Бул классификациядагы төмөнкү этап «билүү» деп аталат жана ал ар кандай маанидеги маалыматты (фактыларды, эрежелерди ж.б.у.с.) мындан ашыкча эч нерсени, кайра өндүрүү жөндөмүн билдирет. Андан соң биз түшүнүүгө, башкача айтканда үйрөнүлгөндү чындыгында үйрөнгөнүбүздү көрсөтүү жөндөмүнө өтөбүз. Үчүнчү этап колдонуу деп аталат, башкача айтканда, үйрөнүлгөндү жаңы үлгүлөрдө же кырдаалдарда колдонуу жөндөмдүүлүгү. Мурункуларынан өтүү менен гана кыйла жогору деңгээлге өтүүгө болот. Ошон үчүн, качан биз анализге, синтезге, акыры баалоого өткөнүбүздө, биз окуу процессинин бардык мүмкүн болгон этаптарын, анын ичинде таануунун жогорку этаптарын басып өткөн болобуз. Ар бир кийинки деңгээл өзүнүн калыптангандыгы үчүн мурункунун жакшы өздөштүрүлүшүн талап кылат, бирок ошону менен бирге, алардын ортосунда так чектөөнү жүргүзүшү мүмкүн, андыктан көптөгөн суроолор заматта бир канча деңгээлдерди актуалдаштырат. Окутуунун бардык формаларында – окуу максаттарына ылайык өтө этияттык менен тапшырмаларды түзүү зарыл.
Таанып-билүү жөндөмдөрүнүн деңгээли | Түшүнүктүн аныктамасы Түйүндүү суроолор | Максатка жетүү |
Билүү | Татаалдыгы боюнча ар кандай деңгээлдеги материалды эске тутуу жана кайра жаратуу деңгээли (фактылар, түшүнүктөр, эрежелер, өзгөчөлүктөр, белгилер ж.б.у.с. Түйүндүү суроолор: атап бериңиз…, кайсы жылы…, санап өтүңүз…, формуланы жазыңыз…, ж.б.у.с. | Окуучу терминдерди кайра жаратат, конкреттүү эрежелерди, түшүнүктөрдү, фактыларды ж.б. билет. |
Түшүнүү | Материалды өздөштүрүү деңгээли жана аны кайра түзүү, интерпретациялоо жөндөмү. Түйүндүү суроолор: фразаны аяктаңыз…, Сиз эмнени билдиңиз…, эмне үчүн…, сүйлөмдү кайра түзүңүз…, өз ара байланышты түшүндүрүңүз…, өз сөзүңүз менен айтыңыз…, схеманы (графикти) түшүндүрүңүз…, ж.б.у.с. | Окуучу фактыларды, эрежелерди түшүнөт, схема, графиктерди интерпретациялайт. Мына ушул маалыматтардын негизинде келерки натыйжаларды болжолдуу мүнөздөйт. |
Колдонуу | Конкреттүү кырдаалдарда жана жаңы шарттарда эрежелерди, теорияларды, методдорду колдонуу билгичтиги. Түйүндүү суроолор: колдонуу максатын түшүндүрүңүз…, берилген маселени бир канча жол-жоболор аркылуу чыгарыңыз (эң бир рационалдуу жол менен)…, мына ушул кубулушту кайсы теория (эреже) түшүндүрөт…, божомолдоону текшериңиз (гипотезалар, тыянактар) …, эсепти формула менен жазыңыз (ариптик туюнтма аркылуу)… | Окуучу мурда алынган билимдерге стандарттык шарттарда гана эмес, жаңы шарттарда да кайрылат жана аларды туура колдонот. |
Анализдөө | Окуу материалынын айрым бир элементтерин бөлүп көрсөтүү, элементтердин өз ара байланышын жана бул өз ара байланыштын логикасын аныктоо билгичтиги. Түйүндүү суроолор: түзүмү кандай…, классификациялагыла.., натыйжасы эмне.., салыштыргыла.., айырмачылыкты тапкыла.., негизгисин (негизги эмесин) белгилегиле.., ырааттуулукка көз салгыла.., себептерин анализдегиле.., эмнеден баштайбыз.., кантип улантабыз. | Окуучу бүтүндүктүн бөлүктөрүн жана алардын ортосундагы өз ара байланышты бөлүп көрсөтөт, ойлонуу логикасындагы бөксөлүктөрдү көрөт, фактылар менен натыйжалардын ортосуна чек коет, мына ушулардын маанисин баалайт. |
