Боз үй бабалар мурасы
Просмотр содержимого документа
«Боз уй бабалар мурасы»
Боз үй бабалар мурасы
Кыргыз боз үйүнө архитектуралык жактан эч бир курулуш тең келе албайт. Көчүп- конгонго жеңил, жуктөсө бир төөгө же атк ылайыктуу салмагы бар, жыл мезгилиинин бардык учурларында жашаганга ылайыктуу. 10. Боз үй табият кырсыкытарынан да оолак. Чагылган да түшпөйт. Тоодо күн куркүрөп чагылган чартылдаган учурларда мал-жандык боз үйго ыктап калат. Кыргыздарда чагылгандын “Бир тушсөм учка тушөм, бир тушсөм курчка түшөм” деген анты 20. болот деп айтышат. Курч деп илгери темирди айтышкан. Ошондуктан чагылган жаркылдап жаткан учурда темир тулганы, казанды жашырып, кузгулордү тетири оодарып коюшкан. Чындыгында, бир нече жолу байкоолордон улам чагылган темир 30. буюмдарга коп тартылаарын аныкташкан. Жогорудагы чагылгандын антынын айтылыш мааниси да ушунда. Эгер кокустан боз үйгө чагылган тийсе да, анын өрттөнушу мумкүкүн эмес, анткени кийиз арк андай температурада да жалбырттап күйбөйт, 40. быкшып тутөп отуруп эле көсөөлөнөт. Бир жолу жапон туристтеринин жанында такай алып жүрүүчү радиацияны олчөй турган аспабы кокусунан калпактын алдында калып, зыяндуулукту көрсөтпөй калганын айтышкан. Боз уй жер титирөөгө мыкты 50. туруштук бере алат. Катуу жер титирөө болгон учурда да боз үйдун жазылып буктөлүчү керегелери серпилип, коопсуздукту сактайт. Боз үйдун жер титирөогө туруктуулугу андай алааматка кабылган элдер тарабынан да бааланып 60. келүүдө. Совет доорунун алгачкы жылдарында Армениянын Спитак шаары талкаланганда, мындан бир нече жыл илгери Түркиянын Измиринде катуу жер титирөөдон улам он миңдеген адамдар үйсүз калганда биздин өлкө 70. Гуманитардык жардам иретинде боз уйлөрдү жөнөтуп, аны пайдалангандар ыраазычылык билдирген. Белгилүү жазуучу Кеңеш Жусупов боз үйдун дагы бир милдетин белгилей кетет: “Кыргыздар тункусүн тундук козунөн асмандагы айды карап, узатып, жылдыз 80. санап, космос менен байланышып, ой менен аалам кыдырып өткөн. Күндузу боз уйдун тундугунөн түшкөн кундун илебине жылынып отуруп, асмандагы булутту, куштарды узатып, тегеренген нурдун жарыгынан улам бир күндүн мезгилин эсептешкен. 90. Адегенде бир кундун убактын отуздан ашык маалга бөлгөн: бүлбүл, таң куланөөк, таң атуу, күн текши, шашке, улуу шашке, жалган түш, чак түш, түш оогон, бешим, ала көлөкө, кеч бешим, дигер, күн батар, күугүм, ак шам, иңир. 100. үрүл-бүрүл” ж.б. Карачы, баамчыл элдер гана убакытты мындай бөлүштүрүугө жетише алышы мүмкүн. Бул аталыштар элибизде улам сейрек колдонулуп, көркөм чыгармалардан гана кезиктирип калдык. Негизинен боз уйдү 110. Көчмөндөрдүн абсерваториясы деп атап койсо болот. Боз үйдүн адамдын тарбиясы менен аң- сезимине тийгизген таасирин да унутта калтырууга болбойт. Эр жетип үйлөнүп, үй тигип бөлунгөнгө чейин балдар ата-энеси менен бир үйдүн 120. ичинде чогуу жашаган. Мындай шартта баары бири-биринин көз алдында болгон, демек, орой. Уятсыз сүйлөгөнгө адепсиз жосун жасаганга болбогон. Балдар улууну
