СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биз окурман үй бүлөбүз сынагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Биз окурман үй бүлөбүз сынагы»

Бишкек шаары Ленин району “БЕКИТЕМИН”

№40 ЖББ орто мектебинин Башталгыч классынын окуу-тарбия

2024-2025-окуу жылы иштери боюнча директордун

Класс жетекчиси: Аманбаева Г. Р. ________орун басары Абдиева Т. Т.

4 “Д” класс. “19” февраль 2025-ж.

Атам, апам жана мен биз-окурман үй бүлөөбүз” 3-чейрек

Сабактын темасы: Окурман үй бүлө

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк:

Өнүктүрүүчүлүк:

Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар жомоктун мазмунун түшүнүп, ал эмне жөнүндө экенин айтып, суроолорго беришет. Тууган-уруктар боюнча суроолорго толук сүйлөмдөр менен жооп беришет. Себеп-натыйжалык байланыштарды аныктай алышат. Суроолорго, предметтик сүрөттөргө, кыймыл-аракетти билдирүүчү сөздөргө таянуу менен жомоктогу образдарды ырааттуу чагылдырып айтып беришет.

Эске сактоосун, кабыл алуусун, ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт. Сөз байлыгын кеңейтишет. Окуучулар окуганын түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Окуганы жөнүндө өз пикирин, билгичтигин өнүктүрөт.

Адептүү, билимдүү, ынтымактуу болууга тарбияланышат. Айланасындагы адамдар менен ынтымактуу мамиледе болууга тыянак чыгарышып, достукту сактай билүүгө тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрү:

Окуучулар жомоктун мазмунун түшүнүп, ал эмне жөнүндө экенин айтып беришсе. Тууган-уруктар боюнча суроолорго толук сүйлөмдөр менен жооп беришсе. Себеп-натыйжалык байланыштарды аныктай алышса. Суроолорго, предметтик сүрөттөргө, кыймыл-аракетти билдирүүчү сөздөргө таянуу менен жомоктого образдарды ырааттуу чагылдырып айтып беришсе

Эске сактоосун, кабыл алуусун, ой жүгүртүүсүн өнүктүрсө. Сөз байлыгын кеңейтишсе. Окуучулар окуганын түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүшсө. Окуганы жөнүндө өз пикирин, билгичтигин өнүктүрсө.

Адептүү, билимдүү, ынтымактуу болууга тарбияланышса. Айланасындагы адамдар менен ынтымактуу мамиледе болууга тыянак чыгарышып, достукту сактай билүүгө тарбияланышса.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, баалоочу каражаттар, сүрөттөр камтылган сүйлөөчү дубал,

кагаз, убакытка байкоо жүргүзгөн саат.

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын формасы: окуучулар жана ата-энелер менен, топто, жекече өз алдынча иштөө.

Сабактын методу: сүйлөө, аңгемелешүү, түшүндүрүү, көрсөтмөлүү, жекече, топто иштөө.

Сабактын этабы

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Баалоо

Компо-тенттүү-лүк

Уюштуруу:

1 мин

Ачылышы бий- Тилекматова Алияна, Тургуналиева Аделя (музыка:”Ай-ай, эжеке”)

Китептеги жомок, аңгемелер аркылуу балдарды акыл дүйнөсүнө жетелеп, аруулукка, тазалыкка, сергек жашоого жана адамгерчиликтүү мамилени жасоого үндөйт. Ички дүйнөнүн сулуулугун баалап, барктай билүүгө жалпы адамзаттын тагдыры тууралуу ой-жүгүртүүгө, улутун сүйүүгө чакырат. Демек, биздин патриот ж.о.э. акылдуу, тарбиялуу жигиттерибизди, улан-кыздарыбызды окутуш үчүн ар дайым үй-бүлөбүз менен бирге китеп окушубуз зарыл.

Саламатсыздарбы, урматтуу, максаты бийик, издегени илим, сунганы билим, мугалимдик кесиптин ээлери, сүйүктүү окуучулар жана сыйлуу коноктор.

4-д классынын окуучулары жана ата-энелери менен биргеликте “Атам, апам жана мен-биз окурман үй-бүлөөбүз” аттуу окуу-программасынын сынагына кош келиңиздер!

Саламдашышат!


НК2

Тааныштыруу:

2 мин

Биздин тапшырмабыз аркылуу берилген дал ушул китептерибизди окуган, бүгүнкү “Атам, апам жана мен-биз окурман үй-бүлөөбүз” кароо-сынагыбызда таймаша турган командаларыбызды кол чабуулар менен чакырып алсак.

