Сабактын темасы: Ар бир кесип ардактуу
Сабактын максаты: а) Окуучуларга ар турдуу кесиптер тууралуу маалымат беруу;
б) Окуучулар ойлоо сезимин, суйлоо речин онуктурушот;
в)Окуучулар патриоттуулукка, эмгекти суйууго тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Суроттор, чакырыктар, ырлар.
Сабактын журушу: Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашып, толуктап, класстын
тазалыгын козомолдоп, сабакка жагымдуу жагдай тузуу.
Уй тапшырмасын текшеруу. Жаны сабак:
Мугалим: Бул жашоондун пайдубалын тургузса,
Ар бир кесип ардактуу бул турмушта.
Сен жактаган ардактаган кесипке,
Талбай окуп жетуу керек унутпа.
-ООба балдар, ар ким эле кичинекей кезинен баштап, келечекте ким болсом деп ойлонот. Бардык адамдын озу жактырып, озу каалап суйгон кесиби болот эмеспи. Бала кезден кыялданып, ал кыялдарга чулганып, ошол кыялымдагы кесипке жетсем деген аруу тилекти коздогон кыялкеч жаштарыбыз коп.
Акыл калчап иш кылып, алга карай умтулуп, талыкпай иштеген адам ийгилик сырын ача алат. Акылдуу адам чыныгы билимди топтоп, азыраак суйлоп, коп тыншап, илимди изилдейт. Бугунку мезгил талабына ылайык, учурда кесиптер коп, ошонун ичинен биз озубуз суйгон каалаган кесибибизди туура тандап, пайдубалын туптошубуз зарыл.
Бул турмушта эмнелерди самайсын,
Баалап, билип кайсынысын санайсын.
Сага жакын журогунду жылыткан,
Кесиптердин кайсынысын каалайсын?
Хор айтышат: Баарысынан салмактуу,
Кайсы кесип ардактуу.
Ойлонолу тезирээк,
Кайсы кесип ардактуу?
1-окуучу: Жашым жетип кучко толом,
Жакшы ойду толгоном.
Чолго барып, канал салып,
Суу инженер мен болом. (инженер)
2-окуучу: Окуучуларга терен билим берууго,
Шашыламын мен мугалим болгонго.
Илим-билим болуп мага копуро,
Мен мугалим болом, окуум буткондо. (мугалим)
3-окуучу: Калк саламат болсун деген тилекте,
Дарыгерлик кыялымда, журокто.
Ак халатчан эже- агайдай болууга,
Умтуламын ушул кундон, эмитен. (дарыгер)
4- окуучу: Ак булутту аралап,
Учкум келет сабалап.
Жолун жолдойм оскондо,
Эр Гагарин аганын. (Учкуч )
5-окуучу: Коросун сен, чонойсом мен,
Атакеме болом тен.
Коп кабаттуу уйлор куруп,
Архитектор болом мен. (архитектор)
6-окуучу: Коргон адам тан берип,
Когозмого эл келет.
Суроттору мыкты экен деп,
Эмгегиме баа берет. (суротчу)
7-окуучу: Чуркап келем шашылып,
Спорт менен машыгып.
Суктанышат дуйно эли,
Балбан шер деп ашыгып. (спортсмен)
8-окуучу: Тартипти сактап куну –тун,
Элиме кошом улушум.
Милиция ишин так билип,
Иштесем деген умутум. (милиция)
9-окуучу: Кыргыз элин барктаймын,
Душманга ьарип сатпаймын.
Жоокер болом эр жетип,
Мекен чегин сактаймын. (жоокер)
10-окуучу: Чимириле келет менин бийлегим,
Чечендерче келет кээде суйлогум.
Теле жылдыз болгум келет буюрса,
Кааласа эгер кайсы бирин журогум. (алып баруучу)
11-окуучу: Кыргыздын салтын барктаймын,
Шырдактын турун жасаймын.
Тикмечи болсом уз-чебер,
Кыргызымды данктаймын. (уз)
Мугалим: Мына балдар силер айткан кесиптердин баарысы тен ардактуу. Озунор каалап, журогунор энсеп турган кесипке жетуу учун талыкпастан терен билим алышынар зарыл. «Тили гана адамды бийик кылат»,- дегендей, билимдуу адам коп ийгиликтин формуласын чечмелеп, турмушта оз жолун туура тандап алат. Кана балдар, билим тууралуу канлай макалдарды билесинер?
1-окуучу: «Билим- жашоо чырагы, онор-элдин курамы»,
«Билим-карыбас, онор-арыбас».
2-окуучу: «Билим алуу ийне менен кудук казгандай»,
«Билим болбой, илим болбойт».
3-окуучу: «Билимдуу баарына тушунот, билимсиз оз ишине кубулот».
4-окуучу: «Билимдуудон акыл чыгат, акылдуудан накыл чыгат».
5-окуучу: «Билимсиз адамдын созу билектей,
Билимдуу адамдын созу жибектей».
6-окуучу: «Билимдуунун белгиси, билгенин келет бергиси,
Акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси».
Мугалим: Азаматсынар балдар, силер тандаган кесиптер эмнеси менен кызык? (Окуучулар оз ойлорун айтып беришет).
Ырчы: Мукам ырлар ырдап кыргыз эли учун,
Эл ырчысы болсом деген умутум.
Жоокер: Элимдин эркиндиги мага кымбат,
Когоймун элди-жерди абдан кылдат.
Архитектор: Коп кабаттуу уйлор куруп,
Оз ишиме бекем туруп,
Эл алкышын алам мен.
Тикмечи: Оймо-чийме кыргыз койнок даярдап,
Аздектеймин онорумду аярлап.
Дарыгер: Адамдардын дартына дабасын,
Убагында билип айтам чамасын.
Мугалим: Окуучуга коп нерсени билдирем
Билим берип эли-жерин суйдуром.
1-окуучу: Келгиле балдар терен билим алалы,
Жалкоолордун тийбей бизге залалы.
Жаркын жашоо келечекке умтулуп,
Билим менен алга карай баралы.
2-окуучу: Билимдууго ар бир кесип жылмаят,
Турмуш жолу билинбеген жылгаяк.
Тоодой болгон тоскоолдукту женгенди,
Эли баалап, сыйлык менен сыйланат.
Сабакты жыйынтыктоо: Мына баладар айта берсенер кесиптер абдан коп. Ар бирибиз есиптердин баркын билип, терен ой жугурто билуубуз зарыл. Келечекте бир кесиптин ээси болуш учун акыл-эстуу, эмгекчил, жакшы окуган, улгулуу балдардан болушунар
Уйго тапшырма: «Ар бир кесип ардактуу» деген темада эссе жазып келгиле.