СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Батыш Европа өлкөлөрү.

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Батыш Европа өлкөлөрү.»

Тема: Африканын физикалык-географиялык абалы.Африканы изилдөө.

Сабактын максаты:1) Окуучулар материктин физикалык-географиялык абалы,изилдөө тарыхы боюнча маалымат алышат.Координаттар, четки точкалар боюнча материктин географиялык абалын аныктоого үйрөтүү.

2)Окуучулар карта,контур карта менен иштөөгө, ар түрдүү булактардан алынган маалыматтарды салыштырууга,жыйынтык чыгарууга көнүгүшөт.

3)Окуучулар топ менен иштөөгө бирдиктуу, туура чечим кабыл алууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: карта,контур карта,таблица.

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

Үй тапшырма.

Балдар силер менен Африка материгине саякатка барабыз.Биздин саякаттын максаты:

1) Географиялык абалын аныктоо.

2) Четки точкалары жана алардын координаты боюнча материктин тундуктөн –түштүкө, батыштан-чыгышка канча км созулуп жатканын аныктоо.

3) Кайсы климаттык алкактардан орун алган.

4) Чулгап жаткан деңиз океандар.

5) Башка материктерге салыштырмалуу жайгашкан орду.

6) Материктин изилдениши.

Мына ушул суроолорго силер менен жооп издейбиз.

1 Географиялык абалын аныктоо.

Картага көңүл буруп карай турган болсок,экватор сызыгы материкти дал ортосунан кесип өтөт,баштапкы ноль меридианы батышынан кесип өтүп,материктин көпчүлүк бөлүгү тропиктик алкакта жатат.Демек бул факт эмнеден кабар берип турат?(эң ысык материк)

Африканын жалпы аянты 30.3млн чарчы км.Афригия аттуу бербер уруусунан улам бүткүл материк африка деп аталып калган.

2. Четки точкалардын координатасын аныктап материктин тун-туштукө,батыштан-чыгышка канча км созуларын аныктоо.

Эми материктин четки точкаларын таап материк тундуктөн түштүкө,батыштан-чыгышка канча км созуларын аныктайбыз. Ал үчүн атласыбыздан тундуктөгү четки точкасы Бен-Секка туштуктөгү Ийне тумшугун табабыз,координаталарын аныктайбыз.

Түн четки точкасы: Бен-Сека 37

Түш четки точкасы: Ийне 35

(37+35=72*111=7992км)

Батыш тумшугу: Альмади 16 батыш узундук

Чыгыш тумшугу: Расхафун 52 чыгыш узундук

16+52=68*109.6=7452,8 км.

3.Материк кайсы климаттык алкактан орун алган.

Атласты ачып климаттык карта боюнча материкте кандай климаттык алкактар бар экенин аныктайбыз.

1 Экватордук.

2 Субэкватордук.

3 Тропиктик.

4 Субтропиктик.

4.Материкти чулгап жаткан деңиздер жана океандар.

Контур картага материкти чулгап жаткан деңиз жана океандарды түшүрөбүз.

Материктин түндүгундөгү деңиз?

Материкти Азиядан бөлүп турган деңиз?

Материкти чыгышынан чулгап жаткан океан?

Батышынан чулгап турган океан?

5.Башка материктерге салыштырмалуу жайгашкан орду.

Африка менен Евразиянын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн окшоштугу бар.

Африка башка материк менен байланышып турабы?(жок себеби бардык тарабынан океан деңиздер менен чулганган.)

Материктин жээктерин башка материктер менен салыштырабыз.

Өзгөчөлүгү аз тилмеленген булуң-буйткалуу эмес.

Картаны карап арал,жарым арал, кысык,булуңдарын табабыз.

6.Изилдөө тарыхы.

Европалыктарга материктин түндүк бөлүгү гана белгилүү болгон.Эмне үчүн материктин көп бөлүгү табышмактуу болгон? Себеби изилдөөгө Сахара чөлү,булуңдардын аздыгы, тоскоол болгон.Африкадагы кайсы байыркы өлкөлөрду билесинер?(Карфаген,Египет,Ливия.)

Саякатчылар жана изилдөөчүлөр.

Өлкө.

Изилдеген жылдары.

Кайсы аймактарды изилдеген.

Байыркы гректер.

-

-

Африканын тундук бөлүгүн.

Египеттиктер

-

-

Отурукташкан жана изилдешкен.

Бартоломеу Диаш

Португалия

15к

Илгери Умут тумшугун ачып,Африканын батыш жээктерине жеткен.