урматтаганга, чыгып алып төр талашпай, жыра тартып сөз талашпай өз ордун 130. билгенге тарбияланган. Үй- булөгө тиешелүү ар кандай маселелер чогуу-чаран чечилген. Бир туугандар бири-бирине боорукер ырайымдуу болушкан. А азыркы там үйлөрдө ата-энелерар бир балага өзүнчө бөлмө ажыратып бергенге аракет 140. кылып, балдардын бири-бирине жыты сиңишпей, боор бербеген өзүмчүл, оюна эмне келгенин жасаган бейбаш болуп өсүп калышы бөлүнүп жашоодон чыгып жатканын моюнга алгыбыз келбейт. Демек, боз үй үй-бүлөнүн ынтымагынын да 150. данакери болгон. Боз үйдө жашоо учурда коомдо актуалдуу проблема катары саналып жаткан гендер саясатын, башкача айтсак, аял-эркектин тең укуктуулугу маселесин да белгилүү бир өлчөмдө чече алган. Эгер боз үйдүн ички мейкиндигинин 160. шарттуу бөлуштурүлүшүн алсак, анда анын тең жарымы (эпчи жак) аялга таандык экенин корөбүз. Ушунун өзүн эле тең укуктуулук катары караса болот. Байыртан 20-кылым- дын башына чейин жергебизге келген саякатчылардын 170. баары кыргыз аялдарынын үй-бүлөдө эркин, тен укуктуу экендигин, жалпы урууга тиешелүү маселелерди чечүүгө катышкандыгын белгилешкен. А бирок азыр тең укктуулук саясатын сырттан алып келдик деп айтабыз. 180. Мындан сырткары да боз үйдун тузулушүндө миң кыял философия, акылмандык жатат. Көчмөн турмуш үчүн боз - үй эң эле идеалдуу мурас.
1.Төмөнкү узундулөрдүн кайсынысында бардык башкаларында туюнтулган ойлор жалпылап берилген?
а) боз үй – үй булөнүн ынтымагынын данакери (148-149-сап) б) боз уйду көчмөндөрдүн абсерваториясы деп атасак болот (109-112-сап) в) ушунун өзун тең укуктуулук катары карасак болот (164-176-сап) г) боз үйгө архитектуралык жактан эч бир курулуш тең келе албайт (1-4-сап)
2. “Бир түшсөм учка түшөм, бир тушсөм курчка түшөм” (17-сап) деген элдик тушүнүк абзацтын контекстинде кандай маанини билдирет?
а) чагылгандын курчка (темирге) тартыларын б) чагылганга жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжасын в) кыргыздардын чагылганга карата ишенимин г) чагылгандын боз үйгө тушпөстүгүн
3. 77-104-саптарда берилгендер аркылуу кыргыз элин кандай мүнөздөөгө болот?
а) табиятты мыкты өздөштүргөн б) ой менен аалам кыдырган в) убакытты туура бөлүштүргөн г) космос менен байланышкан
4. “Бул аталыштар элибизде улам сейрек колдонулуп, көркөм чыгармалардан гана кезиктирип калдык”. (104-108-сап) Автордун бул саптардагы эмоциясы
а) кыжырдануу б) өкүнүү в) күчөтүү г) кайгыруу
5. Жапон туристтеринин окуясынан улам (41-48-сап) кандай тыянак чыгарууга болот?
а) кыргыз жерлеринде радиация жүрбөйт б) кыргыз калпагы зыяндуулукту көрсөтпөй турган мүнөзгө ээ в) боз үйдүн кийизи радиацияны өткөрбөй турган касиетке ээ г) кыргыз буюмдары зыяндуу нурларга чыдамдуу
6. 151-179-саптарда берилген ойлор кайсы бөтөнчөлүктү далилдейт?
а) жергебизге саякатчылардын көп келишин б) кыргыз аялдарынын үй-бүлөдө эркин экендигин в) боз уйдүн ички мейкиндигинин шарттуу бөлүштурүлүшүн г) кыргыздарда тең укуктуулук байыртан эле болгондугун
7. Боз үйдү “көчмөндөрдүн абсерваториясы” деп атап коюунун себеби эмне?
а) жашоого ыңгайлуу болгондугу б) табиятка байкоо жүргүзүүгө арналгандыгы в) көчмөндөргө арналгандыгы г) абсерваторияны элестеткендиги
8. 48-60-саптарда берилген ой 10-сапта айтылган ойго карата
а) натыйжа б) улантуу в) далил г) бышыктоо
9. Берилген үч тексттин ортосундагы жалпылык эмне?
