«Билермандар»(акыл таймаш оюну)
Командалар «Акыл»-1, «Алга»-2, «Келечек»-3
1-тапшырма Макал айтышуу
1.Акылман тили менен, Акмак муштуму менен
2.Тил ырыскы,тили-доолот. 3.Тил билген ,дил билет.
4.Тилден жанылган турбайт, 5.Чечендин тили орток,Чебердин колу орток
Калыстар 1-тапшырмага баа беришет
2-тапшырма Табышмак айтышуу
1.Окшош,окшош тегерек,Бирин –бири жетелеп.Кубалашып жол тартат,арткысы такыр жете элек.
2.Эже-синдиси турушту,Чындыкты талашып.Чындыкка жеткен сон,Калышты бирин-бири карашып.
3.Кулактарга жарашып,Минип алат мурунду,Ким билет мындай буюмду?
4.Бир сепилде байлануу кызыл жаян,Булкунат да сепилден чыга албаган.Буйрукту кандайча деп болбой турган,Бир жерде жатып алып,иш аткарган.
Калыстар 2-тапшырмага баа беришет
3-тапшырма кроссворд чечүү
1-команда
1.Балдардын газетасы?
3.Жыгачтан жасалган куурчак?
4.Кыш майрамы?
5.Жирафтын кыргызча аталышы?
2-команда
1.Балдар журналынын аты?
2.Мусулмандар майрамы?
3.Тынчтыктын символу болгон канаттуу?
4.Кымыз куюла турган идиш?
5.Кыргызды улуттук баш кийими?
3-команда
1.Казакстандын борбор шаары?
2.Жаныбарлардын падышасы?
3.Кыздын аты?
4.Үйду жарык кылуучу күнгө окшош шоола?
5.Күүнүн башы эмне?
Калыстар 3-тапшырмага баа беришет
4-тапшырма
Макал буроо.
Макалдан чыккан кош буроо.Макалдарды маанисине карай топтоштуруу.
Оң буроо:Кыз кезинде бары жакшы,жаман катын кайдан чыгат?
Сол буроо:Жигит кезинде бары жакшы,алкаш эркек кайдан чыгат?
Оң буроо :Отузунда ок ата албаган,кыркында кылыч чапмак беле?
Сол буроо:Отузунда карыздан чыга албаган ,кыркында миллионер болмок беле?
Оң буроо :Короз кыйкырбаса деле тан атат.
Сол буроо:саат чыкылдабаса деле тан атат.
Оң буроо :Туугандан кетсен кет,ыймандан кетпе!
Сол буроо :Базардан кетсен кет,контейнерден кетпе!
Оң буроо :Табын тапсан таш суйлойт.
Сол буроо :Азыр акча менен аш суйлойт.
Оң буроо :Уядан эмнени корсо, учканда ошону алат.
Сол буроо :Унивеситетте канчадан акча берсе иштегенде ошончодон алып баштайт.
Калыстар 4-тапшырмага баа беришет
Аягында командалардын жалпы упайларын калыстар эсептелип , жыйынтык чыгарылат. Баа берилип,жеңүүчүлөрдү куттукташат .