СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим беруунун мазмуну

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Билим беруунун мазмуну

Просмотр содержимого документа
«Билим беруунун мазмуну»

Бабаев Дөөлөтбай, Акматов Кыялбек,

Кимсанов Куштарбек












ПЕДАГОГИКА


Педагогикалык адистик берүүчү

жогорку окуу жайларынын студенттери,

магистрлери үчүн окуу куралы





























Бишкек, 2016



7. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАЗМУНУ


7.1. Билим берүүнүн мазмуну түшүнүгү жана

анын маңызы

Ийгиликтүү окутуу үчүн – эмнени үйрөтүү керектигин, б.а. билим берүүнүн мазмунун кандай болушу керектигин түшүнүү зарыл. Билим берүүнүн мазмуну түшүнүгү ар түрдүү чечмеленет.

Негизинен мектептин билим берүү функциясын реализациялоого багыт алган салттуу педагогикада билим берүүнүн мазмуну деп, окуучулар ээ болууга зарыл болгон педагогикалык жактан адаптацияланган билимдердин, алар менен байланышкан практикалык билгичтиктер менен көндүмдөрдүн системасын түшүнүшөт. Бул билим берүү мазмунунун маңызын аныктоодогу ушундай деп аталган билимдик-багыт алуучулук жол, мында билим адамзаттын тарыхый өнүгүү процессинде топтолгон социалдык баалуулук катары көңүл борборунда турат. Мындай жол менен барууда билимдер демократиялык коомдогу чыгармачыл, өз алдынча ойлоно билген адамдын калыптануусун калкалап коёт.

Акыркы убактарда билим берүүнү гумандаштыруу алкагында билим берүү мазмунунун маңызын аныктоого карата инсанга багыттоо жолу көбүрөөк каралууда, бул И.Я.Лернер, М.Н.Скаткин, В.С.Леднев, В.В.Краевский сыяктуу окумуштуу-педагогдордун эмгектеринде чагылдырылган. Ал эми кыргыз педагогикасында И.Бекбоев тарабынан инсанга багыттап окутууга арналган атайын эмгек жазылган. Бул жолго ылайык окуучулар белгилүү бир окуу мазмунуна гана ээ болбошу керек. Аларда балуулук жактан маанилүү болгон сурамдар менен көздөмдөр өз иш-аракети үчүн, коом менен өлкөнүн тагдыры үчүн, курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн жоопкерчилик, адилетсиздик менен ырайымсыздыкка, башкача ойлонгондорго сабырдуу мамиле жасоо сыяктуу ж.б. инсандык сапаттар калыптанууга тийиш. Бул авторлор билим берүүнүн мазмунун педагогикалык жактан адаптацияланган, төрт элементтен турган жана төмөнкүдөй тажрыйбаны элестеткен социалдык тажрыйба катары көрүшөт:

- таанып-билүү ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасы, бул тажрыйба өз натыйжаларынын формасы – билимдер (табият, коом, техника, ойлом жана ишмердүүлүк ыкмалары жөнүндөгү) менен туюндурулат;

- ишмердүүлүктүн белгилүү болгон ыкмаларын ишке ашыруу тажрыйбасы – үлгү боюнча аракеттенүү билгичтигин (интеллектуалдык жана практикалык билгичтиктер менен көндүмдөр) формасында туюндурулат;

- чыгармачылык ишмердүүлүк тажрыйбасы – проблемалуу кырдаалдарда стандарттуу эмес чечим кабыл алуу билгичтиги (эксперимент усулдарын өздөштүрүү, көркөм, техникалык жана социалдык чыгармачылыкка катышуу) формасында туюндурулат;

- эмоционалдык-баалуулук мамилелерди ишке ашыруу тажрыйбасы – инсандык багыт алуулар (курчап турган дүйнөгө, адамдарга, өзүнө, моралдык нормаларга, дүйнө таанымдык көз караштарга ж.б. жасаган мамилеси) формасында туюндурулат.

Билим берүүнүн мазмунунун ушул саналып өткөн элементтеринин баарысы өз ара байланышкан жана өз ара шартталган. Социалдык тажрыйбанын ушул элементтерин өздөштүрүү адамга мыкты аткаруучу болууга гана эмес, өз алдынча, чыгармачылык менен аракеттенүүгө, аракеттеги мамилелер системасына өз салымын кошууга мүмкүндүк берет.


