СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим менен куралданган -- женилбес

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат"  Сабактын максаты:  - окуучуларга билимдин кадыр-баркын сездирүү, терең билим алуу аркылуу көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишүүгө, түрдүү өнөрлөргө ээ болууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү;  - татыктуу билим алуу менен Ата Мекенибизге кызмат кылган, эли-журттун керегине жараган инсандардан болууга тарбиялоо; - биримдикке, ынтымактуулукка, эмгекчилдикке ж.б. асыл сапаттарга тарбиялоо. Колдонулуучу материалдар: Түстүү сүрөттөр, ватмандар, маркерлер, Ж.Баласагын "Кут алчу билим", "Макал-лакаптар". Сабактын жүрүшү:  1. Уюштуруу (класста жагымдуу жагдай түзүү) Мугалим Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" китебинен үзүндүнү көркөм окуйт.  Айткым келди, о акылман, сөз жайын,-  Окуу, билим пайдасынан баштайын.  Окуу - түндө алдыңдагы шам чырак,  Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.  Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,  Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.  Сокур дешет билимсизди - жөн дебе,  Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.  Мугалим: Балдар, бул ыр саптары кайсы автордун, эмне деген чыгармадан үзүндү экендигин билесиңерби? Балдар: Билебиз. Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" чыгармасынан. Мугалим: Туура айтасыңар, балдар. Силер да окуу, мектеп, билим жөнүндө билгениңерди айтып көргүлөчү? (Окуучулар билгендерин айтып беришет)  - Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат. - Китеп - билим булагы, билим - өнөр чырагы. - Билимдүүнүн түнү - күн, билимсиздин күнү - түн. - Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет. - Китепсиз билим жок, билимсиз өмүр жок. - Ким көп окуса, ал көптү билет. - Китеп - мүлк, оокат, нан, Китеп окубаган адам ал - наадан. Китеп - билим,  Билимиң менен баалан. Мугалим: Азаматсыңар, балдар. Силер окуу, билим, билим кени болгон китеп жөнүндө эң жакшы макалдарды, накыл кептерди айтып бердиңер. Байкадыңарбы, биздин бүгүнкү тарбиялык сабагыбыз кандай темада экен? Окуучулар: Окуу, билим тууралуу экен. (Доскага тема жазылат)  Тема: "Билим гана адамды эркин жана бийик кылат". Мугалим: Балдар, бүгүнкү 1-сентябрь - Билим күнүнө жана 31-август Өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнө карата мен силерге атайын кайрылуу кат даярдап келдим. Алгач ошону окуп берейин, көңүл коюп уккулачы. (Мугалим кайрылууну окуп берет)  Кымбаттуу жаш жеткинчектер! Силерди жаңы окуу жылыңардын башталышы менен чын дилден куттуктайм! Билим күнү бардык кыргызстандыктар үчүн жакшы башталыштардын, ачылыштардын жана ийгиликтердин символу болуп калды. Илим, ийгиликтер - бул Кыргызстандын келечеги эмеспи! Билим күнү жөн гана майрам эмес, ал - ийгиликке жетишүү үчүн тынбай эмгектенүү, өмүр бою өзүн-өзү өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө зарылдыгын эске салуучу улуу күн. Эгемендүү мамлекетибиз - биздин ыйык Мекенибиз. Эс тартып чоңойгон сайын силер өз Мекениңерге, эли-журтуңарга карыздар экениңерди түшүнө баштайсыңар. Анткени Ата Мекенибиз силерди асырап өстүрүп, ырыстуу балалыкты тартуу кылып отурат. Силер ошол бир боор жерден, бир тууган элден баштап дүйнөнү тааный баштагансыңар. Сулуулугуна сөз жеткис, учу-кыйырына көз жеткис Ата Мекенди бизге ата-бабаларыбыз мураска калтырган. Эми силер да Ата Журтту, ата мурастарын көздүн карегиндей сактап, өзүңөрдөн кийинки урпактарга ыйык таберик катары өткөрүп берүү - атуулдук парзыңар да, карызыңар да экенин унутпашыңар керек. Ар бир жаш өспүрүм өз Мекенинин, жашап өткөн ата-бабаларынын тарыхын окуп-билүүгө жана андан таалим-тарбия алууга милдеттүү. Өз элинин, жеринин тарыхын, эне тилин, салт-санаасын, каада-салтын жана рухий казынасын жетик билген, аны жашаган заманына, мезгилине жараша баалап түшүнө алган, таалим-тарбиялуу, билимдүү жаш адам гана өз алдына келечек максатын кое билет жана турмуштагы өз чыйырын туура салып, ордун таба алат. "Максатсыз адам - канатсыз куш" деген накыл кеп бар элибизде. Анын сыңарындай, бул жашоодо ар бир адамды улуу максат жетелеп, илгери үмүт, таза ниет менен иштеп, көрөңгөлүү өмүр, ишенимдүү кең келечекке ишенип жашоосу абзел.  