Тема: Боорукердикте жана мээримдуулукто жадырап тийген кундой бол!
Тарбиялык сааттын максаты:
-окуучулар боорукердик, мээримдуулук сапат жонундо тушунукко ээ болушат.
-боорукердиктин акыбети, акыбети кайтаарын билишет,
-мээримдуулуктун жашоодогу ордун белгилей алышат,
-окуучулар бири-бирине, ата-энелерине, бир тууганарына жакшы мамиле жасоону уйронушот.
Керектелуучу каражаттар: А4 кагазы, Флипчарт (ватман), ар бир катышуучуга маркер, скотч, стикерлер
Тарбиялык саатка даярдык:
-Класстагы окуучулар «бир» «эки» деп санашып эки топко болунушот
-Эки топ оз-озунчо айлана турундо олтурушат.
-Мугалим эки флипчартка Кундун суротун тартып, бирине «боорукерлик» бирине «мээримдуулук» деп жазып доскага жабыштырат
-Ар бир окуучуга бирден сары тустогу стикер таратат
Тарбиялык саттын журушу:
Сабак «Аркага комплимент» оюну менен башталат.
Аркага комплимент
Ар бир окуучу А4 кагазын скотч менен далысына жабыштырып, колуна марер алат. Мугалим корсотмо бергенден кийин класста басып журуп далысындагы казазга комплимент жаздырышат. Мумкун болушунча кобуроок комплимент жаздыруусу керек, жыйынтыгында эн коп комплимент чогулткан окуучу женуучу болот. Бул оюн балдардын бири-бирине жагымдуу создорду арноосуна туртку берет.
Окуучулар колундагы стикерге мээримдуулук жана боорукердик тууралуу кычкача пикирлерин жазышат. Ар бир окуучу жазгандарын доскадагы кундун нуруна жабыштырышат. Мугалим окуучулардын жазган пикирлерин талдоого алып, ар бир идеяга токтолот. «Эмне учун мындай деп жаздын?» деп суроо аркылуу да кайрылса болот. Флипчартка илинген ойлор кайрадан талкуудан отот.
Мугалим: Азаматсынар балдар, силер бооркердик жана мээримдуулук жонунудо коп ойлорд у билет экенсинер. Бугунку сабактын темасы «Боорукердикте жана мээримдуулукто жадырап тийген кундой бол!» деп бекеринен айтылбаганына ынандынарбы? Анда ушул темага байланышкан макалдарды, накыл создорду, залкар ойлорду айтып королучу. Кана ким айтат?
1-окуучу: Боорукер болгонго аракеттенуу зарыл
2-окуучу: Боорукерлик конул жанынын эн сонун гулу.
3-окуучу: Мээнеткеч, мээримдуу элге, Ынтымак, ырыс озу келет.
4-окуучу: Боорукер жардамга келет, Боору таш олгонго кулот
5-окуучу: Мэээримдуулук журоктон, Мээримсиздик болоктон.
6-окуучу: Мээрим коздо болот
7-окуучу: Мээримдуулук- сулуулуктан жакшы.
Окуучулардын ойлорунан кийин мугалим белгилуу окумуштуу Абдыкерим Муратовдун боорукердик жонундо жазган пикирин окуп, класстын талкуусуна коет.
Боорукердик
Алишер Новои менен Султан Хусейн салбурундап ууга чыгат да, Алишер бир жерге чатыр тиктирип,ошол жерди турактайт. Уу бутуп кетер кунун кабарлап чабарман келет. Чатырды чечели дешсе ал жерге бир бактек уя салып, тукум тууп, жумурткасын басып жаткан экен. Ошондо Алишер бул жерге тигил жаныбар балапан чыгарып, аларын учуруп кеткенче бир адамды калтырып кетели деген сунушун айтат. Тигил чабарман болсо «кататтуу куш учат да кетет» дейт, антсе Алишер Новои: «Бактектин жумурткасына да канат байлатасызбы» деп кайра аны уяткарат.
Боорукер адам ар дайым бироолорго жакшылык кылган адам болот, «Жакшылык- торго жеткизет, Жамандык корго жеткизет» деген соз айтылып келет.