7.2. Билим берүүнүн мазмунун түзүүнүн

негизги теориялары

Билим берүүнүн мазмуну тарыхый мүнөзгө ээ. Ал коомдук өнүгүүнүн тигил же бул этабындагы билим берүүнүн максаттары жана милдеттери менен аныкталат. Ар түрдүү социалдык системалардагы билим берүүнүн мазмуну бирдей эмес. Ал жашоо талаптарынын, өндүрүштүн жана илимий билимдердин өнүгүү деңгээлинин таасири астында өзгөрүп турат.

Билим берүүнүн мазмунун түзүүнүн негизги теориялары XVIII к. аягында – XIX к. башында пайда болгон. Алар билим берүүнүн мазмунунун материалдык жана формалдуу теориялары деген аталышка ээ болгон.

Билим берүүнүн мазмунунун материалдык теориясын (дидактикалык материализм же энциклопедизм теориялары) жактоочулар билим берүүнүн негизги максаты окуучуларга илимдин ар кандай тармактарынан мүмкүн болушунча көбүрөөк көлөмдөгү билимди берүүдө турат деп эсептешкен. Бул ынанымга өткөн мезгилдеги атактуу педагогдордун көпчүлүгү (Я.А.Коменский, Г.Спенсер ж.б.) макул келишкен.

Бул теориянын жактоочулары азыр деле бар (балким, ушул окуучуларга ашыкча маалыматты жүктөөнүн себептеринин биридир).

Билим берүүнүн мазмунунун формалдуу теориясын (дидактикалык формализм теориясы) жактоочулар окутууну окуучулардын жөндөмдүүлүгүн жана таанып-билүүчүлүк кызыгууларын, алардын көңүл буруусун, эстутумун, элестөөлөрүн, ойломун өнүктүрүүнүн каражаты катары карашат. Билимдин булагы болуп, дешет алар, акыл-эс эсептелет. Ошондуктан баарынан мурда адамдын акылы менен жөндөмдүүлүгүн өстүрүү зарыл. Билим берүүнүн мазмунун тандоодо дидактикалык формализмдин жактоочулары математика жана классикалык тилдер (өзгөчө, байыркы тилдер) сыяктуу окуу предметтеринин өнүктүрүүчү баалуулугун жетекчиликке алышат. Мындай көз карашты Дж. Локк, И.Г.Песталоцци, И.Гербарт ж.б. жакташкан.

Бул эки теорияны тең К.Д.Ушинский катуу сынга алган. Анын пикири боюнча, мектеп адамдын интеллектуалдык күчүн өнүктүрүүгө, аны билимдер менен байытууга жана аларды пайдаланууну үйрөтүүгө тийиш. К.Д.Ушинский дидактикалык материализм менен дидактикалык формализмдин биримдик идеясына негиз салган, муну азыркы педагогдор колдоого алып жүрүшөт.

XIX – XX кк. тогошуусунда материалдык жана формалдуу теориялар менен канааттанбагандыкка жооп катары билим берүүнүн мазмунунун дидактикалык прагматизм теориясы (дидактикалык утилитаризм теориясы) пайда болот. АКШда ага белгилүү педагог Дж.Дьюи негиз салса, Европада ушундай көз караштарды немец педагогу Г.Кершенштейнер айткан.

Бул теориянын жактоочулары эсептегендей, билим берүүнүн мазмунунун булагы айрым бир предметтерде эмес, окуучунун коомдук жана жекече ишмердүүлүгүндө турат. Билим берүүнүн мазмуну дисциплиналар аралык билимдер системасы катары болууга тийиш, буларды өздөштүрүү окуучулардан коюлган милдеттерди чечүү үчүн жамааттык күч-аракетти, практикалык иш-аракеттерди талап кылат.

Дидактикалык прагматизм теориясы америкалык мектептердеги окуу иштеринин мазмунун менен усулдарына маанилүү таасир эткен. Ушул теорияга ылайык окуучуларга окуу предметтерин тандоодо максималдуу эркиндик берилип, окуу-тарбиялык иштер окуучулардын субъективдүү таламдарына жана кызыгууларына ылайыкташтырылган.