Биз тээ ак чач замандардан бери нечен кылымдарды карытып жашап келген түптүү элибиздин тарыхы, дүйнөдө теңдеши жок алп дастан "Манасты" жараткан эне тилибиз - кыргыз тили, каада-салты, маданияты жана өлбөс-өчпөс эрдиги менен сыймыктанууга толук татыктуу элбиз. Ушундай улуу мурастарыбызды эч качан, эч убакта унутпай, урпактарыбызга чыпчыргасын коротпой жеткирип, толуктап алып жүрүүбүз зарыл. Жаш достор, силер Эгемендүү Кыргыз Республикасында эркин, ырыстуу, бактылуу балалыкта жашап, билим-тарбия алып жатасыңар. Мындай бактыны силерге өткөн ата-бабаларыбыз, улуу муундарыбыз, ата-энелерибиз кан-жанын аябаган күрөшү, бүт өмүрүн арнаган эмгеги жана аруу тилек-максаттары менен нуска кылышкан.  Улуу бабаларыбыздын жолун аталарыбыз уланткан, аталардын жолун биз улап келе жатабыз, ал эми биздин жолду силер, силердин жолуңарды кийинки жаш муундар улантышат. Ошентип муундардын өз ара байланышы үзүлбөй, элибиз тарыхта изин жоготпой жашай берет.  Буюрса, силер келечекте биздин ордубузду татыктуу басышыңар керек. Ал үчүн акыл-эстүү болуп эрезеге жетип, "ийне менен кудук казгандай" терең билим алып, ар түрдүү өнөр-кесиптин ээси болууга аракеттенүүңөр керек.  Улуу инсаныбыз Исхак Раззаков "Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот" дегендей, дилиңер да, пейилиңер да, эмгегиңер да аруу, таза болсун. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: "Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу", - деп туура белгилеген. Ар бир күндө чыныгы АДАМ деген атка татыктуу болуп, адамдык менен, адалдык менен жашап, иштөөгө жашыңардан чын дилден ниеттенгиле. Улуу муундардын салтын улап, ириде, силерге өмүр тартуулап, адам кылган ата-энеңерди, жаш муундардын жаркын келечеги үчүн билимин, өмүрүн арнап, албан эмгек кылган ардактуу кесиптин ээси мугалимдерди сыйлагыла жана урматтагыла. Ата-энени, устатты сыйлоо, улууну урматтоо - элибизде келе жаткан нарктуу салт, ыйык милдет.  Кыргыз элибиздин улуттук кызыкчылыгын, ар-намысын жана аброюн бийик тутуп, эркин республикабыздын туусун бийик көтөрүп, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн өз салымыңарды аябагыла.  Ата-бабаларыбыздын эрдигин, көсөмдүгүн, айкөлдүгүн, кеменгерлигин, эмгекчилдигин жана ариеттүүлүгүн кан-жаныңарга сиңирип, ар кандай шарттарда силер да сабырдуу, акылман, ар намыстуу, бирдиктүү болгула.  Кымбаттуу жаш атуулдар! Ата Мекенибиздин, кутман элибиздин жаркын келечеги, ата мурастарыбыздын муундан муунга өтүп жашашы силердин ар бириңердин жоопкерчилигиңерге, аракетиңерге, эмгегиңерге жараша болорун унутпагыла! Ата-бабаң өткөн жериңди сүй,  Түптүү кыргыз элиңди сүй,  Элиң сүйлөгөн эне тилиңди сүй.  Ата Мекенге, ата мураска, элге, эне тилге  Кошой, Бакай, Манас бабаларыңдай күй!  Ар бир айтылган сөздөр кулагыңарга кыттай уюп, жүрөгүңөрдүн толтосунан орун алып, акыл-сезимиңерде оттой жанып турсун. Силердин келечегиңер кең, бактылуу, ырыстуу жана ооматтуу болушун каалайм! Мугалим: Эми билим жөнүндө улуу адамдардын айткан сөздөрүнө кулак төшөп көрөлүчү. (Балдар ар бир залкар сөздү бирден окуп, маанисин чечмелешет)  o "Китеп окуган адам эч нерсе окубаган адамдан алда канча жогору турат".  В.Г.Белинский  o " Адамдар китеп окуганды таштаса, анда алар ой ойлонуудан да калат".  Д. Дидро  o " Бул кылымда китептен сүйүктүү дос жок".  А.Навои  o " Мен үчүн китеп алтын тактыдан да кымбат".  В.Шекспир  o " Билим адам жанына чындыктын үрөнүн себүүчү курал". Я.А.Каменский  o " Билимден ашкан күч жок.  Горький  (Жогорудагы улуу адамдардын айткан сөздөрүнүн маанисин чогуу талдап, ар бири өз пикирлерин ортого салышат.)  Мугалим: Биздин залкар жазуучуларыбыз окуу, билим, китеп тууралуу жазылган ырлардан көркөм окуп бергилечи. Бүгүн сабакта ошол ырлардан айтып коелучу. 1-окуучу:  Китеп - менин тунук таза булагым,  Китеп - менин өчпөс жарык чырагым.  Көптү окуп, көптү билип китептен,  Мекениме талбай кызмат кыламын.  Китепти сүй, баркын бил,  Китептин көп акылы.  Ким китепке дос болсо,  Ал ошонун жакыны.  2-окуучу:  Билим кени - китеп,  Тарбия кени - мектеп.  Ким китепти көп окуса,  Ал көптү билет.  Андыктан аны барктай билүү керек,  Китеп бизге чын жолдош.  Китеп бизге анык дос  Пайдаланып китептен  Акылыңа акыл кош.  3-окуучу:  Кимде ким окуй билсе, олжо табар,  Кимде ким билим алса - олжо алар.  Илимдүү асыл адам чындыгында,  Билимдүү - өкүмдарга керек тура. 

