Бишкек шаары-эгемендүү Кыргыз Республикасынын борбору.Улуу жибек жолу ушул жерден ѳткѳн.Ушул аймакта Бишкек баатырдын жашагандыгы тууралуу айтылат.Анын күмбѳзү да бар эле.Жер ошол кишинин атынан калган дешет.Бир кезде Бишкекти,анда Фрунзе деп аталчу,сыймык менен «жашыл шаар» дешчү. Тилекке каршы, айрым бир жерде дарактар куурай да баштады,кээ бир имараттар бак-дарактарды кесип салуу менен курулуп жатканы өкүндүрөт.
Бишкектин башкы аянты-Ала-Тоо деп аталат.Ал жерде мамлекеттик тууну аскерлер ардактуу кайтарууга туруп күзөтөт.Борбордук аянттын жанында Улуттук тарых музейи,Ɵкмөт үйү, «Ала-Тоо» кинотеатры бар.Эркиндик саябаны-жаштардын сүйүктүү
жайы.Ал жерде балдар үчүн да ойной турган аянтчалар курулган.
Шаарыбыздын так ортосунда биздин куттуу мектебибиз УКГ орун алган. Силер өзгөчө мектепте окуйсуӊар . Анткени ал шаарыбызда жалгыз Улуттук деп таанылган . Анда таланттуу, ырчы, бийчи, чыгармачыл балдар окушат. Силер да бири – бириӊер менен достошуп, сыйлашып окугула. Ата –энеӊер менен бирге болгула, жер жүзүндө дайыма тынчтык болсун.