Бул теорияны практика жүзүндө реализациялоо АКШда билим деңгээлинин бир топ төмөндөшүнө алып келген, бул ХХ кылымдын биринчи жарымында эле кескин сынга алынган.

Дидактикалык материализм, дидактикалык формализм жана дидактикалык утилитаризм мезгил сыноосуна туруштук бере албагандыктарына карабастан, алар билим берүүнүн мазмунун калыптандыруунун азыркы жолдоруна маанилүү таасир этти. Белгилүү польшалык окумуштуу В.Оконь билим берүү мазмунунун функционалдык материализм деп аталган теориясын иштеп чыккан. Анын пикири боюнча, окуучулардын билимге да, бул билимдерди өз ишмердүүлүгүндө пайдалануу билгичтигине да ээ болуусун камсыздагыдай теория керек, б.а. таанып-билүү менен ишмердүүлүктүн ортосунда интегралдык байланыш болууга тийиш.

Ошондой эле В.Оконь эсептегендей, кээ бир предметтердин мазмунунда алардын жетектөөчү идеялары (биологияда – эволюция идеясы, математикада – функционалдык көз карандылыктар идеясы, тарыхта – тарыхый шартталгандык ж.б.) чагылдырылууга тийиш, б.а. билим берүүнүн мазмунун тандоодо дүйнө таанымдык жолду жетекчиликке алуу зарыл.

Окутуу процессинде окуучулар ээ болгон билимдерин практикалык мүнөздөгү, табигый, техникалык, маданий жана коомдук чындыкты жеткиликтүү кайра түзүүлөргө багытталган милдеттерди чечүү үчүн пайдалана алгыдай шарттарды түзүү керек.

Бул теория билим берүүгө коом тарабынан коюлуучу талаптарды жана окуучулардын жеке таламдарын өзүнө бириктирип турат.

1950-жылдары билим берүүнүн мазмунун операционалдык структуралаштыруу теориясы иштелип чыккан. Анын пайда болушу окуу процессине программалаштырылган окутууну кийирүү менен байланышкан. Бул теория билим берүүнүн мазмуну кандай болууга тийиш деген суроодон да мурда аны окуучуларга кантип жеткирүү керек, кантип аны түзүмдөө керек, мазмундук жана логикалык жактан байланышкан бөлүктөргө кандайча бөлүү керек деген суроого жооп берүүгө далалаттанат.

Бүгүнкү Кыргызстанда билим берүүнү мазмунун КРдин “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына сиңирилген максаттуу аныктоолор менен аныкталат.

Бул мыйзамга ылайык, билим берүүнүн мазмуну коомдогу экономикалык жана социалдык прогресстин факторлорунун бири болуп саналат жана инсандын өзүн-өзү аныктоосун камсыздоого багыт алууга, аны реализациялоо үчүн шарттарды жаратууга, коомдун өнүгүүсүнө, укуктук мамлекеттин чыңдалышына жана өркүндөшүнө багыт алууга тийиш.

Билим берүүнүн мазмуну коомдун жалпы жана кесиптик маданиятынын дүйнөдөгү ушундай маданиятка карата адекваттуу деңгээлин; окуучуларда билимдердин жана билим берүү программаларынын азыркы деңгээлине төп келүүчү дүйнө сүрөттөлүшүн калыптандырууну; инсандын улуттук жана дүйнөлүк маданиятка интеграциялануусун; бүгүнкү коомго интеграцияланган жана бул коомду өркүндөтүүнү максаттаган адамды жана жаранды калыптандырууну; коомдун кадрдык күч-кубатын кайра түзүүнү жана өнүктүрүүнү камсыздоого арналат.

Билим берүүнүн мазмуну расалык, улуттук, этникалык, диний жана социалдык таандыктыгына карабастан адамдар арасындагы, элдердин ортосундагы өз ара түшүнүүнү жана кызматташууну коштоого, дүйнө таанымдык мамилелердин ар түрдүүлүгүн эсепке алууга, окуп жаткандар үчүн пикирлер менен ынанымдарды эркин тандоо укугун реализациялоого өбөлгө түзүүгө тийиш.

