Биринчи дүйнөлүк согуш.
Биринчи дүйнөлүк согуш
1914-1918-жылдар
Бүгүнкү сабакта:
- Атаандаш аскердик блоктор;
- Дүйнөлүк державалардын максаттары;
- I дүйнөлүк согуштун башталышы;
- I дүйнөлүк согуштагы негизги учурлар;
- I дүйнөлүк согуштун аякташы;
- I дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы;
Аскердик-саясий блоктор
Дөөлөттөрдүн максаттары.
Германия – Англия жана Франциянын эсебинен жаңы колонияларга ээ болуу, Франция менен Россиянын алсырашы, Европада өз гегемондугун орнотуу;
Австро – Венгрия – Балканда таасир этүү чөйрөсүн кеңейтүү, эзилген славян элдеринин улуттук-боштондук күрөштөрүн басуу;
Англия – Германияны алсыратуу, германиялык колониялардын кээ бир бөлүктөрүн тартып алуу, Осмон империясын бөлүштүрүү;
Франция – Германияны алсыратуу, Эльзас жана Лотарингияны кайтарып алуу, Германиянын Саар көмүр бассейнин жана Рейн областынын бир бөлүгүн тартып алуу;
Россия – Балканда жана Босфор, Дарданелл кысыктарында үстөмдүгүн орнотуу, Германияны алсыратуу, Балкандагы Австро-Венгриянын үстөмдүгүн жок кылуу болгон.
I дүйнөлүк согуш алдындагы конфликттер
1908 – 1909 жж. – Босния кризиси (Босния, Герцеговинаны Австро – Венгриянын басып алышы. Россия бул өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын талап кылган. Бирок Германия тараптан согуш коркунучу келгендиктен, оккупацияга унчукпай калган).
1912-ж. жана 1913-ж. – эки Балкан согушу: 1912-ж. октябрда Болгария, Сербия, Греция жана Черногория Балкан союзун түзүп, славян жана гректер отурукташкан аймактарды бошотуу үчүн Турцияга кол салышкан. Кыска мөөнөттө түрк армиясы талкаланган. Тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин, 2- Балкан согушу чыккан. Бул жолу жеңүүчүлөр өз ара конфликтке барышкан. Болгария түрктөрдөн бошотулган Македонияны өз аймагына киргизүү үчүн Сербияга жана Грецияга кол салган.
I дүйнөлүк согуштун шылтоосу:
1914-жылы 28-июнда – Босниянын борбору Сараево шаарында сербиялык улутчулдар тобунун мүчөсү Гаврило Принцип тарабынан Австро-Венгрия тактысынын мураскору эрцгерцог Франц – Фердинанд өлтүрүлөт.
I дүйнөлүк согуштун башталышы
- 1914-жыл 28-июль – Австро – Венгрия Сербияга согуш жарыялаган.
- 1914-жыл 29-июль – Россия аскер бөлүктөрүн мобилизациялап баштаган.
- 1914-жыл 1-август – Германия Россияга согуш ачты.
- 1914-жыл 2-август – Герман аскерлери Люксембургду ээлешкен.
- 1914-жыл 3-август – Германия Францияга согуш ачты.
- 1914-жыл 4-август – Англия Германияга каршы согушка кирген.
- 1914-жыл 6-август – Австро – Венгрия Россияга согуш жарыялаган.
- 1914–жыл 11-август – Франция Австро – Венгрияга каршы согушка кирген.
- 1914-ж. 12-август – Англия Австро – Венгрияга согуш жарыялаган.
- 1914-жыл 23-август – Япония Германияга согуш жарыялап, Кытай жана Тынч океандагы германиялык ээликтерди басып ала баштаган. Согуш Европадан тышкары чыгып, дүйнөлүк согушка айланган.
Чыгыш фронтто
- 1914-жыл август - Орус аскерлеринин Чыгыш Пруссия жана Галициядагы чабуулдары.
- 1914 –жыл сентябрь – Польшадагы салгылаштар.
Батыш фронтто
- 1914-жыл август - Бельгия жана Францияга герман аскерлеринин кириши.
- 1914-жыл сентябрь – Марнадагы салгылаш
1915-жылдагы согуш театры
Батыш фронтто
Апрель – Немец аскерлеринин Ипр дарыясынын боюнда ууландыруучу газды пайдаланышы.
Чыгыш фронтто
Октябрь - Болгариянын «Үчтүктөр» союзу тарапта согушка кириши. Сербияны немец аскерлеринин басып алышы.
Батыш фронт
1916-жыл март - Верден салгылашы. Ютланд деңиз согушу.
1916-жыл июль - Англ – француз аскерлеринин Соммадагы чабуулу. Танктын биринчи колдонулушу.
От бүрккүч
Чыгыш фронту
1916-жыл апрель – Румыния Антанта тарабында согушка кирген.
