СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч.Айтматов план-конспект Акыл таймаш

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ч.Айтматов план-конспект Акыл таймаш»

Акыл таймаш

Аалам алпы - Айтматов” аттуу акыл таймаштын сценарийи




Ч.Түлөбердиев атындагы №2 ЖББИ мектеби

Кыргыз тили жана адабияты мугалими

Касымбекова Асмира




Кара-Көл-2023




\







Ч.Түлөбердиев атындагы №2 ЖББИ мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Касымбекова Асмиранын Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата өткөн

Аалам алпы - Айтматов” аттуу акыл таймаштын сценарийи

1. Алып баруучунун саламдашуусу, командаларды, жюрилерди тааныштыруу.

2. Командалардын саламдашуусу.

3. Жазуучуга арналган ырлардан көркөм айтуу

4.Жазуучунун чыгармалардан үзүндү ролдоштуруп аткаруу.

5.Жазуучунун учкул сөздөрүн толуктоо.

6. Монолог

7.Топ башчыларына суроо “Ооба”, “Жок”

8.Жазуучунун бир чыгармасы боюнча тест суроолору

9. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде чыгарылган обондуу ырлардан аткаруу.

10. Жыйынтыктоо, упайлардын эсебин чыгаруу, жеңүүчү команданы атоо, сыйлык тапшыруу.

Акыл таймаштын максаты:

  1. Окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча билимдерин жалпылашат;

  2. Дүйнө таанымын өстүрүшөт, жазуучунун чыгармачылыгына болгон кызыгуусун арттырышат;

  3. командада бири-биринин пикирин сыйлай билүүгө, эрежеге баш ийүүгө үйрөнүшөт;

Саламатсыздарбы! бүгүнкү таймаштын көрөрмандары жана атаандаш командалардын күйөрмандары. Ааламга аты таанылган залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана кыргыз адабияты күнүнө арналган 9-а,г класстын окуучуларынын катышуусунда өткөрүлүүчү “Аалам алпы- Айтматов” аттуу акыл таймашка кош келиңиздер!

Таймаштын жүрүшүндө командалар тапшырмаларды аткарып, суроолорго жооп берүү менен улуу жазуучунун чыгармачылыгы, өмүр-таржымалы жөнүндө билимдерин пайдаланып, күч сынашат. Натыйжада, билимдүү тарап жеңишке ээ болот.

Назарыңыздарды 9-“А”класстын “Турналар” жана 9-“Г”класстын окуучуларынан түзүлгөн “Ак кеме” командаларынын саламдашуусуна көңүл бурабыз.

  1. Командалардын саламдашуусу

Турналар” командасынын саламдашуусу:



1-окуучу:

Кеп өзөгү салам болот элибизде,

Салам салтын бек сактаган жерибизде.

Салтты улап,салам менен соз баштайлы ,

Күч тартуулап,дем кошуп демибизге.

2-окуучу:

Салам кошот,адамды ажыраган.

Бириктирет көңүлдү чачыраган.

Саламдашуу,ынтымак бөксөрбөсүн.

Көбөйсүн жарык жүздөр жаадырган.

3-окуучу:

Чынгыз ата дүйнө элин суктантып,

Не бир сонун чыгарманы жараткан.

Аны окусаң,каректерге жаш келет,

Жүрөк сыздайт, жүрөк толкуйт окусаң.

4-окуучу:

Анын бири-Эрте келген турналар,

Канча жандын жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Окубаган жан жок го бул ааламда.

Чын жашоону ичине камтып турган.

5-окуучу:

Чыгармасы озунчо бир өзгөчө,

Жаш балдардын турмушун сүрөттөсө.

Кабыргаң кайышат го кыйналышса,

Ойлоносун, түшүнөсүң үшкүрүнө .

6-окуучу:

Ал мезгилди азыркыга салыштырсак,

Айырмасы асман менен жердей го.

Азыр жашоо тынчтык күндүн заманы,

Ошон учун тобо кылып жашайлы!

Ураан:

Көктөм -жазда

Келет турна.

