Сабактын темасы: Нерселердин электрлениши жөнүндөгү тарыхый маалыматтар. Электр заряды.
Өтүү мөөнөтү:
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Студенттер нерселердин электрлениши жөнүндөгү тарыхый маалыматтар жана электр заряды жөнүндө билим алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: Студенттер нерселердин электрлениши, заряддын пайда болушун жана атом молекулалык түшүнүк менен Эрнест Резерфорддун тажрыйбасы менен таанышышат.
Тарбиялоочулук: Студенттер терен ойлонууга, токтун кантип пайда болушуна жана аны кантип колдонуунун эрежелерин билүүгө тарбияланышат.
Сабактын тиби: Жаны материалды өздөштүрүү
Сабактын формасы: Стандарттык сабак.
Предметтер аралык байланыш: Химия,
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: Саламдашуу, окуучуларды жоктоо
Өтүлгөн материалды кайталоо: (суроо-жооп менен) 2-чейректи жалпылап кайталоо
Беттик тартылуу күчү деген эмне?
Нымдоо, капиллярдуулук деген эмне?
Буулануу, кайноо деген эмне?
Катуу заттардын түзүлүшү жөнүндө айтып бер?
Деформация жана анын түрлөрү деген эмне?
Серпилгичтүү жана калдыктуу деформациялар деген эмне?
Катуу нерселердин жылуулук касиеттери кандай?
Жаӊы материалды түшүндүрүү:
«Электричество», «электр тогу», «электр энергиясы», деген сөз бардыгыбызга тааныш. Электр тогун пайдаланбаган бир да үй-бүлө, ишкана же чарба жок. Ал биздин күндөлүк турмушубузга ушунчалык синип суну же абаны кандай пайдалансак, электрдин зарылдыгы да ошолордой эле болуп калган. Алгач «электричество» деген сөздүн тарыхына бир аз токтололу. Эгер айнек таякчасын бир барак кагазга сүргүлөп туруп, колго жакындатсак акырын тырсылдаган үндү угабыз. Ал эми карангыда болсо, үн менен кошо болор-болбос учкундар да көрүнөт. Мындан сырткары ошол эле таякча кагаздын майда айрындыларын, чымчыктын тыбытын, чоргодон сызылып агып чыккан суну өзүнө тартат. Ушундай эле кубулуш тарак менен кургак чачты тараган учурда да пайда болот.
Бир нерсени экинчисине сүргөндөн кийин, анын майда нерселерди өзүнө тартуу кубулушу нерселердин электрлениши деп аталат.
Мындай электрленүү биздин заманга чейинки VI кылымдарда эле белгилүү болгон. Алсак, грек философу Фалес Янтарь таякчасын жүнгө сүргөндө майда нерселерди тартаарын белгилеген.
Янтарь-жерде жүз миндеген жылдар мурун өскөн карагайдын таштай катып калган чайыры. Янтарь грекче электрон дегенди билгизет. Ошондон «электричество» деген ат келип чыккан.Айнек таякчасын кагазга же эбонит таякчасын жүнгө сүрткөндө электрленди же электр заряды пайда болду деп коюшат.
Электр заряды- электрленген нерселердин өз ара аракеттешүү касиети.
Электр зарядынын эки түрү бар. Биринчиси он заряр (+) ал эми экинчиси терс заряд (-). Нерселердин электрленгендигин же электрленбегендигин билүү үчүн электроскоп деген куралды пайдаланабыз. Ал оозу пластмасса капкак менен бекитилген айнек идиштен турат. Бирдей заряддалган нерселер түртүлүшөт, ал эми ар түрдүү заряддалган нерселер бири бирине тартылышат.
Бири-бирине тартылышат. Түртүлүшөт.
Бардык нерселер заттардан турат. Заттар молекуладан турат. Ал эми молекула андан да кичине атомдордон турат. Атомдун ядросу он зарядга ээ жана анын айланасында айланып жүргөн терс заряддуу электрондон турат. Ал эми он заряддуу ядро экиге бөлүнөт. Биринчиси он зарядка ээ болгон протон жана зарядсыз бөлүкчө нейтрондон турат.
Мисалы, төмөнкү суутек менен гелийдин атомдорунун түзүлүш моделин карап көрөлү.
Суутектин жана гелийдин атомдорунун түзүлүштөрүнүн моделдери
Сабакты бышыктоо:
Корутундулап айтсак, электр заряды- заттардын электрдик касиетин мүнөздөөчү физикалык чондук. Бирдиги үчүн 1кулон (1Кл) алынат. Ал француз физиги. Шарль кулондун урматына коюлган. Электрондун заряды
барабар.
Студенттерди билимин баалоо: Сабакка активдүү катышкан окуучулардын билимин баалоо.
Үй тапшырма берүү: §38-39 окуп келүү.