Жалпы жана кесиптик билим берүү мазмунун айырмалап карашат. Жалпы билим берүүнүн мазмуну инсандын жалпы маданиятын, анын көз караштарын, жарандык позициясын, дүйнөгө, эмгекке, коомдук турмушка болгон мамилелерин калыптандырууга өбөлгө түзөт. Кесиптик билим берүүнүн мазмуну адамга ишмердүүлүктүн конкреттүү тармагында зарыл болгон билимдер менен билгичтиктерди берет.

Педагогика илиминде билим берүүнүн мазмунун тандоо критерийлеринин системасы иштелип чыккан, буга ылайык мектепте окулуучу нерсе төмөндөгүдөй болууга тийиш:

-инсандын гармониялуу өнүгүү жана анын базалык маданиятынын калыптануу милдеттерин бүтүндөй чагылдырууну камсыздоого;

-окуу предметтери менен коомдук практика камтыган билим берүү материалынын илимий жана практикалык маанилүүлүгүнө ээ болууга;

-тигил же бул курактагы окуучулардын реалдуу окуу мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келүүгө;

-материалдын мазмунунун көлөмү аны окуп-үйрөнүүгө берилген убакытка дал келүүсүн камсыздоого;

-жалпы билим берүүнүн мазмунун түзүүдө эл аралык тажрыйбаны эсепке алууга;

-азыркы мектептин окуу-методикалык жана материалдык базасына шайкеш келүүгө.


7.3. Мамлекеттик билим берүү стандарты

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык өлкөдө билим берүү стандарттары киргизилген.

“Стандарт” түшүнүгү латынча “standard” деген сөздөн алынган, ал “үлгү”, “норма”, “ченем” дегенди билдирет. Билим берүү стандарты деп, билимдүүлүктүн мамлекеттик нормасы катары кабыл алынуучу, коомдук идеалды чагылдыруучу жана ушул идеалга жетүү боюнча реалдуу инсан менен билим берүү системасынын мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуучу негизги параметрлер системасын түшүнөбүз.

“Билим берүү стандарты” термини эл аралык макамга ээ, б.а. түрдүү өлкөлөрдө колдонулат. Мунун башка аталыштары да бар. Мисалы, Великобританияда “улуттук окуу планы” деген түшүнүк бар.

Билим берүүдө стандартташтыруунун негизги объектилери болуп анын түзүмү, мазмуну, окуу жүктөмүнүн көлөмү жана окуучулардын даярдык деңгээли эсептелет. Стандарт тарабынан аныкталган нормалар менен талаптар билим берүүнүн негизги жактарынын сапатын баалоодо эталон катары кабыл алынат.

Билим берүүнү стандартташтыруу зарылдыгы эмнеден келип чыккан?

Билим берүүнү стандартташтыруу билим берүү чөйрөсүн коомдук кубулуш катары түп тамырынан берки өзгөртүүгө түздөн түз байланышкан. Кыргызстандын демократияга, рыноктук мамилелерге, инсандын укуктары менен эркиндигине карай бурулушу билим берүү тармагындагы саясатты кайрадан түшүнүүнү талап кылды. Билим берүү чөйрөсү эми баарынан мурда инсандын муктаждыктарын канааттандырууга багыт алды. Бул, өз кезегинде, билим берүүнү уюштуруудагы, окутуунун мазмунун, формасын жана усулдарын тандоодогу олуттуу өзгөрүүлөрдү шарттады.

Билим берүүдө стандартташтыруу, ошондой эле, мектеп окуу процессин уюштуруунун жаңы, бир топ эркин формасына өткөндүгү, көпчүлүк мектептердин макамынын өзгөргөндүгү, жаңы окуу планынын киргизилиши, окуу предметтерин жана аларды үйрөнүүнүн көлөмүн бир топ эркин тандоо, альтернативалуу окуу китептерин киргизүү, окутуунун жаңы технологияларын жаратуу, көп деңгээлдүү жана дифференциациялап окутуу билим берүү мейкиндигинин окуучулар түрдүү типтеги билим мекемелеринде ээ болуп жаткан билимдердин бирдиктүү деңгээлин камсыздоого мүмкүндүк берүүчү базалык бирдиктүүлүгүн сактоону талап кылгандыгы менен да байланышкан.

Мындан сырткары, билим берүүнү стандартташтыруу Кыргызстандын дүйнөлүк маданият системасына кирүүгө умтулгандыгы менен да байланышкан, бул болсо билим берүү системасын түзүүдө билим берүүнүн эл аралык практикасындагы жетишкендиктерди эсепке алууну талап кылат. Мунун өзү Кыргызстандык жарандардын билими тууралуу документтери чет өлкөлөрдө да таанылышын камсыздайт.

