Өсүмдүктөр дүйнөсүн окутуучу илим ботаника деп аталат. Адам баласынын күнүмдүк турмуш иш - аракетинде ботаника боюнча билими пайда болуп, ал акырындап топтоло берген. Адамдын өсүмдүктөр дүйнөсүн таануусунун алгачкы этабы – алардын тамырын, мөмөсүн, уруктарын жыйноодон башталган. Өсүмдүктөрдү айырмалоо, кайсы жерде жээлүүчү, кайсылары жегенге болой турганы, уулуу же дарылары, байырлоочу жана өсүүчү чөйрөлөрүн аныктоо, жыйнап алуу мөөнөтүн, сактоо жана даярдоо өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле өсүмдүктөр кандай азыктанышат, алардын өсүшүн камсыз кылуучу керектүү заттардын жана кандай топурак керектелээри боюнча адам баласы күнүмдүк турмушта муктаж болгон.
Өсүмдүктөрдүн эволюциясы
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн эволюциясы мындан 3 500 млн. жылдар мурун архей доорунда башталган. Бул мезгилде Жер жүзүндө көк - жашыл балырлардын гана пайда болгону белгиленген. Бул балырлар цианобактериялар тобуна кирип, алардын клеткаларында калыптанган ядро болгон эмес. Ошондуктан, аларды прокариотторго (ядролууларга чейинкилерге) киргизишкен. Көк- жашыл балырлардын арасында фотосинтезди ишке ашыруучу бир жана көп клеткалуу организмдер болгон. Фотосинтез процесси биздин планетанын атмосферасына аэробдуулардын тиричилигине керектүү кычкылтек келе баштаган.
Кийинчиреек протерозой доорунда (2600 млн. жалдар мурун) Жерди кызыл жана жашыл балырлар ээлей баштаган. Ал эми палеозойдун (силур мезгили) аягында эң алгачкы жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөр – риниофиттер же псилофиттер тиричилик кыла баштаган. Бул өсүмдүктөрдүн өркүндөрү гана болуп, тамыры жана жалбырактары жок болгон. Риниофиттер споралары менен көбөйүшкөн. Алардын кайсы бирлери сууда жана кургактыкта байырлашкан.
Кийинки палеозой доорунун перм мезгилинде Жер жүзүндө алгачкы жылаңач уруктуулар пайда болгон.
Ал эми кайнозой доорунда, болжол менен 70 млн. жылдар мурун, биздин планетада жогорку споралуулардын регрессине байланыштуу, алардын ордуна жылаңач жана жабык уруктуулар үстөмдүк кыла баштаган.
Бүгүн Жер жүзүндө 350 өсүмдүктөрдүн түрү өсүп, алардын арасында гүлдүүлөр, мох сымалдар, папоротниктер жана балырлар кездешет.