Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлиги
Ош мамлекеттик университети
математика жана информациялык
технологиялар факультети
Реферат
Тема:Чечендик өнөрдүн өкүлү - Жеңижок
Аткарган:Бапышова Нурсулуу
Тайпа:ФМО(б)-1-23
Текшерген:Ж.Айтибаева
2023-жыл
План:
1.Чечендик өнөр деген эмне?
2.Чечендик өнөрдүн өкүлү – Жеңижок;
3.Эмгектери;
4.Жыйынтыктоо;
5.Колдонулган адабияттар;
1.Чечендик өнөр деген эмне?
Чечендик өнөр бүт өнөрдүн башаты катары бардык мезгилде өзгөчө бааланган, чечендер элдин бардык катмарында урмат-сыйга ээ болгон. Тоону томкоруучу, ойду омкоруучу күч да чечендик өнөр менен коштолгон кеп-сөз арканын аттап кете албаган. Тоо токтото албаганды ыктуу айтылган бир ооз кеп-сөз токтоткон. Тапкычтык менен айтылган таамай, таасын бир ооз кеп-сөзгө жоо да токтогон. Демек, кеп-сөз аркылуу таасир этүү, таасир этүүнүн негизинде ыкка көндүрүү, ишендирүү, бул аркылуу макул кылуу, макулдук аркылуу иш-аракет жасатуу сөз өнөрүнүн максаттуу тепкичтери, башкача айтканда чечендердин максаты болгон. Ушундан улам чечендер кеп-сөз боло турган жагдайды терең түшүнүп, аны эл алдында кыраатын келтире козгоп, маани-маңызын түшүндүрүп чечмелеп далилдүү жеткире билүүгө аракеттенишкен. Мындан алар тартынбай так, шар, куюлуштуруп, кулака жагымдуу үн аркылуу мазмундуу, уккулуктуу кылып уйкаштык менен бирде көтөрүңкү, бирде басыңкы тондо жөнөкөй, түшүнүктүү, таасирдүү сүйлөшкөн. “Кепке чечен таап сүйлөйт, кепке чоркок каап сүйлөйт”, - демекчи, чечендер айта турган сөздү акыл элегинен өткөрүп тез таап, таамай, таасын айкандыгы,аны жөн гана айтпастан, өтөчеберчилик менен маселдетип салаадан куюлуп түшүп жаткан кумдай куюлуштуруп айткандыгы, сөз багытын, кырдаал-шартын тез түшүнүп, ага жараша оюн так калыптандыра билгендиги менен өзгөчөлөнүшкөн. Ошол эле учурда ар бир чечен өзүнүн “тилинде”, өз “стилинде” сүйлөп, өзүнүн чечендик жолун, өз манерасын табууга аракеттенишкен, чечендик өнөрдүн техникасын, ыкмаларын өздөштүрүүгө, аларды өркүндөтүүгө далааттанышкан. Ошондуктан чечендик өнөр тээ байыркы замандан бери эле адам заттык жалпы маанияттын бир бөлүгү катары сөз өнөрүнүн, кеп маданиятынын жогорку чеги катары сөз кадырлап, кеп барктаган элдин рухий байлыгы, жан дүйнө азыгы болуп келген. Бул өнөр коомдук өнүгүүнүн тигил же бул окуяларына, ал окуялардын жүрүшүнө, касташуу-достошуу, эрегишүү-элдешүү, каралоо-актоо сыяктуу карма-каршылыктуу процесстерге өз таасирин тикеден-тике тийгизип, кеп-сөз аркылуу көңүл табылып, кеп-сөз аркылуу көңүл калып, адамзат коому жашоосун улап келген.
Адатта, чечендик өнөрдүн, ораторлуктун, кызыл тилдүүлүктүн “меккеси” катары байыркы кул элөөчүлүк доордун эң “демократиялык” мамлети Афина эсептелет. Биздин заманга чейин V-IV кылымдар Грецияда саясий, экономикалык турмуш, илим өнүккөн мезгил катары бааланат да, чечендик өнөрдүн бул мезгилде, ошол жерде күчтүү өнүгүүгө багыт алышына Солондун белгилүү шыкак берген. Бул Законго ылайык Афианда жашаган ар бир адам сотто өзүн-өзү коргоого милдетүу болгон. Ушул жагдай-шарт Грецияда сөз өнөрүнө өзгөчө маани берилгендигин жана чечендик өнөрдүн өнүгүшүн шарттады. Албетте, ар бир эле адамда андай шык-жөндөм болбоду, баары эле өзүн-өзү сөз менен коргоого кудурет-күчү жетеди. Ошондуктан логографтар, башкача айтканда сот иштери боюнча сөз жазып берүүчүлөр пайда болду. Ушундай логограф катары Байыркы Грециянын саясий ишмери, укук коргоочу, Афинада оратордук өнөрдүн негиздөөчүсү Демосфен эсептелген. Муну менен эле катар ораторук өнөрдүн өнүгүшүнө софисттер дагы чоң кол кабыш кылышкан. Алар көркөм сүйлөөгө үйрөтүү менен эле бирге, элди өзүнүн оюна ишендирип, аларды өздөрүнө тарта билүүнү, сөздүн кудурет-күчүнө, магиясына салып, элдин ишенимине жете алууну эң жогорку өнөр деп санашкан.
