Боз үй— кыргыздын турак жайы, элибиздин улуттук мүлкү.
Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Калк жашаган жайларда керектүү жыгачтар чыккан. Кыргыздар боз үйдүн мына ушундай түрүн жаратышы үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган, көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган, жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу.
Көчүүгө жеңил, каалаган жайга кондурууга ылайыкталган, жаан суусун тез агызган, табияттын ар кандай таасири-күчүнө туруктуулук кылган боз үйдүн ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого да оңтойлоткон.
Түндүк көтөрүү
Кыргыздар жашоо-шартына ылайык боз үйдүн жүктөмө түрүн кабыл алышкан. Алачыктардын көчүрүп жүрүүгө ылайыктуу түрлөрүнүн андан аркы өнүктүрүлгөн түспөлү катары каралат. Боз үйдүн жыгач тулкусуна узанган усталар — чыныгы архитекторлор. Жайып тиксе, тең салмакты сактап, кыз такыясындай келишимдүү, бүктөп койсо, бир төөлүк жүк, көчүп-конууга ылайык, тоолуктардын сыймыктуу бул мүлкүнүн көлөмү, албетте, ар кандай болот.
Үйдүн жыгачы «он эки канат», «сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Чоң-кичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган ууктун саны менен өлчөнөт. Тигип-чечүүгө жана көчүп-конууга, ички эмеректеринин орун алышына 55—65—-75 баштуу үйлөр арбын жасалган. Боз үй «тигилиши мыкты», «бүркүттүн томогосундай», «топтой келип», «такыя түндүк», «жыгачтын маталышы мыкты» жана башка ушул сыяктуу жалпы элдин калыс сынынан өтөт. Ак өргөөнү көтөрүүдө көөрү төгүлгөн зергердин, жыгаччынын, кайкач бармак оймочунун, саймачынын, өрмөкчүнүн, токуучунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын, бычмачы-тикмечинин колдору катышат. Мунун эң чоңу «ак сарай» деп аталат.
Байыртан бери боз үйлөр жасалыш үлгүсү боюнча кыргыздын боз үйү жана калмак (моңгол) боз үйү болуп айырмаланган. Кыргыздардын боз үйүнүн керегеси кенен, ууктары узун, түндүгү бийик келет.Боз үй ичинде бүткүл кыргыздын байыртан берки тарыхы, тиричилиги, салты, маданияты, тили, дили, акылмандыгы, өнөрү, ой-акылы жатат. Анын баарын чечмелеп айтса өтө узак кеп.
Кыргыздын боз үйүндөгү ырым-жырымы күчтүү болгон: керегеге бутту артпаган, түндүктүн жибине артылбаган, босогону баспаган, түндүктү, баканды аттабаган, отко суу куюп өчүрбөгөн, чөмүч менен итке аш куйбаган, тулганы, сүттү теппеген, шамалды сөкпөгөн, дасторконду тетири салбаган, күйгөн отко түкүрбөгөн, жылдыз санабаган, эшикти тээп ачпаган, босогого туруп бой кербеген, үйдө ышкырбаган, үй айланып чуркабаган жана башка.
Боз үйдүн жыгачын ар түрдүү усталар жасашат. Ал өтө чеберчиликти, көп убакытты талап кылат. Боз үйдүн уук-керегесин, босого таягын узанган чеберди «уукчу», «керегечи», түндүк жасаганды «түндүкчү» дешет.
Кыргыздар жакшылык айтканда «түндүгүңдөн түтүн үзүлбөсүн», «чамгарагың көтөрүлсүн, очогуң өчпөсүн», «отуң өчпөсүн», «түндүгуң бийик, керегең бек болсун», «коломтоң сапырылбасын», суук кабарды билгизгенде «келе бакан, куу союл», «чаначтай көөп», «карды чанач», «чылгый чаначтай ийле», каргыш айтканда «түндүгүң түшсүн», «чыгдандын ары жагында кал» деген сөздөрдү айтышкан.
Кыргыз боз үйлөрүнүн жыгачтары негизинен талдан, түндүгү арчадан жасалат. Көлөмү боюнча төрт канат, алты канат, кээ бир ажолордун, байлардын ак өргөлөрү 30 канатка жеткен учурлары бар.