Калыптандыруучу баалоонун техникаларын системалуу колдонуу мугалимге окуучулардын билим берүүсүнүн сапатына таасир тийгизүүгѳ мүмкүнчүлүк берет. Техникалардын тизмеси чоң, бирок ушул учурда конкреттүү темаларга пайдаланса боло турган алардын кээ бирлери сунушталынат.
Техникалар | Калыптандыруучу баалоонун техникаларын пайдалануу жол-жобосу (процедурасы) |
Карточканын индекси (жалпылоо үчүн же суроолор үчүн) | Мугалим окуучуларга эки жагында төмөнкүдөй тапшырмалары бар карточкаларды белгиленген убакытта таратып турат: 1-тарабында: Өтүлгөн материалдар (бөлүм, тема) боюнча түшүнгөн негизги идеяларды санап, жалпылаштыргыла. 2-тарабында: Өтүлгөн материалдагы (бөлүмдөгү, темадагы) түшүнө элек жерлериңерди белгилеп, суроолоруңарды түзгүлө. |
Кол менен белги берүү | Мугалим кайсы бир түшүнүктөрдү, принциптерди, процесстерди ж. у. с. түшүндүрүп жатканда, окуучулардан материалды түшүнгөнүн же түшүнбөгөнүн кол менен жаңсап белги берүүсүн суранат. Окуучулар менен ал белгилер тууралуу алдын-ала макулдашып алуу керек: Мен _______ түшүндүм жана түшүндүрүп бере алам (бармагын өйдөгө багыттайт) Мен ______ дагы эле түшүнө элекмин (бармагын туура жакка багыттайт) Мен ______ анык түшүндүм деп айта албайм (кол булгалайт) Белгилерди карап, мугалим ар бир топтун катышуучуларынан сурайт. Алынган жооптордун жыйынтыктары боюнча мугалим теманы кайрадан өтүү, бышыктоо же программа боюнча материалды окутууну улантууну чечет. |
Светофор | Ар бир окуучуда светофордун үч түсүндөгү карточкалар болот. Мугалим окуучулардан материалды түшүнгөн-түшүнбөгөнүн билдире турган белгини ушул түстөр менен көрсөтүүнү өтүнөт да, төмөнкү суроолорду берет. Жашыл карточка көтөргөн (баарын түшүндүм деген) окуучуларга: - Силер эмнени түшүндүңөр? Сары же кызыл карточка көтөргөн окуучуларга: - Силер эмнени түшүнбөй калдыңар? Алынган жооптордун негизинде мугалим теманы кайталап өтүү, бышыктоо же программа боюнча окутууну уланта берүүнү чечет. |
Бир мүнөттүк эссе | Бир мүнөттүк эссе – бул окуучуларга тема боюнча билгендерин көрсөтүү үчүн мугалим колдоно турган ыкма. Бир мүнөттүк эссе жазуу үчүн мугалим төмөнкүдөй суроолорду бериши керек: Сен бүгүн билип алган нерселердин ичинен кайсынысы эң маанилүү? Кайсы суроолор сага түшүнүксүз бойдон калды? Окутуу чөйрөсүнө жана форматына карай бир мүнөттүк эссе ар түрдүүчө колдонулушу мүмкүн: Сабак учурунда окуучулардын материалды ар бир баскычта кандай өздөштүргөнү текшерилет. Сабактын акырында окуучуларга кийинки сабакта алар эмне кылаарын кабарлоо үчүн колдонулат. |
Айтуу үлгүлөрү (кыйытуу, багыттоо) | Мугалим окуучуларга жооп камдоо үчүн керектүү айтуу үлгүлөрүн (сөз айкаштарын, багыт берүүчү кыйытмаларды) мезгил-мезгили менен берип тургула. Мисалы: Негизги идея (принцип же процесс) – ________, анткени _____________ ж. у. с. |
Түшүнүүнүн жаңылыштыгын текшерүү | Мугалим окуучуларга кайсы бир идея, принцип же процесс жөнүндө көп кезигүүчү жаңылыш пикирлерди же алдын-ала көрө билүү мүмкүн болгон ката ойлорду айтат. Анан буга макулсуңарбы же жокпу, эмне себептен ушундай ойлойсуңар деп сурайт. |
Окуучу менен жекече баарлашуу | Мугалим окуучулар менен алардын түшүнүү деңгээлин текшерүү максатында жекече баарлашат. |
3 мүнөттүк тыным | Мугалим окуучуларга сабакта өтүлүп жаткан түшүнүктөрдү жана идеяларды ойлонуштуруу, мурунку материалдар, билим жана тажрыйбасы менен байланыштыруу, ошондой эле түшүнүксүз учурларды тактоо үчүн 3 мүнөттүк тыным берет. Мен ______ карата мамилемди өзгөрттүм…………………………. Мен ____ жөнүндө көбүрөөк билдим:……………………………... Мен _____ таң калдым:………………………………………………. Мен ____ болгондой сездим…………………………………… …………………карата менин мамилем мындай эле:……………………………………………………………………. |
