Просмотр содержимого документа
«Башталгыч класстын окуучуларын үйдө китеп окууга кызыктыруу»
Башталгыч класстын окуучуларын үй бүлөдө китеп окууга кызыктыруу
Эмне үчүн окуу керек?
- Окуу көндүмүн көнүктүрүү үчүнбү?
- Шар, көрктүү окууга көнүктүрүү үчүнбү?
- Тарбиялык таасир этүү үчүнбү?
- Сөз байлыгын өстүрүү үчүнбү?
Окууга кызыктыруу төмөндөгүдөй тартипте ишке ашат:
1. Ээрчишип окуу : окуунун бул ыкмасы мугалим же ата-эне баланы китеп окуу көндүмүнө үйрөтүүнүн алгачкы жолу болуп саналат,ошонусу менен ал жалпыга белгилүү жана дамаамат практикаланып келүүдө;анда адегенде мугалим (же ата-эне) аңгемени (же жомокту)окуй баштайт,мугалим (же ата-эне)баланы артынан кайталап туура, шар ,тез (муундап же сөздөп) көрктүү, сезимдүү окууну суранат, бала мугалимди (же ата-энени ) ээрчип, окууну улантат, мугалим (же ата-эне)баладан өзүнүн артынан сүйлөмдөрдү туура так окуусуна гана эмес, окуганынын гана түшүнүүнү тапшырат:ошондуктан сөз эмне тууралуу болуп жатканын мерчемдүү кезде (абзацтарда, эпизоддордо)атайын токтолуп,кайталап,ойду суроо-жооп менен толуктап жүрүп отурат.
2. Укканын окуу : мында мугалим же ата-эне бала менен окуй турган китеп, анын мазмуну тууралуу ага алдын ала маалымдап , кызыктуу кылып айтып берет;айтып берүү кезинде окуя ким же эмне тууралуу экендигине. Андагы окуянын эң маанилүү учурларында айрыкча басым коюп, диалогдорго, андагы кырдаалдарга маани берип. ал аркылуу каармандардын кыял-жоругун, мүнөзүн ачып, ал тургай образдуу түрдө, ыраттуу кылып баяндап берүү керек; мында окуяны баяндоодо, албетте мазмундук ыраттуулук абдан зарыл,бирок ага кызыктыруу үчүн мазмундук ыраттуулук гана жетиштүү болбойт; немец окумуштуусу В.Глайн айткандай; «баяндоо ыраттуу гана эмес, образдуу айтканда, психологиялуу болуусу керек»; анткени андагы психологиялуу баяндоо гана баланы окуяга кызыктырат жана аны мугалимдин же ата-эненин сунушу менен же өзүнүн эле каалоосу менен, эми китепти өз алдынча окууга өтөт;демек мындагы «ыраттуу жана психологиялуу баяндоо» гана аны эми өз алдынча окууга баланы даярдоо кызматын аткарат.
3. Таржымал окуу : окуунун бул түрү бүгүнкү күндө мугалимдер же ата-энелер дээрлик дамаамат колдонгон ыкмалардын бири;анда мугалим же ата-эне кызыктуу бир китепти ,андагы аңгемени же жомокту балага окуп бере баштайт да,андагы татаал учурларды же түшүнүксүз сөздөрдү чечмелеп таржымалап жүрүп отурат;баланын түшүнбөгөн учурлары же сөздөр өз учурунда чечмеленип түшүндүрүлүп ,пайда болгон проблемалар чечилип отурат;каармандардын мүнөзү, кыял жоруктары да талданып «кандай экен, эмне деди, туура кылдыбы, туура эмес кылдыбы?» деген суроолорду берип, баланы чыгармадагы окуяны ээрчип ,андан артта калбоого аракет жасалат жана бирге ой жүгүртүп отуруу,аягында биргелешип жыйынтыкка келүү кызматын аткарары менен баалуу.
