Просмотр содержимого документа
«Чет олколук европа»
Чет өлкөлүк Европа
5,4 млн.км2
40 эгемендүү өлкө жайгашкан
Чет өлкөлүк Европанын экономикалык- географиялык абалы
Чет өлкөлүк Европанын региондору
Түндүк Европа
Дания
Батыш Европа
Исландия
Австрия
Чыгыш Европа
Түштук Европа
Латвия
Болгария
Бельгия
Литва
Венгрия
Албания
Германия
Польша
Испания
Ирландия
Эстония
Люксембург
Греция
Норвегия
Румыния
Лихтенштейн
Словакия
Кипр
Финляндия
Чехия
Италия
Нидерланды
Швеция
Улуу Британия
Македония
Франция
Мальта
Швейцария
Португалия
Андорра
Монако
Босния жана Герцоговина
Ватикан
Словения
Хорватия
Сербия
Черногория
Батыш Европа
Европанын монархиялык өлкөлөрү
мамлекеттер
Башкаруу формасы
Улуу Британия
падыша
Бельгия
падыша
Ватикан
Рим папасы
Люксембург
Герцог
Швеция
падыша
Лихтенштейн
князь
Нидерланды
падыша
Исландия
падыша
Дания
падыша
Монако
князь
Норвегия
падыша
Андорра
падыша
Испания
падыша
Өлкөлөрдүн жайгашуусу
- Өлкөлөрдүн өлчөмүн аймагынын аянты же чек арасынын узундугу боюнча билүүгө болот. Эң узун өлкө - Норвегия, түндүктөн түштүккө карай 1750 кмге созулат. Франция менен Улуу Британиянын узундугу
- 1000 кмге жакын, ГФРдики 875 км, Венгрия менен Болгарияныкы 500 км, Бельгияныкы 230 км.
Чакан мамлекеттер
- Чакан мамлекеттердин ичинен аймагы «чоң» мамлекет Франция менен Испаниянын ортосундагы – Андорра- аянты 467 км2 (Москванын аянтынан эки эсе кичине).
- Лихтенштейн княздыгы - Швейцария менен Австриянын ортосунда, Рейнди бойлоп узундугу 25 км, туурасы 10 км келип, 160 км2 аянтты ээлейт.
- Сан-Марино республикасынын мамлекеттүү-лүгү 1263-жылдан бери келип, бардык жагынан Италиянын аймагы менен курчалып, 61 км2 аянтты ээлейт.
- Монако княздыгы Франциянын Жер Ортолук дениз жагын ээлеп, аянты 1,9 км2 жана узундугу 2,7 км. Рим папасынын резиденциясы Ватикан 0,44 км2 аянтты ээлейт.
Дельта-план
«Дельта-план» 1953-жылкы катуу суу каптоодо дамбаларды, шлюздарды бузуп, элдин дамбалардагы жырылган жерлерди тынымсыз бүтөгөн аракеттерине, кемелердин капитандары өз кемелерин бөгөт кылып чөгөргөн иштерине карабай, Рейн Маас жана Шельда дарыяларынын дельталарына жетип, 50 миң үйдү талкалап кеткенден кийин кабыл алынган. Ал план боюнча дамба менен шлюздар дарыя чаттарын жана каналдарды жаап эки гана жерин ачык коюшкан. Дамбаларды курууга таштарды Финляндия жана Швециядан ташып келишкен. «Дельта-план» 1958-1968-жылдары иштелип бүткөн.
Европанын өнүгүүсүнүн борбордук огу
Борбордук октун өнүгүүсү
- 1 . «Борбордук октун» өнүгүүсү - региондун аймактык түзүлүшүнүн башкы элементи. Чет өлкөлүк Европанын калкынын жайгашуусунун жана чарбасынын географиясы XIX кылымда эле калыптанып, ошол убакта жайгашуунун эн башкы фактору - жаратылыш ресурсу болуп Улуу Британиянын, Францнянын, Германиянын, Бельгиянын, Польшанын, Чехиянын ж.б. өлкөлөрдүн көмүр-металлургиялык райондору түзүлгөн.