Температура өлчөө | Бул ыкма окуучулардын тапшырманы канчалык туура аткарып жатканын билүү максатында колдонулат. Бул үчүн окуучуларды ишинен токтотуп, мугалим минтип сурайт: «Биз азыр эмне кылып жатабыз?» Буга жооп берүү менен, окуучулар тапшырманын маңызын же аны аткаруу процессин канчалык терең түшүнгөндүгүн көрсөтөт. Айрым учурларда (жуп-жубу менен же топтордо иштегенде) мугалим бир жуптан же топтогулардан тапшырма кандай аткаруу керектигин көрсөтүп берүүнү өтүнөт. Калган жуптар же топтор эмне кылуу керектигин карап турушат. |
Кичи тест | Кичи тесттер окуучулардын чыныгы билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн, б.а. конкреттүү маалыматтарды, кайсы бир материалды билээрин баалого арналган. Бул төмөнкүлөрдөн тандоо тести болуп саналат: |
Элективдүү (тандап алма) тест | Мугалим ар бир окуучуга «A, B, C, D» тамгалары жазылган карточкаларды таратып берет да, бирдей убакта жооп берүүнү, б.а. туура жооптун тамгасы жазылган карточканы көтөрүүнү суранат. Мугалим окуучуларга жообуңарды айтарда 20 секунд ойлонгула деп сөзсүз түрдө сунуш кылышы керек. Мугалим окуучулар менен биргеликте жооптордун ар башка варианттарын талкуулап, ар кимге өзү тандаган вариантын түшүндүрүп берүүнү өтүнөт. Мындагы жооптордун негизинде мугалим окуучулардын окуп үйрөнүлгөн теманы канчалык жакшы түшүнгөнүн аныктап, ал теманы түшүндүрүүнү улантуу же андан кийинкисине өтүү керектигин чечет. |
Калыптанды-руучу тест | Мугалим окуучуларды чакан топторго (4-5 кишиден) бөлөт. Ар бир окуучу тесттин суроолору жазылган барак менен тесттин жоопторун жазуу үчүн барак алат. Окуучуларга тесттин суроолорун чакан топтордо талкуулоо үчүн убакыт берилет. Талкуудан кийин окуучулар жооп барактарын өз алдынча толтурушат. Ар бир окуучунун упайлары өзүнчө эсептелет. Окуучуларга топтогу башка шериктеринин оюна каршы туруп, өздөрү туура деп эсептеген жоопту белгилөөгө акылуу экендигин айтып коюу керек. Суроо жоопторун топто талкуулаганда бир пикирге келүү талап кылынбайт. |
Өзүн өзү баалоо күндөлүктөрү / журналдары | Өзүн өзү баалоо күндөлүктөрү / журналдары мугалим жана окуучу сабактын жүрүшүндө алынган билимдерге, билгичтиктерге жана көндүмдөргө, иш билгиликтерге, ошондой эле алардын кандайча алынгандыгына, көлөмүнө баа бериши үчүн ачылат. Күндөлүктөр мугалимге окуучулардын өсүш деңгээлин билүү жана билим берүү процессин жакшыртуу үчүн тийиштүү кадамдарды жасоодо пайдасы тиет. |
Калыптандыруучу сурамжылоо | Бул – материалдын жүзачарынан же сабактагы иштин кандайдыр бир түрүнөн кийинки текшерүү формасы. Мугалим кошумча тактоочу суроолорду берет: «Эмне үчүн? Кантип? Кандайча?…». - ___________________ кандайча, эмнеси менен ________________ -га (-дан) окшош же айырмаланат? - _____________-нын кандай мүнөздүү өзгөчөлүктөрү (бөлүктөрү) бар? - ___________________-ны биз кандайча көрсөтө, иллюстрациялай алабыз? - ________________________-нын негизги идеясы, тыянагы кандай? - _____________-нын ___________________ менен кандай катышы бар? - Силер ___________ -га кайсы идеяларды, тактоолорду кошумчалайт элеңер? - ____________________-га мисал келтиргиле? - _________________-да эмнеси туура эмес? - _________________-дан кандай жыйынтык чыгарат элеңер? - _____________ менен кайсы суроого жооп берүүгө аракетенебиз? - Кайсы маселени биз чечүүгө аракеттенебиз? - _______________ эмне кылууну сунуштайсыңар? - Эгер _______________, эмне болор эле? - ____________ баалоо үчүн кайсы критерийлерди колдонот элеңер? - ___________ бекемдөө үчүн кандай далилдерди же тастыктоолорду келтире аласыңар? - ____________ силер кантип бекемдей же төгүнгө чыгара аласыңар? - Муну _____________ жактан кандайча караштырууга болот? - _________-да кайсы альтернативаларды көңүлдө тутуу керек? - _________-да кайсы усулдарды (ыкмаларды) колдонууга болот? |