1916-жыл июнь – Брусиловдук жарып өтүү.
Батыш жана Чыгыш фронттор
1917-жыл апрель - АКШнын Антанта тарабында согушка кириши.
1918-жыл март - Германия менен Советтик Россиянын ортосундагы тынчтык келишим.
Брест – Литовскидеги тынчтык келишимге кол коюу.
Согуштун аякташы
1918-жыл сентябрь - Англ – француз аскерлеринин түндүк деңизден Маас дарыясына чейинки чабуулу. Согуштан Австро-Венгриянын чыгуусу.
1918-жыл 11-ноябрь - Компьен токоюндагы Германия менен Антанта өлкөлөрүнүн ортосундагы келишимге кол коюусу.
Компьен токоюндагы тынчтык келишимине кол коюу учуру
Париж тынчтык конференциясы
- 1919-жыл 18 январь –Версаль конференциясынын ачылышы.
- Катышуучулар – 27 мамлекет
- «Чоң төрттүк»:
Англиянын премьер – министри - Ллойд Джордж ; Италиянын премьер – министри - Витторио Орландо; Франциянын премьер – министри Жорж Клемансо; АКШнын президенти – Вудро Вильсон.
Версаль тынчтык келишими
- Германия согуштун жалгыз күнөөкөрү деп табылган;
- Германия Эльзас менен Лотарингияны Францияга кайтарып берген;
- Польша, Дания, Бельгия мамлекеттеринин аймактары дагы Германиянын бөлүнүп берилген аймактарынын эсебинен кеңейген;
- Рейндин сол жээги союздук державалар тарабынан 15 жылга оккупацияланган;
- Рейндин оң жээги 50 км. ге чейин демилитаризацияланган;
- Германиянын Африкадагы колонияларын Франция жана Улуу Британия бөлүп алган;
- Япония Тынч океандагы жана Кытайдагы германиялык колонияларды алган
- Германияга чоң согуш кемелерин, суу астындагы кеме, танк, самолет жана оор артиллерия менен ууландыруучу газ куралдарын күткөнгө тыюу салынган;
- Германия репарация 132млрд. өлчөмүндө алтын марка төлөөгө мажбур болгон. Репарациянын 52% Францияга, 22% Англияга, 10% Италияга тиешелүү болгон.
Улуттар Лигасы
- Улуттар Лигасын түзүү чечими Париж конференциясында кабыл алынган.
- Максаты- эл аралык талаш-тартышты тынчтык жол менен жөнгө салуу.
- Лига кеңешинин туруктуу 4 мүчөсү болгон: Улуу Британия, Франция, Италия, Япония.
- Лига Ассамблеясы жылына бир чакырылмак.
Улуттар Лигасынын эмблемасы
Вашингтон конференциясы
1921 – 1922-жылдар
- 4 мамлекеттин келишими (АКШ, Улуу Британия, Франция жана Япония) Тынч океандагы ээликтеринин кол тийгистигин тастыктаган.
- 9 мамлекеттин келишими (Улуу Британия, Франция, Италия, Голландия, Япония, Бельгия, Португалия, АКШ, Кытай) кытайдын суверендүүлүгүн таанып, анын чек араларынын кол тийгистигин тастыктаган; бардык өлкөлөрдү соодада «ачык эшиктер» жана «бирдей мүмкүнчүлүктөр» саясатын карманууга чакырган.
- 5 мамлекеттин келишими (Улуу Британия, АКШ, Франция, Италия, Япония) сууга сыйымдуулугу 35миң тоннадан ашкан согуш кемелерин курууга тыюу салган.
Империялардын таркашы. Жаңы мамлекеттердин курулушу
- 1917-жыл – Россия империясынын талкаланышы менен Советтик Россия (1917-ж.), Финляндия, Латвия, Литва жана Эстония (1919 – 1921-жж.) түптөлүшү;
- 1918-ж. ноябрь –1919-ж. июль –Германия империясынын талкаланышы менен Веймар республикасынын жаралышы;
- 1918-ж. ноябрь –1919-ж. март –Австро-Венгрия империясынын талкаланышы менен Австрия жана Венгрия мамлекеттеринин жаралышы;
- 1918-ж. октябрь –Чехословакия түзүлгөн;
- 1918-ж. күз –Югославия түзүлгөн;
- 1918-ж. ноябрь – 1921-ж. –Польшанын бүтүндүүлүгү калыбына келтирилген;
- 1918-ж. октябрь–1922-ж. ноябрь –Осмон империясынын талкаланышы менен Түркия Республикасынын түзүлүшү;
ВЕРСАЛЬ-ВАШИНГТОН СИСТЕМАСЫ
1920-жылдардын башына карата эл аралык абалды жөнгө салган механизм Версаль-Вашингтон системасы деп атала баштаган.