Саламатсыздарбы урматтуу окуучулар. Сиздер менен “Балдардын сынагына сынбацсыңбы?” сынагында көрүшүп жатканыбызга кубанычтабыз!
Бүгүнкү биздин чакырулчу конок мектептин 32 жылдык стажысы бар мугалимибиз окуучулардын суроолоруна кандай жооп берет? Кантип алардын сынагынан өтөт? Алдыдагы мүнөттөрдө биле алабыз.
Сынактын жүрүш тартибин дагы бир жолу эскерте кетели. Сынак суроо-жооп ирээтинде өтөт. Атайын чакырылган коногубуз биздин мектепте АЧД жана черчение сабагынан берген, биздин сыйлуу агайыбыз келет.
Сиздер 1-2-3-тарап болуп отурган ирээтиңер боюнча тараптарга бөлүнөсүңөр да, суроону биринчи тараптан баштап бересиңер. Эскерте кетебиз: Суроолор конкреттүү, кызыктуу, мейли көйгөйдү көтөргөн суроо болсун. Суроолор бири-бири менен кайталанбасын жана одоно суроолор берилбесин.
Биздин бүгүнкү сынагыбыздын максаты: окуучулар менен мугалимдердин ортосунда кайтарым байланышты бекемдөө жана ошондой эле көп түйшүктүү кесипте талыкпастан эмгектенип, көптөгөн окуучуларды уядан учурган агай-эжейлерди даңктоо болуп эсептелет.
Анда эмесе бүгүнкү “Балдардын сынагына сынбайсыңбы?” сынагыбыздын коногу мектептин АЧД жана черчение сабагынын мугалими Абдыраманов Кубатбек агайды чакырып алалы. ( музыка кетет )
Саламатсызбы агай? Балдар кандай суроолорду берет деп ойлоп жатасыз?
Балдар ар тараптуу суроолорду даярдап келишкен, жооп бере албай калам деп ойлобойсузбу?
Берилген суроолордун бирөөсүнөн гана баш тарта алганга мүмкүнчүлүгүңүз бар.
Сынактын ачгында ар бир тарапка даярдап келген суроолоруңузду бере аласыз.
Абдыраманов Кубатбек Калыкович
1963-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. 1971-жылы Кызыл-Туу орто мектебине кирип, 1981-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы Пржевальск педагогикалык институтунун көркөм графикалык факультетине тапшырып, 1986-жылы аяктаган. Алгачкы эмгек жолун Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак орто мектебинде эмгек, черчение мугалими болуп иштеп баштаган. 1987-жылы июнь айында Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украина Республикасынын Десна шаарында кызмат өтөп, андан кийин “офицер запаса” курсун Украинанын Конотоп шаарында кызмат өтөгөн. 1989-жылдан баштап Кызыл-Туу орто мектебинде азыркы күнгө чейин иштеп келет. 32 жылдык стажысы бар.
1998-жылы Кызыл-Туу айылынын айыл башчысы болуп дайындалып 2004-жылга чейин иштеген. 2005-жылы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы дайындалып, 2009-жылы бошотур берген. Ушул жылдары Тоң райондук администрациясынын бир нече грамоталары менен жана “Мыкты айыл өкмөтү” ардак грамотасы, “Алма проектисинин” ардак грамотасы, “Муниципалдык кызматтын” 2-класстаргы чини ыйгарылган.
2011-жылы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” төш белгиси менен сыйланган. Ошентип, 2012-2016-жылдары Ак-Терек айылдык кеңешинин днпктаты, ошондой эле бюджет бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ушул жылдар ичинде Тоң райондук элге билим берүүнүн бир нече ардак грамоталарын жана Тоң районунун 80 жылдыгында “Ардак” төш белгисин алууга жетишкен. Учурда жубайы Токтомушева Гульнара экөө 1 уул, 1 кыздын бактылуу ата-энеси.
Сынактын башында окуучулар сиз тууралуу маалымат алышты. Кана эмесе сынагыбызды баштасак. Биринчилерден болуп 1-тарап баштайт. Андан кийин кийинкилери.
Суроолор бүтөт
Агай убакыт учкан куш дейт эмеспи. Бүгүнкү бизге бөлүнгөн убакыт соңуна келди. Суроо берүүнүн эмики кезеги сизде. Өзүңүздүн суроолоруңузду тараптарга берип койсоңуз.
Агай бүгүнкү сынакта сизге жаккан, маанилүү суроолорду берген окуучуларга өзүңүздүн ала келген белектериңизди берип койсоңуз.
Урматтуу конок сизди узатаардан мурун бул суроолорго жооп бере кетсеңиз. Кыска жана так жооп бериңиз:
Сиз окуучулардын суроолоруна канаттандыңызбы?
Сиздин оюңузча балдар кайсы темага көбүрөөк токтолду?
Сиз күтпөгөн одоно суроолор болдубу?
Окуучулардан кандай таасир алдыңыз?
Дагы чакырсак келесизби?
Коштошордун алдында биздин сынактын салттуу суроосу “Биздин мектеп сиз үчүн эмне?”
Сизге рахмат сынак тууралуу өз оюңузду билдирип койсоңуз.
Агай иштериңизге ийгилик, ден-соолук каалайбыз. Саламатта барыңыз!
-Эми окуучулар менин суроолорума жооп берип койсоңор:
1) Кандай ойлойсуңар агай силердин суроолоруңарга кандай жооп берди?
2) Агай сиз менен ачылып жан дүйнөсү менен сүйлөштүбү же аралык сактап турдубу?
3) Бүгүнкү биздин сынак жактыбы?
4) Силердин оюңарча кийинки сынакка кимди чакырсак?
-Урматтуу окуучулар ушуну менен биздин сынак аягына келди, кудай буйруса кийинки сынакта жаңы конок менен көрүшкөнчө сак саламатта болуңуздар.