1. Дисциплинанын максаты жана милдеттери:
Маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун математикалык усулдары боюнча билимдерди калыптандыруу;
Турмуштук маселелерди изилдөөлөрдүн теориялык жана эксперименталдык жыйынтыктарын талдоодо математикалык аппараттарды колдоно билүүгө машыктыруу;
Студенттердин билиминин математикалык маданиятын өнүктүрүү, дискреттик математиканын өнүгүүсүндөгү негизги багыттары жана объектилери менен тааныштыруу;
Студенттердин дискреттик математиканын моделдерин, методдорун билимдин башка тармактарында, ошондой эле компьютер илиминде колдонуу жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү;
Өзгөчө дискреттик математиканын ыкмалары менен жалпы жана кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган маалыматтарды жеткиликтүү үйрөтүүчү билимдердин, тапшырмалардын, адаттардын системасын калыптандыруу;
Так ойлонууга көнүгүү адатын калыптандыруу;
Абстрактуу ой жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү;
Заманбап программистке керектүү болгон дискреттик математиканын түшүнүктөрү жана каражаттары менен теориялык жактан тааныштыруу;
Студенттерди аалам чөйрөсүн жана кесиптик маалыматтарды символ - моделдер аркылуу таанып үйрөнүүгө машыктырган математикалык каражаттар аркылуу, коомдун жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланып, алган билимдерин жашооодо жана өз кесиптеринде эффективдүү пайдалана билүүгө үйрөтүү.
2.КОББ МББСда көрсөтүлгөн студенттер ээ болуучу компетенциялар
а) жалпы компетенциялар (ЖК):
ЖК 1. Жеке ишмердүүлүгүн уюштуруу, кесиптик маселелерди аткаруунун методдорун жана жолдорун тандоого, алардын натыйжалуулугун жана сапатын баалоо.
ЖК 2. Стандарттык жана стандарттык эмес абалдарда чечим кабыл алуу жана маселелерди чечүү, өзүнүн жоопкерчиликтүүлүгүн жана демилгелүүлүгүн көрсөтүү.
ЖК 3. Кесиптик жана инсандык өнүгүүгө, кесиптик тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууга зарыл болгон маалыматтарды издеп табууну, пайдаланууну жана чечмелөөнү билүү.
ЖК 5. Команда менен иштөө, жамаат, жетекчилер жана социалдык өнөктөштөр (коллектив) менен натыйжалуу мамилелешүү.
ЖК 7. Кесиптик ишмердүүлүктүн максаты мазмуну жана технологиялары өзгөрүп, жаңыланып жаткан шартта кесиптик ишмердүүлүгүн башкаруу.
ЖК 9. Жаңы билимдерге ээ болуу, жогорку даражадагы өз алдынчалуулукка ээ, маалыматтык жана технологияларды колдонуп, заманбап билимди алууга жөндөмдүү.
ЖК 10. Илимдин негизинде өз эмгегин, өз ишмердүүлүгүн жана өз алдынчалыгын жогорку даражада баалаганга жөндөмдүү.
б) Аспаптык компетенциялар (АК):
АК 1. Маалыматты анализдеп жайылтууга, максатты коюп ага жетүүгө жол тандоону кабыл алууга жөндөмдүү.
АК 2. Мамлекеттик жана атайын кабыл алган тилде өз оюн ачык айкын жазуу жана оозеки түрдө кеңири билдирүүгө жөндөмдүү.
в) Социалдык - инсандык жана жалпы маданий компетенциялар (СИЖМК)
СИЖМК 1. Башка маданиятка толеранттуу, адамдарга урмат-сый көрсөткөн, коомдо кабыл алынган моралдык жана укуктук ченемдерди кабыл алууга жөндөмдүү.
СИЖМК 2. Өзүнүн баалуулугун жана жетишпеген жактарын сындап баалаган, кемчиликтерин жоюуга жөндөмдүү.
СИЖМК 3. Жарандык активдүү позицияны, жарандык демократиялык коомдо баалуулуктардын негизинде диологко барууга даяр.
СИЖМК 5. Коллективде иштөөгө жөндөмдүү.
Дисциплинаны окутуудагы күтүлүүчү натыйжалар (билим, билгичтик, көндүмдөр):
Дискреттик математиканы окутуунун максатын жана милдеттерин билишет.
Дискреттик математиканын өнүгүшүн этаптарга бөлүшөт.
Көптүктөр жөнүндө түшүнүк алышат.
Көптүктөр үстүндө жүргүзүлүүчү операцияларды аткара алышат.
Математикалык логиканын негиздерин билишет.
