Балдар адабиятындагы Манас баатырдын салттары
План:
1. «Манас» - педагогикалык улуу эстелик
2. «Манас» эпосундагы ат коюу салтынын башаты
3. Бала Манастын салттарынын бүгүнкү балдарга тийгизген таасири.
“Макал-ылакптар – социалдык-этикалык тарбия үчүн; табышмактар- акыл эс тарбиясы үчүн; ырлар-эстетикалык, патриоттук тарбия үчүн; жомоктор болсо- баары үчүн”-деп макал-ылакап, табышмак, элдик ырлыр жана жомоктордун педагогикалык кызматын так көсөтүп жазган этнопедагог В.С.Кукушкин.
Тарбиянын комплекстүүлүгү элдик тарбияда да, илимий педагогикада да,анын ар тараптуулугун эске салат да, анын ичинде тарбиянын бардык түрлөрүн көз алдыга алып келет, келечектеги кыргыз баласынын идеалдуу модели туурасында ойлонууга түрткү берет. Ал үчүн адегенде, элдик оозеки чыгармалардагы жана элдик үрп-адат салттарыбыздагы урпактарга коюлуучу нравалык-этикалык талаптарга, элдик мүдөөлөргө, деги эле, тарбия деген эмне ушуларга сөз учугун буралы.
“Манас” эпосу жөнүндө окумуштуулардын ойлору жалпы эле элибиздин оозеки чыгармаларына тиешелүү баа экендиги талашсыз т.а. баатырдык жана эл үчүн жасалган ак кызмат- бул тарыхый өнүгүнүн катаал шарттарында пайда болуп, элдин каны-жанында жашап-өнүгүп, кыргыздардын улуттук аӊ сезиминин бекемделишине таасир берген мүнөздүү өзгөчө белгилер элибиздин балдар үчүн жараткан чыгармаларында да камтылган моралдык бийик принциптер жана этикалык чен-өлчөмдөр болуп саналат.
Элдик чыгармалар т.а. жомоктор, макал-ылакаптар кайсы бир доор, мезгил үчүн гана кызмат кылбайт, алар түбөлүктүү. Ошондой эле ал чыгармалар адамдардын кайсы бир катмарына, аял же эркек, жаш же кары үчүн бөлүнбөйт. Элди түзгөн ар бир инсан үчүн алар баалуу рухий мүлк болуп саналат.
Алардын негизинде жаткан “жеткилеӊ”, “жетик” үлгү адамдын образы- бул элдик моралдык-этикалык идеал экендиги талашсыз.
“Манас” эпосундагы образдар жана накыл кептер аркылуу чагылдырылган ак ниеттик, чынчылдык, эр жүрөктүүлүк, жөнөкөйлүк, жолдошчулук, элге кызмат кылуу, эмгекчилдик, улууну урматтап, кичүүгө ызат кылуу, дотукту баалоо, жупунулук, ар-намыстуулук, адептүүлүк ж.б. сыяктуу сапаттар элди жаман жактардан коргоп калган жана бүгүнкү күнгө чейин коргоп келет.
Демек, элдик педагогиканын негизги максаты элдүүлүктүн очогун сактоочу карыялар, нарктуу байбичелер, сөз билген чечендер, акындар, насаатчы-нарктуу улуулар, таза дилдүү мырзалар, эне-аталар, ага-эжелер улам кичүүлөрдүн рухий да, физикалык жактан соо өсүшүнө кызмат кылуу болуп эсептелген жалпы эле адамзатка тиешелүү асыл сапаттар, атап айтканда, таза адал болуу, адеп тазалыгы, мээрмандык, сыпайылык, айкөлдүк, кечиримдүүлүк, жакшылык кылуу, улуу-кичүүнү урматтоо сыяктуу гуманизмдик асыл сапаттар мүнөздүү. Жана да, элибизге өзгөчө мүнөздүү бир өзгөчөлүк, оозеки кеп өнөрүнө баа берүү, сөз өнөрүн бийик коюу, бардык чыгармачылык өнөрүн сөзгө батырып, улуу сөздү урматтап, муундан-муунга көөнөртпөстөн сактап өткөрүп берүү салты болуп саналат.
Бул сөз өнөрү – элдик көп өнөрдүн бири гана эмес, ага элдин тарыхы да, келечек мүдөөлөрү да таалим –тарбия салттары да бүтүндөй сыйдырылганы менен маанилүү.
“Эл – акылман педагог”-деп бекер айтылбаган. Ал (эпосто) элдик педагогикалык салттардын молдугуна жана ар тараптуулугуна байланыштуу түшүнүк экендиги белгилүү. Элдик тарбия –таалимдин педагогикалык потенциалынын деӊгээлинин жогорулатуу- анын тарыхый тажрыйбасына жараша экендиги көптөгөн окумуштуулар далилдеп айтышкан.
Кыргыз этнопедагогдору Измайлов А.Э., Алимбеков А, Иптаров С.И.,Уметов Т.Э., Асанов Т, ж.б. өздөрүнүн эмгектеринде белгилеп жазышкан.
Этнопедагогика, жогорудагы окумуштуулардын пикирине таянсак, элдин тарыхый тажрыйбасы да, элибиздин оозеки чыгармаларынын негизги өзгөчөлүгү да, анын негизги функциясы да ушул-аларда элдин турмуш образын, материалдык жашоо шартын, дүйнөгө болгон көз карашын, менталитетин, келечек мүдөөлөрүн, анан да, мына ушундан улам келип чыккан өз урпактарына таалим-тарбия берүү философиясы чагылдырылганы менен маанилүү.
Кыргыз эли да- өзүнүн жашоо образына жараша өз менталитети бар калктардын бири. Ошол менталитетине ылайык элдик таалим-тарбия салты бекем сакталып келген. Анын башаты болгон аталар уулдарына эли-жери, ата салттары менен таанытс, энелер болсо кыз балдарын эне адебине, үй ишине, улуттук тамак-аштарды жасоого, кийим-кечелерди тигүүгө, үй-буюмдарын даярдоого жерден боюн көтөргөн кезинен тартып көнүктүрүүдөн эле баштаган. Ошон үчүн “Атыӊ барда жер тааны, атаӊ барда эл тааны”, “Ата көрсөткөн жер – Ата журт, эне үйрөткөн тил- эне тил”, “Ата көргөн ат минет, эне көргөн ийик ийрийт”, “Ата салтын бил, эне адебин унутпа” .ж.б. деп түркүн накыл сөздөрдү калтырышкан.
Элибиз жөнүндө айтканда, эӊ биринчи ирет тоолуу жердин көчмөн калкы экендигин эске алабыз.
Ал, биринчиден, патриотизм, эл-жерди сүйүү, аны чет душмандардан коргоо, өч алуу; экинчиден, өзлөрү сындуу ак ниет тоолуктар менен достукта жанаша жашоо, меймандос болуу; үчүнчүдөн, жашоо шартына ылайык кол өнөрчүлүктү атадан балага, энеден кызга калтыруу; төртүнчүдөн, мал-чарба күтүп, мээнеткечтик менен күн көрүү, аталардан, энелерден келаткан маданий салттарды унутпай бек сактоо. Элдик оозеки чыгармачылыкта анын ичинде ” Манас” эпосунда тарбия тажрыйбалары элдик үрп-адат, каада-салттарында , мифдерде, жомоктордо, уламыштарда, макал-лакаптарда бекем сиӊирилген. Эртеӊби, бүгүнбү биз күндөлүк практикада таянса таянычы, жөлөнсө жөлөнүчү болгон пратикалык керектөөлөргө айланган.