Биздин өлкөдө билим берүүнү стандартташтыруу идеясы советтик мезгилде эле болгон. СССРде мамлекеттик билим берүү стандарты түшүнүгү болбосо да, анын ролун бирдиктүү окуу пландары аткарган. Алар республикаларга жиберилип, мектептердин реалдуу окуу пландарына негиз болгон.

Ошол жылдардагы окуу программалары менен окуу пландары ашыкча идеологиялаштырылгандыгы менен айырмаланып, чындыгында, мугалимдин демилгесин, окуучулардын билим берүү мазмунун өз кызыгууларына жана жөндөмүнө жараша тандоосун чектеп койгон. Бирок ошондой жол менен билим берүү стандарты жөнүндөгү идея практика жүзүндө текшерилген.

Мамлекеттик стандарттын киргизилиши окуу процессин бир катаал шаблонго баш ийдирет дегенди билдирбейт, тескерисинче, педагогикалык чыгармачылык үчүн, мазмундун милдеттүү түрдөгү (стандарт болуп эсептелген) өзөгүнүн айланасында вариативдүү программаларды, окутуунун түрдүү технологияларын, окуу колдонмолорун түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.

Мамлекеттик билим берүү стандарттары конкурстук негизде иштелип чыгат; кеминде он жылда бир жолу такталат; өкмөттүк мыйзам менен аныкталат; кимге (каякка) баш ийүүсүнө, тибине жана менчик формасына карабастан өлкөдөгү бардык окуу жайлары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

Жалпы билим берүүчү мекемелердин билим берүү стандартында үч компонент каралат: мамлекеттик, улуттук-регионалдык жана мектептик.

Стандарттын мамлекеттик компоненти Кыргызстандын билим берүү мейкиндигинин бирдиктүүлүгүн, ошондой эле инсандын дүйнөлүк маданият системасына интеграциялануусун камсыздоочу нормативдерди аныктайт.

Улуттук-регионалдык компонент региондордун компетенциясына тиешелүү болгон (мисалы, эне тили жана адабияты, география, көркөм өнөр, эмгекке даярдоо ж.б. тармактардагы) нормативдерди аныктайт.

Билим берүү мазмунунун мектептик компоненти айрым бир окуу жайынын өзгөчөлүгү менен багытталышын чагылдырат.

Стандарттын мамлекеттик компоненти – анын кайрадан өтө сейрек каралуучу өзгөргүс бөлүгү; улуттук-региоалдык жана мектептик компоненттер – системалуу түрдө жаңыланып туруучу вариативдүү курамы.

КРдин “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамында каралгандай, бийликтин мамлекеттик органдары тарабынан негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү түрдөгү минимуму, окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү, бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлине коюлуучу талаптар нормаланат. Билим берүүнүн мазмунун милдеттүү түрдөгү минимумдан белгиленген окуу жүктөмүнүн чектеринде ашыкча аныктоо окуу жайларынын компетенциясында болот.

Стандарттын курамына төмөндөгүлөр кирет: окуу жайларынын типтүү (базистик) окуу планы, мазмундун инварианттуу жана вариативдүү курамдарынын жалпы мүнөздөмөсү, окуучулардын жалпы даярдыгынын деңгээлине коюлуучу мамлекеттик талаптар.


7.4. Окуу пландары, программалары, окуу китептери

жана колдонмолору

Билим берүүнүн мазмуну окуу пландарында, программаларында, окуу китептеринде жана окуу колдонмолорунда чагылдырылат.

Окуу планы – окуу жайында окутулуучу окуу предметтеринин курамын, аларды окуп-үйрөнүү тартибин (ырааттуулугун) жана ар бир предмет үчүн бир жылга, жумасына берилүүчү окуу сааттарынын санын; окуу жылынын жана каникулдардын узактыгын аныктоочу документ.

Окуу пландары базистик (типтүү катары) окуу планы жана конкреттүү окуу жайы тарабынан иштелип чыккан окуу планы болуп бөлүнөт.

