Билим гана адамды эркин жана бийик кылат.
Командалар менен таанышуу
Оюндун шарты:
- Ар бир суроого 1 мин берилет.
- Оюндун жүрүшүндө тынчтык сакталат, эгер тынчтык сакталбаса балл кемитилет;
- Суроого топтун атынан бир эле окуучу жооп бере алат (1 мин талкуудан кийин);
- Суроого жооп берген топ байгесин алат, жооп бере албаса байге уюштуруучуда калат;
- Оюнда жалпы 16 суроо болот.
Бат ойлонуп, туура жооп берүүнү, көбүрөөк аракет кылганды, натыйжалардан чыккан жыргалдыкты сезгенди үйрөнөлү.
1- cуроо
Эки күн катарынан жамгыр жаашы мүмкүнбү?
Жообу: Жок. Себеби эки күндүн ортосунда бир түн бар.
2- cуроо
Эки адам беш партиядан шашки ойнойт. Ар бири беш жолудан утту. Бул мүмкүнбү?
Жообу: Ооба. Анткени, алар ар түрдүү адамдар менен ойнойт.
3- cуроо
Мараттын он беш кою бар эле.Он төртүнөн башкасынын баары өлүп калды. Ошондо Мараттын канча коюу калды?
Жообу: 14 кой
4- cуроо
Атамдын жашы 31 де болгондо мен болгону 8 жашта элем, ал эми азыр атам менден эки эсе улуу. Ошондо менин жашым канчада?
Жообу: 23 жаш. Атасы менен уулунун жаш айырмачылыгы 23 жаш.
5-суроо
Суроо берген: Алып баруучу
Күндөрдүн биринде устат шакиртинен сурайт:
- Айтчы, эгерде он экиден төрттү кемитсек канча калат?
- Эч нерсе калбайт, устатым! – деп жооп берет шакирт.
Суроо: сиздер шакирттин бул жообун тастыктап бериңиздер.
Ал айтат: «Бир жылда төрт мезгил бар. Эгерде бир жылдан төрт мезгилди кемитсек, анда эч нерсе калбайт да» – деп .
6-суроо
Суроо берген: Ж.Кожобеков атындагы № 47 жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарых мугалими Асаналиева Зина
Бул буюмду байыркы сак уруулары курал катарында да пайдаланышкан. Согуштан жеңилип жатканда, же болбосо согуш талаасында бир нече аскер менен бетме – бет келген учурларында да бул нерсе аскерлерге чоң жардам болуп, курал милдетин да аткарган.
Суроо: эмне тууралуу сөз болуп жатат?
7-суроо
Суроо берген: Ж.Кожобеков атындагы № 47 жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими Бечелова Сүйүмкан
Уламыштарга караганда бир жигит көптөгөн адамдарды алдап, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн капчыгын кампайтып жүрө берет. Ага адамдардын эле эмес, Жараткандын да ачуусу келип, аны ташбакага айландырып салат.
Суроо: сиздер ал жигит эмне болуп иштегендигин айтыңыздар?
Таразачы.
Уламышта таразанын эки ташынын ортосуна ал адамды жайгаштырып койгон деп айтылат.
8-суроо
Суроо берген: Ж.Кожобеков атындагы № 47 жалпы билим берүүчү орто мектебинин физика мугалими жана уюштуруучусу Бобокулова Кенжегүл
Байыркы замандан эле адам баласы жаратылыш күчтөрүн башкара билүүнү, дүйнөдө болуп жаткандардын бардыгын түшүнүүнү эңсеп, эркин эмгек, адилеттик, бак – таалай жөнүндө кыялданган. Мындай үмүт жер шарында жашаган бардык элдер үчүн бирдей мүнөздүү болгон, бирок аны ар бир эл ар түрдүүчө жол менен билдирген. Ушундай үмүттөрдөн, эңсеген тилектерден улам укмуштуудай ....... пайда болгон.
Суроо: эмне пайда болгон?
Жомок
9-суроо
Суроо берген: Ж.Кожобеков атындагы № 47 жалпы билим берүүчү орто мектебинин 8-классынын окуучусу Молдалиева Роза
3 тамга 2 тыбыштан турган,
эң алгачкы жасалгандары үйдөй чоң болгон технологиялык каражат.
Суроо: бул эмне?
ЭЭМ
(электрондук эсептөөчү машина)
10-суроо
Суроо берген: Ж.Кожобеков атындагы № 47 жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарых мугалими Асаналиева Зина
Чыгышка жүрүш жасаган жоокерлер кийимине чүпүрөктөн ….. тагып алышсын деп талап кылган.
Суроо: Эмне тагып алышкан?
Крест
11-суроо
Суроо берген: Жеке ишкер Жаанбаева Махабат
Бул нерсени бир мүнөттүн ичинде 5000 жолу айландырууга болот. Аны айландыруу негизинен сизге зарыл учурларда керек болот жана сиз анын айлануусунун натыйжасында өз жумушуңузду бүтүрөсүз.
Сырдуу кутуча
Суроо: сырдуу кутучанын ичинде эмне бар?
12-суроо
Суроо берген: Ж.Кожобеков атындагы № 47 жалпы билим берүүчү орто мектебинин ашпозчусу
Калдыбаева Насийат
Тамашалуу суроо!
Апенди армияда аскерлерге командир болуп калат. Ал аскерлерге кайрылат: “Жолдоштор, азырынча бул жерди, дагы бул жер, анан бул жерди терең кылып казып турасыңар. А мен болсо барып ……… билип келемин”.
Суроо: Апенди эмнени билип келмекке жөнөп жатат?
Анык кайсыл жерди казуу керек экендигин
13-суроо
Суроо берген: Ж.Кожобеков атындагы № 47 жалпы билим берүүчү орто мектебинин 8-классынын окуучусу Молдалиева Роза
Мындан бир нече жыл илгери АКШнын Колифорния штатында төмөндөгүдөй жазуулар пайда болот: «Азыр сатып алыңыз, акысын кийин төлөй бересиз!»
Суроо: бул жерде эмнени жарнамалашкан?
Сигаретти.
Ден соолугуңуз менен төлөй бересиз деген мааниде.
14-суроо
Суроо берген: Жеке ишкер Жаанбаева Махабат
Суроо ыр түрүндө!
Баарыбыз туруп беш бурчтан,
Отуз эки топтолдук.
Он эки кара, жыйырма ак,
Биригип алып шоктондук!
Суроо: Бул эмне?
Футбол тобу
15-суроо
Суроо берген: Ж.Кожобеков атындагы № 47 жалпы билим берүүчү орто мектебинин физика мугалими жана уюштуруучусу Бобокулова Кенжегүл
3 бала кар ойноп жатып коңшусунун айнегин сындырып коет. Үй ээси караса коңшусунун балдары Марк, Сем, Питр качып баратыптыр. Үй ээси ким сындырды бул жакка кел дейт, эртеси эшигинен « ? » белгиси коюлган кагазды көрөт.
Суроо: Ошондо айнекти ким сындырган?
Марк
Англис тилинде суроо белги Question Mark дегенди билдирет.
16-суроо
Суроо берген: Ж.Кожобеков атындагы №47 жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими Бечелова Сүйүмкан
Бул буюм окуу куралдарын катарын толуктайт.
Формасы 6 бурчтуу призмага окшош.
Сырдуу кутуча
Суроо: Сырдуу кутучанын ичнде эмне бар?
Учталбаган карандаш
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!!!