Албетте, өз көз карашын көпчүлүк алдында так, таамай, таасын, жеткиликтүү, аргументтүү, далилдүү баяндоо муктаждыгы, курч талаш-тартышта жеңип чыгуу кумары, тез-тез болуп туруучу соттук келиштирүүлөр риторика менен атайлап алектенүү зарылчылыгын пайда кылды. Мунун негизинде ораторлук өнөр мекепери ачыла баштады. Демек, кызыл тилдүүлүк Грецияда сөз өнөрүнүн бийик чеги катары зарылчылыкка айланып, аны изилдеп үйрөнүүн Горгий, Исократ, Трасимах, Аристотель сыяктуу теоретиктери жаралды. Булар менен эле ката оратордук өнөр Байыркы дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринин бири Рим республикасында да өзгөчө өнүгүүгө ээ болду. Бул жердеги кызыл тилдүүлөр катары Катон,бир туугандар Гракхи, Марк Антоний, албетте, кутумчу Каталиндин Республикага каршы уюштурган бузуп-жаруучулук ишмердигин катуу сындап, республиканы коргоо багытталган жалындуу жана далилдүү сөздөрдүн ээси атактуу оратор Марк Туллий Цицерон эсептелет.
Тилекке каршы, Рим мамлекетинин кулашы менен грек Аристотель атаган “Риторика” чечендик өнөр катары токтойт. Орто кылым рух дөөлөттөрүн кара туман чулгаган схоластикалык диндик мезгил болду. Бул мезгил сөздүн кудурет-күччү аркылуу таасир этип ишендирүүнү, далилдөөнү талап кылбаган, чиркөө догмасына сокур ишенүүчүлүктү, дин ишмерлеринин риторикаларын үйрөтүүнү сунуштаган, диндик көркөм сүйлөө, сөз аркылуу диний жолго салуу-гомилетика мүнөзүндө өнуккөн.
Кайра жаралуу доорунда схоластика артка сүрүлүп, сөздүн кудурет-күчүнө таң берүү өз ордуна келүү менен, Риторика көркөм, чечен сүйлөөнүн теориясы жанан практикасы катары кайра өнүгүү жолуна түшөт. Мындай абал Россияда да байкала баштайт.
Арийне, дүйнөлүк кызыл тилдүүлүктүн жогоркудай өзгөчөлүктөрүнөн кыргыз эли да сырт калбаган. Жазуу, сызуусу өнүккөн элдердеги риторикадан айырмаланып, биздин элде чечендик өнөр, көркөм кеп өнөрү ооз эки түрдө гана жаралып, ооз эки түрдө гана өнүгүп келген. Импровизция күчтүү болгон, атайылап түзүлгөн мектеп болбогону менен, акындар дагы устат-шакирттик карым-катыш чечендик өнөрдө да из калтыргандыгы ачык байкалат. Анткени чечендик өнөр кыргыз элинде атадан балага, укумдан тукумга айтылып калган элдик ооз эки чыгырмачылыктын алкагында өнүккөн, чечендик өнөрдүн негизинде элдик ооз эки чыгармачылыктын мыкты үлгүлөрү жаралган. Манастагы Бакай, Ажыбай, Байжигит, Жаныбек хандын тушундагы Жээренче чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Алдар Көсө, Асан Кайгы, Санчы сынчы, кийинки мезгилдерде жашап өткөн Калыгул олуя, Калыгул чечен, Карга бий, Мойут аке, Чоң Карач, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Кыдыр аке, Көкөктай, Куйручук, Жоошбай жана башка чечендерибиздин чечендик сөздөрү элдик ооз эки чыгырмачылык аркылуу бизге жетип отурат. Бирок булардын “тилин тишине жанып” айткан сөздөрү эл ичинен толук жыйналды дегенден өтө алыспыс. Жазуу-сызуу болбогондуктан жана өз учурундагы идеологиялык ар кандай тыюулардын улам көбү унутулган, билгендер эчак арабыздан кеткен.
