Физика жана окутуунун технология кафедрасы
Физикалык электроника
Лабораториялык иш №1
Тема:Бир фазалуу трансформатордун окуп уйрөнүү
Бир фазалуу трансформаторду окуп үйрөнү
Иштин максаты:трансфарматордун иштөө принцибин үйрөнүү,трасфаоратордун трансформациялоо коэффценти жана ПАКтин аныктоо.
Жалпы түшүнүк
Т
рансформатор чыңалууну көбөйтүүчү же азайтуучу электирдик курал болуп эсептелинет.Трансформатор төмөнкү жыштыктуу токтор үчүн айрым-айрым болот.Биринчиси кадимки өндүрүштө колдонулган трансформатордун катарына кирет.Ал жумшак темир өзөкчөдөн жана ага киргизилген эки катушкадан турат.Өзөкчөсүндө пайдасыз куюн тогу аз пайда болушу үчүн, бири-биринен изоляцияланган жука жалпак темир (пластиналардан ) тилкелерден рамка түрүндө куралат.Катушкалардын оромолорунун саны да ар биринде ар түрдүү болот.Ал оромолордун биринин учтары генератарго,экинчисинин учтары кабыл алгычка туташтырылат.Эгер генераторго бириктирилген катушканын саны экинчисинен аз болсо, анда трансформатор жогорулатуучу деп ,тескерисинче болсо төмөндөтүүчү деп аталат.Генераторго туташтырлган катушканы биринчи орому,кабыл алгычка туташтырылганын экинчи орому,кабыл алгычка туташтырылганын экинчи орому деп аталат.
,
1-cүрөт: Трансформатордун иштөө принцибинин түшүндүрүүнүн схемасы.
1-сүрөттө трансформатордун биринчи оромосунан экинчисине электир тогу индуксиялык жол менен өтөт.Биринчи ором аркылуу ток өткөндө,ал өзгөрмөлүү магнит агымын пада кылат.Магнит агымы экинчи оромонун ичинде өзгөргөндүктөн ,экинчи оромодо индукцияланат.Ар бир оромодо зым үчүн жана оромонун бүт саны үчүн ЭКК ал оромолорду кесип өтөт.Магнит агымынын чоңдугуна жана анын өзгөрүү тегиздигине көз каранды болуп магнит агымдын өзгөрүү тездиги жалаң, гана токтун жыштыгына көз каранды.(Өзгөрүлмө токтун жыштыгы СНГда 50Гцке барабар ,ал эми АКШда жана Японияда 60Гцке чейин жетет) Ошондуктан үйрөнүлүп жаткан трансфарматор үчүн да магнит да магнит агымынын жыштыгы турактуу калат.Трансфарматордун оромдорунун учтарына туура келген ЭКК оромолордун сандарына гана көз каранды болот .Эгерде биринчи жана экинчи катушалардын оромолордун сандары
аларга туура келген ЭКК
жана
менен белгилесек:
=
болот же
=K
Мында эки катушканын оромолоруна туура келген ЭКК катыштары оромолоруна сандарынын катышына барбар экендиги көрүнүп турат.Бул трансформациялоо коэффициенти деп аталат, да К тамгасы менен белгиленет.Кээ бир учурларда трансформациялоо коэффиценти чыңалуулардын катышы боюнча да аныкталат.
=K
Ал эми
кубаттуулуктун
болгон катышы трансформатордун пайдалуу аракет коэффиценти (ПАК ) деп аталат.n=
100%
Иш жүзүнүн тартиби: Схеманы жыноонун алдында куралдардын түзүлүшү жана иштөө принциби менен таанышып чыгуу талап кылынат.Трансформатордун паспорту боюнча анын мүнөздөөчү чоңдуктарды билүү талап кылынат.Биринчи жолу трансформациялоо коэффицентин аныктоо талап кылынат. Ал үчүн электир чынжыры 2-сүрөттө көрсөтүлгөн схема боюнча жыйналат.Ал схеманы жыйноо трансформатордун ток кирүүчү жана чыгуучу клеммаларына вольтметр бекитилүү менен бүтөт.Трансформатордун 200В (36В) деген клеммалары 20Вольттук (60В) ,127В (4,4 же 2,2В) деген клемаларына 150 Вольттук (25В) Вольтметрлер туташтырылат.
А
3
6В~
В
2-сурөт:Трансформатордун трансформациялоо коэффициентин аныктоочу схема.
Вольтметирдин көрсөтүүлөрү жазылып алынуу менен трансформациялоо коэффиценти эсептелип чыгарылат.Экинчи учурда жогоруда көрсөтүлгөн чынжыр ажыратылат да, кайрадан 3-сүрөттө көрсөтүлгөн схема боюнча электир чынжыры жыйнлат.
U
J* R1 R2 R3 R4
U
3-сүрөт:Трансформатордун ПАКты аныктоонун схемасы.
Чынжырдын схема боюнча туура жыйналгандыгын текшерип чыгып,реостаттын жардамы менен электир тогун өзгөртүү керек , андан кийин куралдардын көрсөтүүлөрүн жазып алуу талап кылынат.Ошентип ар бир токтун үчү үчүн трансформатордун ПАК жогорда көрсөтүлгөн формула менен эсептелип чыгарылат.
Эң акырында трансформатордун ПАКнин ток күчүнө көз карандылыгы эсептелип чыгарылгандар боюнча ,график түрүндө көргөзүлүүгө тийиш.Өлчөөлөрдун жана эсептөөлөрдүн натыйжалары төмөнкү графаларга толтурулат
№ | | | | | | | R | Ŋ= *100% |
| А | B | A | B | Bm | Bm | | |
1 | | | | | | | | |
2 | | | | | | | | |
3 | | | | | | | | |
4 | | | | | | | | |
5 | | | | | | | | |
4-сүрөт:Трансформатордун ПАКтин аныктоо.
Текшерүүчү суроолор :
1.Трансформатордун иштөө принциби кайсы законго негизделген ?
2.Трансформациялоо коэффиценти кандайча аныкталат?
3.Магниттик агымы трансформатордо эмне үчүн пайда болот?
4.Трансформатордун ПАКти эмнеден көз каранды ?
Эскертүү :
1)Ваттмердин жоктугуна байланыштуу Р-кубаттулугу амперметр жана вольтметрдин жардамы менен да аныкталат.
Адабияттар :
1.Касаткин А.С.,Немцов М.В Радиотехника .-М.Высшая школа,2000.-530
2.Бобровников Л.З.Радиотехника и электроника .-М:Недра,1990.-374 с
3.Основы промышленной электроники /Под ред.ВТ.Герасимова.-М:Высшая школа, 1978.-335 с.