Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги Ош мамлекеттик университети
Тема : Бөлүп чыгаруу жана жыныс системасынын курактык өзгөчөлүгү, гигиенасы
Аткарган: Токтосунова Малика Текшерген: Досназарова Айгул Ош шаары
2023-жыл
План:
▶ Бөлүп чыгаруунун физиологиясы
▶ Репродуктивдик системанын физиолгиясын терең үйрөнүү
▶ Көбөйүү системасынын гигиенасын азыркы мезгилдеги мааниси жөнүндө маалымат алуу
ө ү
Бөлүп чыгаруу системасы - адамдын жана айбанаттардын организминдеги ашык сууну, тузду, алмашуу процессиндеги акыркы заттарды жана уу заттарды бөлүп
чыгаруучу органдардын жыйындысы. Эволюция процессинде Бөлүп чыгаруу системасынын ар башка түрү келип чыккан. Мис, курттардын Бөлүп чыгаруу
системасы денесинин ичинде кирпикчелүү клеткалардан башталган сыртка ачылуучу тешикчелери бар түтүкчө түрүндө болот; омурткасыздардын көпчүлүгүндө бул кызматты ичегилери, омурткалууларда бөйрөк аткарат ж. б. Бөлүп чыгарууга бор, тери бөйрөк, өпкө жана башкалар кирет.
Бөлүп чыгаруу органдарына: бөйрөктөр, тер бездери, өпкө жана тамак сиңирүү органдары кирет. Заттардын алмашуусунун натыйжасында пайда болгон көмүр кычкыл газы дем алуу органы аркылуу сыртка чыгарылат.
Сийдик кислота, калдык азот, туздар сууда эриген абалда бөйрөктөр аркылуу сийдик курамынан ажыратылат. Тамактын ашказан- ичегилерде сиңбеген бөлүгү жоон ичегиге келет. Жоон ичегиде пайда болгон заң түз ичегиге келет да, андан сырткарыга чыгарылат.
Сийдик бөлүп чыгаруу органдарынын түзүлүшү жана функциясы. Сийдик бөлүп чыгаруу органдары бөлүп чыгаруу системасынын негизги бөлүгү болуп
саналат. Сийдик бөлүп чыгаруу органдарына бөйрөктөр (оң жана сол), сийдик
түтүкчөлөрү, табарсык жана сийдик
чыгаргыч каналдар кирет.
Бөйрөктөр – кичине жуп органдар.Алар курсак көңдөйүндө, белдин тушунда, омуртка тутумунун эки жагында жайгашкан. Булардын формасы маш буурчакка окшош. Бөйрөк татаал түзүлүшкө ээ.
Анын ички бөлүгү иймектелген болуп, ал жерди бөйрөктүн дарбазасы деп аташат. Бөйрөк дарбазасы аркылуу ага артерия кан тамыры кирет, вена кан тамыры чыгат. Ошондой эле бул жерден сийдик түтүгү да чыгат. Ар бир бөйрөктүн массасы 150 гр келет.
Репродуктивдик системанын физиологиясы
Аялдын репродуктивдик системасы ― жаңы тукумдун көбөйүшүн камсыз кылуучу ички жана тышкы жыныс органдарынан турат. Адамдарда аялдардын репродуктивдик системасы төрөлгөндө жетиле элек жана жыныстык клеткаларды иштеп чыгуу жана түйүлдүктү толук мөөнөткө чейин алып жүрүү үчүн жыныстык жетилүүгө чейин өнүгөт. Ички жыныс органдарына кын, жатын,
жатын түтүктөрү жана энелик бездер кирет. Кын жыныстык катнашка жана төрөткө мүмкүндүк берет жана жатын моюнчасында жатын менен байланышат. Жатын же жатын түйүлдүккө айланган түйүлдүккө ылайыкташкан. Жатын да сперматозоиддердин фаллопиялык түтүктөргө өтүшүнө
жардам берүүчү секрецияларды чыгарат, ал жерде сперматозоид энелик бездер тарабынан өндүрүлгөн энелик клеткаларды (жумуртка клеткалары) уруктандырат. Тышкы жыныс органдары гениталиялар деп да аталат, алар вульва, анын ичинде жыныс эриндери, клитор жана кындын
ачылышы
Көйүү системасы
Көбөйүү – организмдердин өзүнө окшош муундарды жаратып, белгилер менен касиеттердин укумдан
тукумга берилишин, тиричиликтин үзгүлтүксүз уланышын камсыз кылуучу касиети.
Көбөйүүнүн негизги үч түрү (жыныссыз, жыныстык жана вегетациялык) бар. Жыныссыз Көбөйүү татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө споралардын жардамы менен, жөнөкөйлөрдө жыныстык жактан жетилбеген клеткалардын ортосунан бөлүнүшү менен өөрчүйт. Вегетациялык Көбөйүүдө жаңы организм дененин көп клеткалардан турган бөлүгүнөн калыптанат. Ага көбүнчө көп клеткалуу организмдин, өзгөчө өсүмдүктүн Көбөйүүсү кирет. Жыныстык Көбөйүүдө көп клеткалуу организмдер мейоздук бөлүнүүнүн натыйжасында
жыныстык клеткалар — гаметалар пайда болот да, алар кошулуп (уруктанып), зиготаны пайда кылат. Зигота
өөрчүп, жаңы организмге айланат.