Жакшылыктын жарчысы.

Биз,турналар - кыргызымдын эртеңкиси, мыктысы!

Команданын атын жактоо:

Тобубуздун атын "Турналар" деп койгонубуздун себеби, кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун "Эрте келген турналар" деген чыгармасында турналардын жазында эрте учуп келиши - жакшылыктын, аруулуктун белгиси, элибизде молчулук, токчулук болот.Ал эми биз да турналар сыяктуу темир канат болуп жетилсек, бийиктерге учуп, аруу -тилек максаттарыбызды ишке ашырып, элибизге кызмат кылсак деп тилейбиз.

Ак кеме” командасынын саламдашуусу:



Убакыт учкан куштай өтө берет,

Жашоодо баары кымбат ошентсе да,

Бирок да саламдашуу өтө керек.

Айтматовдун 95 жылдык таймашында.

Чогуу: “Ак кеме командасы ийилип салам берет.

Саламдашып комканданын атынан

Ак кеменин аруулугун барктайлы.

Эми залкар жазуучунун баянын,

Дүйнө элине улуулугун даңктайлы!



Эли журтуң өзүң менен мактанган,

Бүткүл дүйнө Ак кемеңе суктанган.

Тазалыкка, аруулукка ал үндөп,

Түркүн турмуш тереңине жол салган!



Чыгармасы жүздөн ашык болуптур.

Окурманы миллиондорго толуптур.

Ак кемеси кино болуп тартылып.

Дөөлөт берген, бакыт кушу конуптур!

Ураан:

Ысык-Көл четинде,

Жарык чачат Жер эне.

Арыба, Ак кеме!!!

Арыба, Ак кеме!!!

Команданын атын жактоо:

Командабыздын атын “Ак кеме” деп койдук. Себеби.Ч,Айтматовдун чыгармасындагы Ак кемени. Дүрбүнү колго алып, көргүбүз келет.Бала булганычка, ыймансыздыкка, кыянатчылыкка каршы күрөшкө чыкты. Акыр аягындаалсыз болуп, аларга жеңилди, бирок ички дүйнөсү таза бойдон Ак кемеге барып, балык болуп сүзүп кетти.

  1. Ч.Айтматовго арналган ырлардан көркөм айтуу:





1.Калпып алып кара сөздүн каймагын

Талантына жүрөк эркин байладың.

Башат алган төтө жолуң Шекерден

Багындырды Жер шарынын аймагын.

2.Жардагандай Жамыйласын Данияр

Көкөлөтүп махабаттын байрагын,

Жердиктердин салып түркүм тилине

Ак кемени кылым тете айдадың.



3.Тапка келип Гүлсаратың таң ашкан

Туягынан жылдыз учуп канатчан,

Дүңгүрөтүп дүбүртүнө дүйнөнү

Ала-Тоодон ай-ааламга салат шаң,



4.Адамзаттын асыл оюн аркалап,

Заманына залкар жүгү жарашкан

Чыңгыз ата чыгаан уулу кыргыздын

Кем калбаган атагы айкөл Манастан.



5.Ата Журтуң сыймыктанат, кубанат,

Сан мезгилдин алдына өттүң кубалап.

Кароол карап бийигинен доордун

Калк абалын көсөм гана сурамак.



6.Жазды тосуп, жайды кышка узатып,

Шамал жиреп тоолор гана тура алат.

Ар бир жылдын төрт мезгили сыяктуу

Жашайт талант, талант дайым уланат.

Чогуу:

Кыргыз барда жанып турган ааламга,

Чыңгыз деген жылдыз өчпөйт асманда!



Ак кеме” командасы да көркөм айтышат:

Жамийланын жалындаган Данияр,

Чабуулдаган Гулсарат ат жаныбар.

Кыяматты эки дуйнө талашып,

Кызыгы көп уландысы дагы бар.



Мезгил өткөн сайын арылап,

Турмуш сыры жаңы ачылат.

Талаасынан бир боор казактын,

Даниярдын ыры жаңырат.