1-канболотов Рамзан апасы-Кекеева Елиза айым

2-Токтобекова Айназик апасы-Кускакбаева Гулаим айым

3-Кубатов Нурали апасы-Ибраимова Назгуль айым

4-Сулкарбекова Жазель апасы-Алыбаева Айнура айым

5-Ырысбеков Арлен апасы-Салмоорбек кызы Нестан айым

6-Келгинбекова Арууке апасы-Муратбек кызы Паризат айым

7-таалайбеков Алинур апасы-Токтогулова Айдай айым

Ал эми бүгүнкү төрүбүздүн көркү болгон калыстар тобунун серепчилери менен тааныштырып өтөлү.

1-химия жана биология предметинин мугалими Кубатова Датка Жусубалиевна

2-КРнын мугалимдер конгрессинин “Менин сүйүктүү мугалимим” төш белгисин алган жана башталгыч класстарынын мугалими Эшбергенова Карлыгач Есенкуловна

3-Эл агартуунун отличниги жана башталгыч класстардын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Абдиева Таалайгүл Токтобаевна.

Катар номерлери боюнча окуучулар ата-энелери менен кошо чыгып келип олтурушат.

Калыстар тобу ордунан туруп тааныштырышат.


НК1, НК2,

НК3, ПК1,

ПК3

Эскертме: түшүнүк берүү, өбөлгө түзүү:

1 мин

Бардык катышуучуларга ийгилик каалап, сынагыбыздын 1-тапшырмасына кезекти берсек. Эскерте кете турчу, бүгүн командалар 3 тапшырма боюнча таймашат.

1-3 жомоктун негизинде 2ден суроого жооп беришет.

2-“Мунарча үй” жомогундагы жаныбарлардын образын чагылдырып берүү.

3-Окуучулар “Туугандардын аталыштары” боюнча 2ден суроого, ал эми ата-энелер алп акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата акындын ырларын кураштырып, көркөм окуп бермекчи.


Формативдик баа-лоо

НК3

1-сынакты баштоо:

10 мин

Кыргыз эл жомокторундагы “Алданган карышкыр”, “Түлкү, таш бака жана чапкене”, “Арстан менен коён” аталышындагы 3 жомоктун негизинде окуучулар жана ата-энелер 2ден суроого жоопко айтышат.

Соо калбасын билген түлкү эмне деп кыйкырат?

Чапкене кимге жармаша калды? Эмне үчүн?

Ийинден алыс чыкпаган коркок коён эмне деп ойлонот?

Түлкү капчыгайга эмне жасады?

Түлкү, чапкене, ташбака үчөө эмнени ойлонушат?

Коён эмне үчүн катып калды?

Түлкү ийинден чыгып эмне издейт?

Эгин эгүүдө таш бака кандай милдет аткарат?

Арстан коёнго эмне деп айтат?

Түлкү ийинден кеткенден кийин ийинге ким келет?

Эгин даяр болгондо жайлоодон ким түшүп келет жана эмнени ойлойт?

Коён арстандан кутулуш үчүн кандай амал ойлоп табат?

Карышкыр кимдин келишин күтөт?

Түлкү, ташбака, чапкене булардын кимиси аксакал болот?

Коён арстанды кантип ачуулантат?

Түлкү кетээри менен ийинге ким келет?

Түлкүнүн амалы эмне үчүн аткарылбай калды?

Арстан коёнго эмне деп буйрук кылат?

Карышкырдын каарды кандай эле?

Түлкү силкингенде эмне болду?

Коён арстанды кайда ээрчитип барат?

Ийинге ким жатып алат?

Кудукка ким секирип түшөт?

Түлкү ийинге качан келди?

Коён менен арстандын кимиси кудукка чөгүп кетет?

Түлкү ийинге келе жатып, эмнени көрдү?

Түлкү изди көргөндөн кийин эмне деп ойлонот?

Коён жөнүндө кызыктуу маалымат айтып бер.

Суммативдик баа-лоо Эмоцио-налдык баалоо

НК1, НК2,

ПК3

2-сынакты баштоо:

10 мин

Кыргыз эл жомокторундагы “Мунарча үй аталышындагы жомоктун негизинде жаныбарлардын образдарын так, даана чагылдып, сүйлөп аткаруу. Окуучулар, ата-энелер.

Тема: Мунарча үй жомогу.

  1. Чычкан: -Мунарча үй, мунарча үй. Мунарча үйдө ким жашайт?

  2. Бака: -Куак, куак, мунарча үй. Мунарча үйдө ким жашайт? Кимдир бирөө барбы?

  3. Чычкан:-чыйп, чыйп. Мен чычкан. Сен кимсиң?