Айтылыштар жана айтылыштардын касиеттерин айтышат.
Айтылыштардын үстүнөн аткарылуучу тапшырмаларды аткарышат.
Предикат менен айтылыштын айырмасын түшүнүшөт.
Математикалык индукциянын негизги теоремаларын далилдешет.
Эсептөө системасынын келип чыгуу тарыхын билишет.
Бир эсептөө системасынан башка эсептөө системасына өтүшөт.
Алгоритм жөнүндө түшүнүшөт.
Алгоритмдин касиеттерин билишет.
Блок-схеманын ар бир фигурасын талдап көрсөтүшөт.
Комбинаториканын элементтерин жана алардын формулаларын билишет.
Булевдин алгебрасынын аныктамасын жана касиеттерин айтышат.
Граф түшүнүгун жана анын берилүү жолдорун билишет.
Эйлердин графы жөнүндө түшүнүшөт.
Графтарды түрлөргө бөлүшөт.
Графтарды мисал иштөөдө колдонушат.
Дисциплинанын мазмуну
1.Лекциялык сабактардын мазмуну
Бөлүм | Лекциянын темалары | Сааты | Лекцияда талкуулануучу суроолор | Өз алдынча иштердин темалары | Сааты | Аткаруу формасы | Студенттер ээ болуучу компетенциялар- дын индекси | Күтүлүүчү натыйжалары |
Көптүктөр | Көптүктөр | 2 | Көптүктөр жөнүндө түшүнүк. Көптүктүн берилүү жолдору жана түрлөрү. Көптүктүн кубаттуулугу жана булеан түшүнүгү. | -Эйлер-Венндин диограммасынын келип чыгышы -Көптүктөрдү класстарга ажыратуу. Классифика-циялоо | 2 2 | Доклад жазуу Таблица түзүү | ЖК 1 ЖК 2 ЖК 3 ЖК 5 ЖК 7 АК 1 СИЖМК 1-3 | Көптүктөр жөнүндө түшүнүшөт. Көптүктүн берилүү жолдорун жана түрлөрүн билишет. Көптүктүн кубаттуу-лугунун жана булеандын аныктамаларын, формулаларын айтышат.. |
Көптүктөрдүн үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдар | 2 | Көптүктөрдүн биригүүсү, кесилишүүсү, айырмасы. Көптүктөрдүн биригүүсүнүн кубаттуулугу. Көптүктөрдүн түз көбөйтүндүсү. | -Көптүктөрдүн үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдардын ар бирине 5тен мисал келтирүү -Кортеждер, алардын түрлөрү | 2 2 | Мисалдар иштөө Конспект жазуу | ЖК 1 ЖК 2 ЖК 3 ЖК 5 ЖК 9 АК 2 СИЖМК 1-3 | Көптүктөрдүн биригүүсүнүн, кесилишүүсүнүн, айырмасынын аныктамаларын жана формулаларын билишет. Көптүктөрдүн биригүүсүнүн кубаттуулугу жөнүндө теореманы айтышат. Көптүктөрдүн түз көбө-йтүндүсүн түшүнүшөт. |
Катыш | Бинардык катыш | 2 | Бинардык катыш түшүнүгү. Бинардык катыштын айрым түрлөрү. Чагылтуу түшүнүгү. | -Кванторлор -Предикаттар жана анын түрлөрү | 2 2 | Конспект жазуу Доклад жазуу | ЖК 5 ЖК 7 ЖК 9 АК 2 СИЖМК 1 СИЖМК 3 | Бинардык катыш жөнүндө түшүнүшөт. Бинардык катыштын айрым түрлөрү жөнүндө айтып беришет. Чагылтуу түшүнүгүн билишет. |
Айтылыштар | Айтылыштар жана алардын үстүнөн жүргүзүлүүчү операциялар | 2 | Айтылыш жөнүндө түшүнүк. Айтылыштын тануусу. Айтылыштардын үстүнөн жүргүзүлүүчү операциялар. | -Бульдун алгебрасы жана функциясы -Айтылыштардын үстүнөн жүргү-зүлүүчү амал-дардын ар бирине 4төн мисал түзүү | 2 2 | Конспект жазуу Чындык таблица боюнча мисал жазуу | ЖК 2 ЖК 3 ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 1 СИЖМК 1-3 | Айтылыш жөнүндө түшүнүшөт. Айтылыштын тануусунун аныктамасын, чындык таблицасын билишет. Айтылыштардын үстүнөн жүргүзүлүүчү операцияларды аташат. |
Эсептөө системасы | Эсептөө системалары | 2 | Позициялык эсептөө системалары. Позициялык эмес эсептөө системалары. Натуралдык сандардын ондук эсептөө системасында жазылышы. Сандарды башка позициялык эсептөө системаларда жазуу. | -Эсептөө системасынын келип чыгышы -Түрдүү эсептөө системасында арифметикалык амалдардын аткрылышы | 2 2 | Доклад жазуу Мисал иштөө | ЖК 1 ЖК 2 ЖК 3 ЖК 5 ЖК 7 АК 1 СИЖМК 1-3 | Позициялык эсептөө системаларын түшүнөт. Позициялык эмес эсептөө системаларын билишет. Натуралдык сандардын ондук эсептөө система-сында жазышат. Сандарды башка позициялык эсептөө системаларда жаза алышат. |