Синтездөө | Элементтерди жаңы бүтүндүккө бириктирүү билгичтиктиги. Түйүндүү суроолор: жообун тапкыла.., алгоритм сунуштагыла.., альтернативасын тапкыла.., элементтерден түзгүлө.., мүмкүн болгон түшүндүрүү кандайча болмокчу.., жыйынтык чыгаргыла.., негизги белгилерди салыштыргыла жана системалаштыргыла.., аныкталган белгилери боюнча түшүндүргүлө.., иш планын түзгүлө… | Окуучу чыгармачылык ишти аткарат, кайсы бир эксперименттин өткөрүү планын сунуштайт, бир канча тармактардан билимдерди колдонот. Бул жаңы бүтүндүктү түзүү үчүн маалыматты чыгармачылык менен кайрадан иштеп чыгуу. |
Баалоо | Мугалим тарабынан берилген же окуучу тарабынан иштелип чыккан критерийлердин негизинде материалды өздөштүрүү жана сапатын баалоо билгичтиги. Түйүндүү суроолор: логикага баа бергиле.., критерийлерди бөлүп көрсөткүлө.., жакшы жагын сүрөттөп жазгыла.., жооп береби.., бул жөнүндө кандай ойлойсуңар.., тыянактар канчалык туура… | Окуучу критерийлерди бөлүп көрсөтөт жана аларды колдонот, критерийлердин көп түрдүүлүгүнө ишенет, алынган тыянактарга дал келүүсүн баалайт, фактылар менен баа берүүчү пикирлердин ортосуна чек коет. |
Блум таксономиясын окуганды түшүнүүнү жакшыртууда пайдалануу боюнча колдонмо |
Блум боюнча ой жүгүртүү деңгээли | Суроолор/тапшырмалар үлгүлөрү |
Билүү | Сөз деген эмне? (аныктама бер). Окуя өткөн жерди сүрөттө. Башкы карман/каармандар ким? Негизги окуяларды хронологиялык катарда атап өт. Текстте окуялар кантип өөрчүп жатканын айтып бер. |
Түшүнүү | Аягында эмне болду? (жыйынтыкта) Сюжеттеги________ ролуна түшүндүрмө бер. Төмөнкү цитатаны _________түшүндүр. Андан ары эмне болорун божомолдо. Теманы башкача ата – текст эмне жөнүндө? Үзүндүнүн же главанын кыскача мазмунун баянда. |
Колдонуу | Теманын сенин өзүң менен кандай байланышы бар? Эгерде ушунун баары биздин заманда өтсө, кандай болмок эле? Ушуну кагазда сүрөттөп бер? Каармандардын бирөөсү менен интервью өткөр. Ушул эле темага өз аңгемеңди жаз. |
Анализдөө | Эмне үчүн карман ушундайча аракеттенет жана жооп кылат? (анализде) Эки каарманды (темаларды, кыймыл-аракеттерди ж.б.у.с.) салыштыр жана бирине бирин карама-каршы кой. Каармандар ортосундагы мамилени схема түрүндө сүрөттө. Каармандардын мүнөздөрүн алардын кылык-жоругу менен салыштыр. Эмне үчүн контекст/окуя өткөн жер маанилүү? (изилде) |
Синтездөө | Окулган темага ыр ойлоп чыгар. Жаңы концепцияны ойлоп чыгар – китеп эмне менен бүтүшү керек? Теманы талкуулоо үчүн топту/клубду уюштур. Жолугушууну өткөрүү боюнча планды ойлоп тап. Башкы каармандын ордунда болсоң, сен эмне кылар элең? (элестет) Аягын кайра жаз. |
Баалоо | Аягы таасирдүүбү? (баала) Рецензия жазып, автордун ишин баала. Башкы каармандардын чечимдерин акта. Ушинтип аякташы турмушка жакынбы? Далилде. Чындыкка жакындыгына карап, каармандарга номер кой. |
PEAKS долбоору: Орто мектептин мугалимдери үчүн семинар