Васко да Гама

Португалия

1498ж

Африканы айланып Индияга барчу жолду ачкан.

Давид Ливингстон

Англия

19к

Африканын түштүгүн,Замбези дарыясын,Виктория шаркыратмасын,Ньяса көлүн,Конго дарыясынын жогорку агымын изилдеген.

Генри Стенли

Англия

19к

Нил дарыясынын башатын ачкан,Кагера дарыясын Рувензори массивин изилдеген.

В.В.Юнкер

Россия

19к

Борбордук жана чыгыш бөлугүн изилдеп,метеорологиялык ж-а гидрологиялык иштерди жүргүзгөн.

Е.П.Ковалевский

Россия

19к

Тундук-чыгыш бөлүгүн изилдеген.

Н.И.Вавилов.

Россия

19к

Тундук-чыгыш бөлүгүн өсүмдүктөрүн изилдеген.





Бышыктоо:

1 Окуучулар географиялык абалын аныктап, обьектилерди картадан көрсөтүшөт.(Атлантика Инди океандарын,Жер-ортолук,Кызыл деңиздерин,Гибралтар,Мозамбик кысыктарын, Сомали жарым аралын,Гвинея булуңун).



2 Географиялык диктант:

1 Африканы айланып Индияга барчу жолду ачкан.(Васко да Гама)

2 Португалиялык деңиз сүзуучүсү Африканын түштүк жээктерине чейин жеткен.(Бартоломеу Диаш)

3.Англиялык миссионер,гуманист Замбези дарыясындагы Виктория шаркыратмасын ачкан.(Давид Ливингстон)

4.Орус изилдөөчүсү 19к материктин тундук-чыгышын изилдеген.(В.В.Юнкер)

5.Советтик окумуштуу Африканын тундук-чыгыш бөлүгүнүн өсүмдүктөрүн изилдеген.(Н.И.Вавилов.)

1 Н.И Вавилов (5)

2 В.В Юнкер. (4)

3 Д Ливингстон.(3)

4 Б Диаш. (2)

5 Васко да Гама. (1)

1 Баалоо.

2 Үй тапшырма.



















Тема:Батыш Европа өлкөлөрү.

Сабактын максаты: а)Окуучулардын региондун мамлекеттери (Австрия, Бельгия, Германия, Люксембург,Нидерланды,Франция,Швейцария)Экономикалык-географиялык шарттары,калкы жана улуттук курамы,мамлекеттик түзүлүшү,тышкы экономикалык байланыштары боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүү.

б) Окуучулар ар кандай маалымат булактардын негизинде өлкөлөрдүн жаратылыш ресурстарын,калкын,чарбасын салыштыра билүүгө,көнүгүшөт.

в) Окуучулар өз ойлорун эркин айтууга,топ менен иштөөгө,алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: карта, атлас,контур карта,таблица.

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Сабак саякат.

Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу.

б) Үй тапшырма.

в) Жаңы тема.

Мугалим: Батыш Европа өлкөлөрүнө саякатка барабыз.Ал өлкөлөр төмөнкүлөр: картадан Австрия Швейцария Франция Нидерландия Люксембург Бельгия Германияны көрсөтөт.Контур картага маршрут чийилет. Европа экспресс аркылуу 7 мамлекеттке токтолобуз.Окуучулар 6 топко бөлүнөт.

Биз келген биринчи станция Нидерландия:Түндүк деңиз менен чулганып жээк сызыгынын узундугу 451км Германия жана Бельгия менен чектешет.Борбору Амстердам.Мамлекеттик түзүлүшү конститутциялык монархия.iАянты 41 543 чарчы метр.Калкы 17 млн.Калкынын 80,7% Нидерландыктар 2,4% неместер,2,2% түрктөр ж.б түзөт. Өлкөнүн кирешесинин 4.3 бөлүгү социалдык төлөмдөр үчүн жумшалат.Жогорку чыгым айлык акыга жумшалат,орточо айлык 2855-3755 еврого чейин.(228 400сом)

Нидерландиянын экономикасы жогорку деңгеелде өнүккөн.







Топторго кошумча маалымат таркатылат,окуучулар төмөнкү таблицаны толтуруп презентатция жасашат.


1 Өлкө. Аянты.



2 мамлекеттик түз:


3 калктын саны:



4 калктын жыштыгы;


5 улуттук курамы:


6 демографиялык абалы:


7 диндик ишеними:


8 дуйнөлүк экономикадагы орду.


Бышыктоо: 1 Контур картага Бтыш Европа өлкөлөрү түшүрүшөт.

2 Баалоо.

3 Үй тапшырма.

i ү