СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биология 8-класс

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Биология 8-класс»

Предмет:              Биология

Класс:                    8-кл.

Тема: Ички секреция бездери

Сабактын  түрү : Интерактивдүү  сабак.

Предмет  аралык  байланыш:   Анатомия,  физика, цитология

Сабактын  максаты:

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбия берүүчүлүк

а) Ички секреция бездеринен, эпифиз , гипофиз , калкан, бөйрөк үстүндөгү жана уйку бездери боюнча терең билим алышат.

б) Өзүн-өзү баалоо,  топто иштөө     жөндөмдүүлүгүн                                        арттырышат.

 

в) Окучулар ички секреция бездерин

 

Сабактын структуралык түзүлүшү

№№

Сабактын структуралык мазмуну

Убак-тысы

Методдор жана ыкмалар

Сабактын жабдылышы

Колдонулган

адабияттар

I

 

 

 

I

Уюштуруу:

      Жылмаю менен баштоо!

Биздин сабактын  ал-тын эрежелери.

1.Тынчтыкты сакоо,

2.Кол көтөрүп  сүйлөө

3.Бирөөнүн оюн  сыйлоо!

 

3мин

 

1.Ооз эки методу:

а) айтып берүү

 

 

1.Окуу китеби, доска

 

III

Мурунку түшүнүктөгү материалды калыптандыруу:

10мин

 

б) аңгемелешүү

в) тушундүрүү

 

2.Материалдын мазмуунуна тиешелүу таблицалар, плакаттар, схемалык сурөттөр.

1.Окутуунун интерактивдүү усулдары жана классты башкаруу Бишкек-2004

IIII

Мурунку түшүнүктөрдү кийинки түшүнүктөр менен байла-ныштыруу

2мин

2. Көрсөтмөлүү методу:

а) сүрөт-к материал-ды деионстрациялоо

 

3.Интерактив-ный доска

 

IIV

 

Жаңы тема: Ички секреция бездери

20мин

3.Практикалык метод:

а) таанып-билүү

Мозаика,  минилек-ция, топто  иштөө,  презентация,  класстер.

4.Дидактикалык материалдар

а) карточка

б) сүрөттөр

в) чиймелер

г) таркатма материалдар;

 

           V

Бышыктоо, жыйынтыктоо

5мин

б) байкоо

в) аныктоо

 

 

VVI

Окуучулардын билимин баалоо

3мин

Методикалык ыкмалар:

а) логикалык

б) уюштуручулук ж.б

 

 

VVII

Үйгө тапшырма берүү

2мин

 

 

 

 

Сабактын планы жана жана жүрүшү

Сабактын  түрү : Интерактивдүү  сабак.

Предмет  аралык  байланыш:   Анатомия,  физика, цитология

Сабактын  жүрүшү:     

1.Уюштуруучулук:

Саламатсыңарбы урматуу окуучулар кана эмесе биз сабакты баштардан мурда  баарыбыз бири-бирибизди карап маанайларыбызды көтөрүү максатында жылмайып алабыз.

Анда эмесе биз ар дайымкы колдонгон алтын эреженин түрү менен таанышып алтын эрежени сактоо менен сабагыбызды баштайбыз.




 



Биздин сабактын  алтын эрежелери.

1.Активдүү  болуу,

2.Кол көтөрүп  сүйлөө

3.Бирөөнүн оюн  сыйлоо!

     II. Мурунку  материалдагы түшүнүктөрдү калыптандыруу:

    Келгиле  чогуу  бул  өрүктү  гүлдөтүп  жаздын  келишин  тездетели.  Биз  өткөнкү  сабакта  эле  бөлүнгөн  боюнча  топтоптор  менен  иштейбиз.

Кана  балдар  мен  силерге   таратма,  берем  силер  жупжуп  болуп  иштейсиңер да даракты гүлдөтөсүңөр.

Окуучуларга  таратмага  жазылган  суроолор  берилет.

Мугалим  ишке  тартуу  катары  аталган  тапшырманы  берет.  Балдар “Нерв системасы”  жөнүндө өз  алдынча    билимдерин  эске  салышат. 

Оюн  түрүндөгу  иш  аракет   окуучулардын   тапшырманы  жандуу  аткаруусуна   өбөлгө  түзүү  менен    алардын  сабакка  болгон  кызыгуусун  жандандырат.