Албетте, кыргыздардагы чечендик өнөр жөнүндө кеп кылганда жогорку аты аталгандар гана чечен экен деген түшүнүк – бери болгодо тар тушүнүк. Анткени кыргыз элинин ичинен чыккан эл акындарынын чыгармачылыгында да чечендик өнөргө бай келген көрүнүштөр арбын. Алсак, акындардын баарында тең эле чечендик жөндөм-шык, чечендик иш-аракет арбын. Анткени аларда баамчылдык, сынчылдык, көрө билгендик, чукугандай сөз тапкычтык, ыргактуулук, эсте тутуп туруп шарк жооп бергендик, куюлуштуруп суроо узаткандык, табышмактата айтылгандарга так жооп бергендик,маселдете айткандык сыяктуу чечендик өнөргө шай элемент-көрүнүштөр ачык байкалат. Ошондуктан бул маселелер да чечендик өнөр менен эриш-аркак атайын изилдөөнү, окуп-үйрөнүүнү талап кылат деген ойдобуз.
Кыргыз элинде чечендик өнөргө өтө жогору баа берлген. Чыныгы чечендик сөзү элине эм болгон, дем болгон. Ошондуктан чечен деген жалпы сөздү эл өзү жиктеп: акыл чечен, көрөгөч чечен, сынчы чечен, кургак чечен, жөө чечен деген сымал “чечендерге” бөлүштүргөн. Булардын ар биринин орду болгон, ар бирине жараша мүнөздөмө баа берилген. Алсак, акыл чеченге карата “айткан сөзү кыска, айта салса нуска”, “чечендин сөзү – акылдын өзү, айтылуучу сөздүн көзү, чечилүүчү иштин төркүн – төсү”- деген сымал баа айтылган. Ал эми жөө чеченге карата “сөзү копол, мааниси токол”, “сөзүнүн учу айда, а бирок маани-маңызы кайда”, “жөө чечендин сөзү сайгактай, учуп кетчү камгактай”, - деген сымал создөр айтылган.
2.Чечендик өнөрдүн өкүлү – Жеңижок
Ырчы, төкмө акын жана чечен Жеңижок 1860-жылы азыркы Манас районуна караштуу Сары-Көбөн айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Анын өз аты-жөнү Көкө уулу Өтө болгон. Өтө жаштай кезинен жетим калып, турмуштун азабын көп тарткан. Анысы аз келгенсип, ала оорусуна чалдыгып калат. Ошондо айылды бийлеп турган бир бай жугуштуу оорудан коркуп, баланы өлтүрүп салууну буюрат. Бирок, жаш балага кол көтөрө албаган байдын жигиттери аны соодагерлерге кошуп, качырып жиберишет. Аксы жергесинин Кара-Суу кыштагынаэнеси Алтынайдын туугандары тарапка жер которуп келген Өтө өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашап өтөт.
Аны ошол Кара-Суулук Садыр аттуу киши асырап алган экен. Ал кишинин энеси Айыке апа Өтөгө эне ордуна эне болуп, өз баласындай карап багып, табыпка салып, ала оорусунан арылтат. Өтөнүн тетик бала экенин байкаган байбиче аны медресеге берип, сабатын жоёт. Өтө араб тилинде жазып-окуганга үйрөнүп, ансыз да табиятынан акылдуу, кыраакы баланын дүйнө таанымы кеңейип, билимдүү болот. Ырчылык өнөргө шыктуу Өтө элдик жомокторду, эпосторду, акындардын ырларын угуп, жатка билип, комузда кол ойното баштайт. Өспүрүм кезинде эле "Эр Төштүк", "Кожожаш" сыяктуу дастандарды "Семетейди" айта баштайт.
Ал кездеги салт боюнча жер-жерлерди кыдырып, өнөрүн элге тартуулап жүргөн ырчы-акындардын артынан калбай ээрчип, Өтө өз өнөрүн арттырып, тели-теңтуштары, анча-мынча эл чогула калган жерлерде жамактатып ыр ырдап, кол ойнотуп комуз чертип калат. Акырындап эл оозуна алынып, атагы Аксыдан аша угула баштайт.
Дал ошондой күндөрдүн биринде, жаш акын достору менен Кербендин базарына кирип калып, ал жерде топтошкон элдин ортосунда ошол кездеги атактуу ырчы Нурмолдо тиги дүйнөдөгү бейиштин жыргалчылыгын ырдап, тозокко түшкөндөрдү эмне күтүп турганын саймедиреп жаткан болот. Ал сөзүнүн аягына чыкканда жеңи чолок кемселчен жаш ырчы комузун колуна алып, өзүнөн улуу акынга салам айтып шаанисин кылып, андан соң ушул дүйнөнүн жыргалын, биздин жердин бейиштен сулуулугун ырдап, малдуу-жандуулар, ырчылык менен молдочулукту ажырата билүүсүн айта кетет. Ошондо Нурмолдо тили так, сөздү орду менен таба билген акылы терең жигиттин сөзүнө жыгылган дешет. Чогулган эл кемсел кийген жаш ырчынын аты-жөнүн билбегендиктен, "Бул жеңи жок таап айтты. Жеңи жок кыйын ырчы экен!" дешип, ошондон тартып баягы ырчы Жеңижок аталып, элге таанылган.