а) улуттун улуу мурасы, элдин табигый байлыгы чагылдырылган б) көйгөйлөр жана анын чечилиши берилген в) байыркы учур сүрөттөлгөн г) элет элинин турмушу берилген
10. Текстте боз үйдүн кайсы бөтөнчөлүгү берилген?
а) коопсуздугу б) ыңгайлуулугу в) түбөлүктүүлүгү г) идеалдуулугу
Мөңгүлөр азайып баратат
Соңку 20-30 жыл арасында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 25-30% кыскарганы жана азайып жаткандыгы айтылууда. Эксперттер мөңгүлөрдүн эриши бул аймактарга, суу таңсыктыгы менен бирге глобалдык (10) коркунучтарды алып келерин эскертишүудө. Бирок бул көйгөй дагы эле көңүл бурулуп, иликтенбей келет. Кыргызстан ичүүчү суунун кору боюнча дүйнөдөгү сейрек өлкөлөрдүн бири. Жергиликтүү жигердүү адамдар тобу Борбор Азияны суу менен камсыз (20 ) кылып турган Кыргызстан мөңгүлөрүн сактоого жапатырмак киришүу демилгесин көтөрүүдө. Алай районунун Акимбек Кыдыралиев кол сунса жеткидей көрүнгөн ак кар, көк музду асман мелжиген тоолордун кыйла (30) алыстаганын айтат. “Муну акыркы кездерде айылдын аксакалдары да белгилөөчү болду”, -дейт. Чындыгында, 20 жыл мурда эле, биз жайлоого чыккан мезгилде мөңгүлөр жайы-кышы турчу эле. Алайдагы Жошолу деген айылды эле алалы, суудан тушкөн (40) мөңгүдөн машиналар өтчү эле. А азыр ал муздар, мөңгүлөр жок. Сары-Таштын Памир тоолору тарабындагы мөңгүлөр билинип эле турат жылганы. Асман мелжиген кыргыз тоолорундагы сегиз минден ашуун мөгүлөр глобалдык жылуулуктан (50) улам азайып баратканын адистер да белгилеп келишет. Дуйнөдө акыркы 10 жыл ичинде 1163 мөңгу ээрип кетсе, Кыргызстанда 25-30% жоголгон. Адистердин баамында аба ырайы эки градуска жылыган учурда Күнгөй Ала -Тоонун түштук (60) кырка тоо тарабында мөңгүлөрдун аянты 76%га, түндук тарабында 32%га азаят. Нарын дарыясынын куймаларындагы мөңгүлөр өзүнүн аянтын 50%га чейин жоготушу мүмкүн. Акыркы мониторингге караганда, жылына бир пайыздан ( 70) мөңгүлөр азайып атат. Демек, жүз жылдан кийин бул жок болуп кетиши мүмкүн. Биз муну эл аралык коомчулук менен бирге чечишибиз керек. Анткени мөңгүнү изилдеген илимий мекемелер, окумуштууларыбыз жокко эсе. Айрым изилдөөчүлөрдүн (80) айтымында, глобалдык жулуулуктун натыйжасында Борбор Азия чөлкөмүндө жаан-чачын көбөйүп, дарыялардын суусу арбып, селдер жүрүшу мүмкүн. Ошону менен бирге эле мөңгү суулары азаят. Экологиялык Мерцбахер атындагы “Мөңгү” корунун (90) жетекчиси Үрүстөм Кабылбековдун айтымында, мөңгүлөрдүн кыскарышы менен жоголушу эпидемиялык жактан да коркунучтарды алып келиши ыктымал. Тоолуу жер болуп, эпидемия тез өөрчүшү мүмкүн. Биринчиден, Борбор Азияда 55-60млн киши (100) биздин сууну ичип жатат. Мөңгүлөр ээрип кетсе, алып келинген суу менен багуу акылга сыйбаган чындык да . Суу – негизге байлык. Дүйнө жүзүнүн төрттөн үч бөлүгүн суу ээлейт. Ошондой болсо да акыркы учурда суу жетпеген (110) мамлекеттердин сан 60-65%га чейин жетти. Дүнөдө 5 миллиард киши таза сууга жетпей жашайт. Коңшу мамлекеттер миңдеген жерлерди иштетип, сууну эл аралык нормага ылайык колдонулбагандыктан Арал деңизине суу жетпей келет. (120) Андыктан деңиз жээгинен туз иретинде көтөрүлгөн чаңдар мөңгүлөргө таасир этүүдө. Экинчиден, кийинки учурларда токойлордун кыйылып жатканы да мөңгүлөрдүн эришине алып келүүдө. Себеби, бир гектар токой жыл ичинде 50 (130) тонна чаңды жутуп, өзүнө сиңирип алат. Ал эми жутулбаган чаңдар бийиктикке чыгып, шамал аркылуу мөңгүлөргө жетүүдө. Кээ бир мамлекеттер мөңгүлөрдү жасалма сактап келишет.
