Просмотр содержимого документа
«Биоценоздун азыктык (трофикалык) структурасы жана анын типтери»
Биоценоздун азыктык (трофикалык) структурасы жана анын типтери
Даярдаган: Нурманова Батма Арзыкуловна
Максаты
Биоценоздогу азыктык байланыштарды жана жайлоолук (жегичтер), детриттик (бузуучулар) типтеринин айырмасын талдоо
Биоценоздун түзүлүшү
Продуценттер (органикалык заттарды пайда кылуучулар) - күн энергиясын пайдаланып органикалык эмес заттардан органикалык заттарды түзүүчүлөр. Өсүмдүктөр кээ бир бактериялар кирет
Консументтер - даяр органикалык заттарды пайдалануучулар. Жаныбарлар, мите козу карындар жана жырткыч өсүмдүктөр(рафлезия), мите өсүмдүктөр(чырмоок) кирет
1-катардагы консумент - чөп менен азыктанган жаныбар
2-катардагы консумент- жырткычтар же чөп менен азыктанган жаныбар менен тамактанат
Редуценттер (бузуучулар) - бардык органикалык заттарды органикалык эмес заттарга чейин ажыратып чиритүүчүлөр.
жаратылыш санитарлары - чиритүүчү бактериялар кирет
Биоценоздун азыктануу байланыштары
Биценоздогу азыктануу байланыштары
Тирүү организмдердин жашоосу жана кыймылы, алардын тынымсыз зат алмашуусуна энергиянын кирип турушуна байланыштуу. Ар бир түр энергиянын белгилүү бөлүгүн керектейт. Тамак-аш түрүндө энергиянын булагынын бир организмден экинчисине иреттүү өтүшүн камсыздаган тирүү организмдердин ортосундагы байланыш азык-зат тизмеги деп аталат. Азык-зат тизмеги өсүмдүктөрдөн башталат. Өсүмдүктү чөп жечү жаныбарлар жейт, алардын калдыктары жана өлүктөрү менен кыкчы, тарпчы курт-кумурскалар, чириткич микроорганизмдер тамактанышып, азыктануу чынжырын түзүшөт. Азыктануу чынжыры— экосистемадагы тирүү организмдердин азыктануу ирети. Азык тизмеги 3-5 тизмектен турат. Ар бир кийинки азык тизмегине өткөн сайын тирүү масса азаят. Ар бир звено трофикалык деңгээл деп аталат.
Азык чынжырынын бузулушу
Химиялык заттардын же климаттын өзгөрүшүнөн улам аарынын саны кыскарып кетсе
Натыйжа:
- Гүлдүү өсүмдүктөр чаңдашпай калат; Түшүмдүүлүк азаят; Адамдардын азык-түлүк тармагына түз таасир берет.
- Гүлдүү өсүмдүктөр чаңдашпай калат;
- Түшүмдүүлүк азаят;
- Адамдардын азык-түлүк тармагына түз таасир берет.
Жайлоо (жегичтик) жана детриттик (бузуучулар) типтерин салыштыруу
Жайыттык жана детриттик типтердин мааниси:
- Табигый тең салмактуулукту сактоо; Энергия жана заттардын айланышы; Экосистеманын туруктуулугун камсыз кылуу.
- Табигый тең салмактуулукту сактоо;
- Энергия жана заттардын айланышы;
- Экосистеманын туруктуулугун камсыз кылуу.
Салыштыруу:
- Жайыттык чынжыр көбүнчө күн энергиясына түз байланыштуу. Детриттик чынжыр – айлана-чөйрөдөгү органикалык калдыктардын ажырашына негизделген.
- Жайыттык чынжыр көбүнчө күн энергиясына түз байланыштуу.
- Детриттик чынжыр – айлана-чөйрөдөгү органикалык калдыктардын ажырашына негизделген.
Бышыктоо
- Жайыттык чынжыр кайсы учурда негизги ролду ойнойт? Детриттик чынжыр табиятта кайсы учурда активдүү болот?
- Жайыттык чынжыр кайсы учурда негизги ролду ойнойт?
- Детриттик чынжыр табиятта кайсы учурда активдүү болот?
Венндин диаграммасын колдонуу – эки типтин окшоштугу жана айырмасы.
Жыйынтыктоо
Биоценоздун туруктуулугу азыктык байланыштарга көз каранды. Ар бир организмдин өз орду жана мааниси бар
Үйгө тапшырма
Жайыттар тиби жана детриттик тибиндеги азык чынжырларын салыштыруу
(Венндин диаграммасы)