Борбордук октун региондору
- Региондо бардыгы 400гө жакын шаар агло- мерациялары, жүзгө жакын өнөр жайлуу райондор жайгашкан. Алардын эн маанилүүлорү сегиз өлкөнү камтыган өнүгүүнүн «борбордук огунан»орун алган. Анын негизин «Европанын башкы көчөсү» - деп аталган - Рейн- Рона жолу түзөт. Ушул «окту»бойлоп 120 млн калк жашайт, калктын жыштыгы бир км- жерге 300 кишиден туура келет, анда өнөр жай потенциалынын 2/3СИ топтолгон жана региондун эң башкы өндүрүштүк ишканалары жайгашкан.
агломерациялар
- 2. Эн жакшы өнүккөн ра : Лондон менен Париждин
үлгүсү. . «Борбордук регион» - деген түшүнүктүн өзү коп тепкичтүү түзүлүшү менен мүнөздөлөт. Чындыгында Лондондун борбору 2,5 млн калкы менен анчалык чон аймак- ты ээлебейт. Чон Лондондун калкы 7,5 млн, аймагы беш эсе чон. Чон Лондон четки шаарлардын чекесиндеги ички алкагы менен Лондон районун түзүп, калкы 9,8 млнго жетет. Ал эми четиндеги шаарларды кошуп, сырткы алкак боюнча эсептегенде калкы 11,2 млнду түзүп, Лондон агломерациясын пайда кылат (26-сүрөт).
Париж
- Лондон да, Париж да өз өлкөлөрүнүн администрациялык жана саясий борборлору катары VII кылымдан бери өсүп келе жатат (Париждин гербинде күмүш кеме тартылып, «Ал термелет, бирок чөкпөйт» - деген сөз жазылган
- Мына ушундай эле коп тепкичтүү түзүлүш Парижде да байкалат. Анын борбордук бөлүгүндө 2,2 млн калк жашайт, сырткы алкагын кошкондо 11,3 млнго жетет. Ал эми Париж агломерациясында 15 млндон ашык калк жашайт.
Лондон,Париж
- Эки борбордо тең жогорку технологиялык, илимди көп талап кылган өнөр жай тармактары бар, ал эми Париж «париждин буюмдары» (тигилүү кийимдер, зергерднк буюмдар) менен дүйнөлүк моданын башында көп кылымдар бою кармалып келе жатат. Ошондой эле анда дүйнөлүк эң ири банктар, биржалар, ири монополиялардын штаб-квартиралары, жетектөөчү илимий мекемелер жана көптөгөн эл аралык уюмдардын резиденциялары жайгашкан. Региондук программаларга ылайык борбордук региондорду бошотуу иши жүрүп жатат. Лондонго жакын сегиз, Парижге жакын беш жандоочу шаарлар курулган.
Өнөр жай региондору
- Чет өлкөлүк Европанын башка өнор жайы өнүккөн райондорун ГФРдин түштүгүндөгү Штудгарт менен Мюнхен, Италиядагы «өнөр жайлуу үч бурчтук» Милан - Турин - Генуя, Нидерландиядагы өнөр жайлуу Рандстад («тегерек шаар») агломерациясы түзөт. Алардын бардыгы борбордук «окто» жайгашкан.
Рурштадт
- Агломерациянын кээ бир бөлүктөрүндө калктын жыштыгы боюнча 1 км2 жерге 5 миңден киши туура келет. Бул жердин Рурдук бөлүгү, туташ жаткан татаал шаар массиви - «Рурштадт» - деп аталат, б.а. Рур шаары. Чынында эле ал бирдиктүү шаар, анын батыш жак дарбазасы -
- Дуйсбург шаары, чыгышы -Дортмунд, «борбору» - Эссен, башкы «сейфи» - Дюссельдорф.