Просмотр содержимого документа
«Билим менен куралданган -- женилбес»

Ч.Айтматов категориясы

1.Ч.Айтматов төрөлгөн айыл?     (Шекер)

2.Ч.Айтматовдун эң алгачкы ангемеси кайсы? (“Гезитчи Дзюе”)

3.Жазуучу кайсы жылы төрөлгөн ? (1928)

4.Ал кандай жазуучу ? (билингвист)

5.Ч.Айтматов кайсы чыгармасында мугалим Дүйшөндүн образын чагылдырган ? (“Биринчи мугалим”)

6.Ч.Айтматовдун атасы ким болгон ? (Төрөкул, коомдук ишмер)

7.Атасы Төрөкул качан,кантип көз жумган? (1937-жылы репрессияланган)

8.Ч.Айтматов “Ак кеме” повестинде келген апталаптан таятасы балага эмне сатып берди ? (кара портфель)

9.Мүйүздүү Бугу Эне  бала менен кызды кимден сурап алып калды ? (Майрык чаар жезкемпирден 0

10.Ч.Айтматов кайсы чыгармасында 3 короо, 3түтүн, 3 эркек, 3 аялды сүрөттөйт? (“Ак кеме”)

11.”Ак кеме” повестиндеги башкы каармандардын бири Момун кандай адам ? (жоош, кой оозунан чөп албаган)

12.”Ак кеме повестиндеги башкы каарман баланын аты ким ? (аты жок)

13.Жазуучу кайсы чыгармасында кандай айбанаттарга адамдык касиет берилип сурөттөлөт? (“Гулсарат” Гулсары, “Кыямат” Акбара, Ташчайнар)

14.Аруу дүйнөлүу баланы кайгылуу өлүмгө дуушар кылган ким? (Орозкул)

15.Ч.Айтматов кайсы чыгармасында Инкамал апанын образын жараткан? (“Эрте келген турналар”)

  “Ак” категориясы

1.Чечен, төкмөлөрдү кандай аташат? (ак таңдай)

2.Кыргыздарды дүйнөгө тааныткан жети кереметтин бири? (ак калпак)

3.Ким менен Кулмырза деген дастан бар? (Аксаткын)

4.Бул нерсе баарыбызга керек, ансыз жашоо кыйын? (акча)

  1. “Акылдуу дыйкан” жомогунда каардуу хан вазирлерине кимди таап келгиледейт? (акмакты)

6.Азамат жерин эңсейт, эмне көлүн эңсейт? (ак куу)

  1. “Керемет көчтөгү” каармандын аты? (Актан)

8.Белгилүү обончу Т.Эшбаев кайсы айылга арнап обон жараткан? (Акман)

9.Ч.Айтматовдун повесттеринин бири? (“Ак кеме”)

10.Музыкалык аспаптын аталышы? (аккардеон)

11.Кыргызстандагы белгилүү балдар хору? (“Ак шоола”)

12.Кыргыз Республикасынын эң көп мөөнөттө президенттик милдетти аткарган адам? (Акаев)

13.Жалал-Абад областынан чыккан коомдук-саясый гезиттин аталышы? (“Акыйкат”)

  1. “Манас эпосундагы Манастын минген аты? (Аккула)

15.Эмнеси бар билимди самайт,

“С” категориясы

1.Заттын сын-сыпатын билдирген сөз түркүмү? (Сын атооч)

2.XX кылымдын Гомери аталган манасчы? (Саякбай)

3.Нооруз күнү жасалчу ыйык тамак? (Сүмөлөк)

4.Эл башы болгончо, эмне башы бол? (суу)

5.Сактыгынан өлбөй, суктугунан өлгөн канаттуу? (сагызган)

6.Кыз-жигит айтыш оюну? (Сармерден)

7.Аны менен биз кайсыл убак болгонун билип турабыз? (саат)

8.Кыргыз кино, театр искусствосуна зор салым кошкон актриса? (Сабира)

9.Жалал-Абад областында жайгашкан, далайды суктандырган көлдөрдүн  бири? (Сары — Челек)

10.Жаңы төрөлгөн баланы эмне менен оозандырып, ырымдашкан? (сары май)

11.Ачытылбаган кымызды эмне деп айтабыз? (саамал)

12.Кыргызстандан чыккан биринчи учкуч? (Салижан)

13.”Манас” трилогиясынын үчүнчү бөлүмү эмне деп аталат? (“Сейтек”)

14.Тил илиминин бир бөлүгү? (синтаксис)

15.Жаш балдарга биринчи кандай тиш чыгат? (Сүт тиш)