СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бардык класстар үчүн колдонмо

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Бардык класстар үчүн колдонмо»

“ Газ” орто мектебинин социалдык педагогу  Алтынай Мукарамова

Газ” орто мектебинин

социалдык педагогу

Алтынай Мукарамова

БИЗ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА  КАРШЫБЫЗ!

БИЗ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА

КАРШЫБЫЗ!

 Физикалык зордук - зомбулук Зомбулуктун бул түрүнө, баланын өмүрүнө, ден-соолугуна терс таасирин тийгизген коркунучтуу жагдайлар кирет. Мисалга, уруп –соккулар (жаактан ары чабуу, чымчып алуу, тиштөө), күйгүзүү (ысык буюмдар, суюктуктар, тамеки). Балага алкоголдук ичимдиктерди, наркотиктерди, дарыгердин сунуштамасы жок уйку дарыларын берүү, муунтуу жана сууга чөктүрүү зомбулуктун ушул түрүн толуктайт.  

Физикалык зордук - зомбулук

  • Зомбулуктун бул түрүнө, баланын өмүрүнө, ден-соолугуна терс таасирин тийгизген коркунучтуу жагдайлар кирет. Мисалга, уруп –соккулар (жаактан ары чабуу, чымчып алуу, тиштөө), күйгүзүү (ысык буюмдар, суюктуктар, тамеки). Балага алкоголдук ичимдиктерди, наркотиктерди, дарыгердин сунуштамасы жок уйку дарыларын берүү, муунтуу жана сууга чөктүрүү зомбулуктун ушул түрүн толуктайт.

 

 Психикалык-эмоциялык зордук-зомбулук Бул зомбулуктун белгиси-ата-энеси, баккан адамдар, тарбиячылар тарабынан дайыма же мезгил-мезгили менен баланын адамдык кадыр-баркына шек келтирүүчү, коркутуп-үркүтүүчү сөздөрдү айтуу, күнөөсүз айыптоо, жек көрүүсүн көрсөтүү. Мындан сырткары баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыксыз талаптарды коюу, дайыма калп айтуу дагы психикалык-эмоциялык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Психикалык-эмоциялык зордук-зомбулук

  • Бул зомбулуктун белгиси-ата-энеси, баккан адамдар, тарбиячылар тарабынан дайыма же мезгил-мезгили менен баланын адамдык кадыр-баркына шек келтирүүчү, коркутуп-үркүтүүчү сөздөрдү айтуу, күнөөсүз айыптоо, жек көрүүсүн көрсөтүү. Мындан сырткары баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыксыз талаптарды коюу, дайыма калп айтуу дагы психикалык-эмоциялык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.
 Баланын керектөөлөрүнө жана кызыкчылыгына  кайдыгер мамиле жасоо Баланын эң негизги керектөөлөрүн (тамактануу, кийинүү, жашай турган жай, билим алуу, медициналык кызмат) ата-энелери, баккан кишилери тарабынан камсыз кылынбоосу. Мисалга алсак, балдарын кароосуз калтырып, анын кесепетинен баланын өмүрүнө, ден-соолугуна зыян келтирген абалдар түзүлгөн учур. Дагы бир коркунучтуу абал, бул баланын түйүлдүк кезинен эне мээримине, сүйүүсүнө ээ болбошу. Төрөлгөнгө чейин эле эмоционалдык жокко чыгарылган түйүлдүк, айынан мурун төрөлүп, төрөлгөндөн кийин дагы көп ооруп, денесинин салмагы төмөн болуп, өнүгүүсү начар болот.

Баланын керектөөлөрүнө жана кызыкчылыгына

кайдыгер мамиле жасоо

  • Баланын эң негизги керектөөлөрүн (тамактануу, кийинүү, жашай турган жай, билим алуу, медициналык кызмат) ата-энелери, баккан кишилери тарабынан камсыз кылынбоосу. Мисалга алсак, балдарын кароосуз калтырып, анын кесепетинен баланын өмүрүнө, ден-соолугуна зыян келтирген абалдар түзүлгөн учур. Дагы бир коркунучтуу абал, бул баланын түйүлдүк кезинен эне мээримине, сүйүүсүнө ээ болбошу. Төрөлгөнгө чейин эле эмоционалдык жокко чыгарылган түйүлдүк, айынан мурун төрөлүп, төрөлгөндөн кийин дагы көп ооруп, денесинин салмагы төмөн болуп, өнүгүүсү начар болот.
1: ЖАКЫНКЫ     Көк алалар, сыныктар, ички органдарынын жабыркашы, кусуусу, эстен тануусу. 2: АЛЫСКЫ Баланын денелик жактан жана психикалык өнүгүүсү жабыркап, ар кандай соматикалык ооруларга, инсандык жана эмоционалдык бузулууларга дуушар болушу.  