Европанын ири шаарлары
маалыматтар
шаарлар
Калкынын саны
өлкөлөр
Ө мүрүнун узактыгы
эркектер
аялдар
Орто жашы
өлкөлөр
Чет өлкөлүк Европанын тил боюнча топторго бөлүнүшү
Чет өлкөлүк Европанын тил группасы
калкы
- 2050-жылга чейин Италиянын калкы 41,2 млнго, Испанияныкы 31,2 млнго, Германияныкы 73,3 млнго, Румынияныкы 6 млнго чейин төмөндөп, Болгария жана Венгрияныкы - 2,6 млнго, Улуу Британияныкы - 2 млнго азайышы мүмкүн.
- 2000-жылы ГФРдин калкынын ичинде түрктөр - 2 млн, югослав- дар - 660 мин, италиялыктар - 620 мин, гректер - 365 мин, поляктар - 360 мин, хорваттар - 315 мин, австриялыктар - 185 мин, босниялыктар- 155 мин, португалдар - 135 мин, испандар-130 мин, орустар-115 мин,
- англичандар - 115 мин, америкалыктар - 113 мин, голландыктар - 110 мин, ирандыктар - 105 мин болгон. Алардан башка 50дөн 100 минге чейинки санда румындар, украиндар, вьетнамдар, марокколуктар, афгандар, вен- герлер, македондуктар, ливандыктар, кытайлар жашайт.
Калкынын айырмачылыгы
- Түштүк славян элдери (болгарлар, сербдер, македондуктар, черногорлуктар) славян графикасын пайдаланышат, ошол эле тилдерде орус, украин, белорус элдери да сүйлөйт. Мисалы, болгардын «лен» деген сөзү орусча «лень», «утро» - деген сөзү орусча «утро». Башка славян элдери: чехтер, поляктар, словактар, хорваттар, словендер - латын графикасын пайдаланышат.
- Ватикан мамлекетинин жергиликтүү калкы 1 миндей болсо да өзүнүн өкмөтү, банкы, гвардиясы, мыйзамдары, валютасы, почта маркалары, эн башкысы - озүнүн монархы Рим Папасы бар. Ватикандын негизги функциясы-диндик иш аракет. Бүткүл дүйнөдө, динди кармаган-католиктердин
- саны 1 млрддан ашык, 400 миңден ашыгы чиркоонүн аппаратында иштегендер, 1 млнго жакын монахтар бар.
Өнөр жайы
электротехника
- Улуу Британияда электротехниканын, электрониканын, прибор жасоонун, авиа-ракета-космос өнөр жайынын продукциясын өндүрүү боюнча Лондон району, станок жана автомобиль куруу боюнча Бирмингем райо¬ну, текстиль онор жайынын жабдуулары боюнча Манчестер району, кеме куруу боюнча - Глазго району адистешкен. ГФРдин, Бельгиянын, Нидерландиянын, Улуу Британиянын, Чехиянын дээрлик бардык шаарларында машина куруу ишканалары жайгашкан. Батыш Европада машина куруудан кийинки экинчи орунда химия өнөр жайы турат. Өзгөчө бул тармак ГФРде жакшы өнүккөн.
Машина куруу
- Чет өлкөлүк Европада өзгөчө - автомобиль куруу жакшы өнүккөн. «Рено» (Франция), «Фольксваген», «Мерседес» (ГФР), ФИАТ (Италия) «Вольво» (Швеция) маркалардагы автомобилдер дүйнөгө таанымал. Улуу Британияда, Бельгияда, Испанияда ж.б. өлкөлөрдө «Форд-мотор» компа- ниясынын заводдору иштеп жатат. Европадагы автомобиль чогултуучу «Тойота», «Хонда», «Ниссан» заводдорун Япония курган. Машина куруу эмгек ресурстарына, илимий базага таянып, чон шаарларга, агломерацияларга, анын ичинде борбор шаарларга ыктайт. Бирок, машина куруунун көп тармактары, өзүлөрүнүн өзгөчө багыттары менен айырмаланат.
Металл иштетүү
- 10) Люксембург чоюн жана болот эритүү боюнча экинчи он мамлекеттин ичинде болсо даты, киши башына туура келген үлүшү боюнча (10 г) биринчи орунда турат.