Бул үчүн абадан күн ысыгын өткөрбөй турган (140) жылтырактарды мөңгүлөргө жабуу жолун колдонуп келишет. Демек, аракет кылса болот. Жерлерди жашылдандыруу, Борбрдук Азияны түгөл электирлештирүүгө киргизишибиз керек. Мындан сырткары электр энергиясынын ордуна (150) көгүлтүр отту колдонуу зарыл. “Көп түкүрсө көл болот” демекчи, баарыбыз жапатырмак аракет жасашыбыз керек. Анткени суу – биздин байлыгыбыз. Байлыгыбызды туура пайдаланалы. Улуулар: “Эмнени кор кылсаң, ошого зар болосуң” , - деп бекеринен айтпаса керек.
1.Төмөнкүлөрдүн кайсынысы 105-113-саптарындагы ойду толугураак чагылдырат?
а) Суу-негизги байлык. Ошондуктан туура пайдалануу керек. б) Таза суу дүйнө жүзүндө глобалдык көйгөйгө айланды. в) Жер бетинин төрттөн үч бөлүгүн суу ээлейт, бирок адамзат аны туура пайдалана албай жатат. г) Мөңгүлөрдүн ээрип кетүүсү чоң коркунучка алып келет.
2. 75-79 саптарда айтылган ой 12 – 14- саптарда берилген ойлорго карата
а) көйгөй жана анын тыянагы б) ой жана аны бышыктоо в) натыйжа жана анын себеби г) ой жана аны ырастоо
3. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы бул текстте берилген эмес.
а) изилдөөчүлөрдүн божомолдору б) мөңгүлөрдүн ээрип кетүусүнүн кесепети в) мөңгүлөрдү сактап калуунун ыкмалары г) мөңгүлөрдүн кантип пайда болуусу
4. 158-161- саптарда берилген ойду эмне деп аныктаса боло т?
а) улуулардын тажрыйбасы б) элдин ишеними в) улуулардын кыялы г) карыялардын билими
5. 82 – 104- сапдарда берилгендер 6- 11- саптарда берилген ойдун
а) уландысы б) күчөтүлүшү в) кайталанышы г) далили
6.Текст боюнча мөңгүлөрдүн азайып кетүусүнө эмне себеп? 1-туз иретиндеги чаңдар 2- жаан –чачындын азайышы 3- глобалдык жылуулук 4- бак –дарактардын кыйылуусу 5- сууну туура эмес пайдалануу
а) 1, 2, 3, 4, б) 1, 3, 4, 5 в) 2, 3, 4 г) 1, 2, 3, 4, 5
7. Текстте айтылгандар автордун
а) иликтөөсү б) эскерүүсү в) баяндоосу г) иш тажрыйбасы
8. Текст кайсыл стилге тиешелүү?
а) илимий стиль б) көркөм-публицистикалык в) публицистикалык г) илимий- популярдуу
9. 144-154 –саптарында берилген ойдун маанайы
а) кайрылуу б) сунуш в) өкүнүү г) жыйынтыктоо
10. Текст аркылуу автордун берейин деген ою эмне?
а) дүйнөлүк суу көйгөйун чечүү б) мөңгүлөрдүн ээрип кетүу себептерин аныктоо в) көйгөй жана анын алдын алууга чакыруу г) окумуштуу - изилдөөчүлөрдү ойготуу