Ачык жазды чындык аттарын,

Ак, каралуу болгон жактарын.

Профессор болуп Алтынай.

Билим нурун элге чачканын.



Согуш маалы, иштеп күнү-түн,

Эмгек кылган элдин үмүтүн,

Таасын тартты Чынгыз чынында,

Толгонайдын ички күйутүн.



Алп таланты дайым таптады,

Ачуу чындык болду жазганы.

Калың элдин тегиз оозунда,

Раймалы ага дастаны.

Чогуу:

Кыргыз атын бүт ааламга тааныткан,

Кыргыз үчүн Чынгыз өчпөс шам эле.

  1. Жалпы суроо (тесттик тапшырма)

1.Ч.Айтматовго кайсы чыгармасы дүйнөлүк атак-даңк алып келген?

А) “Гезитчи Дзюйо” аңгемеси

Б) «Эрте жаздагы турналар» повести

В) «Атадан калган туяк» аңгемеси

Г) “Жамийла” повести

2. Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести “Ала-Тоо” журналына кайсы жылы, кандай ат менен жарык көргөн?

А) “Биринчи мугалим” 1974-ж;

Б) “Учитель” 1961-ж;

В) “Асыл мугалим” 1963-ж;

Г) “Элдик мугалим жөнүндө баллада” 1961-ж;

3. Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында “Баатырдын жоодон өлгөнү - элине шыпаа” деген кыргыз макалын кезиктирүүгө болот?

А) “Бетме-бет” повестинде

Б) “Эрте келген турналар” повестинде

В) “Саманчынын жолу повестинде”

Г) “Жамийла” повестинде

4.Ч.Айтматов казактын кайсы акындын кызына батасын берген?

А) О.Сулайманов

Б) М.Шаханов

В) Ж.Абдрашев

Г) Р.Ниязбеков

5. Ч.Айтматовдун бир эле чыгармасынынын төрт түрдүү кыргызча аталышта басылып чыккан чыгармасы кайсы? Билсеңер атап бергиле.

А) “Кыямат”

Б) “Делбирим”

В) “Гулсарат”

Г) “Бетме-бет”

6. “Жамийла” повести кайсы жылы, кандай сыйлыкка татыган?

А) Токтогул атындагы сыйлыкка; (1978-ж)

Б) Мамлекеттик сыйлыкка; (1971-ж)

В) Эмгек кызыл туу сыйлыгына; (1983-ж)

Г) Лениндик сыйлыкка; (1963-ж)

7. “... Сүйлөсө тилге жатык, укса кулакка мукам, алыстан ала келген эне тилиңерди, укум-тукумуңар унутпасын. Эне тилинде эли, жерин даңазалап ырдап жүрсүн”,- деп кайсы чыгармасында, кимдин батасы айтылат?

А) “Кыямат” (Бөрү эне)

Б) “Кылым карытар бир күн” (Найман эне)

В) “Ак кеме” (Бугу эне)

Г) “Саманчынын жолу” (Жер эне)

8. Ч.Айтматов кайсы бир географиялык обьектилерди ”Сүттүн тамчысына жана уйдун желинине окшоткон“. Ал кайсы чыгармасында айтылат жана кайсы географиялык обьекти жөнүндө сөз болуп жатат?

А) Цейлон аралы

Б) Шри-Ланка, Индостан

В) Гаола аралы

Г) Польт Пирамида

9. Чыңгыздын жетеси ким?

А) Кудайназар

Б) Айтмат

В) Кончужок

Г) Төңгөтөр

10. Ч.Айтматов “Эрте келген турналар” повестин кимге арнаган?

А) Иниси Ильгизге

Б) Балалык кезиндеги классташтарына

В) Уулу Аскарга

Г) эгиз бир туугандарына

IV. Чыгармаларынан ролдоштуруп аткаруу

“Турналар” командасы жазуучунун “Биринчи мугалим” повестинен аткарышат.

“Ак кеме” командасы “Кызыл алма” чыгармасынан аткарышат.