1: ЖАКЫНКЫ

    Көк алалар, сыныктар, ички органдарынын жабыркашы, кусуусу, эстен тануусу.

2: АЛЫСКЫ

Баланын денелик жактан жана психикалык өнүгүүсү жабыркап, ар кандай соматикалык ооруларга, инсандык жана эмоционалдык бузулууларга дуушар болушу.

 

 Денелик жактан жана психикалык  өнүгүүсүндөгү кемчиликтер Мээрим, көңүл буруу, сүйүү жок үй-бүлөдө чоңойгон балдардын көпчүлүгүндө денелик жана психикалык жактан өнүгүүсүндө арта калуу байкалат. Балдарда “жаман адаттар” манжаларын соруу, тырмагын тиштөө, онанизм манен алектенүү пайда болот. Мындай шарттарда жашаган балдардын сырткы көрүнүшү да бөлөкчө болуп турат. Көздөрү шишип, чачы саксайып, кийим-кечеси кир, өңү куп-куу, биттеген.

Денелик жактан жана психикалык

өнүгүүсүндөгү кемчиликтер

  • Мээрим, көңүл буруу, сүйүү жок үй-бүлөдө чоңойгон балдардын көпчүлүгүндө денелик жана психикалык жактан өнүгүүсүндө арта калуу байкалат. Балдарда “жаман адаттар” манжаларын соруу, тырмагын тиштөө, онанизм манен алектенүү пайда болот. Мындай шарттарда жашаган балдардын сырткы көрүнүшү да бөлөкчө болуп турат. Көздөрү шишип, чачы саксайып, кийим-кечеси кир, өңү куп-куу, биттеген.
 Зомбулуктан жабыркаган балдардын  психикалык өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр Зомбулуктун бардык түрлөрүнө чалдыккан балдар психикалык жаракатка учурашат, бул кийинки өнүгүүсүнө чоң таасирин берет. Балдар өздөрү ашыкча ачуулуу, жининин келгенин башкара албай, өзүнөн кичүү, алсызыраак балдарга, жаныбарларга зомбулук көрсөтөт. Көпчүлүк учурда, оюн маалында себепсиз агрессия пайда болот. Кээ бир учурда бала тескерисинче өтө пассивдүү болуп, өзүн коргой албай калат. Бала өзүнө көңүл бурдуруш үчүн ар кандай акылга сыйбаган жүрүм-турумдарды көрсөтөт.

Зомбулуктан жабыркаган балдардын

психикалык өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр

  • Зомбулуктун бардык түрлөрүнө чалдыккан балдар психикалык жаракатка учурашат, бул кийинки өнүгүүсүнө чоң таасирин берет. Балдар өздөрү ашыкча ачуулуу, жининин келгенин башкара албай, өзүнөн кичүү, алсызыраак балдарга, жаныбарларга зомбулук көрсөтөт. Көпчүлүк учурда, оюн маалында себепсиз агрессия пайда болот. Кээ бир учурда бала тескерисинче өтө пассивдүү болуп, өзүн коргой албай калат. Бала өзүнө көңүл бурдуруш үчүн ар кандай акылга сыйбаган жүрүм-турумдарды көрсөтөт.
 Зомбулуктан жабыркаган балдардын  социалдык өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр Зомбулукка учураган балада жетиштүү билими жок болгондуктан, коомго аралашууда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болот. Мындай бала көйгөйлөрдүн чечилишин криминалдык тармактардан издеп, уурулукка берилет. Алкоголдук ичимдикти, баңгизаттарды колдонуп, кыз бала болсо сойкулук менен алектенип кетиши ыктымал.

Зомбулуктан жабыркаган балдардын

социалдык өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр

  • Зомбулукка учураган балада жетиштүү билими жок болгондуктан, коомго аралашууда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болот. Мындай бала көйгөйлөрдүн чечилишин криминалдык тармактардан издеп, уурулукка берилет. Алкоголдук ичимдикти, баңгизаттарды колдонуп, кыз бала болсо сойкулук менен алектенип кетиши ыктымал.