  4. Бака: -Куак, куак, мен бакылдак бака. Чычкан, мен да сени менен биргеликте жашагым келет.

  5. Коёнек: -Э-э-эй, мунарча үй. Мунарча үйдө ким жашайт?. Кимдир бирөө барбы? Мунарча үй, мунарча үйдө ким жашайт?

  6. Чычкан: -Чыйп, чыйп, мен чычкан.

  7. Бака:-Куак, куак, мен бака. А сен кимсиң?

  8. Коёнек: -Мен алаң көз коёнек. Мени да силердин жаныңарга кошуп алгылачы?

  9. Түлкү: -Ой-ой-оой, мунарча үй. Мунарча үйдө ким жашайт? Кимдир бирөө барбы? Сураныч, мунарча үй, мунарча үйдө ким жашайт?

  10. Чычкан:-мен чычкан.

  11. Бака:-Куак-куак. Мен бакылдак бака.

  12. Коёнек: -Мен алаң көз коёнек. А сен кимсиң?

  13. Түлкү: -Мен куу түлкү. Мен да биргеликте силер менен жашагым келет.

  14. Карышкыр: -Мунарча үй, мунарча үйдө ким жашайт? Кимдир бирөө барбы?

  15. Чычкан:-мен чычкан.

  16. Бака:-Куак-куак. Мен бакылдак бака.

  17. Коёнек: -Мен алаң көз коёнек.

  18. Түлкү: -Мен куу түлкү. А сен кимсиң?

  19. Карышкыр: -Мен көк жал карышкырмын. Мен да силер менен мунарча үйдө жашагым келет.-

  20. Арстан:-Ар-р, бул үйдө ким жашайт?

  21. Чычкан:-Мунарча үйдө биз жашайбыз.

  22. Арстан:-Ар-р, бул үйгө мени да жашатып алгылачы? Мен дагы жашагым келет.

  23. Көпөлөк.- Айииий, мынча кооз. Мунарча үйдө ким жашайт?

  24. Чычкан:-Сен кимсиң?

  25. Көпөлөк.- Мен жеңил уча турган көпөлөкмүн. Мен мунарча үйдө жашагым келет.

  26. Чычкан:-Сен кимсиң?

  27. Аюу:-Мен май таман аюу. Мени да киргизип алгылачы? Бул жакта ким бар?

  28. Чычкан:-мен чычкан.

  29. Бака:-Куак-куак. Мен бакылдак бака.

  30. Коёнек: -Мен алаң көз коёнек.

  31. Түлкү: -Мен куу түлкү. А сен кимсиң?

  32. Карышкыр: -А мен карышкыр.

  33. Аюу: -Мен да силер менен жашагым келет. Мени мунарча үйгө киргизгилечи?

  34. Чычкан:-Сен батпайсың.

  35. Аюу: Анда мен силердин чатырыңарга жашайм.

  36. Чычкан: -Сен бизди басып калдың.




3-сынакты баштоо:

10 мин

Окуучулар, “Туугандардын аталыштары” боюнча 2ден суроолорго жооп беришет.

Ата-энелер, кыргыз эл акыны Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата акындын чыгармаларын 5 мүнөттүн ичинде кураштырып, убакыт бүткөн соң көркөм окуп берүү.

3-бөлүк Тууган-уруктардын энчилүү аталыштары.

  1. Апаңдын эжесинин баласы сага ким болот?

  2. Атаңдын карындашынын кызы сага ким болот?

  3. Жеңеңдин атасы сага ким болот?

  4. Апаңдын сиңдисинин күйөөсү сага ким болот?

  5. Бөлөңдүн апасы сага ким болот?

  6. Эркек жана кыз бир туугандын балдары кандай аталат?

  7. Ага бир туугандын жубайы сага ким болот?

  8. Апаңдын ага-инилери сага ким болот?




Тапшыруу аземи:

10 мин

Кыргыз бий-Анарбекова Адеми.

Сөз кезеги калыстар тобуна. Калыстар тобу тарабына жыйынтыкталып чыгарылган кароо-сынактагы 1-2-3-орундар жана активдүү катышкандар үчүн грамота, ыраазычылык кат тапшыруу.

Суммативдик баа-лоо

Формативдик баа-лоо

НК2, ПК3

Жыйынтыктоо:

1 мин

“Билим каарыбас, өнөр аарыбас” демекчи чындыгында каарыбас билимди баарыбыз китептерден алабыз. Окурман үй-бүлөбүз окуу программасы менен биргеликте жакындарыбыз менен китеп окууну унутпаңыздар демекчимин.

Саламатта калыңыздар!

Формативдик баа-лоо

НК2, ПК4