СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бөлчөктөрдү көбөйтүү жана бөлчөктөрдү даражага көтөрүүгө көнүгүүлөр

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бөлчөктөрдү  көбөйтүү жана бөлчөктөрдү даражага көтөрүүгө көнүгүүлөр

Просмотр содержимого документа
«Бөлчөктөрдү көбөйтүү жана бөлчөктөрдү даражага көтөрүүгө көнүгүүлөр»

Математика. 5-класс


Датасы





“Бекитемин”






Сабактын темасы: Бөлчөктөрдү көбөйтүү жана бөлчөктөрдү даражага көтөрүүгө карата көнүгүү иштөө


Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжа:

Билим берүүчүлүк

Окуучулардын 5 класста алган билимдерин колдонуп көнүгүү иштөө аркылуу билимдерин калыптандыруу

Окуучулар 5 класста алган билимдерин колдонуп көнүгүү иштөө аркылуу билимдерин калыптандырышат

Өнүкүтүрүүчүлүк:

Маселелерди чыгарууда аянтты, жолду, ылдамдык жана убакытты аныктоо менен маселени чыгаруу жолун табууга көнүктүрүү

Маселелерди чыгарууда аянтты, жолду, ылдамдык жана убакытты аныктоо менен маселени чыгаруу жолун таба алышат

Тарбия берүүчүлүк:

Математика предметине кызыктырып, логикалык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү, бири-биринин пикирин уга билүүгө жана сыйлоого, өз оюн айта билүүгө тарбиялоо

Математика предметине кызыгып, логикалык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүшөт, бири-биринин пикирин уга билүүгө жана сыйлоого, өз оюн айта билүүгө тарбияланышат


Сабактын тиби: билимдерди өркүндөтүү

Сабактын ыкмасы: практикалык, интерактивдүү

Сабактын формасы: оюн сабак

Сабактын жабдылышы: түстүү карточкалар, окуу куралдары, интерактивдүү доска, сүрөттөр, окуу куралдары.

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу: классты сабакка даярдоо, окуу куралдарын толуктугун көзөмөлдөө

  • Үй тапшырмасын текшерүү менен бирге мурунку сабакта өтүлгөн тема боюнча кыскача кайталоо жүргүзүү.

Үйгө тапшырма №868-маселени чыгарып келүү берилген. Окуучулардын үй тапшырмаларын текшерип, тууралоо.

  • Практика – тема боюнча көнүгүү иштөө;

Быйылкы 2012-жыл жылнаама боюнча балык жылы жана президент тарабынан “Үй бүлө, ынтымак жана кечиримдүүлүк” жылы деп белгиленди. Келгиле биз дагы үй бүлөбүз менен-классыбыз менен бирдикте Манас атабыздын 6-осуятында айтылгандай табият менен таттуу мамиледе болуп эс алууга табият койнуна чыгалы, балык кармап эс алалы. Алыс барбай эле өзүбүздүн Төр-Суу жайлообузга барып келели. А.С.Пушкиндин “Балык жана балыкчы” жомогун эсиңерде барбы?


Балким силерге да жомоктогудай алтын балык түшүп калат чыгар.

Келгиле эмесе балык кармоого киришели. Адегенде, алтын эрежелерди эсибизге салып алалы:

  • Балык кармап жатканда тынч отуруу керек, антпесе, балык чочуп кетип кайырмакка илинбей коёт.

  • Өз кезегинерди чыдамдуулук менен күткүлө, антпесе, жөөлөшүп кетип балыкты коё берип жибересинер.

  • Туура санаганга аракет кылгыла балыктарды. Так болбосок саякатыбыз максатына жетпей калат.

Эми эрежелер менен таанышып алган сон эки топко бөлүнүп алалы. Ошондо көнүлдүүрөөк балык кармайбыз. Ким көп балык кармаса белекке алтын кайырмак берем.

Класс эки топко бөлүнүп отурушат. Ар бир топтон бирден окуучу чыгып кайырмак менен жасалма көлмөдөн “балык” карточкаларды кармашат. Аны өзүнүн тобуна алып барат да топтогулар бирдикте карточкадагы маселени чыгарып, доскага топтон бир окуучу чыгып жазат. Эсептердин жообун чогуу тууралайбыз. Жооп туура болсо балыкты өз тобунун табагына салат. Чогулган балыктын санына жараша женүүчү топ аныкталат. Ал эми ким алтын балык кармаса белек катары “5” коёбуз.

“Балык” карточкаларда төмөндөгү маселелер жазылган.

  1. Үч чыныда 950 гр шекер бар. Бир чыныда экинчисиндегиге караганда эсе көп, ал эми үчүнчүсүндөгүгө караганда аз шекер бар. Ар бир чыныда канча граммдан шекер бар?

  1. Эки пристандын аралыгы 35 км. Теплоходдун өздүк ылдамдыгы 17км/саат, ал эми дарыянын ылдамдыгы 3 км/саат. Теплоход дарыя боюнча бир пристандан экинчисине барып келүү үчүн канча убакыт сарп кылынат?



  1. У пай ойноп бүткөндөн кийин балдар чүкөлөрдүн 50% ын

тулупка салышты. Тулупка салына элек дагы 12 чүкө калды.

Балдар канча чүкө менен упай ойношкон?





  1. Талгарт менен Бакыттын акчасын кошкондо 3786 сом болот. Талгарттыкы Бакыттыкынан 5 эсе көп. Ар биринде канча сом бар?

  1. Эки сандын суммасы 4638 ге барабар. Биринчи сан экинчисинен эки эсе чон. Ал сандарды тапкыла.


  1. Бишкектен Токмокту көздөй велосипед менен Акмат чыкты. Анын ылдамдыгы 10 км/саат. Ошол эле учурда Токмоктон Бишкекти көздөй Марат чыкты. Анын ылдамдыгы 14 км/саат. Эгерде, Бишкектен Токмокко чейинки аралык х км болсо Акмат менен Марат 2 сааттан кийин кездешет. Бишкек менен Токмоктун аралыгын тап.


Жыйынтыктоо: -Эмесе балдар жыйынтык чыгаралы. Кайсы топ көп балык кармады жана аны табакка салды? Женүүчү топту аныктайбыз.

Жакшы эс алып кайттынар болуш керек. Дагы да ушундай ынтымак менен көнүлдүү сабактарды өткөрүп чогуу жүргүлө.

Билимдерин баалоо: маселелерди чыгарууда топтун ичинде ким кандай иштеди топтогулар өздөрү баалайт жана аларга журналга, күндөлүккө баа коюлат.

Үйгө тапшырма: №874-маселени чыгарып келүү.

2



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!