 

III. Мурунку түшүнүктөрдү кийинки түшүнүктөр менен байланыштыруу

 Урматуу окуучулар биз мурунку темада “Нерв системасы алардын мааниси”  боюнча маалымат алганбыз ээ  бүгүн биз ошол нерв системасында жана организимдин ичинде  жайгашкан гипофиз, эпифиз, калкан, жыныс, бөйрөк үстүндөгү бездерин өтөбүз.  

           IV. Жаңы теманы өтүү: Азаматсыңар балдар! Биздин бүгүнкү өтүлүүчү темабыз “ Ички секреция бездери” кана балдар ички секреция бездери боюнча эмнелерди билесиңер?деп окуучуларга суроо берүү менен темага киришүү.

Бездер - адам жана жаныбар организминдеги физиол. иштерге катышуучу биологиялык активдүү зат гормондорду иштеп чыгуучу органдар. Өзүнүн иштеп чыккан гормонун өткөөлдөр аркылуу дененин сыртына же былжыр челге чыгаруучу бездиди экзокрин же сырткы секреция бездер, ал эми алар бөлүп чыгарган заттар секреттер деп аталат. Өткөөл түтүктөрү жок, иштеп чыгарган гормондорун канга же лимфага түздөн-түз берүүчү бездер эндокрин же ички секреция бездер деп аталат. Кээ бири кандагы зат алмашуунун акыркы заттарын чогултуп, аларды сыртка чыгарат. Ошентип организмди уулануудан сактайт. Аларга бөйрөк, тер жана жаш бездер кирет

Функциясы

Нерв жана эндокрин системалары организмди жөнгө салуучу система болуп эсептелет. Алардын катышуусуз организмде бир да процесс жүрбөйт, эндокрин жана нерв системасы өз ара тыгыз байланышта болуп, алардын иши бузулса организмде олуттуу өзгөрүштөр болот. Эндокрин системасын ички секреция бези түзөт. Алар өздөрү иштеп чыгарган биологиялык активдүү заттарды — гормондорду бөлүп чыгаруу өткөөлдөрү болбогондуктан сыртка чыгарбай, канга жана лимфага кошот. Бул процесс ички же эндокрин секрециясы деп да аталат. Ички секреция бездеринин түзүлүшүн, функциясын, алардын бузулушун эндокринология изилдейт.

Түзүлүшү

Эндокрин системасына гипоталамусгипофизэпифизкалкан сымал жана анын жанындагы без, уйку без аралчалары, бөйрөк үстүндөгү безэнелик безүч ача без кирет. Бул бездердин көлөмү жана формасы түрдүүчө болуп, дененин ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан. Эндокрин системасы бөлүп чыгарган гормондор кан менен бүт денеге тарап, органдардын иштешин камсыз кылып турат (Гормондор). Жаныбарлар менен адамдардын денесинин ар кандай бөлүктөрүнүн иштешин координациялап жөнгө салууда, органдардын бири-бирине айкалышып иштешинде гормондордун ролу зор. Булчуңдардын жана бездердин дүүлүктүргүчкө болгон эң ыкчам (милли-секунданын ичинде) жооп кайтаруусу нерв системасынын таасиринин негизинде болот. Ал эми организмдеги клеткаларда жайбаракат бир нече мин., саат жана жуманын ичинде өтүүчү процесстер гормондордун таасири астында өтөт. Зат алмашуу процессиндеги өзгөрүүлөр, организмдин өсүп-өнүгүшү, көбөйүшү эндокрин системасынын таасири менен жүрүп, кандагы кант, натрий, калий, кальций жана башкалар заттардын концентрациясы жана клетка аралык суюктуктун составын өзгөртүүсү гормондор аркылуу жөнгө салынып турат. Гормондор өтө активдүү болуп, анын эң аз өлчөмү организмдин айрым органдарынын түзүлүшүнө жана иштешине чоң таасир тийгизет. Ички секреция бездери адатта эң аз өлчөмдө гормон бөлүп чыгарып, канда анын концентрациясы билинер билинбес, заара менен тышка чыгышы андан да аз. Гормондор кан аркылуу башка органдарга таасирин тийгизсе, нейрогормондор нерв клеткаларынын аксон талчалары аркылуу тарайт, ал эми простагландиндер жыныс суюктуктарынын составында болот.

Гипофиз менен гипоталамус

Эндокрин системасында гипофиз менен гипоталамус өзгөчө орунду ээлейт.