Индукция | Математикалык индукция | 2 | Дедукция жана индукция түшүнүктөрү. Математикалык индукция методу. Математикалык индукциянын негизги теоремалары. | -Математикалык индукция методун колдонуп мисал чыгаруу -Дедукция жана индукция методдорун салыштыруу | 2 2 | Мисал иштөө Конспект жазуу | ЖК 2 ЖК 3 ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 2 СИЖМК 3 СИЖМК 5 | Дедукция жана индукция түшүнүктөрүн түшүнүшөт. Математикалык индукция методунун принциптерин билишет. Математикалык индукциянын негизги теоремаларын аныкташат. |
Алгоритм | Алгоритм | 2 | Алгоритмдин келип чыгуу тарыхы. Алгоритм жөнүндө түшүнүк. Алгоритмдин касиеттери. | -Блок схемадагы фигуралардын түшүндүрмөсү -Ньютондун биному | 2 2 | Таблица толтуруу Конспект жазуу | ЖК 2 ЖК 3 ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 2 СИЖМК 3 СИЖМК 5 | Алгоритмдин келип чыгуу тарыхын жана негиздөөчүлөрүн билишет. Алгоритм жөнүндө түшүнүшөт. Алгоритмдин касиеттерин тактап айтып беришет. |
Комбинаторика | Комбинаториканын элементтери | 2 | Факториал түшүнүгү. Комбинаторика жөнүндө түшүнүк. Комбинаториканын элементтери: орундаштыруу, орун алмаштыруу жана топтоштуруу. | -Комбинатори-калык маселелер -Комбинатори-канын негизги принциптери | 2 2 | Мисалдарды келтирүү Конспект жазуу | ЖК 1 ЖК 2 ЖК 3 ЖК 5 ЖК 7 АК 1 СИЖМК 1-3 | Факториал түшүнүгүн айтышат. Комбинаторика жөнүндө түшүнүшөт. Комбинаториканын элементтери: орундаштыруу, орун алмаштыруу жана топтоштуруу жөнүндө билишет. |
Граф | Графтар теориясы жана анын элементтери | 2 | Графтар жөнүндө түшүнүк. Графтын түрлөрү. Графтардын үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдар. | -Графтын матрицасы -Графтын колдонулуштары | 2 2 | Доклад жазуу Конспект жазуу | ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 2 СИЖМК 3 СИЖМК 5 | Графтар жөнүндө түшүнүшөт. Графтын түрлөрүн билишет. Графтардын үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдарды аткарышат. |
| Жалпы: | 18 | | | 36 | | | |
2. Практикалык сабактардын мазмуну
Бөлүм | Практикалык сабактардын темасы | Сааты | Талкуулануучу суроолор | Текшерүү формасы | Студенттер ээ болуучу компетенциялар- дын индекси | Күтүлүүчү натыйжалары |
Көптүктөр | Көптүктөрдүн үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдар | 2 | Көптүктөрдүн биригүүсүн табуу. Көптүктөрдүн кесилишүүсүн табуу. Көптүктөрдүн айырмасын табуу. Толуктооч көптүк. | Көптүктөргө карата мисал иштөө, берилген тапшырмаларды аткаруу. | ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 1-2 СИЖМК 1-3 СИЖМК 5 | Көптүктөрдүн биригүүсүн табышат. Көптүктөрдүн кесили-шүүсүн табышат. Көптүктөрдүн айырмасын таба алышат. Толуктооч көптүктү билишет. |
2 | Көптүктөрдүн биригүүсүнүн кубаттуулугу. Көптүктөрдүн түз (декарттык) көбөйтүндүсү. | Жеке, жупта, топто берилген тапшырмаларды аткарышат. | ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 1-2 СИЖМК 1-3 СИЖМК 5 | Көптүктөрдүн биригүүсүнүн кубаттуулугун формуласын мисал иштөөдо колдонушат. Көптүктөрдүн түз көбөйтүндүсүн табышат. |