- 11) 1950-жылдардын аягында польшалык геологдор нефть издеи жүрүп, Европада эн чоц жездин рудасын табышкан. Терек жатканына жана татаал геологиялык шартына карабасан, ал өздөштүрүлүп, Томөнкү-Силе- зия жез-рудалык бассейнине айландырылган.
адистешүүсү
- Бельгия мерген мылтыгын жасоо, алмазды иштетүү боюнча (Антверпен бриллиант менен соода кылуу борбору), Австрия TOO лыжасы, Чехия бижутерия, карандаш чыгаруу менен белгилүү. «Нор» фабрикасы жылына 64 түстүү, катуулугу 21 даражалуу 1 млндон ашык карандаш чыгарат. Лихтенштейнде дүйнодө эң чоң жасалма тиш чыгара турган ишкана иштеп, анын продукциясы жүздөн ашык өлкөлөргө жиберилет.
Токой-жыгач өнөр жайы
- биринчи кезекте чийки заттардын булагына жакын жайгашкан. Ошондуктан, Швеция менен Финляндия региондун «жыгач устаканасы» деген атка конгон.
Жеңил өнөр жайы аркылуу
- Чет өлкөлүк Европанын индустриялашуусу башталган, бирок, азыркы мезгилде ал өзүнүн мурдагы маанисин жоготун койду. Албетте, зеки, өнөр жай революциясынын убагында калыптанган (Улуу Британиядагы Ланкашир, Йоркшир, Бельгиядагы Фландрия, Франциядагы Лион, Италиядагы Милан) жана XIX кылымда пайда болгон Польшадагы (Лодзи) женил өнөр жай ишканалары азыр да иштөөдө. Кийинки мезгилдерде женил өнөр жайы арзан жумушчу күчүнүн резерви сакталып калган Түштүк Европага көчө баштады. Португалия Батыш Европанын «тигүү фабрикасына» айланды, Италия бут кийим тигүү жагынан Кытайдан кийинки экинчи орунда турат. Кээ бир өлкөлөрдө эмерек жасоонун, музыка аспаптарын, айнек жана металл буюмдарын, оюнчуктарды жасоонун байыркы салты сакталып калган.
Айыл чарбасы
Айыл чарба адистешүүсү
- Т үнд ук европа тибиндеги - чарбага негизинен сүт багытындагы мал чарбачылыгы жана аларды багуу үчүн тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү мүнөздүү. Мын- дай чарбачылык Скандинавияда, Финляндияда жана Улуу Британияда өнүккөн.
- Ортоңку европалык тибиндеги чарбада сүт жана сүт-эт багытындагы мал чарбачылык, ошону менен бирге чочкочулук жана канаттууларды өстүрүү өнүккен. Мал чарбачылыктын эн жогорку денгээли Данияга мүнөздүү, ал адистешүүнүн эл аралык тармагына айланды. Бул өлкө сүт, май, сыр, чочко эти жана жумуртка экспорттоо боюнча дүйнөлүк аренага чыкты. Ал өлкө «Европанын сүт товар фермасы».
- Талаачылык калктын дыйканчылык продукциясына болгон керектөөлөрүн гана канааттандырбастан, ошондой эле мал чарбачылыгы менен да алектенет. Айдоо жерлеринин көбүн тоют өсүмдүктөрү ээлейт.
Түштук Европа айыл чарбасы
Түштүк европалык тибиндеги айыл чарбасында талаачылык үстөмдүк кылып, мал чарбачылыгы экинчи мааниге этот. Талаачылыкта дан өсүмдүктөрү басымдуулук кылганы менен Түштүк Европа эл аралык эмгекти бөлүштүрүүдө жемиш, жүзүм, зойтун, жангак, тамеки, цитрус жана эфир майын чыгуучу өсүмдүктөрү менен таанылат. Жер Ортолук дениздин жээги «Европанын башкы бакчасы» - деген атка конгон. Мисалы, Испаниянын түштүгү, өзгөчө Валенсиянын тегереги испанча «уэрта»- «бакча» деп аталат. Бул жерде жемиш бактары, жашылча айдалып, апельсин өстүрүлөт, Апельсинди экспорттоо боюнча Испания дүйнөдө биринчи орунду ээлейт.
