиштин жак, чак категориялары

  2. Текст. Этиштин морфологиялык жол менен жасалышы.

Алган билимдерин бекмдөө жана ой жүгүртүү үчүн суроолордун

топтомунсунуш кылса болот:

  • Этиш деп кандай сөздөрдү айтабыз?

  • Жөнөкөй жана татаал этиштер. Татаал этиштердин түрлөрү

  • Неизги жана жардамчы (көмөкчү) этиштер. Жардамчы (көмөкчү) этиштер кандай кызмат аткарат?

  • Этиштин маанилик топтору.этиштин оң жана терс маанилери.

  • Этиштердин өтмө жана өтпөс маанилери.

  • Мамиле категориясы.

  • Ыңгай категориясы.

  • Чак категориясы

  • Жак категориясы

  • Этиштин түрлөрү боюнча кыскача чыгарма жазгыла.


Үйгө тапшырма: Этиштин өзгөчө формалары


Студенттердин билими сабактын максаттарына берилген көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат.


















Этиш


1.Этиш сөздөрдүн түзүлүшүн белгиле: Акырында бөкөндөр күтүп турган аткычтарга туш келе калды.

а) жөнөкөй б) тубаса в) жай г) татаал


2. Негизги этишти белгиле: Өзөндүн баш аягына агылып, эл келе баштады.

а) агылып б) баштады в) өзөндүн г) келе


3.Сүйлөмдөгү этиш сөздүн синтаксистик милдетин белгиле: Ажар жол жүрүп келе жаты, арт жагынан бөрүнүн улуганы, үргөнү угула баштады.

а) аныктооч б) баяндооч в) ээ г) толуктооч


4. – ыл (берилген) мүчөсүнүн сөз түркүмү:

а) кош мамиле б) өздүк мамиле в) аркылуу мамиле г) туюк мамиле


5. Этиштин баяндагыч ыңгайды белгиле:

а) ойногула б) ойносок экен в) ойнодум г) ойносок


6. кыймыл – аракетти иштөө үчүн болгон ниетти билдирген этиш сөздөрдүн ыңгайын белгиле:

а) ниет б) шарттуу в) буйрук г) баяндагыч.


7. “жазмакчы” этиш сөзүнүн ыңгайын белгиле:

а) каалоо-тилек б) ниет в) буйрук г) баяндагыч


8. Кыймыл-аракет иштөөчүнүн өзүнө багытталгандыгын же өзү үчүн иштелгендигин билдирген мамилени белгиле:

а) кош мамиле б) аркылуу мамиле в) туюк мамиле г) өздүк мамиле


9. –ыш мүчөсү уюштурган этиштин мамилесин тапкыла:

а) өздүк б) негизги в) кош г) аркылуу


10. Өткөн чакта турган этиштин өздүк мамилеси:

а) өтүндүм б) келет в) чыгышат г) берди