Жаңы материалды түшүнгөнүн текшерүү көнүгүүлөрү | Мугалим төрт чакмагында төмөнкүдөй жазуулары бар таблица түзгөт: «Алдын ала айтуу», «Түшүндүрүү», «Жалпылоо» жана «Баалоо». Жаңы материалды түшүндүргөн соң, окуучулардан кайсы бир чакмакты тандоону өтүнөт. Мында мугалим ар бир окуучу жаңы окуп үйрөнүлгөн тема боюнча өзү аткара турган тапшырманын тибин кандайча тандашы керектигин тактап айтат. Анан, кайсы чакмак тандалганына карай, суроо берет. Мисалы: (1) Эгерде окуучулар «Жалпылоо» чакмагын тандаса, анда мугалим: «Жаңы материалдын негизги идеяларын санап бергиле», – десе болот. (2) Эгер окуучулар «Түшүндүрүү» чакмагын тандаса, мугалим: «Бул терминди (түшүнүктү) силер кандай түшүнөсүңөр?» – деп сураса болот. |
Ички жана сырткы тегерек | Окуучулар ички жана сырткы эки тегерек болуп тизилет. Окуучулар бири-бирин карап турушат да, өтүлгөн тема боюнча алдын ала жазылган суроолорду беришет. Анан сырткы тегеректе турган окуучулар жылышат да, жаңы түгөйлөрдү түзүшөт. Жогорудагы сыяктуу суроо-жооп улантылат. |
Бир сүйлөм менен жалпылоо | Мугалим окуучуларга «Ким? Эмне? Кайда? Качан? Эмне үчүн? жана Кандайча?» деген суроолорго жооп берген сүйлөм түзүү аркылуу жаңы теманы жалпылоону өтүнөт. |
Бир сөз менен жалпылоо | Мугалим окуучуларга мындай тапшырма берет: «Теманы эң таасын жалпылай турган бир сөздү тандагыла». |
Жазуу жүзүн-дөгү түшүн-дүрмөлөр (жазуу жүзүндөгү кайтарым байланыш) | Баалоонун зарыл бөлүгү – кайтарым байланышты камсыздоо. Окуучулардын жазуу иштерин текшергенде, мугалим көрсөткүчтөрне жана натыйжага жетишүү деңгээлине жараша өзүнүн түшүндүрмөлөрүн (комментарийлерин) берет. Түшүндүрмөлөр айкын жана окутуп үйрөтүүчү мүнөздө болушу керек. Жазуу ишин текшергенде, туура жерлерин бир түстөгү, оңдоо, толуктоо талап кылынган жерлерин башка түстөгү калемсап менен белгилөөгө болот. Жазуу иштерине түшүндүрмөгө эске салууну (эмнени толуктап иштөө керектиги жөнүндө), кыйытууну же мисалдарды кошууга болот. |
Сөз түрүндө баа берүү (оозеки кайтарым байланыш) | Баа берүүнүн эң кеңири таралган түрү. Мугалим окуучуну көнүгүүнү жакшы аткаргандыгы үчүн мактап, оозеки кайтарым байланышты камсыздайт. Демек, окуучу бул материалды же маалыматты жакшы өздөштүргөндүгүн түшүнөт. Мугалим окуучунун көнүгүүдө кетирген каталарын көрсөтөт. Ал эч кандай баа койбосо да, баалайт. Ошентип, окуучу жакшыраак натыйжага жетишүү үчүн эмне кылуу керектигин түшүнөт. |
Өзүн-өзү баалоо | Бул – окуучулар өздөрүнүн окуп-үйрөнүүсү жөнүндө маалымат топтоп, талдоо жүргүзгөн, окуп-үйрөнүүдөгү өсүшү жөнүндө тыянак жасаган процесс. Өзүн-өзү баалоону жүргүзүүнүн зарыл шарты – ишти көрсөткүчтөрнин болушу (бул критерийлерди окуучуларга теманы окуп үйрөнөр алдында же ишти аткарганга чейин тааныштырып коюу керек). |
Кош жылдыз жана каалоо (өз ара баалоо) | Окуучулардын чыгармачыл иштерин, дилбаяндарын, эсселерин баалоодо колдонулат. Мугалим окуучуга классташынын ишин текшерүүнү сунуштайт. Окуучулар бири-биринин ишине түшүндүрмө (комментарий) бергенде, ишке баа беришпейт, жөн гана ийгиликтүү эки жерин көрсөтөт («кош жылдыз») жана толуктап иштөө керек болгон бир жерин белгилейт («каалоо»). |