дыйканчылык
Дыйканчылыктын адистешүүсү
- Грецияда болсо 90 млн зойтун дарагы бар. Зойтун багы гректердин символу болуп, Эллада мезгилинен бери зойтун дарагынын бутагы тынччылыктын белгиси катары белгилүү.
- Көп өлкөлөрдө айыл чарбасы бир тараптуу адистешкен. Мисалы, Дания, Швейцария сыр чыгарууга, Нидерланддыктар гүл, Германия менен Чехия пивого керектелүүчү арпа өстүрүүгө. Франция, Испания, Италия, Португалия жүзүм шарабын чыгарууга адистешишкен. Шарап, шампан, коньяктын эн мыкты маркалары ошол региондогу жерлердин аттары менен байланышкан. Балык уулоо боюнча Норвегия, Дания, өзгөчө Исландия белгилуу.
Дыйканчылыктын өзгөчөлүктөрү
- 14) Нидерланд - гүл өстүргөн өлко. Амстердамга жакын жайгашкан Алсмере шаарында дүйнөдөгү эн чок гүл саткан аукцион жайгашкан, анын имаратынын алган орду 30 футбол талаасына барабар, ал жерде жылына 1 млрддан ашык роза гүлдөрү сатылат. Гүлдү 140 олко сатып кетет.
- 15) Пиво кайнатуу байыркы германдардан бери белгилүү болгон, ал азыр ГФР менен Чехияда улуттук суусундук катары эсептелинет. Хмель жыйноо боюнда ГФР биринчи орунда, ал эми жылына киши башына туу¬ра келген пиво боюнча да ГФР биринчи орунда (жылына 100 л).
Мал чарбасы
Айыл чарбасы
- Францияда 400дон ашык сырдын сорту белгилүү. Өзгөчө белгилүү болгон «рокфор» сыры мик жылдардан бери Рокфор деген жерде жасалат. Койдун сүтүнөн жасалган сыр өзүнүн, озгочо сапатын жана жытын жер алдындагы кенири үккүрдо коп убакыт бою сакталгандан алат. Швейца- рияда сүттүн дээрлик бардыгы сырга жана майга айландырылат. Нидер- ландиялыктар сырсыз тамак ичпейт.
транспорт
- негизги магистралдары кен-дик жана узундук боюнча кетип, эл аралык маанилерге ээ. Мисалга, узун-дук жана кеңдик боюнча кеткен трансевропа магистралдары.
- 1) Брест Париж, Берлин - Варшава, Минск - Москва,
- 2) Лондон Париж, Вена Будапешт, Белград - София - Стамбул.
порттор
- Көптөгөн дениз порттору ( Лондон, Гамбург, Антверпен, Роттердам, Гавр) өлкөлөрдүн ички аймактары менен байланыштырган дарыя чаттарынан орун алып, бирдиктүү порттук өнөр жай комплексине айлануусуна шарт түзгөн. Булар үчүн сырттан алынып келинген чийки заттарга багыт алган порттук өнөр жайдын енүгүшү мүнөздүү. Бардыгынан чон порт шаар - Роттердам. Роттердам аркылуу жылына 300 млн г жүк өтөт. Ал Рейндин бир айрыгында, дениз жээгинен 30 км аралыкта орун алып, европалык транспорттук системага кирет. Ички райондор менен Рейн, Мозель суу жолдору жана темир жол нефть куурлары аркылуу’ байланышат.
Евротуннель
- 20) Ла-Манш кысыгы аркылуу туннелдин биринчи долбоору XIX кылымда эле сунуш кылынган. Бирок, Франция менен Улуу Британиянын окмотторү аны 1987-1994-жылдарда гана ишке ашыра алышты. Чынды- гында кысыктын алдынан үч туннель казылган, экое эки жакка поезддер катташ үчүн, бири ошол поездерди тейлөө үчүн багытталган. Туннелдер- дин жалпы узундугу 50 км, анын 37 км суунун алды менен этот. Евротуннельдин аркасы менен Парижден Лондонго чейин поезд 3 саатта жетет. Биринчи алты жылдын ичинде туннель аркылуу 20 млн жүргүнчү өткөн.