Гипофиз — мээнин алдыңкы бези; баш сөөгүнүн ичинде түрк ээрчесинин ойдуңунда жатат. Гипофиз пролактин, адренокортикон жана башкалар гормондорду бөлүп чыгарып, зат алмашуунун бардык түрлөрүнө, организмдин өсүп-өнүгүүсүнө, көбөйүшүнө башка бездер аркылуу (калкан сымал, калкан сымал бездин жанындагы, уйку, бөйрөк үстүндөгү, жыныс жана эмчек бездери) таасирин тийгизет. Гипофиз гормондорунун ашыкча болушу кишинин боюнун өтө өсүп кетишине (алп), кээде гипофиз шишигинин пайда болушуна, жетишсиздиги эргежээлдикке алып келет. Ал эми интермедин гормону пигменттин туура бөлүнүшүн камсыз кылып турат.

Гипоталамус мээнин бир бөлүгү болуп, гипофиз менен тыгыз байланышат. Ал гормондук таасирге ээ затты (рилизинг-гормонду) иштеп чыгарат. Бул гормондун химиялык түзүлүшү жөнөкөй, гипофизге таасир тийгизип, натыйжада гипофиз татаал гормонду бөлүп чыгарат. Гипоталамустун ядросу вазопрессин жана окситоцин гормондорун бөлүп чыгарат. Алар гипофизде чогулат. Окситоцин суу-туз алмашууну жөнгө салып, кан тамырлардын тонусун сактайт, вазопрессин майда кан тамырлардын жыйрылышына, кан басымынын көтөрүлүшүнө таасир тийгизет. Гипоталамус ядросу жабыркаса кантсыз диабет оорусуна алып келет.

Эпифиз

Эпифиз мээ жарым шарларынын алдындагы без, чоңдугу буурчактан кичирээк, таламустун (көрүү дөңчөсүнүн) үстүндө жайгашкан. Формасы карагайдын тобурчагына окшош. Ички секреция бези катарында мелатонин гормонун бөлүп чыгарып, теридеги пигмент клеткаларынын аракетин күчөтөт. Андан тышкары эпифиз организмдеги суткалык жана сезондук өзгөрүүлөргө ыңгайланууну, биологиялык, ошондой эле организмдин бир катар системаларын анын ичинде жыныс циклдерин жөнгө салуусу болжолдонот.

Калкан сымал без

Калкан сымал без эки бөлүктөн туруп, орто жеринен бири-бири менен мойнокчо аркылуу туташып, алкымда, кекиртектин эки жагында жайгашкан. Бул без бөлүп чыгарган тироксин гормону организмде негизги зат алмашуу процессинин деңгээлин жогорулатат. Бездин гипо-жана гиперфункциялык жөндөмү адамды ар түрдүү ооруга дуушар кылат. Без функциясынын күчөшү Базедов оорусун (Диффузиялык ууландыруучу богок) пайда кылса, гипофункциясы (гормондун аз бөлүнүп чыгарылышы) микседема оорусуна алып келет. Бездин чоңоюп кетиши богок оорусу деп аталат. Калкан сымал бездин артында түйүн сымал, чоңдугу буурчактын данындай калкан сымал бездин жанындагы без жайгашкан. Ал төрт безден турат. Бул без бөлүп чыгарган гормон денеде кальций менен фосфор алмашууну жөнгө салат. Гормондордун жетишсиздиги булчуңдардын иретсиз, өтө тез жана титиреп жыйрылуусуна алып келет, өлүмгө дуушар кылат.

Уйку бези глюкагон

Уйку бези глюкагон, инсулин гормондорун канга бөлүп чыгарат. Бөйрөк үстүндөгү бездер эки түрдүү ички секреция ткандарынан турат. Ички катмары — адреналин жана норадреналин гормондорун, сырткы катмары — кыртышы стероид гормондорун бөлүп чыгарат.

Энелик без жана эн без

Аялдын жана эркектин жыныс безиндеги (энелик бези жана эн бези) атайын клеткалар аялдардын жыныс гормону — эстрогендерди (фолликулин жана прогестерон) жана эркектин тестостерон гормондорун бөлүп чыгарып, аялдардын жана эркектердин жыныстык белгилеринин өсүшүн камсыз кылып турат.

 













 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



VI. Балоо:

 Мугалим окуулардын үй тапшырмасына даярдыгына   жана класста топтор менен иштеген активдүүлүгүнө карап баалайт, окуучулар мугалимге адилетүү баалашына ишеним билдиришет.

VII. Үй тапшырма берүү:

$13.Ички сереция бездери (34-35бет) Окуп түшүнүгүңөрдү дептерге жазып бездерди сүрөтүн тартып келгиле