Откон бир замандарда мартабалуу ата уч уулун алдына чакырып алып, мындай дейт: -учоон бир ай сапарга чыккыла да бир айдан кийин менин алдыма келип, кимин кандайча жакшылык кылганындын эн оорчундуусун айтып бергиле, эгер киминдин жакшылыгынар кобуроок жана пайдалуураак болсо, ошого мына кымбат баалуу шакегимди берем!
Балдар кетишет.Белгиленген моонот да отот. Ата чон уулунан сураса, ал мындай дейт: Бир куну бак ичинде кетип жатсам аябай баалуу алмаз жатыптыр. Аны алдым да,тиешелуу жерге алып бардым, алар буюм ээсин таап,ага берип, мага болсо ыраазычылык баракча тартуулашты. –Туура кылгансын уулум,-деди атасы бирок алмаз сенин оз мулкун эмес да болгону таап алгансын.
Кезек экинчи уулуна келди. Ал мындай окуяга туш болгонун айтты:
-Бир куну арык бойлоп кетип жатсам, бир бала сууга тушуп кетти да ага баштады, мен омуру коркунучта калган баланы оз омурумду коркунучка салып, олумдон сактап калдым. Ал учун шаар акиминен, баланын ата-энесинен сый алдым, эми сиз да сыйлайсызго деп ойлойм! –Баракелду уулум деди, атасы сен абдан жакшылык кылгансын жана ушундай жакшылык кылганын учун дилин агарып, ичинден кубанып турасын, ушунун озу сага сый эмеспи?!
Кезек кичуу уулга келди. Ал айтты:
Мени бир киши дайым артымдан калбай андый баштады. Эптеп он келсе, мени олтурууго камынып журду. Мен мунун баарын сезип жаттым. Анан кечээ куду ошол адам жардын кырына барып, конурук тартып уктап калыптыр, кокус ордунан козголсо эле, же бироо ондоп коеюн десе эле чочуп, жардан ары кулап олгудой. Мен ушунчалык аяр, акырын барып, аны ойготпой, жардан бери коркунучсуз жерге алып келдим да, анан аны бир топ карап туруп, олум коркунучу андан отуп кеткен сон анан бул жакка келдим.
Бул создорду уккан атасы колундагы шакекти чыгарды да кичуу уулунун колуна такты. Буга сен чындап эле татыктуусун себеби сен дуйнодогу адамдардын эн жогорку касиетин сактап, жамандыкка жакшылык менен жооп бердин,-деди баласын кучактап.
Мугалим: Балдар кандай деп ойлойсунар? Ушундай заманда биз боорукер боло алабызбы?
1-окуучу: Чатырга уя салаган бактекке жасалган мамилени боорукердиктин чыныгы улгусу деп айтсак болот.Ушундай заманда бироого жакшылык кылуу деле кыйындап калгандай. Бирок мен ар дайым адамдарга жакшылык гана кылам деп убада бере алам.
2-окуучу: Эне учун боорукер боло албайбыз? Кайсыл учур болбосун боорукердик жасоо адамдынулуу парзы деп ойлойм. Демек мен ушул парзды аткарам.
3-окуучу: Артынан акмалап жамандык кылууга камынып жургон адамга жакшылык кылып аны олумдон сактап калуунун озу эмне деген улуулук? Мына ушуну боорукердик деп айтсак болот.
4-окуучу: Боорукердик менен мээримдуулук эриш-аркак жургон сапаттар деп айтсак болот. Анткени мээримдуу адам гана боорукердик иштерди жасай алат десек болот.
Тарбиялык сабакты жыйынтыктоо:
Мугалим: Урматтуу окуучулар боорукердик жана мээримдуулук жонундо жакшы ойлорду айттынар.Ушул айткан ойлорунар ылайым иш жузуно ашсын.Силер ар дайым мээрим чачкан, боорукердик учун кучагынарды кенен ачкан, таза дилдуу, ыймандуу инсан болгула. Бироого жакшылык кылууда, Мээрим тогуудо бут ааламга жылуу нурун чачкан кун сыяктуу болгула!