Босфор ,Эресун кысыгы
- - Стамбулдагы Босфор кысыгы аркылуу салынган автожол көпүросү 1973-жылы ишке киргизилген. Бул Европадагы эн узун көпүрө, дүйнөдө тортүнчү орун да. Узундугу 1 км, машиналардын каттоо жөндөмдүүлүгү суткасына 20 мин. 1988-жылы экинчи ошондой эле көпүрө ишке киргизилген.
- - Копенгаген менен Швециянын Мальме шаарынын ортосундагы Эресунн кысыгынан өткөн транспорттук система 16 кмге созулган, ал туннельден жана эки ярустук көпүрөдөн турат. Ал боюнча торт тилкелүү шоссе жолу жана эки колеялуу тез жүрүүчү темир жол өтөт.
Балык уулоо
- * Исландиянын балык уулоочу флоту 1 мик кемеден туруп, жылына
- 1,5 млн г балык кармалат, б.а. киши башына 6 г балык туура келет. Мурда чок балыктарды - Исландия сельдин жана тресканы кармоочу, азыр балыктан жасалган унга кеткен мойваны кармайт. Балык уулоодо калкы- нын экономикалык активдүү бөлүгүнүн 40% ы иштейт; балык олконун экспортунун 3/4 бөлүгүн түзөт.
- 1981-жылы Париж-Лион тез жүрүүчү темир жолу курулган. Ки¬йин ал Марселге чейин узартылган (878 км). Андан кийин Париж - Бордо (480 км), Париж - Страсбург (460 км) жолдору курулган. Ал жолдордо поезд саатына 250-300 км ылдамдык менен жүрө алат.
туризм
Эл аралык туризм
- Эл аралык туризмдин лидерлери болуп Фран¬ция, Испания, Италия эсептелет. Туристтерди кызыктырган өлкөлөргө - Улуу Британия, ГФР, Австрия, Швейцария, Грекия, Португалия, Чехия, Венгрия да кирет. Ал эми Андорра, Сан-Марино, Монако сыяктуу чакан мамлекеттер- де туристтерди тейлөө негизги киреше алып келе турган тармак болуп кал¬ган. Бул мамлекеттерде ар бир жергиликтүү тургунга жүз туристтен туура келет. Чет өлкөлүк Европада эки типтеги - дениз жээктериндеги жана тоо- лордогу туристтик-рекреациялык райондор бар. Мисалы, дениз жээгиндеги туризмдин борбору - Жер Ортолук денизде жылына 220 млн киши эс алат. Өзгөчө популярдуу райондорго түндүгүнөн Альпы тоолору менен тосулган Лазурдай жээк (Ривьера) борбору - Ницца менен, Хорватиядагы Адрия дени- зинин жана Испаниянын жээги жана Балеар аралдары кирет.
туризм
- Альпы курортторунун ичинен популярдуулары Франциядагы Шамо¬ни, Щвейцариядагы Давос, Италиядагы Боромио, Германия дагы Гамиш Партенкирхен. Ал курорттордун сыйымдуулугу 3 млн туристке жетет. Аларды тейлоө үчүн 12 миң тоого көтөргүч жана 40 миң лыжа жолу бар.
Эс алуу жайлары
- Француздук Ривьера XIX кылымда эле атактуу француз жазуучулары Бальзак, Флобер, Мопассандардын сүйгөн эс алуучу жайы болгон. Бул жерде орустун жазуучулары жана артисттери Н. В. Гоголь, Ф. И. Тютчев, А. И. Куприн, А. П. Чехов, И. А. Бунин, В. В. Маяковский, Ф. И. Шаляпин, С. П. Дягилев жашап, иштешкен. Ривьера жөнүндо эн сонун ойлорун амернкалык жазуучулар Эрнест Хемингуэй, Скотт, Фицжеральд калтырышкан.