Китеп окуу агып жаткан сууга окшош. Аккан суунун алдын тосуп койсоң, жер кургап, кунары качып, жансыз болуп калат. Ал эми сууну ыгы менен коё бере турган болсоң, жердин баары көктөп, ал жер мол түшүм берет.
12 оюнчуга
12 суроо
Оюндун шарты:
- Ар бир суроого 1 мин берилет.
- Оюндун жүрүшүндө тынчтык сакталат, эгер тынчтык сакталбаса балл кемитилет;
- Суроого топтун атынан бир эле окуучу жооп бере алат (1 мин талкуудан кийин)
- Суроого жооп берген топ байгесин алат, жооп бере албаса байге уюштуруучуда калат.
- Оюнда жалпы 12 суроо болот жана топ
Башкалардан эртерээк бүткөндү, көбүрөөк аракет кылганды, натыйжалардан чыккан жыргалдыкты сезгенди үйрөнөлү.
Суроо берген:
№ 5 мектеп-гиназиясынын
6-классынын окуучусу
Жолдошова Эдиназ
1-Суроо:
Сырдуу сандыкчанын ичиндеги «ааламда» өлүк адамдар да жашайт, а түгүл сакоо адамдар да сүйлөйт. . Суроо: сандыкчанын ичинде эмне бар?
Китеп
Суроо берген:
№ 5 мектеп-гиназиясынын
6-классынын окуучусу
Эрланбек уулу Досбол
2-Суроо:
Күндөрдүн биринде устат шакиртинен сурайт:
- Айтчы, эгерде он экиден төрттү кемитсек канча калат?
- Эч нерсе калбайт, устатым! – деп жооп берет шакирт.
Суроо: сиздер шакирттин бул жообун тастыктап бериңиздер.
Ал айтат: «Бир жылда төрт мезгил бар. Эгерде бир жылдан төрт мезгилди кемитсек, анда эч нерсе калбайт да» – деп .
Суроо берген:
№ 5 мектеп-гиназиясынын
6-классынын окучусу
Абдуллаева Махбуба
3-Суроо
Байыркы Египетте сырдуу сандыкчанын ичиндеги нерсени самандан, топурактан жана жыгачтан жасашкан. Кийинчерээк айнектен да жасап көрүшкөн. А бирок ал тез – тез сынып кете бергендиктен, алар башка бир бышыгыраак нерселерден жасоого аракеттенишкен. Ал айланага кубаныч, жакшы маанай тартуулайт. Суроо: сандыкчада эмне бар?
Куурчак
Суроо берген:
№ 5 мектеп-гиназиясынын
6-классынын окуучусу
Асланова Альбина
4-Суроо:
Байыркы египеттик акын Апполинар ушундай жазган: Күнгө бардык нерсемди бердим, бардык нерсемди! Бир гана андан сырткары! Аны күн эч да ала албайт менден! Чындыгында да күн адамдагы көп нерселерди алат: күч- кубат, сулуулук, дене басымды ж.б. А бирок аны ала албайт. Суроо: күн адамдан эмнени ала албайт?
Көлөкөнү
Суроо берген:
№ 5 мектеп-гиназиясынын 6-классынын окуучусу
Куттузов Мусурманкул
5-Суроо:
Мындан 40-50 жыл алдың Венгрияда дүйшөмбү күнү башка күндөрдөн өзгөчөлөнүп, көчөлөрдө адамдар көбөйүп кеткен. Адамдар бул күнү театр, музейлерге жана эс алуу жайларына барышкан. Суроо: эмне үчүн дал ушул дүйшөмбү күнү мындай абал жаралган?
Себеби ал күнү сыналгыларда эч бир канал көрсөтүлгөн эмес .
Суроо берген:
№ 5 мектеп-гиназиясынын 6-класснынын окуучусу
Гуланнабиева Сүйүмкан
6-Суроо:
Мындан бир нече жыл илгери АКШнын Колифорния штатында төмөндөгүдөй жазуулар пайда болот: Азыр сатып алыңыз, акысын кийин төлөй бересиз! Суроо: бул жерде эмнени жарнамалашкан?
Сигаретти. Ден соолугуңуз менен төлөй бересиз деген мааниде.
Суроо берген:
№ 5 мектеп-гиназиясынын 6-классынын окуучусу
Исаева Бүбүсара
7 –суроо:
Сырдуу сандыкчанын ичиндеги предметтин айланасында көбүнчө чөп – чарлар болот. Ал түбөлүк бир бутунда турат жана анын башы жок. Кызыгы, ал жок башына шляпа кийип жүрөт. Суроо: сандыкчанын ичинде эмне бар?
Козу карын
Суроо берген:
№ 5 мектеп-гиназиясынын 6-классынын окуучусу
Исабекова Сезим
8-Суроо:
Сырдуу сандыкчанын ичинде бир идиш бар. Бул идиштин ичинде ар дайым суюктук болот. Адамдар ичиндеги суюктугун иштетишет да, а бирок анын идишин ыргытып жиберишет. Эч бир адам баласы бул идишти пайдаланбайт. Суроо: сандыкчанын ичинде кандай идиш бар?
Жумуртканын кабыгы
Суроо берген:
№ 5 мектеп-гиназиясынын 6-классынын окуучусу
Адыбаев Афулатун
9-Суроо:
Биз азыр сиздер менен бирге дыйкан базарга барабыз. Ал жерде бардык мөмө – жемиштер, жашылчалар, дан өсүмдүктөрү ж.б.у.с. сатылууда. Сиздерге керектүү ар бир нерсенин баасын сурайсыздар, а бирок ар кадамда учураган сандыкчанын ичиндеги бул нерсенин баасын эч ким сурабайт. Суроо: сандыкчанын ичинде эмне бар ?
Тараза
Суроо берген:
№ 5 мектеп-гиназиясынын 6-классынын окуучусу
Маликов Мурадин
10-Суроо:
Сандыкчанын ичинде бир сарай бар. Анын ичинен ар дайым 12 туткунду көрүүгө болот. Кызыгы, дал ушул 12 туткунду ар дайым үч күзөтчү көзөмөлгө алат. Суроо сандыкчада эмне бар?
Саат
Суроо берген:
№ 5 мектеп-гиназиясынын 6-классынын окуучусу
Абдиманапова Сумая
11-суроо:
Сырдуу сандыкчанын ичиндеги нерсе өзүнүн тоюмдуулугу боюнча нанга салыштырмалуу үч эсе, уйдун сүтүнө салыштырмалуу 10 эсе күчтүүрөк. Суроо сырдуу сандыкчанын ичинде эмне бар ?
Жаңгак
Билим – бул жанып турган шам чырак,
Жолуңду айсыз түндө жарык кылат.