Кийин акын Коргол Досуевдин:
Ак калпактуу кыргыздан,
Айтышаарга теңи жок…
Эки жаактуу пендеден
Эрегишээр теңи жок.
Элдин анык булбулу,
Элеп төккөн чени жок деген сөздөрү да Жеңижоктун чеберчилигине берген бийик баасын көрсөтөт.
Нурмолдо менен айтышка түшүп, өзүнүн ары орундуу, ары таамай айткан сөзү, калыс ою ошол жердеги калың топтун купулуна толуп, эл оозуна алынып калган Жеңижок, акыры көкүрөгүндө бала кезинен калган жарасы айыгып, торолуп, эл катарына кошулганын мындайча ырдайт:
"Аксыга келип токтолгон
А дагы бакка жараша.
Жетим келип тоюндум,
Жергеме ырдап, кат таанып,
Жеңижок атка коюлдум.
Таркады тагы бул кезде,
Таластан жеген союлдун.
Ала оору элем – оңолдум.
Айлансам аздыр Аксыга,
Араңда өсүп торолдум!
Кагынган элем – оңолдум,
Кагылбай калкым не кылам,
Катарыңда торолдум"
3.Эмгектери
Эл оозуна кирип, кийин кагаз бетине түшүрүлгөн Жеңижоктун ырларынын арасында терме түрүндөгү философиялык чыгармалары көп. Ал өз заманы, жашоонун маани-маңызы, үй-бүлөнүн баалуулугу сыяктуу түбөлүктүү мазмундагы чыгармаларды жараткан.
Совет доорунда мезгилдин идеологиясына туура келбейт деген жалаа менен кеңири таралбай жүргөн Жеңижоктун чыгармачылыгы өткөн кылымдын 80-жылдардан тартып гана жана эгемендүүлүк жылдары терең изилдөөгө алынып, жаш муундагы окурмандандарга таанылып келет.Алардын ичинен "Аккан суу" аттуу ырын дастан катары азыркы элдик ырчылар аткарып жүрөт. Анда акын аккан сууну жашоонун оош-кыйышы, бирде өргө чапкан, бирде ойго салган катаал турмуш жолу менен салыштырып, ошол аккан суудай эле адам баласынын жашоосу бүтпөс экендигин, эч тоскоолдуктарга моюн салбай, улам арылаган сайын күчкө толуп, ошол аккан суудай алга карай умтулушун даңазалап ырдагандай.
Жеңижоктун ырлары, жогоруда айтылгандай, 1980-жылдарда гана жарык көрө баштаган. Ошол себептен болсо керек, анын калтырган ырлары эл оозунда кандайдыр бир уламыш катары айтылып, аты болсо мурунку муундагылардын көпчүлүгү үчүн кайсы бир жомоктун табышмактуу, акылман каарманы сыяктуу сезилер эле. Анын үстүнө, Жеңижок сөзсүз сабаттуу адам болгону шексиз экенине карабай, анын өз колу менен жазып калтырган чыгармалары сакталган эмес…
Белгилүү болгондой, жазма адабиятка кечирээк жеткен эл катары кыргыздын улуу инсандарынын философиялык ой толгоолору, дүйнө таанымы, баалулуктары, коомдук-социалдык мамиле тартиптери, ал тургай, илимий байкоолору да ошол оозеки чыгармаларда, насыят, санат ырларында, алым сабак айтыштарда айтылып келген. Акындын жеке турмушуна арналган "Балам жок" сыяктуу ырлары менен катар, чыгармачылыгы санат ырларына бай. Алардын катарында "Накыл кеп", "Үлгү ырлар", "Жакшы уул", "Дүнүйө", "Үй-бүлө" сыяктуу мурастары бар…
1981-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кол жазмаларды жарыялоо бөлүмү даярдалып, жарык көргөн "Эл ырчылары" жыйнагында Жеңижоктун ырларына кеңири орун берилген. Ал эми 1982-жылы Жеңижоктун ырлар жыйнагы биринчи жолу өзүнчө китеп болуп чыккан.
4.Жыйынтыктоо
Жаштайынан жашоонун кыйынчылыгын көрүп чоңойгон, ырчы, төкмө акын, чечен Көкө уулу Өтө өз жерине кайтып бара албай, Аксы жергесинин Кара-Суу кыштагында 1918-жылы дүйнөдөн кайтат.
5.Колдонулган адабияттар
1.О.Э.Капалбаев “Кыргыз элинин чечендик өнөрү”, 2015.-352 б.
2.https://sputnik.kg/20150922/zhe-izhok-omur-bayany-1018546872.html