Катыш | Бинардык катыш | 2 | Бинардык катыштын аныкталуу жана маанилеринин аймагы. Бинардык катыштын композициясын аныктоо. Бинардык катыштын айрым түрлөрүнүн аныкталышы. Чагылтуу түшүнүгү. | Мисалдарды иштешет, тапшырмаларды аткарышат. | ЖК 1 ЖК 7 ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 1-2 СИЖМК 1-3 СИЖМК 5 | Бинардык катыштын аныкталуу жана маанилеринин аймагын табышат. Бинардык катыштын композициясын аныкташат. Бинардык катыштын айрым түрлөрүнүн аныкталышын билишет. Чагылтуу түшүнүгүн түшүнөт. |
Айтылыштар | Айтылыштар жана алардын үстүнөн жүргүзүлүүчү операциялар | 2 | Айтылыш жөнүндө түшүнүк. Айтылыштын тануусу. Айтылыштардын коньюнкциясы. Айтылыштардын дизьюнкциясы. Айтылыштардын импликациясы. Айтылыштардын эквиваленциясы. | Мисалдарды иштешет, тапшырмаларды аткарышат | ЖК 1 ЖК 3 ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 1-2 СИЖМК 1-3 СИЖМК 5 | Айтылыш жөнүндө түшүнүшөт. Айтылыштын тануусун табышат. Айтылыштардын үстүнөн жүргүзүлүүчү операциялар: коньюнкциясын, дизьюнкциясын, импликациясын, эквиваленциясын табууда чындык таблицаларды колдонушат. |
Эсептөө системасы | Эсептөө системалары | 2 | Позициялык эсептөө системалары. Позициялык эмес эсептөө системалары. Натуралдык сандардын ондук эсептөө системасында жазылышы. Сандарды башка позициялык эсептөө системаларда жазуу. | Түрдүү системадан ондук системага, ондук эсептөө ситемасынан башка системага өтүүнүн алгоритмдерин колдонуп мисал иштешет, тапшыр-маларды аткарышат. | ЖК 1 ЖК 3 ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 1-2 СИЖМК 1-3 СИЖМК 5 | Позициялык эсептөө системалары билишет. Позициялык эмес эсептөө системаларын аныкташат. Натуралдык сандардын ондук эсептөө системасында жазышат. Сандарды башка позициялык эсептөө системаларда жазуунун алгоритмин колдонушат.. |
Индукция | Математикалык индукция | 2 | Дедукция жана индукция түшүнүктөрү. Математикалык индукция методу. Математикалык индукциянын негизги теоремалары. | Математикалык индукция методун мисалдарды далилдөөдо колдонушат, тапшырмаларды аткарышат. | ЖК 1 ЖК 3 ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 1-2 СИЖМК 1-3 СИЖМК 5 | Дедукция жана индукция түшүнүктөрүн түшүнөт. Математикалык индукция методун колдонушат. Математикалык индукциянын негизги теоремаларын билишет. |
Алгоритм | Алгоритм | 2 | Алгоритмдин келип чыгуу тарыхы. Алгоритм жөнүндө түшүнүк. Алгоритмдин касиеттерин колдонуу. | Мисалдарды иштешет, тапшырмаларды аткарышат | ЖК 1 ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 1-2 СИЖМК 5 | Алгоритмдин келип чыгуу тарыхын билишет. Түрдүү маселелердин алгоритмдерин түзүшөт. Алгоритмдин касиеттерин колдонушат. | |
Комбинаторика | Комбинаториканын элементтери | 2 | Факториал түшүнүгү. Комбинаторика жөнүндө түшүнүк. Комбинаториканын элементтери: орундаштыруу, орун алмаштыруу жана топтоштуруу. | Комбинаториканын элементтеринин формулаларын колдонуп мисал иштешет, тапшырмаларды аткарышат. | ЖК 1 ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 1-2 СИЖМК 5 | Сандардын факториалын аныкташат.. Комбинаториканын элементтеринин формулаларын колдонушат. Комбинаториканын элементтери: орундаштыруу, орун алмаштыруу жана топтоштурууну аныкташат.. |
Граф | Графтар теориясы жана анын элементтери | 2 | Графтар жөнүндө түшүнүк. Графтын түрлөрү. Графтардын үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдар. | Графтарды колдонушуп маселелерди аткарышат. | ЖК 1 ЖК 5 ЖК 9 ЖК 10 АК 1-2 СИЖМК 1 СИЖМК 5 | Графтардын биригүүсүн, кесилишүүсүн, айырмасын табышат. Графты маселе иштөөдө колдонушат. Графты чие алышат. Графтын матрицасын аныкташат. |
| Жалпы: | 18 | | | | |