СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдардын экологиялык маданиятын калыптандыруу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Экологиялык билим берүү

Просмотр содержимого документа
«Балдардын экологиялык маданиятын калыптандыруу»



БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ



Балдардын экологиялык маданиятын калыптандыруу













Жаңы гана көктөп келе жаткан жаш дарактын тамырынын бекем, кубаттуу болушуна ондогон жылдар бою кам көргөн багбан сыяктуу, тарбиячы да баланын Мекенге деген сүйүүсүн, сезимин тарбиялоо жөнүндө кам көрүүгө тийиш. Балада бул сапаттар бала дүйнөнү көрүп, билип, таанып, баалап баштаганда калыптанат.

В.А. Сухомлинский

Жаратылыш назик жана алсыз. Акыркы жылдары булганган жана жансыз көлмөлөрдүн көбөйүшү, жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн жоготушу, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрүнүн азайышы – кооптоно турган маселе.

Азыркы учурда экологиялык билим берүү темасы актуалдуу маселелердин бири болуп саналат.

Максаты:

Мектепке чейинки курактагы балдарга экологиялык билим берүү, балага курчап турган айлана – чөйрөгө кам көрүүгө, аяр мамиле жасоого, анын пайдалуу экенин туура түшүнүүгө багыт берет.

Жаратылыштын кооздугун сезүү, баалай билүү, тирүү жандыктарга кам көрүү сыяктуу экология жаатында белгилүү бир билим берүү.



Милдеттери:

  • айлана- чөйрө менен катар тирүү жандыктардын бири-бири менен тыгыз байланышта экенин түшүндүрүү, баштапкы экологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруу;

  • балдардын коомдо жана жаратылышта адеп-ахлак, жүрүш-туруш ченем сапаттарын өнүктүрүү;

  • экологиялык мүнөздөгү көндүмдөрдү, айлана-чөйрөнү коргоо максатындагы практикалык иштерди, чыгармачылык көндүмдөрдү ата- энелер менен бирге калыптандыруу.



Мектепке чейинки балдар менен өтүлүүчү

иш-аракеттер

Ачык сабактар

Көркөм окуу, ыр жаттоо







Айлана- чөйрөгө саякат жасоо. Экскурсия.

Дидактикалык, сюжеттик-ролдук, кыймылдуу оюндарды ойноо







Жаратылыш бурчунда, бакчада эмгектенүү

Музыкалык жана дене тарбиялык оюн-зооктор







Жаныбарларга жана өсүмдүктөргө байкоо жүргүзүү.

Тажрыйбалык иштер



Ата-энелер менен иштөө

Экологиялык стенддер







Ата-энелер чогулушу, консультациялар



Анкета, сурамжылоо









Ата-энелердин балдарга жардамы



Маалыматтык бурчтар, дубал газеталары





Күтүлүүчү натыйжалар:

Билет

- Экологиялык маданияттын негиздерин;

- Мезгилдердин негизги белгилерин;

- Адамдын табияттагы ордун;

- Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын топторун;

- Жаратылыштагы жүрүм-турум эрежелерин;

- Адамдардын жаратылышка пайда келтирүүчү эмгектерин.

Колунан келет

  • Гигиеналык эрежени сактоо;

  • Өтүлгөн сабактардагы өсүмдүктөр менен жаныбарларды ажыратканды (айрымасын);

  • Табияттын кубулуштарын ажыратуу;

  • Канаттууларга кам көрүү; жем берүү, уясын бузбоо;

  • Карапага отургузулган гүлдөргө, өсүмдүктөргө жана үй жаныбарларына кам көрүү.





Көңүл бурганыңыздар

үчүн чоң рахмат!