Базистик окуу планында окутулуучу окуу дисциплиналарынын тизмеги мектепте (ЖОЖдо) окутуу жылдары боюнча берилген. Үйрөнүлүүчү предметтер окуу планында үч топко бөлүнөт: милдеттүү түрдөгү (базалык – мамлекеттик компонент), окуучулардын тандоосу боюнча (регионалдык компонент) жана окутулушу мектептин (ЖОЖдун) кеңеши тарабынан аныкталуучу предметтер (мектептик, ЖОЖдук компонент). Базистик окуу планында сааттарды билим берүүнүн түрдүү тармактарына, факультативдерге, тандоо курстарына бөлүштүрүү аныкталат.

Базистик окуу планынын негизинде мектептердин (ЖОЖдордун) окуу пландары алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгат. Бул пландар күндүзгү, сырткы, кечки, дистанттык окутуу формалары үчүн ар түрдүү болот.

Окуу пландарынын негизинде окуу программалары түзүлөт.

Окуу программасы ошол предметти окуп-үйрөнүүнүн максаттары, окуучулардын (студенттердин) билимине жана билгичтиктерине коюлуучу талаптар жөнүндөгү түшүнүк катты, предмет боюнча үйрөнүлүүчү материалдын ар бир класстагы (курстагы) тематикалык пландалышын; программанын өзүн – курс боюнча бөлүктөрдүн жана темалардын тизмегин, ошол курс үчүн зарыл болгон окуу жабдууларынын жана көрсөтмө куралдардын тизмегин; сунушталуучу адабияттарды; текшерүү үчүн суроолорду; курстук, квалификациялык иштердин тематикасын (ЖОЖдо) камтыйт.

Типтүү, жумушчу жана автордук окуу программаларын айырмалашат.

Типтүү окуу программалары белгилүү бир дисциплина боюнча Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыгат. Алар сунушталма мүнөзгө ээ.

Жумушчу окуу программалары типтүү программалардын негизинде түзүлүп, мектептин педагогикалык кеңеши тарабынан (ЖОЖдо – жетектөөчү кафедранын чечими менен) бекитилет. Алар билим берүү стандартынын талаптарын жана окуу жайынын мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырат.

Автордук окуу программалары билим берүү стандартынын талаптарын эске алат, бирок аларда окуу материалын баяндоонун башка логикасы, үйрөнүлүүчү кубулуштар менен процесстерге карата автордук көз караш болушу мүмкүн. Булар негизинен тандоо курстарында, факультативдерде пайдаланылат.

Окуу программаларын түзүүнүн эки тарыхый ыкмасы калыптанган: борборлош жана сызыктуу.

Окуу программаларын түзүүнүн борборлош ыкмасында окутуунун ошол баскычындагы материал бир топ татаалдашкан түрдө кийинки баскычтарда окутулат. Окуу программасын борборлош түзүү окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу зарылдыгы менен шартталган.

Окуу программаларын түзүүнүн сызыктуу ыкмасында окутуунун ар бир кийинки баскычындагы материал мурдагы жылдарда окутулгандын логикалуу уландысы болуп эсептелет. Бул ыкма бир топ үнөмдүү.

Окуп-үйрөнүлүүчү материалдын конкреттүү мазмуну окуу китептеринде жана окуу программаларында ачылып берилет.

Окуу китеби окутуунун маалыматтык булагы жана окутуу каражаты болуп саналат, окутуунун максаты менен мазмунун чагылдырат.

Окуу китебинде негизги форма катары текст эсептелет. Ал төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:

-негизги текст (базалык терминдер, алардын аныктамалары, негизги фактылар, кубулуштар, процесстер, окуялар; закондордун, теориялардын, жетектөөчү идеялардын сүрөттөлүп жазылышы ж.б.);

-кошумча текст (документтер, хрестоматиялык жана маалымат берүүчү материалдар, биографиялык маалыматтар ж.б.);

- түшүндүрмө текст (киришүү, эскертүүлөр, түшүндүрүүлөр, сөздүктөр, көрсөткүчтөр ж.б.).

Окуу китебине кошумча катары окуу колдонмолору чыгарылат, алар айрым материалды тереңдетип, мазмунун толуктайт. Окуу колдономолоруна хрестоматиялар, маселелер жыйнагы, атластар, көнүгүүлөр жыйнагы ж.б. кирет.