№
|
Сабактын этаптары
|
Убактысыыыы
|
Мугалимдин иш- аракети
|
Окуучулардын иш- аракети
|
НК
|
ПК
|
Баалоо
|
1
|
Уюштуруу
|
|
Сабагыма даярмын.
А силерчи, балдарым,
Жакшы менин маанайым,
Саламатсыңарбы, балдарым?
-Бүгүнкү биздин сабагыбыз да силердин маанайыңардай эң сонун болушу үчүн күндөгүдөй эле “Алтын эрежебизди” кайталап алалы.
Жаз келип, күн ысый баштаганда биздин организмибизге витамндер керек болот. Андыктан бүгүнкү сабакта жогорудагы эрежелерди туура аткарсаңар витамин-сөздөрдөн аласыңар
|
-Сыйлайбыз сизди, эжеке,
Салам айттык биз сизге.
Биздин маанай эң сонун
Саламатсызбы, эжеке!
-Саламатсыздарбы!?
Алтын эрежени ар бир топтон экиден окуучу окуйт.
|
НК2, НК3
|
|
|
2
|
Үй тапшырмасын суроо
|
|
Мурунку сабакта өтүлгөн тема окуучулардан суралат.

|
Окуучулар берилген тапшырмаларды топто аткарышат. 
|
НК2
|
ПК3
|
|
3
|
Жаңы темага өбөлгө түзүү
Аудио уктуруу
Сабактын темасы жана максаты менен таныштыруу
|
|
Азыр кайсы мезгил?
Жаз мезгилинде жаратылыш кандай болуп өзгөрөт?
Бул кайсы келгин куштун үнү деп ойлойсуңар?
Окуучуларды сабактын темасы жана максаты менен тааныштырат.
Окуучуларды
Булбул тобу
Жылан тобу
Балапандар тобу деп бөлөт.
|
Жаз мезгили.
Күн жылыйт, айлана жашыл болуп калат, келгин куштар келишет, ж.б.у.с. окуучулар жооп беришет.
Окуучулар табышат.
-Тема менен таанышышат.
-Максаттарга жетүүгө аракеттенишет.
Окуучулар үч топко бөлүнүп олтурушат.
|
НК1
|
|
|
4
|
Жаңы тема
|
|
Тема окуу китебинен окулуп, ар кандай суроолор берилип турат.
|
Текст менен таанышышат.
|
НК1
|
ПК;
|
|
5
|
Топтук иш
|
|
Булбул тобу: булбул эмнелер тууралуу сайрады тапшырмасы
Жылан тобу: жыланга синквейн түзүү
Балапандар тобу: чыгарманын картасын түзүү тапшырмалары берилет.
|
Окуучулар берилген тапшырмаларды топто аткарышат.
|
НК2
|
ПК3
|
|
6
|
Физикалык тыныгуу
|
|
Балдар китептерин ачып, партага коюп, отурган ордуларында турушат.Музыканын коштоосунда үн чыгарып окуй башташат. Качан гана мугалим «айлан» деп команда бергенде, сааттын жебеси боюнча улам кийинки баланын ордуна жылып, токтогон жеринен улантат.
|
Окуучулар физикалык тыныгууну кызыгуу менен аткарышат.
|
|
|
|
7
|
Сабакты бышыктоо
|
|
«Макта, сура, оңдо» стратегиясынын формасын кантип толтуруу керектиги айтылат.
Булбул тобундагылар «Макта» бөлүгүн,
Жылан тобундагылар «сура» бөлүгүн,
Балапандар тобундагылар «оңдо» бөлүгүн толтураары айтылат
|
Окуучулар өз алдынча стратегиянын формасын толтурушат. Ар бир топтон окуучулар өзүлөрү жазган вариантын окуп беришет.
|
НК3
|
ПК2; 3;4
|
|
8
|
Сабакты жыйынтыктоо
Баалоо
|
|
Суроолор берилет.
Сабактын максаты менен байланыштырып, сабакты жыйынтыктайт.
Ар бир топ канча витамин жыйнаганын саноону айтат.
|
Окуучулар жооп беришет.
Ар бир топ өзүлөрүнүн витаминдерин санап, жыйынтык чыгарылат.
|
НК;
|
ПК;
|
|
9
|
Үйгө тапшырма берүү
|
|
«Макта, сура, оңдо» стратегиясынын формасын толук түрдө аткарып келүү. Айрым окуучуларга китеп окуп келүү тапшырмасын берүү
|
Тапшырманы белгилеп жазышат.
|
|
|
|