V. Жазуучунун учкул сөздөрүн толуктоо (Сүйлөм толуктоо)

1.Атасынан өз балдарына жасаган эң чоң жакшылыгы – ... ... ... .

А) татыктуу тарбия берүү

Б) алардын апасын сүйүү

В) жакшы билим берүү

Г) башынан сылап сүйүү

2. Адам акыл-эстен ажыраганда ... ... ... жок кылуудан да баш тартпайт.

А) жашап жаткан үйүн

Б) өз мекенин унутуп

В) өз тууган энесин

Г) өзүнун бир туугандарын

3. Элдер бекер айтышпайт: ... ... ... ... ... ,анда бирөөнү уят кыл.

А) эгерде өз намысыңды сактагың келсе

Б) эгерде өз калпыңды сактагың келбесе

В) эгерде өз кемчилигиңди жашыргың келсе

Г) эгерде өз уятыңды жашыргың келсе

4. Каардуу бийлик башындагыдан - ... ... ... ,кайрымдуудан ... ... ... .

А) түбөлүккө атак калат; карыптарга даңк калат

Б) кандуу из калат; касиеттүү из калат.

В) өчпөс так калат; кетпес кек калат

Г) тукумуна так калат; жүрөгүндө от калат.

VI. Жазуучунун чыгармаларынан монолог аткаруу

“Турналар” командасы “Толгонайдын монологу” (“Саманчынын жолу”)

“ Ак кеме” командасы “Алтынайдын каты” (“Биринчи мугалим”)

VII. Топ башчыларына суроо “Ооба”, “Жок”

1- топтун башчысына

1) Ч.Айтматовдун эгиз бир тууганы болгонбу? (Ооба)

2) Ч.Айтматов машина айдай алганбы? (жол)

3) РеваЛюцияга Айтматовдун тиешеси барбы? (Ооба)

4) Ч.Айтматовду Шекер мектебинде окуткан биринчи мугалими Дүйшөнбү? (Жок)

5) Самат Садыктын баласыбы? (Жок)

6) Ч.Айтматов драмалык чыгармаларды жазганбы? (Ооба)

7) Ч. Айтматов 5 бир тууган болгонбу? (Ооба)

8) Ч. Айтматов котормочу болгонбу? (Ооба)

9) Ч. Айтматов “Нобель” сыйлыгын алды беле? (Жок)

2-топтун башчысы

10) Жазуучу студент кезинде сталиндик стипендия алганбы?

1.Айтматовдун диабет оорусу болгонбу? (Ооба)

2. Айтматов сахнада роль аткарганбы? (Ооба)

3. Ч.Айтматов дипломат болуп иштегенби? (Ооба)

4. Айтмат Кимбилдиев Чыңгыздын чоң атасыбы? (Ооба)

5. Айтматов чыгармачылыкты ыр жазуудан баштаганбы? (Ооба)

7.Айтматовдун Эркин аттуу иниси болгонбу? (Ооба)

8. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде 29 кинофильм тартылганбы? (Ооба)

9.Айтматовдун аты коюлган учак барбы? (Ооба)

10. Ч.Айтматов I даражадагы “Манас” орденин алганбы? (Ооба)

VIII. Бир чыгармасы боюнча тест (гугл формада)

1-топко “Биринчи мугалим” повести боюнча

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfraXZwtmR4FWixzo9BO0bAvM13R_lipq72EUBULFLkx4Gf7w/viewform?usp=sf_link

2-топко “Эрте келген турналар” повести боюнча

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLScDavVC9sfeT7dn87fHZ9SQ4KwvzldbW1C6zQLIbLA9Ez5IoA/viewform?usp=sf_link

IX. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде чыгарылган обондуу ырлардан аткаруу.

“Турналар” командасы “Ильястын ыры” (сөзү:Ж.Бусурманкулов., Обону:Ж.Тагаев)

“Ак кеме” командасы “Жамийла” (Сөзү,обону:Б.Борбиев)



X. Жыйынтыктоо, упайлардын эсебин чыгаруу, жеңүүчү команданы атоо, сыйлык тапшыруу.