4. Даярданып окуу : окуунун бул түрүнө киришүүдө окуучу менен ата-энеси же мугалим биргелешкен мындай иш- аракет аткарылат,атап айтканда ,окуучуга « сен кандай китеп окугуң келет,кандай жомок жагат,эмне тууралуу окугуң келет?»деген суроолорду берип ,алдыртан ага ылайык аңгемелешүү керек; бул кезде окуучу алиге окуй элек чыгармасындагы каарманды көз алдына келтирип,ал тургай,кебете-кешпирине көз алдына келтирип,ага өз алдынча баасын даярдап,аны менен бирге сүйлөшүүгө өзүн даярдайт;мындай аңгемелешүү-окуучуну кайсы бир жанрдагы же тематикадагы чыгарманы окууга психологиялык жактан алдыртадан даярдайт;мындай даярдык окуунун ийгиликтүү болуусуна алдын ала шарттары шексиз.
Китеп окуп жатканда кетирилген каталар.
- Сөздөрдү,тамгаларды туура эмес окуу. Мунун на тыйжасында окуп жаткан нерсебизди түшүнбөй калабыз.
- Шашып окуу.
- Окуп жаткан жаткан нерсе жөнүндө ойлонбой окуу.
- Интонациясы жок окуу.
- Бизге түшүнүксүз болгон сөздөрдү сөздүктөн же башка булактардан маанисин таап үйрөнгөнгө аракет кылбай окуй берүү. Анткени кээ бир учурларда бир сөздүн түшүнүксүз болушу толугу менен тексттин түшүнүксүз болуп калышына себепчи болушу мүмкүн.
- Китеп окуп жатканда башка нерселер жөнүндө ойлонуу. Башкача айтканда,көңүл бурбай окуу.
- Чарчап,уйку сурап олтуруп окуу.
- Өзүбүз каалабасак да,мугалим жаман баа коет же ата-энебиз урушат деген сезим менен окуу. Китеп окуганда эң негизги нерселердин бири китеп окууга кызыгуу болуп саналат.
- Китеп окуп жатканда акылыбыз менен ойлоп, жүрөгүбүз менен сезгенге аракет кылбай окуйбуз.
- Сөз байлыгыбыз өтө аз жана жарды болгондугуна байланыштуу окуган нерселерди түшүнгөндөн кыйналабыз. Ошондуктан окуу менен катар сөз байлыгыбызды өркүндөтүүгө аракет жасашыбыз керек.
- Окуунун жөндөмдөрүн билебиз. Демейде тийиштүү китептерде китепти бат жана түшүнүп окуунун көптөгөн түрлөрү бар.
- Суроо берип, ошол суроого жооп издеп окубайбыз.
- Колубузга калем алып,окуп жаткан китептин негизин бөлүп,астын сызып окубайбыз.
- Логикалык басымды туура коюп окубайбыз.
Китепти (текстти) окуп жатканда көңүл буруш керек болгон кээ бир маанилүү учурлар:
- Алдын ала психологиялык жактан даярданып,көңүлдү жай кылып таза энергия менен китеп окуу.
- Ачык маанай менен китеп окуу.
- Негизгисин бөлүп окуу.башкача айтканда,китеп окуп жатканда китепте жалпы жөнүнөн эмнелер жөнүндө айтылып жатканын эске тутуп окуу.
- Түшүнүүгө татаал болгон жерлерин кайра-кайра окуу.
- Ойлонуп окуу-далилдеп оку.
- Жазып окуу- чындап оку
- Сүйлөп окуу-сыйлап оку
- Сүрөт,схема тартып оку
- Окуп ойлон-сындап оку
- Бөлүк-бөлүк менен оку.
- Көркөм оку.
- Окуп жатка учурда кез кези менен башыңды китептен көтөрүп,окугандарың жөнүндө ой жүгүртүп, аларды буга чейинки билген нерселериң менен байланыштырганга аракет кыл.
- Суроо берип аларга жооп тапканга аракет кылып оку.
- Кызыгуу менен оку.
- Талкуулап оку
- Кез-кези менен китептен окугандарыңды өзүңө-өзүң айтып бер.
- Китептеги каармандарды ролдоштуруп оку.
- Татаал терминдердин жана сөздөрдүн маанисин издеп тап.
- Окуп жаткан нерсеңди кыялыңда башка бирөөгө айтып берип жаткандай болуп оку.
- Эс алып,белгилүү белгилүү убактарда тыныгуу жасап,өзүңдү чарчабагандай кылып оку.
- Бат жана түшүнүп окуганга аракет кыл. Бул эки нерсе бири-биринен узактай сезилиши мүмкүн,бирок көнүгүүлөрдүн натыйжасында буга жетишкенге болот.